Репрессиянын курмандыктары көмүлгөн жерди көрсөткөн Бүбүайра Кыдыралиева: «Көзүмдү жумсам эле арбактар топтошуп алып «качан айтасың, мезгил жетти» дегенсишип, эшикти ачып, кирип келгендей…»

— Бүбүйра апа, ден соолугуңуз жакшыбы? Күүлүү-күчтүү жүрөсүзбү?
— Кудайга шүгүр балам, ден соолугум жакшы. Кудай буйруп, минтип 85 жаштын тамагын ичип олтурам.

— Өзүңүзгө белгилүү болгондой, бүгүн репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү эмеспи. Мына ушул тарыхый окуяга байланыштуу, ошол кандуу репрессиянын курмандыктары болушкан аталарыбызды-агаларыбызды эскерүү максатында сиз менен кеңири маек курсак. Сөз алды менен репрессия тууралуу эмне айта аласыз?
— Биринчиден, журналисттер, силерге чоң рахмат, ушинтип мени эстеп учурашып, ден соолугумду сурап келгениңерге абдан ыраазымын. Эми репрессия тууралуу айта турган болсок, бул окуя ошол кездеги, керек болсо ошол кылымдагы кандуу алааматтардын бири болуп, тарых бетине кара так менен өчпөс болуп жазылып калды. Чынын айтайын, мен үчүн репрессиянын курмандыктары болгон кыргыздын каймактарын эскерүү өтө оор. Бирок ошентсе да, көргөн-билгенимди кийинки муундарга айтып берүү менин жарандык милдетим деп эсептейм.

Атам Абыкан өзү граждандык согушка да, Ата Мекендик согушка да катышкан, сабаты жоюлган, арабча окуп, жаза билген, эл деп күйүп-бышкан, өз убагында элге-жерге аты угулган чоң молдонун баласы болчу. Ата Мекендик кыргын согушта атама осколка тийип, ал осколка сол өпкөсүнүн теңин, оң өпкөсүнүн учун жулуп, далысын тешип чыгып кетиптир. Ажал жок болсо, айла жок экен, ошончо жаракат алса да, аман-эсен кайтып келди. Кийин 1973-жылы атабыз катуу ооруп калды. Ошондо биз төрт бир тууган элек, баарыбызды чогултуп алып: «мен айыкпай турган өңдөнүп калдым, менде бир катылган чоң сыр, милдет, парз бар. Ушуга чейин эч кимге айтпай жашырып келдим, ал сырды өзүм менен кошо ала кеткеним болбойт» — деп керээз кылып балдардын улуусу мен болгондуктан, мага репрессиянын курмандыктары тууралуу, ал жер көмүлгөн жерди болжолдуу айтып берип: «Бул сырды жакшы заман келсе, айт» — деп керээз калтырган эле.

— Көргөн-билгениңизди башынан айтып берсеңиз…
— Биз Воронцовка тарапта эки жылганын ортосунда 1937-жылдан 1939-жылга чейин жашап калдык. Эсимде, мен ал кезде 9-10 жаштардагы секелек кызмын. Бир күнү Кашка-Сууда жашаган атам менен бирге граждандык согушка катышып келген аяш атабыздыкына бардык, андан кийин ошол айыл чоң энемдин төркүнү эле, таякелерибиздикинде да бир топ күн жүрүп калдык. Ал жактан бир нече күндөн кийин кайтып келатсак, азыркы Воронцовкадан өтүп, тоону карай бурулганда эле, баягы биз дайыма ойноп жүрчү, сарай, кирпич завод бар эле. Ал завод түп орду менен жок болуп калыптыр. Мен аны байкап дароо эле атама: «завод каякка кеткен, эми биз каякка жашынмак ойнойбуз» — десем, «э, кызым ал заводду катуу бороон-чапкын болуп, алып кетиптир», — деп койду. Ошону менен ал тууралуу сөз болбоду. Ошондон бир-эки жумадан кийин ошол завод жактан кандайдыр бир адам чыдагыс жыт каптады. Эшик, терезени жапсак да болбой эле, айлабызды курутту. Апабыз бизге «уугуп кетпейли»- деп сүт ичирип, оозубузду майлап, ал тургай иттерибизге да май берген эле.

Атам-апамдар төртүнчү, бешинчи күнү жыт чыгарышып, куран окушуп, санаа тартышып абдан жаман ахыбалда болуп жүрүштү. Кошуналарыбыз орус кемпир-абышкалар эле, алар деле ахыбалды сурашпады. Февраль айынын орто чени бекен… ошол завод жактагы дөңчөдөн кандайдыр бир кызыл-тазыл шоола чыкты. Көрсө, кийин мен химия-биологиядан окуп түшүндүм, баягы курмандыктардын сөөгү күйүп күл болгондо шоола чыккан турбайбы. Андан көп өтпөй, баягы күрөк менен көмгөн кара дөң ылдый түшүп, түптүз боло баштады. Атамдын ал окуяга өзгөчө күйүп-бышып, көз жашын көлдөтүп жүргөнүнүн бир себеби бар эле. Ал төмөнкүчө: менин чоң атам Кыдыралы, анын жатындашынын иниси Ыйманалы, ошол Ыйманалыдан Шадыкан, Шадык. Шадыкан байкебиз көлдө иштеп жүргөндө, эл душманы деп айдалып кетет. Камакта жатканда атабыз ал тууганына тамак ташып жүрдү. Бир күнү барса, «тууганың жок, этап менен кетти»- деген кабарды угат. Ал кабарды туугандарга, апама да айтпай, ичинен кайгырып, «баягы атылгандардын арасында болду бекен»- деген ойго жетеленип, күйүп жүргөн экен.

— Дайыны чыкпай калган Шадыкан байкеңиздин тагдыры кандай болду?
— Көрсө, «өлдү » деп ойлоп жаткан Шадыкан байкебиз, бактыга жараша тирүү болуп, түрмөдөн 1939-жылы май айында чыгып келди. Ал байкемди 27 жашка чыкканда 4-класстык билими менен Темировка айылына райкомсекретарь кылып жиберишет. Анан ошол жерде иштеп турганында эл душманы деген жалаа менен камалып кеткен болчу. Түрмөдөн чыккандан кийин байкемди 3 жылдык айлыгын берип Ошко Обкомдун секретары кылып жиберди. 1941-жылы согушка барбай, Ош облусун тейлеп жүрдү. Бирок атам баягы биз жашаган жердеги окуяны байкеме деле, башкаларга деле айтпаптыр. Атам болсо согушка кетти. Мен ошондо 13 жашта элем, колхоздо соко айдап, бүт болгон жумуш мойнубузга түштү. Жогоруда айткандай, согуштан жарым жан болуп кайтты. Колхоздо иштеп жүрдү. Сөзүмдүн башында айткандай, атам 1973-жылы катуу ооруп калды. Төртөөбүздү чакырып алып, (мен бир туугандардын улуусу элем) мага: «кызым, сен баягы кыргыздын каймактары көмүлүп жаткан жерди билесиң, мойнума жүк болуп кетпесин, жакшы заман келсе, ачыкка чыгар»- деген керээзин сыр бойдон сактап, өзүнчө бир бушаймандык жашоо менен бир топ жылдар бою жашап келдим.

— Бул улуттук маселеге айланган чоң сырды СССР кезинде ачык айтып чыгууга аракет кылып көрдүңүзбү?
— Аракет кылдым. Ал мындай: 1989-жылы мен ашказаным жара болуп, катуу ооруп калдым. Киши болбой турган болгондо, туугандарым чогулуп, мал даярдаганга чейин барышты эле. Ошондо жаным көзүмө көрүнүп ооруп турсам, эки жылдан ашык убакыт уйкудан калдым. Көзүмдү жумсам эле, арбактар топтошуп алып, качан айтасың, мезгил жетти дегенсишип, эшикти ачып кирип келгенсип эле көзүмө көрүнөт. Бул көрүнүш оорума кошулган өзүнчө бир азап болду. Атамдын керээзин аткарбай, кошо ала кетпейин деп, ооруганыма карабай жанталашып, сырды ачыкка чыгарууга аракет кыла баштадым. Сырды айтайын деп далай гезит-журналдарга барып, далай журналисттерге айтайын деп телефон чалсам: «Трубканы илип кой, сен каякта экенин каяктан билмек элең, калпты айтпа» -дешип кагып-силкишти. Айтор, сырды ачыкка чыгара албай далай кыйналдым.

Катуу ооругандан кийин сүт, каймак алып алайын, Манас көчөсүнө барып дүкөндөн чыгып, үйдө инимдин кызынын өтүгүнүн такасы түшүп калган экен. Аны оңдотоюн деп өтүкчүгө кирген элем. Менден кийин эле, артымдан бир жаш келин кирип келип, өзүнүн университетте чет тилдер кафедрасынын башчысы экенин айтып, сабакка кечигип жатканын түшүндүрүп, түшүп калган өтүгүн тезирээк оңдотуу үчүн менден кезек сурап калды. Мен кезегимди бердим. Ал келин экөөбүз бир топ сүйлөшүп, сырдашып калдык. Ал сөз арасында Айтматовдун эки баласын окутканын айтты. Мен аларды жакшы таанырымды айтып, Аскардын (Аскар Айтматов) телефонун сурасам, «жок сиз бериңиз, мен өзүм чалам «- деп калды. Мен макул болуп телефон номеримди жазып бердим. Көп өтпөй үйгө келип, сүт бышырып жатсам, телефон шыңгырап калды. Телефонду алсам, «кечириңиз, мен КГБданмын, сиздин үйүңүзгө келсем болобу » — деди. Ооруп, кыйналып жүргөн жаным, аны милиция экен деп, ойлоп, » айланайын, келе гой» дедим. Телефон чалган бала тез эле келип, үйгө кирип жайбаракат олтургандан кийин. Ал үйдүн телефон номерин жанагы өтүк оңдоочу жайдан таанышкан келинден алганын айтып:
— Өтө жашыруун сыр бар экенин айтыптырсыз го — деп калды.
— Ооба, айланайын, мен ал сырды мен көп жылдан бери ачыкка чыгарбай жашап келаткам»- дедим. Ошол жигиттин аты Болот Абдырахманов экен. Болот менден баарын уккандан кийин, ал деле ачыкка дароо чыгара албай, мендей болуп далай кыйналып, бир топ кыйынчылыктарды…

(Уландысы кийинки санда)

Маектешкен Айбек Шамшыкеев, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 08.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий