Күндөр өтөт канаттуудай… Жамгыр төгөт эч басылбай

Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдыдан шамал согуп…

Күн күркүрөп жамгыр төктү,
Ошол күндөр кайда кетти…
Жаштыгымдай же кечеги
Кайрылбай кетеби?..
Ушул ырды, ушул кайрыкты уккан жан бир саамга селейе калып, анан барып жүрөгү зырп-зырп этип сайгылашып алып, көкүрөгүнө сагынуу көлкүлдөп толуп-ташып чыга келет… Көздөрүнө: айылдан ары улам көтөрүлүп-көтөрүлүп кете берген сары жондор, дөңсөөлөр, алардан да ары уланып, улам бийиктеп бараткан кыраңдар кинолентадай тартылат. Айылы, алгачкы аруу сезими бири-бирине жуурулушуп, калкылдаган кусалык алкымга чейин көтөрүлүп келип, карегиңе ысык жаш желеленет…

А бул эмне деген сезим ыя? Мобу мукам обон өзү кайдан жаралып, кайдан келген? Адамды өлүп-тирилтчү күчкө эгедер болуп муңкантып, сыздатып, элиртип жибергени неден?.. Атаңгөрү, адамдын жан дүйнөсүнүн эң бир ипичке, эң бир назик кылдарын бирден терип черткен не деген керемет кайрыктар…

Ушул кайрыктарды угуп, бу дүйнөгө кайрадан жаралгандай болгон кездер чын эле кайрылбай кетти ов! Жан дүйнөгө дүрбөлөң түшүргөн жаштыкты мынчалык кооз, мынчалык адеми, мынчалык аялуу кылып обонго салуу үчүн табигат тартуулаган жапан сезим өзү гана күч бербесе…

Дегеним, табият тартуулаган талант болбосо, кара күч жана устачылык менен ийип кооздоп, шөкөттөп жасап, сыртына жалтырак-жултурактарды жаңы жылдагы балатыны кооздогонсуп илип жаркылдатып койгон обон менен адам жүрөгүн мынчалык аңтара албайсың да. Сөзүнө — обону, обонуна — сөзү төп келишип, балалыкты, жаштык менен сүйүүнү, кездешүү менен коштошууну, табышуу менен жоготууну, кубануу менен кайгыны, деги койчу, бу ааламда адамзатында кандай сезим болсо — ошону дал чекеңе алып келип түйүп берип койгондой. Мындан күчтүү философия болорбу?!

Кыргыз журтчулугун ушинтип тамшандырып, таң калтырып, суктандырып келген «Жамгыр» аттуу кереметтүү чыгарманын автору Түгөлбай агабызды кутман курагы менен куттуктасак да, аттиң, алтымышка кыйгыбыз келбей турганыбызды карасаң. Кызыгы, жамгыр философиясы менен жамы журтту эстен тандырган агабыз менен да дал жамгырлуу күнү баарлашып отурдук.

— Түгөлбай ага, табигаттын кереметтүү бир кубулушу болгон жамгырдын дыбырынан дайыма сиздин кайрыктарды угуп, сизди элестетебиз…
— Жамгыр жааганда бул ыр сиздерге мени эстетсе, бу жамгыр мага дайым жайлоону эстетет. Билбейм, мен кичинекейимен жамгырдын алдында чоңоюп калдым го дейм. Бизде дээрлик күнүгө эле түштөн кийин алай-дүлөй болуп келип жамгыр жаачу. Мен бүт дүйнөдө ушинтип түштөн кийин жамгыр жаайт экен деп ойлочумун. Себеби, биздин көргөн-өскөнүбүз бир жайлоо — ошол бизге бүтүндөй аалам болчу да.

— Кайсы жайлоо?
— Таластын эң башындагы Каракол жайлоосу. Ушундай кабыл алчумун да, бүт дүйнөдө ушинтип түштөн кийин жамгыр жаап турат экен деп. Африка сыяктуу ысык континенттер бар экени, Жакынкы Чыгыш сыяктуу кумдан башка эчтекеси жок ысык өлкөлөр бар экени түшүбүзгө кирчү эмес. Жердин баары биздей бейиш экен деп ойлочубуз да. Анан, өзү эле таза, өзү эле кооз жайлоодо жамгыр ого бетер бир аруулукка чайкап кетет экен да адамды. Ушунун астында чуркап жүрүп чоңойдум. Мага азыр жамгыр жайлоону эстетет, бала кезимди эстетет. Бала кезимде жамгырды башкача кабыл алдым эле. Кийин студент кезде деле бир нерсени шылтоолоп жамгырдын алдына чуркап чыга калчу элем. Жылдар өткөндөн кийин адам баласы деле романтикалуу жан дүйнөдөн айрылып калат окшойт. Азыр жамгыр жааса корголоп, элге окшоп мен деле пенде болуп калдым да, жөн эле эзилип кетчүдөй болуп далдоо жерге барып тура калам. Мурда жамгырлуу киши болчумун. Анан ойлоп коем, ии бир кезде мен жамгыр жааса, делбирттеп анын астында чуркачумуну, азыр корголдоп калдым, демек жамгыр менден алыстап кетти окшойт деп коем.

— Алгачкы жазылган обонөңөз кайсы эле?
— «Элегияны» 2-курста окуп жүргөндө, 71-жылы чыгардым. Алгачкы жазылган «Алтын балалык» болсо да, «Элегия» менин радиого жазылган алгачкы обонум. Себеби ал мындай болуп калды. Кыргыз телевидениесинде Октябрь Эмилов деген журналист бар эле, «Элегия» чыккандан кийин эле ошол обончулардын республикалык телеконкурсун уюштуруп калды. Анан ошерге кимдир бирөөнүн айтуусу менен барып «Элегия» менен катышып калдым. Калыстар тобунда Турар Кожомбердиев, белгилүү композитор- музыканттар бар экен, биз аларды көргөн жокпуз. Биз болгону ырыбызды ырдап бердик, алар өздөрү угуп, жыйынтыгын чыгарышты. Ошондо мага биринчи орунду беришкен. Биринчи орунга чыкканы үчүн ырды радиого жаздыр деп калышты. Ошондон улам бул ыр эч жакка кабыл алынбай эле радиодон чыгып кеткени ошол болду.

— Анда, алгачкы ырыңыз «Алтын балалык» тура.
— Ооба, алгачкы расмий обонум — «Алтын балалык». Мектепте жүргөндө жазган обондорум бар. Аларды эми эптеп жазган окшойм. Менде мындай бир, өзүмө өзүм койгон тапшырма турду. Биз 70-жылдарда обончулардын аренасына киребиз дегенде, биздин алдыбызда Рыспай Абдыкадыров, Калыйбек Тагаев, Сардарбек Жумалиев, Үсөн Сыдыков, Аксуубай Атабаев, Мукан Рыскулбеков дегендер тимеле дуулдап эки күндүн биринде жаңы-жаңы, укмуш обондорду чыгып турган кези эле. Ошолордун катарына тантыраган обондор менен аралаша албайсың да. Атайын, «ушунум менен арена менен күрөшө алаар бекенмин» деп чыгарган обонум — «Алтын балалык» болгон. Тексти Жапаркул Алыбаевдики.

— Агай, айтсаңыз, адам үнү өзгөрөбү же эч өзгөрбөй кала береби? Ачыгын айтканда, азыр — алтымыш жашка келгенде сиздин баштагы мукам үнүңүз сакталып калдыбы?- деп сурагым келип турат.
— Үн эми сакталбайт да мурдагыдай болуп. Жүрө берип, жүрө берип, кыргыздар жылына бир-эки жолу кыйкырып ырдап коет…Күнүгө ырдаган Италиянын белгилүү ырчыс бар, жана башкалардын деле үнү өзгөрүп кетти, алтымыштан ашкандан кийин. А бизге окшогон керзовый үнү барлар дагы жүрөбүз да. Ага карабай өмүр бою сахнада тирүүлөй ырдап келатабыз.

— Өйдөдө, сиздердин алдыңыздарда турган мыкты-мыкты обончуларды атап өттүңүз. Алар кыргыздын алгачкы профессионал обончулары эмес беле.
— Рыспай Абдыкадыров байкелердин алдында дагы абдан мыкты обончулар турду да. Мисалы, отузунчу-кыркынчы-элүүнчү жылдарда дуулдап турган, ушул күнгө чейин дуулдап келаткан Атай, Муса, Жумамүдүн Шералиев, Абдыкалый Темиров, Бектемир Эгинчиев, Богаачылар турган. Анан мына, Ашыраалы Айталиев, элүүнчү жылдарын аягында Султан Мамбетбаевдин, Түркмөновдун обондору аябай популярдуу болуп турган. Ошолорду жарып өтүп өзүнчө чыгыш Рыспай аке үчүн да оңойго турган жок деп ойлойм.

— А сиздердин көчтү кимдер улады?
— Рыспай акеге таасирленген обончулар деп айтам дайыма, биз ошого киребиз. Кечээ Оштон Жолболду айтпадыбы, бирибиз акын, бирибиз дагы бирдеке болот белек, Кудай билет деп. Жолболду деле чоң акын. Рыспай аке баарыбызды ушинтип даарып кетип, баарыбыз аккордеон тартып обон чыгарып калдык.

Рыспай акенин баштаган мектебинин акыркысы — Асанкалый Керимбаев болду деп айтып жүрүштү. Менимче, Асанкалый болгон жок. Акыркылары Болот Токтобаев, Элмирбек Иманалиевдерге чейин жетти го деп ойлойм. Себеби, Элмирбектин «Булбулум» деген обону — керемет обон. Болот Токтобаевдин «Коштошуу» деген обону же «Күттүм сени» дегени, булар баягы эле 60-70-жылдардагы мыкты обондордун деңгээлиндеги жакшы обондор. Кийинки эстрада жанрында жүргөн балдардын обондору таптакыр башка. Алар Рыспайдан Керимбаевден же болбосо Казаковдон таасирленген балдар эмес. Булар Африканын, Европанын ырчыларынан таасирленгендер. Алардан улуттук колоритти деле талап кылып кереги жок, ушундай агым болот ар бир өлкөдө. Кытайда да болуп жатат, Японияда да болуп жатат, улутуң менен деле иши жок. Бул — космополиттердин искусствосу да.

— Кайсы акындар менен иштештиңиз?
— Омор Султанов, Майрамкан Абылкасымова менен. Атайын отуруп тыгыз иштешкен Акбар Рыскулов болду. Экөөбүз «Насыйкатты» чыгардык. Андан башка, казактын Дина Нурпеисова деген күүчүсү бар. Ошонун «Асем коңур» деген күүсү бар, ошол күүсүн биз «Насыйкат» сыяктуу ырга айлантып, 83-жылы мен Алматыда «Тамаша» деген программасын алып барып, казак телевидениесинде аткаргам. Биз өзүбүздүн казак жигит айтып чыкмайынча бул күүлөрдү эфирге бербейбиз деп коюшту. Өзүңөр билгиле дедим, бирок аларга ушундай иштесе болоорун көргөздүм деп ойлойм.

— Ал күү ошол бойдон калып калдыбы казактарда?
— Ооба. Ал казактар үчүн чыгарылган . Биржан-Саранын тагдырын ырдаган ыр болчу да. Биз Дина Нурпеисованын жанагы күүсүнө Биржан-Саранын тагдырын салдык. Чыкемдин «Кылым карыткан күнүндөгү» легендадагы Раймалы менен Бегимайдын тагдыры бар эмеспи — ошол. Биржаңсал деген төкмө акыны болгон казактардын, аларда төкмөлөрдү сууруп салма деп коет. Эркин Тазабеков, Турар Кожомбердиев менен иштешкен күндөрүм болду.

— Угармандардын сезимин дагы бир ирет удургуткан «Жыйырманчы жаз» тууралуу айтсаңыз…
— Бул ырдын сөзү Калчоро Көкүловдуку. Бул — тез эле чыккан обон болду. Бир кезде, 76-77-жылдар бекен, Караколдогу университетте иштеп жүргөн мезгилде обон чыгарганга мүмкүнчүлүгүм жакшы учур болду, себеби, ошол убакта көкүрөгүмдөгү көрөңгөм да жетиштүү болчу, фантазиям да жетиштүү болчу. Кайсы темада жазам десем да, кайрык жеңил жазылчу, кыйналып келчү эмес. Бирок, абдан аз иштедим. Себеби, обон өзү келип, тирелип чыгып, ичиңе батпай оозуңан чыгып кеткиче кыйналбай эле коюу керек деген принципке туруп алыптырмын. Көрсө, ал да туура эмес экен. Киши өзүн өзү сайгылап кыймылдатып турбаса, ал келбей да коюшу мүмкүн экен да. Мисалы, мен абдан болуп-толуп турган учурда деле бир жылда көп болсо бир же эки обон чыгарчумун.

— Канча обонуңуз бар азыр?
— Мен ошону санабаптырмын, санаганда не? Элдин оозунда канча обонуң ырдалып калса, ошончо обон калат да. Атай беш-алты эле обон чыгарган, беш-алтысы тең ырдалат, ал — классик да. Жумамүдүн Шералиевдин жети жүз обону бар дейт, азыр он чактысы ырдалабы-ырдалбайбы, маселе ушунда туруп жатпайбы. Рыспай аке айтып калчу «Ай, ырдалса, менин бир ырым же эки ырым ырдалат» деп. Бирок, баарынан көп ырдалып жүргөн — Рыспайдыкы. «Сагынуу», «Издейм сени», «Жолугарым билгемин», «Сен экөөбүз» мындан башка да көп ырлары ырдалат. А башка обончуларда мынчалык жок да.

— Кайсы курагыңызда жемиштүү иштедим деп ойлойсуз?
— Студент кезде го дейм. Себеби, ой толгоолор бир беткей болду да. Окууну бүткөндөн кийин иштегенде эртең мененки алтыдан караңгы түнгө чейин иш менен алек болчубуз. Дагы, жаш болгонум үчүн чыдаптырмын да ал режимге…

— А сиз өзүңүздүн чыныгы талантыңызды бакпай телевидениеде, гезиттерде иштеп жүрөсүзго деген жүйөөлүү сөзгө кандайча жооп берет элеңиз?
— Мен концерттик уюмдарда, филармонияда иштеген жокмун. Мугалимдик иш, теледе -журналисттик иш, Москвадан теле-радио журналисттик кесипке окуп келдим. Чыгармачылык болсо менин бош убактымдагы ишим болду.

— Кесибиңиз кайсы, ошондо?
— Менин нан таап жеген кесибим — журналист. Обончулугумду — хоббим деп эсептейм. Бирок, каерге барсам да обончулугум сүйрөп кетет…

— Сизге мындай чоң чыгармачылык жөн жерден, оңой эле келип албаса керек…
— Менин жакында эскерүү китебим чыкты «Эсимде» деген. Ошонун ичине жаздым бүт бала кезимде көргөн турмушубузду. Чыгармачылык адам үчүн кыйынчылыкты көрүп эсейүү пайдалуубу дейм. Андан анын бели майышып калбайт. Себеби, ал көп нерсени эртерээк түшүнүп калат. Мисалы, адамдын көз карашын, жаман-жакшыны, барды-жокту, ак-караны. Бир сындырым нандын кадырын билип каласың. Согуштан кийин төрөлгөн балдар болчубуз. Апам райборборго кеткенде бир-эки күн конуп калат да, бизге жүгөрү кууруп берип кетет. Ошону агаларым бөлүп-бөлүп, мага көбүрөөгүн берет, кичинекей деп ойлошот да. Мен Аманды ойлойм, мектептен ачка келеби деп…

Акынга тагдыр керек деген сөз бар. Огинский деген композитор болгон. Бул он эки полонез жазган, ошонун ичинен бир эле сегизинчи полонезди билебиз биз, дүйнөнү дүңгүрөткөн. А аны качан жазган? Аны Польшадан куулуп баратканда жазган. Ата-Журт менен коштошуу, кыргызча айтканда. Эгер ошол тагдыр башына келбесе, бул полонезди жазат беле-жазбайт беле? Көп кыйналып чоңойгондордун обондору муңдуу болуп жатканы ошондон. Мисалы, Рыспай аке деле жетим чоңойгон. Асанкалыйдын ата-энесин совет өкмөтү Өзбекстанга куугунтуктаган. 3-4-класска чейин ошол жакта жүргөн. Алардын баарын айтып берип ыйлап жиберчү.

— Обон деген сиз үчүн эмне?
— Обон деген, менин түшүнүгүмдө көкүрөктө жүргөн бир ойду, идеяны музыкалык каражаттар менен сыртка чыгаруу. Кайсы бир теманы, кайсы бир текстти элге жеткизүү. Текстти алып шөкөттөп элге алып чыгуу. Мисалы, бир эле нерсени жазуучу кара сөз менен жазса, акын ырга салат, музыкант болсо обонго салат. Көкүрөктө жүргөн бир идеяны көркөм каражаттар аркылуу угарманга, окурманга жеткизүү, жарым илимий, жарым теориялык жактан айтканда ушундай. А жөнөкөйлөтүп айтсак, Жараткан көкүрөккө бир өнөр берип койсо, ошол жөн турбай кытыгылап, улам күчөп-күчөп отуруп, анан кайрыктарды жыйнаса, ошону дуулдатып элге алып чыгуу да.

— Сиз текстке обон чыгарасызбы же обонго текст тандайсызбы?
— Менин даяр текстке чыгарган обондорум аз аябай. «Ай күйдүргүм», «Жыйырманчы жаз», дагы бир-эки эле ыр ошондой. Калганынын баары обонду чыгарып алып, анан текст тандалган ырлар. Алгачкы обондорумдун баары мурда жазылган. Алсам, «Алтын балалыктын» обонун 6-класстан тартып эле ырдап жүрчүмүн, «Карап турдум жолуңду» деген. Бирок, бул обон балалыкка туура келчүдөй болуп туруп алганынан башка текстти тандагам. Бул, обон менен текст өзү турмуштагы эле адамдар сыяктуу сезиле берет. Баш кошуп бактылуу жашап кеткенге шайкештик керек.

— Бир интервьюңузда мурдагыдай ырдай албай калдым дептирсиз. Бирок, баары бир төгүлүп ырдап жатканыңызды сагынасызбы?
— Менде мындай бир мүнөз бар. Бир нерседен кетсем, ага чейин өзүмдү аябай даярдап, акыл-эсим менен кетем. Мен обончулукту токтоттумбу — токтоттум. Эмнеге муну токтотуп салдым деп азыр кейибейм. Бирок, 60-70 жыл бою дуулдап өнүккөн кыргыз обонунун өнүгүү процессинин кышын коюп калганыбыз үчүн сыймыктанам. Кыргыз обону мындан кийин деле мынчалык өнүгөөрүнө ишенбейм. Башта элдик ырлар «Бекбекей», «Шырылдаң» сыяктуу эки-үч эле обон бар болчу кыргызда. Кыргыз ырлары өткөн эле кылымда чыкты. Богаачынын «Үкөйүнөн», Атай, Мусалардын обонунан тартып эле чыкты. Биздин обонубуздун тарыхы аябай эле кыска.

— «Жамгырды» Токон Эшпаев ийине жеткире ырдайт деп айтышат. Ошого өзүңүз кошуласызбы?
— Токондун үнү -аябай уникалдуу үн. Бийик, укмуш үн. Ал «Жамгырды» ырдап атканда, менимче, мындай жагдай болот. Оштон бир жигит мага айтып калды: Сиздин «Жамгырыңыз» мага ушундай жагат деп. Эмнеси жагат? -деп сурадым. Мас болгондон кийин бакырып ырдаганга жакшы экен дейт. Ошондон кийин мен эмне үчүн Токон Эшпаевдин «Жамгырды» ырдаганын жакшы көрөрүн түшүнөм. Тойлордо ичип алып, удургуган сезимдерин кантип чыгарарын билбей отурганды Токон чыңырып атып чыгарат окшобойбу!

«Жамгырды» казактарда Гаухар Каспакова деген ырчы кыз абдан катуу ырдайт. Үнү да абдан кубаттуу үн. Бүткүл Казакстан боюнча өткөрүлгөн эстрада ырчыларынын конкурсунда баш байге гран-прини алган, өзү студент. Анан Назарбаев аны Чимкенттен көчүрүп келип Алматыдан квартира берип, мааракелерде, жыйындарда ырдата берип, «Жамгырды» Казакстанда аябай популярдуу кылып жиберди. Азыр казактар бул ырды көп ырдашат.

— Эл тарабынан сизге чоң сый-урмат, бийик наам эчак эле берилген. Өкмөт тарабынан кандай наамдар берилип жатат?
— Эми, өкмөт деле мени капа кылган жок. 88-жылы Эмгек сиңирген артистин берди. Анда мен Мургабда, Тажикстанда жүргөм. Андан кийин Эл артистин берди. Аны Стамбулдан уктум, Израилден келаткам. 75-жылы конкурс болуп, Жеңиштин 30 жылдыгына карата. «Эстелик» деген ырым менен келбейимби, бирок эч нерсеге илинбей калдым. Анан бирок ырларды угуп отурам да, укмуштуу деле ырлар жок. Азыр эстелик тууралуу жалгыз ошол ыр ырдалып жүрөт. Жаш кезим болчу, аябай ыза болдум. Бирок, мени корутунду концертке чыгып ырдайсың дешти. А мен таарынып атам да, мен эмнеге чыгып ырдайм, жеңгендер ырдасын деп тырыңдап атам да. Мунум министрге чейин угулган окшойт. Маданият министри Күлүйпа Кондучалова эжебиз басып келип: Ай балам, сен эмне, сыйлык алганы келдиң беле? -деди. Ошондо көзүм ачыла түштү. Чын эле мен сыйлык алганы эмес, ырымды угузайын деп келгем да. Бул эже эстүү, акылдуу киши да, жакшы айтты абдан. Ошондон кийин сыйлык-пыйлык, наам-саам дегенди уккум келбей калды. Андан кийин кызыкпайм. Бербей койсо талантымды азайтпайт, берсе — көбөйтпөйт деле. Ал мамлекеттин өзүнүн иши. А бирок наам үчүн бири-биринин кекиртегин чайнап жатканын көрүп кейип кетем. Ал наам кийин Ала-Арчадан эле жай бербесе, эмне берет? Мисалы, Рыспай аганы эл кандай дуулдатып көтөрдү. Ага Эл артистин бербей коюшту, бирок ал азыркы Эл артисттеринин далайынан өйдө турат. Бир кезде ушу наамдарды жоелу деп демилге көтөрсөк, колдогон Майрамкан Абылкасымова эже, Казат Акматов, үч-төрт эле киши эле болуп калдык. Мен ойлоп жүрүптүрмүн, бул демилгени 50-60 киши колдоп кетет деп. Дагы күйгүзбөдүбү, «силер эмгек сиңирбей татыксыз алгансыңар, кайра өткүзүп берүү оңой да» дешпедиби.

— Ушу азыр да көкүрөгүңүздө обон барбы?
— Жо-ок, мен аны токтотуп койгом. Ар бир адамдын өз бийиктиги бар, ошого жеткенден кийин токтотуш керек. Кайра ылдый көздөй түшөсүң… бул учур абдан аянычтуу. Бул — агония. Тынчып калган көкүрөктү кайра ойготуу бу апендинин иши. А угарман дайыма жаңы обонду күтө берет. Эгер алектене турган болсом, мен обон эмес, аспаптык бир чыгарма жазсам деген оюм бар, вальс жазсам дейм…-

— Калмурат Рыскулов деген жаш обончуну таанып калдыңызбы, агай?
— Мен аны жакшы билем. Балким, Айталиевдердин мектебинин акыркысы ушул болуп калышы да мүмкүн. Анын «Өмүр» деген ырынын нотасын түшүрүп, андан интервью да алгам. Ошол убакта ал аябай кыйналып жүрсө керек. Аны байкабаптырбыз да. Эчтекесин билдирбей эле келип ырдап кеткен. Маңдайыбызда отурган баланын карегиндеги кейишти, кайгыны кантип байкабадык! Анын «Көктөм элеси», «Өмүр», «Богаачың болоюн» — аябагандай жакшы обондор. Өмүрү кейиштүү болуп калды, болбосо, андан мыкты обончу чыкмак.

— Өзүңүздүн чыгармачылыгыңызды керемет менен байланыштыра аласызбы?
— О, ал сөзсүз да. Чыгарма жаратуунун баары керемет менен байланыштуу. Бул жөн келбейт. Мисалы менин «Сүйүү жазы» деген обонум түшүмдө келди да. Түшүмдө уктум бул обонду. Эки жолу, үч жолу ойноп, ойгонуп кеттим. Түндө эшикке чыгып, нотасын түшүрүп коюп жаттым. Эртең менен эстесем эч нерсе жок, а баракты карасам жазылып турат. Ошону менен текстти таап, ырдадым. Анан кантип керемет нерсе менен байланыштырбайм.

— Эми, ошону кантип түшүндүрүп бересиз?
— Түшүндүрө албайм. Муну түшүндүрө турган илим да жок. Мисалы жанагы манасчы уктаса эле түшүндө оозуна толтура кум куюп кетип, эртеси эле күпүлдөтүп «Манас» айтып калганы… Муну түшүндүрүүгө илимдин алы жетпейт. Бул феномен — кыргызга гана тиешелүү феномен. Мына «Манас» айтуу, төкмөлүк да ошондой. Дүйнөдө жок, аккан сууну Жеңижоктой жети күнү ырдаган! Эми буга менин тилим жетпейт кандайча болуп келе калат, каерден келет? Толук тынчтык керек. Канча кайрык келди кармай албаган! Ушундай азап. Үч-төрт обонум бар, 80-жылдардан бери бүтпөгөн, бүтпөй эле калды, токсон пайызга жакыны жазылган, бирок арты жок…

— Алтымыш жашыңызды белгилеп жатасыз, өзүңүздүн болгон дараметиңизди көрсөтүп, өзүңүздүн миссияңызды аткаргандай болдуңузбу, кандай?
— Жо-жо-жок. Менин ыкшоолугум менен жалкоолугумдун кесепетин азыр түшүнүп жатам. Себеби жаш кезде көкүрөгүң удургуп, азар жылкы айдагандай дуулдап, кайрыктардын бири келип, бир кетип, кайсы теманы кармасаң, ошону чап кармап ала турган учурда көбүрөөк иштеп калсам болмок. Мен болсо аз иштедим, көрсө жанагы бир процент талант, 99 процент эмгек деген туура эле экен.

Бийиктик деген нерсе, салыштырмалуу нерсе. «Жамгыр», «Насыйкат», «Шумкар» бир бийиктикке алып барып токтотту да мени. Андан ары бул ырлардан жакшы немени жазышым керек да. Музыкада мындай бир сыр бар. Муну музыканттардын да көбү билбейт. Музыка өзү адамдын жан дүйнөсүндөгү аябай тазалыкты, анан наристеликти жакшы көрөт. Канчалык жан дүйнөң ишенчээк, таза болсо, ошончолук жакшы кайрыктар келет. Адамдын жашы улгайган сайын көкүрөгү кирдейт, көңүлүң калат көп нерседен. Табият дагы мурдагыдай көзүңө кооз көрүнбөй кунарсыз боло баштайт, башкача айтканда, романтикалуу дүйнөдөн алыстап, реалдуу дүйнөгө келесиң. Көр тирлик көкүрөктү ээлейт да, жан дүйнөң анчалык таасирленбей калат ушинтип четинен жок болуп отуруп, кичинекей эле нерсе калат көкүрөктө. Андан кийин музыкага аралашам дегениң бекер, күчкө салып тажрыйбаң менен эле элге жеткизсең болот. Бирок, бул -алдамчылык. Мындай алдамчылык жолго түшпөш керек. Мен үчүн ушундай. Рыспай аке талашчу эле: «Мен эң жакшы обонумду жаза элекмин» деп. Мен «Сиз жазып койгонсуз» дейт элем. «Издейм сени» сиздин апогейиңиз» дечүмүн. А өзү «Сагынуу» деген обонун жакшы көрчү. Бир чети ошол дагы жакшы окшойт…ар кимдин музыкага мамилеси индивидуалдуу болот. Бирок, токтотуш керек, качан гана сахнадан желкеден алып сүйрөп түшмөйүнчө, саксаңдап, жаштар менен наам талашып жүрө бербеш керек.

— Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгынын апогейи «Издейм сени» деп айттыңыз. А өзүңүздүкүчү?
— Элдин айтымына караганда — «Жамгыр».

Маектешкен  Нурбүбү БӨДӨШОВА, “Айкын Саясат” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий