«Топ жыйында сайраган Токтогулдан кийинки торгойлордун бири элем»

Токтогул районунун Чоң-Арык айылынан чыккан кыргыздын сыймыктуу уулу, белгилүү акын, сатирик Коргол Досуевдин ырларын, кызыктуу жоруктарын, элди күлдүрүп айткан куйкум сөздөрүн бүгүнкү күндө да ак таңдай акындарыбыз ооздон-оозго түшүрбөй, ырдап жүрүшөт. Анын «Жерге түшкөн көлөчтүн жетимиш сом баасы, жети күнү кийилбей жетим калды маасы» деген тамашалуу саптарга бай «Көлөч жоголгондогусун» канча жолу уксаң да тажабайсың. Чоң атасынын басып өткөн жолун, деги эле эл сүйгөн Коргол болгонун небереси Майрамкан Ондошева айтып отурду.

Майрамкан Ондошева, Корголдун небереси:  «Чоң атамдын «сарысы» элем» 
— Чоң атам Корголдун эки уулу: Ондош, Бөжөн, бир кызы Бакы болгон. Мен улуу баласы Ондоштун экинчи кызымын. Быйыл 56 жашка келдим. Сегиз балам бар, баатыр энемин. Токтогул шаарчасынын депутаты болуп иштеп атам. Мен дагы Коргол атамдын куйкум сөздөрүн, сатираларын айтып, ырдап да жүрөм. Чоң атам жөнүндө айта берсе сөз түгөнбөйт. Жети жашыма чейин Коргол атамдын колунда чоңойгондуктан, чоң атамды ата деп айтчумун. Мени «сары» деп эркелетип, «сарыма тийбегиле, бул өсө турган сары, сарыны урганча, мени ургула» деп талабымды талашчу. Экөөбүз бир камырдан жуурулган нандай болуп, эч ажырачу эмеспиз. Неберелердин бирөөсү мени чертип койсо же апам урушса, «ырыскы-кешиги артылган сарыма тийбегиле, сары келсе үйгө ырыскы келет» деп турчу. Тойго баратканда эшегинин алдына өңөрүп алчу. Элден айланса болот, дайыма «кагылайын Куке» деп талантын баалап, таң атканча балдай сөздөрүн угуп, каткырып-күлүп олтурушчу. Коргол атам катышкан тойду «өзгөчө той болду, Коргол келип ырдады» деп айтышчу.

«Биз Сталинге акынбыз, биз Сталинге катынбыз…»
— Коргол Досуев чепейген кичинекей сары киши болчу. Кичинекей сакалы бар болчу. Бир көзүн сокур деп коюшат эле, ак басып турчу. Учкул мүнөз, чыгаан адам болгон. Ал киши Токтогул Сатылганов, Алымкул Үсөнбаевдер менен чогуу ырдап, эл аралаган. Бул залкарлар байлык-бийлик жөнүндө ойлонгон эмес. Коргол атамдын үйүндөгү байлыгы — кара казаны, анан сыртта байланып турган кара эшеги болгон. Өмүрүндө ат минип көргөн эмес. Ал убакта атка деле чама-чаркы жетпептир. Май-куйруктан алып келип, бешбармакты кенен-кесир жасатып, каражанын сыйлачу. Көргөн-билгенин бетке айткан, шербет, ширин сөздөрдү, адам таппаган кептин баарын оозуна кум куйгандай айтып турган киши эле. Бул ар бир адамга бериле турган касиет, чеберчилик болбосо керек. Далай жакшы жоруктары, ырлары менен элге жагып турган. Кайсы жерге барбасын, Токтогул атага дагы каяша айтып, анын көрбөй калган, калтырып кеткен жерлерин чымчылап айтып, элге тамаша тартуулаган. Бирок, бетке айткан сөзүнөн улам көп аксады. Кежирлиги да бар экен, бир курдай районго чоңдор келет. Анан «Коргол, эми аябай даңктап, мактап ырдап кой» десе, атайлап начар жагын айтып, «биз Сталинге акынбыз, биз Сталинге катынбыз» деп шарт жерге түшүп кетиптир. «Ай, аба, сиз бекер кылдыңыз, аянбай эле кыргыз өкмөтүн мактай бербейт белеңиз» дешсе, «мен эч качан силерчилеп калп айтып, мактай албайм, андан көрөкчө Токтогулдагы эл-жериме барып ырдайм. Чындыкты элиме барып жеткирем» деп басып кетиптир.

«Суунун жээгинде нота жазылып турат»
— Бу дүйнө менен тиги дүйнөнү өзү көрүп келгендей чагылдырып ырдаган олуялык жагы дагы бар болсо керек. Болбосо:
18 миң ааламдан өтпөй тирүү  ким калган, 
Эл-журтун багып келишкен,
Баатырлар өткөн шум жалган.
Уулдардан урмат көрөрдө,
Кыздардан кызмат көрөрдө,
Өзүңдү алган шум жалган,
— деп элдин арасында отуруп алып, өткөн-кеткенди айтып ырдаган. «Биздин суунун жээгинде нота жазылып турат. Биз эч жерде окубасак дагы таланттуу адамдарбыз» деп айтаар эле. Залкарларды жоктоп ырдаган ырларынын арасынан Жеңижок атабыз жөнүндө бир топко чейин мөндүрдөй жаап айтканы бар. «Аксыдан чыккан Жеңижок, айтышаарга теңи жок, Арабызда эми жок. Алтындай айткан кеби жок, кайран Жеңижок өткөн дүйнөдөн».

«Чоң апабыз өгөй экенин өлгөндө билдик»
— Бу киши өзүнүн оюна келгенди жасаган. Бүбүайша чоң апабыз өмүрдөн жаш өтүп кетиптир. Андан кийин Коргол атам тигил жактан, бул жактан байбиче издеп, көпкө чейин жалгыз бой жүрсө керек. Каракөлгө барган сапарында, чоң апамды көрүп ашык болуп калат. Жанына тартынбастан барып, «эки уул, бир кызым бар, мага байбиче болуп бераласыңбы, мен да сенин жаман-жакшыңды көтөрүп, баш кошсом дейм» дейт. Чоң апабыз «бул кулжуңдаган киши экен, мага жакшылык кылбайт го?» деп көпкө чейин көңүл бурбай коюптур. Ошол кезде Бөжөн акем кичинекей бала экен, чоң апамды көргөндө эле обдулуп барып, өзү жеп аткан колундагы отко көөлөнүп бышырылган боорду сунуп, «апа, боор жейсиңби?» дептир. Баланы көрүп, жүрөгү эзилип кеткен апам ыйлап: «ушул баланы жетим кылбай, апа болсо болоюн» дептир. Чоң апабыз Коргол атама өтө берилгендик менен мамиле кылган. Бизди да өз балдарындай жакшы асыраган үчүн биз анын өгөй эне экенин өлгөн кезинде билдик.

«Токтоналы молдону ажалга мен салып берем»
— Коргол атам 80 жашка чыкканда сыркоолоп калып, эл арасында «ой, Коргол бүгүн үзүлөт экен, Коргол эртең үзүлөт экен» деген кеп тарайт. Чоң апам «абышка, Токтоналы молдону чакырып келели, ал сага дем салып берсе туруп кетесиң» деп күйпөлөктөйт. Ошондо да атам камсанабай, кабыргасын кайыштырбай: «Ой, байбиче, ошо Токтоналы мени кантип ажалдан алып калсын. Токтоналыны ажалга мен салып берем» деп тамашалап сүйлөйт экен. Азыр «атамдын көзү ачыктык да жайы бар беле?» деп ойлоп кетем. Анан бир жума өткөндөн кийин Токтоналы ата ооруп-сыктабай эле бу дүйнөдөн өтүптүр. Ошондо Коргол атам байбичесине «э-эй, байбиче, чепкенимди алып кел, белиме курумду байла, мен барып бата кылып, болгон сөзүмдү элиме айта келейин» дептир. «Койсоңчу, курган абышка, дагы бир нерсени баштап келесиң» десе болбой, Токтоналыныкына кетет. Жогоруда айтпадымбы, ал кишинин транспорту — алдындагы кара эшеги болгон. Анан Токтоналы атанын үйүнө жеткенде, өкүрүп баргандын ордуна, эшегинен түшпөй минтип ырдап атат дейт:
«Э-эй, торудан миндим жоргону, 
Толгон ат көөнү болбоду.
Торуп келген ажалга,
Өз ордума жөнөттүм, тиги
Токтоналы молдону.
Аргымак аттан болбоду,
Айтаарга келди болжолу.
Ажал торуп Корголду,
Антсе да дагы айла таап,
Алдап-соолап жөнөттүм,
Тиги актыкты кылган молдону.
Сен кара жерде жата бер,
Мен аман-эсен жүрсөм болгону.
Кепичти кийдиң көгүнөн,
Мен кебимди айтам жөнүнөн.
Көп көргөнүң мен элем,
Көзүңө жаман көрүнгөн,
Кыйшалактап жүрчү элең, Токо,
Кыскартыптыр сени өмүрдөн»
— деп ырдаган тура. Өкүрүк-ыйдын ордуна минтип ырдап келгенин көргөндөр терс деле кабыл алышпаптыр. Себеби, Корголдун ооруп жүргөнүнө кабатырланган эл, сакайып келгенине сүйүнүшүптүр.

«Коргол атам түшүмө кирип, мени сооротту…» 
— Өзү 83 жашка чейин жакшы жүрүптүр. 1962-жылы ашказан рагынан каза болду. Мен биринчи класска барганы аткан кезим. Кичинекей болсом дагы мага апамдар кара жоолукту салынтып коюшканын билем. Өлүктүн башына отуруп алып, Коргол атамды жоктоп, анын окуяларын, мага кылган мамилесин айтып, элдин баарын ыйлаткан экенмин. Андан көп өтпөй, атам түшүмө кирди. Айнектен жарым үйдүн жумагындай болгон алтынды киргизип атат. Мага таттууларды берип, «кызым, ушуларды жеп, ыйлабай тур, мен келип калам, эмне мынча ыйлап атасың?» деди. Ойгонуп кетсем, апам менен атам жанымда отуруптур, мен көл-шал болуп тердеп, өксүп ыйлап атыптырмын. Коргол атама өтө жакын болгонум үчүн түшүмө кирди окшойт да.

Коргол колдонгон буюмдар
— 1991-жылы аким Бекмамат Осмоновдун демилгеси менен Чоң-Арык айылына Коргол Досуев атындагы музей салынды. Ал 1993-жылы бүтүп, ишке берилди. Ошол жылы Коргол Досуевдин 110 жылдыгы өткөн. Музейдин иштешине атам Ондоштун да салымы өтө чоң. Азыр ал музейде Коргол атамдын колдонгон буюмдары, комузу, камчысы, кийип жүргөн эки чапаны, өпкө тону, сүрөттөрү ж.б.у.с экспонаттары бар. Азыр музейди улуу эжем Турсункан Досуева жетектейт. Мындан сырткары Токтогул районунун өзүндөгү көчөгө жана өзү туулуп-өскөн Чоң-Арык айылында бир көчөгө аты берилген. Жакында эле Жалал-Абад облусундагы музыкалык мектепке аты берилгенин угуп кубандык.

Бир ай сууда жаткан комуз
— Коргол атамдын эки-үч гана комузу болуптур. Аларды бапастеп кармап, белиндеги белбакка ороп салып алчу экен. 100 жылдан бери сакталып келаткан өрүк комузунун бирөөсү музейде турат, экинчиси менде сакталуу. Бир жолу аны иним Узун Акмат суусуна агызып жиберген. Издеп жүрүп, бир айдан кийин тапканбыз. Комуздун касиетин ушундан билсек болот, бир ай бою сууда жаткан комуз сынып же бөлүнүп кеткен эмес. Болгону төрт жарака кетиптир. Бул асыл буюмду Ондош атам менин колума тапшырган. Мен дагы атамдын жолун улап, жакында эле кызыма эстелик катары тапшырдым. Комузду оңдоп-түзөө үчүн Сураган Айдаралиев деген комуз изилдөөчүгө алып барганыбызда, «Ээ, жараткан, Коргол атамдын комузун көрсөттүңбү?» деп комузду өпкөн. Анан жакшынакай кылып чаптап берген. Азыр ал комузду чертип, кызым тойлордо ырдап жүрөт.

Айнура Касымова, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий