Укук жана дин саясат борборунун мүдүрү, Мадрид университетинин ислам изилдөө саясат бөлүмүнүн доктору Кадыр МАЛИКОВ: “Хиджаб – араб өлкөлөрүнүн улуттук кийими”

– Кадыр мырза, Кыргызстанда акыркы убакта карама-каршылыктуу пикирлерди туудуруп жаткан жоолук салынуу маселесине кандай карайсыз?
– Бул көйгөйдүн келип чыгышынын себебин азыркы абалдан гана издебей, түпкү тамырын түшүнүү үчүн анын тарыхын билүүбүз зарыл. Ал эми ушул учурда актуалдуу боло калышы, бул маселенин жасалма экендигинен кабар бергендей. Менин оюмча, элдин арасын ызы-чуу кылып, кырдаалды оорлотуу кимдир бирөөгө керек. Минтип күмөн саноого Кыргызстанда чын эле жоолук салынгандарга тыюу барбы деген суроо түрткү берет. Чынында эле азыр ушундай маселе барбы же кимдир бирөө кызыкдар болуп, жөн жерден чыгарып жатабы?

Мусулман өлкөсүндө мындай тыюу салуу чоң көйгөйлөрдү жаратат. Мусулмандар үчүн бул өтө чоң басынтуу, идеологиясын бузуу болуп калат. Жоолук же хиджаб мусулмандар үчүн жөнөкөй кийим эмес. Жоолук – исламдын идеологиясы десек болот. Кыргызстандын 80%ы мусулмандар болгондуктан, элдин реакциясы тез эле болот. Ушуну каалагандар бар сыяктуу.

– Ата-бабаларыбыз жоолук салынып, хиджаб кийбей эле мусулман болуп, туура, жакшы жашашыптыр. Азыр деле ошентип жашасакчы?
– Диний көз караш менен карасак, жабык жүрүү ар бир аялзатына парз болуп эсептелинет. Бул курандын аяттарында жазылган. Ошондуктан бул буйрукту аткарбай  коюуга болбойт. Аварат жерлерди жабуу керек. Аварат жерлерге моюн, чач, андан ылдыйкы бүт дене мүчөлөрү кирет. Эгерде эле кайсы бир кыз же аял, өзүн “жамынып” жүрөм десе аны эч ким токтото албайт. А бирок кантип “жамынып” жүрүү керек? Тилекке каршы, көп кыздарыбыз, ислам динине ишенген адамдарыбыз түшүнө беришпейт.

Бизде шарият боюнча жамынып жүрүү деп “хиджабды” эсептешет. А бирок курандын эч бир жеринде бир гана хиджабды кийгиле деген кыйноо жок. Ал жерде болгону жамынып жүргүлө, катынгыла деген буйрук бар. Көбүнчө ушул маселеден түшүнбөстүктөр жаралууда. Жамынып жүрүш керек экен деп эле хиджаб кийишет. Хиджаб – Араб өлкөлөрүнүн улуттук кийими. Арабия, Иран, Афганистан өлкөлөрүнө барсаңыздар, ал жакта жалаң ушундай хиджаб  кийип жүргөн айымдарды көрөсүздөр. Жоолук салынып, хиджаб кийгендерге каршы чыккандар муну саясат кылып колдонушууда. Анткени ар бир улуттун өзүнүн өзгөчөлүктөрү болот эмеспи. Биздин кыргыз элинин да өзүнүн салт-санаасы, маданияты бар. Ошондуктан коомубузда жоолук салынып, хиджаб кийип жүргөн кыздар өөн учурап жатат. “Кыргызча эле кийинип жүрсө болбойбу? Мурун кыргыз эли жакшы эле жашап өтүшкөн, хиджаб кийинбей эле ыймандуу болушкан,” – дешип нааразы болгондор да жок эмес. Кыргызча эле кийинсе да болот. Сөзсүз эле хиджаб кийиш керек эмес. Мисалы, Малайзия, Түркия, Кытай, Орусия өлкөлөрүнүн мусулман айымдары өз шартына, модасына ылайык кийинишет. Ошол эле учурда алар шарияттын да буйругун бузушкан жок. Бизде деле жоолук салынууну өзүбүздүн колоритибизге, заманбап модага  ылайык кылып кийип алсак эмнеге болбосун? Мисалы, апаларыбыз хиджаб кийбей эле кыргыз кийимин кийип, элечек кийип алса болот.

Башкысы шарияттын буйругун аткарган, бардык жери жабык, денеге жабышпаган болушу керек. Экинчи маселе, хиджаб кийгендер да элдин арасында жүргөн кезде  коомчулукта терс таасир калтырбаш үчүн таза, тыкан кийинүүсү шарт. Антпесе бул биринчи кезекте шарияттын буйругун аткарбай эле аны бузуу болуп калат. Эркектердин кийими  да ушундай эле. Костюм кийүү деле эркектердин сүннөттү деп эсептелинет. Эркектерге узун көйнөк кийүүнүн кажети жок, таза, тыкан кийинсе эле болду.

– Мектептерде кичинекей кыздарыбыздын жоолук салынганычы?
– Биз укуктук мамлекет болгондон кийин ар бир жаран өз алдынча, өз каалоосу менен гана кийине алат. Биз эч кандай алардын кийимине каршы боло албайбыз. Жаңы мода катары кабыл алынышы керек. Анткени бизде азыр жалпылап алып караганда көчөдөгү кыздарыбыздын көбү, Европа, Батыш өлкөлөрүнүн кийимин кийип жүрүшпөйбү. Биз алардын кийинишине кийлигишкен жокпуз да. Коомдо эч качан үстөмдүк болбош керек.

Көпчүлүк өзүнүн каалоосун бирөөлөргө таңуулабашы керек.  Мектептердеги бул маселени мынчалык ызы-чуу кылбай эле чечип койсо болмок. Өз убагында көңүл буруп, чечип койбогон бийлик өкүлдөрүбүздүн тоң моюндугу. Бийлик ийкемдүү болуп, коомдо болуп жаткан бардык окуяларды ылдам, тез чечүүсү керек. Ошондо анан карапайым эл менен бийлик жакындашып, тил табыша алышат. Кандай маселе болбосун бийлик менен элдин ортосунда алака болушу керек.

– Абалдан кантип чыксак дейсиз?
– Билесизби, биздин бийлигибиз эмне үчүн эмгиче элдин урматтоосуна, түшүнүүсүнө жетишпей келет. Анткени светтик өлкөбүз деп коёбуз дагы, бизде светтик өлкөнүн башкаруу, иштөө модели жок. Конституциябызда да кандай башкаруу керек экендиги толук ачылып жазылган эмес. Светтик деген эмне? Аны кандай түшүнсө болот? Динчилдик менен светтиктин чеги кайда? Светтик кайдан башталат дагы, динчилдик кайдан бүтөт? Мисалы, өлкө башчыларыбыз эл менен жолугушуусунда  дайыма Кудай колдосун, куранда айтылгандай, бисмилда деп сүйлөшөт да, жоолук салынууга келгенде эле жок биз светтик өлкөбүз деп калышат. Муну кандай түшүнсө болот? Ошондуктан менин оюмча биз “оюндун”  шартын ойлоп чыгуубуз керек. Анткени, ислам мындан кийин да калк ичинде  жайыла берет жана басымдуу болот. Эл арасында, саясатта, исламдын кадыр-баркы өсө берет.

Кыргызстандын көпчүлүгүн мусулмандар түзүп жаткандан кийин бул сөзсүз болуучу процесс. Биз Европаны карап эмне кылабыз? Кыргызстан Европа эмес. Ошондуктан өлкө ичинде өзүнүн “оюнунун” эрежеси болуш керек. Анткени демократия өзүнүн алсыздыгын көргөздү, а коммунизмден болсо өткөнбүз. Улутчулдук, өзүн-өзү таануу, бул убактылуу гана нерсе. Анда эч кандай мыйзам, дин деген нерселер жок. Ал жөн гана идея.

Улутчулдук балким стресстен чыгууга гана жардам бере алат. Андан кийин эмне кылабыз? Жашоо үчүн белгилүү бир мыйзамдар керек эмеспи. Диний өлкө деген эмне? Светтик өлкө деген эмне? Эрежелери, мыйзамдары кандай? Биз ушуларга көңүл буруп, ойлонуп көрүшүбүз керек. Мындай эрежелер дүйнөдө экөө, үчөө гана. Мисалы, Франция толугу менен диний көз карашсыз, атеисттик өлкө. Биз андан өткөнбүз, ал бизге мүмкүн эмес. Динге тыюу салсак, ызы-чуу ошондо башталат. Бизге кандай модель керек?

Грецияны алсак, аларда (православный церковь) мамлекеттик, диний баалуулуктар мамлекеттики болуп эсептелинет. Ал эми  Германияда мамлекет менен чиркөө гана бири-биринен бөлүнөт, дин коомдук иштерде өзүнүн көз карашын билгизе алат жана социалдык жашоодо роль ойнойт. Мына ушундай ченемдер биздин конституциябызда жок. Ошондуктан түшүнбөстүктөр келип чыгууда. Башында айткандай, биз ушул сыяктуу майда маселелерди чечип отурбай, анын кайдан чыгып жаткандыгын изилдеп чыгуубуз шарт.

– Ушундай жоолук же дагы башка нерселер менен мусулман өлкөлөрү бизге өзүнүн идеологиясын киргизип, саясатын жүргүзүп жаткан жокпу?
– Антип айтсак болот. Бирок, эмнеге анда Европа өлкөлөрүнүн кинолору менен, ырлары, “секс азчылыктары” менен жүргүзүп жаткан саясатын айтпайбыз. Европалык телеканалдар бизге эмнелерди гана көрсөтүп жатат. Маселелер көп, булардын баарын бир дем менен чечип салууга болбойт. Эгерде бул маселелерди көтөрө берсек, калктын ичинде кагылышууну пайда кылышыбыз мүмкүн.

Азыр Бишкектин христиандык чиркөөлөрүнө барып көрүңүзчү, бүт эле кыргыздар. Жекшемби күнкү сыйынууда стадион толгон кыргыздар жүрөт. Булар дагы Кыргызстандын жарандары, аларды борттон ары таштай албайбыз. Ушунун баарын эске алуубуз керек. Көйгөйлөрдү бетме-бет койбойлу. Өлкөбүздө кимдер гана бар эмес. Бир тобу манасчылар (Манаска сыйынгандар), дагы бири теңирчилер, улутчулдар, бир тобу мусулмандар, христиандар, баптисттер, дагы бир тобу түшүнүксүз, эмне экени белгисиз. Кичинекей өлкөбүздө кимдер гана бар эмес жана баарыбыз бир өлкөдө кантип жашайбыз? Саясатты башкача жүргүзүп башташыбыз керек. Кечиксек коомчулуктагы көзөмөлдү жоготобуз. Баш аламандыктан чыгып, эртерээк жолубузду табуубуз керек.

– Эгерде биз жоолук салынгандарга макулдук берсек, ислам сепаратисттерине жол ачып бербейбизби?
– Саясатыбызда позитивдүү исламды мамлекеттик деңгээлге көтөрсөк, өзүбүздүн өзгөчөлүктөрүбүзгө, маданиятыбызга жарашкан, мамлекеттик позицияны көздөгөн, илимге негизделген исламды өнүктүрүшүбүз керек. Экономикабызда, маданиятыбызда, социалдык жашоодо аны көбүрөөк колдонуп, макулдук берсек, тескерисинче радикалдуу агымдардан, сепаратисттерден, ар кандай исламды жамынып кирип жаткан шпиондордон коргонуч пайда болуп, калк өзү эле каршы туруп бере алмак.

Анткени чыныгы ислам менен радикалист, ар кандай топтордун айырмачылыгы түшүнүктүү болуп калмак. Тескерисинче диндик көз караштарды эске албай, ага кысым көрсөтүп, каршылык көрсөткөн сайын радикалист, сепаратисттер пайда болуп, теракттардын башталышы мүмкүн. Мисалга алсак, Тажикстанда 18 жашка чейинки балдарды намаз окуганга тыюу салышты эле, ал жерде согуш күчөп кетти.  Элге качан чыныгы ислам жеткенде гана майда-чүйдө топтор, радикалисттер коркунучтуу болбой калат. Анткени биз идеологиялык жактан каршы тура алабыз аларга.

– Антип баарына макул боло берсек, ар ким өз каалаганын кыла баштасачы?
– Саясатты маданияттуу жол менен алып баруубуз керек. Эгерде эл маданияттуу болсо, анда бири-бирине өз кызыкчылыктарын таңуулабайт, түшүнбөстүктөр келип чыкпайт. Кыйналыштар болушу мүмкүн, анткени бизде маданияттуу жарандарыбыз, тилекке каршы, аз. Бирок, биз жакшы коомду, өнүккөн Кыргызстанды түзгүбүз келсе, өзгөрүүбүз керек. Өзүбүз шайлоо учурунда сатылабыз акчага, анан кайра жашообузга нааразы болобуз. Мындайча айтканда эмнени кааласак ошону алып жатабыз. Анткени жаман бийликти ким тандап алат – эл, өзүбүз  тандап алып жатабыз. Менин оюмча бизге дагы револоция керек. Атып өлтүргөн, тоногон революция эмес, ички жан дүйнөбүздө тазалыкка, жакшылыкка, чынчылдыкка болгон руханий революция керек. Ошондо гана чыныгы өзгөрүүлөр болуп, өнүгө баштайбыз.

Токтобек ҮСӨНОВ, «Кыргыз туусу», 11.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий