Кут түшкөн жердин кулуну

Адабиятчы, сынчы, котормочу, окумуштуу Санарбек Карымшаков агайды тааныбаган бүтүрүүчүлөр жок чыгаар. Айрыкча, Кыргыз улуттук университетинен окугандар агайыбызды көргөн сайын студенттик күндөрүбүз эске түшүп, адабиятчы агайыбыздын жылуу-жумшак мамилеси, бирок катуу талабы эске “кылт” этет да, таазим  кыла учурашабыз. Ушул айда агайыбыз 70 жашка толуп жатыптыр. Редакциябыздын куржунуна түшкөн каттарды аңтарып, бир чети курдашы, бир чети калемдеши, акын Нурпаис ЖАРКЫНБАЙдын  макаласын сунуш кылуудабыз. Мааракеңиз кут болсун, Санарбек агай!

…Ооба, ошондой. Санарбек – атпай журтка кадыр-баркы тоодой Карымшак ата менен Дилде апанын көкүрөк күчүгү болуп, Улуу согуш чыккан жылы маалына жетип–жетпей туулгандыктан, а улуу байкелери Убаиз менен Эсенкан кан күйгөн согушта жүрүшкөндүктөн, кичинекей наристени баарылап, алакандарына салып, көзүн карап, бөпөлөп багышат. Кийин чоңойгондо деле ата-энеси  баласына кара жумуш жасатпай, комуз гана черттиришип, колтуктарына кысып чоңойтушуптур.

Окууну бүткөндө Санар-бек экөөбүз тең шаарда иштеп, Санакенин (мен Санарбекти ини катары Санаке дейм, ал мени ага катары Нураке дейт) үйүнө келген ата–энесин, байке–жеңелерин меймандаганга шашылчумун. Өз­гөчө Карымшак атам менен Дилде апам менин ата-энем менен да кезинде өтө ынак болушканын айтышып, алардын ошол салтын азыр биз улантып жатканыбызга алка-шалка түшүшүп, ак баталарын беришчү эле, кайран гана асылдар!

Ошондой учурларда мен Санакенин бала кезинде башынан өткөргөн окуяларын уккандарым эсимде бекем сакталып калыптыр.

Эсенкан байкеси менен Жума жеңесинин айткандары али эсимде:

– Санаке эң кичүүбүз болгондуктан баарыбыз кол топтой кылып, жер бастырбай чоңойттук. Биз мугалим элек. Дайыма биздин жаныбызда. Китеп – кагаздарыбызга, түстүү карандаштарыбызга, сүрөттүү китептерге кызыгат. Ошентип жүрүп, ал бат эле бизден тамга таанып, эжелеп окуганды үйрөнүп алды. Басса–турса эле: “Жерге “ж” келет, айга “а” келет”, – деп, өз колун өзү комуз кылып черткилеп, мектепке биз менен кошо барып жүрүп эле, 6 жашында 1-класстын программасын өздөштүрүп алды. Кийинки жылы дароо эле 2-класска отурду. Кийин ошол класс аттаганынын “пайдасы тийип”, 10-классты бүткөндө паспорт алганга жашы жетпей, университетке комсомол билети менен өткөн.

Ошол 6 жашында бизди ээрчип мектепке барып жүрүп, сентябрдын аяк ченинде өңүнөн аза баштады. Бир күнү кеч күүгүмдө эшикке чыгып кетип эле жок. Ойноп бүткөндө келет ко деп күттүк. Жок. Эшикке чыгып издесек, бакка далдаланып, айдын жарыгында Соң-Көлдүн Кыр-Жол ашуусун карап алып, ыйлап отуруптур. Эсибиз эки болуп, жалынып, жалбарып сурасак:

– Апам экөөбүз тетиги белден бери келип ышкын, карагат терип, козу-улактарды кайтарчу элек. Качан көчүп келишет? – деп улутунат. Биз алапайыбызды таппай, баланы алдап-соолап жалынып, жалбарып жатсак, турган үйүбүздүн ээси Эсенаалы деген чоң уста киши эле, ал баланы көтөрүп ала коюп:

– Сен мага “комуз жасап бер” деп жүрбөйсүңбү! Эртең комуз да, үстөл да жасап берем, – деп сооротуп, чын эле эртеси тыпыйган үстөл жасап берди.

Дагы ошондой кеч күүгүмдөрдүн биринде эшикке чыккан бала “жеңелеп”, угулаар-угулбас кыңылдайт дейт. Жеңеси эшикке атып чыкса, баланын алдында көлкүлдөгөн сары коргошун жатыптыр. – Келесоо, жаным, – деп калчу жеңеси, — мен да жаш экемин. Анын кут экенин кайдан билдим? Талып, карап тура берипмин. Мен акмак болбосом, ошондо бет аарчы менен жаба койсом, ошол кут токтоп калмак экен. Бирок, куттун ошентип көрүнгөнү эле жакшы жышаана болуп келатат окшойт…”

Акыры, ата-энеси да Соң-Көлдөн көчүп түшүшүп, алар да аябай сагынышкан экен, бизге козу-кымызын алып келишип, “сатып” кетишкен.

* * *
Санакенин Насыркан деген, кесиби – тарыхчы мугалим, санжырачы, сөзмөр, шайыр агасы бар эле. Мен дагы акын катары ал адам менен сүйлөшкөндү жактырчумун. Ошондой күндөрдүн биринде ал агабыз Санарбек кичинекей кезинде бир чоң кырсыктан кантип аман калганын муун-жүүнү бошоп айтып берди эле:

– Соң-Көлгө көчүп бара жатабыз. Анда жүктөрдү унааларга жүктөп көччүбүз. Жол татаал, тар, эшилген кара топурагы тайгак. Оор жүктөр жүктөлгөн өгүзгө жеңил болсун деп, адаттагыдай эле кичинекей Санакени үстүнө кондуруп койгонбуз. Бир кезде белге жакындап калган жердеги тикелей жолго чыга берээрде баягы өлөт алган өгүз тайгаланып, жолдун капталына жыгылып, төрт аягы асманды карап калса болобу! Бизде жан жок. Ызы-чуу түшүп, кокуй-наалатты кош айтып, асман жарылып түшкөндөй абалда мен кантип аттан учуп түшкөнүмдү билбейм, барып жүктү көтөрө койсом Санакем коёндой култ этип атып чыгып, менин бутумду кучактап калса болобу! Баарыбыз кудайга жалынып, атабыз бир кара улактын капталын жарып, өпкө-боорун сууруп алып, садага чаап жиберди.

Көрсө, кичинекей бала капталдагы чуңкурга түшүп, а өгүздүн белин уук-кереге тиреп калыптыр да.

Аңгыча, Бактыкан эжекеси сөзгө аралашат:

– Санаке, биздин жаныбызды көзүбүзгө далай көргөздү го, балакетиңди алайын. Бир жылы Шиш-Төбө деген жайлообузга көчүп келип, жаңы эле жыйынып бүткөн чагыбыз болчу. Санаке 2-классты жакшы бүтүрүп, атасы Асан агай, Чүкүш апа деген мугалимдеринен мактоо сөз угуп келип, анын үстүнө жайлообуз акжолтой болсун деп, бир тайын союп, кошуналарына түлөө бермек болду. Санаке беш-алты жолдошу менен торсойгон торпокторуна минип, тилдерин салаңдаткан кызыл көз тайган, иттерин жетелеп алышып, тимеле жоо чаап келчүдөй болушуп, тоону көздөй кетишкен, ары жоктор. Аңгыча эле ар жактан:

– О, чоң уул, –  деген Калыйпа апабыздын чаркыраган үнү угулуп калды. Көзүң жамандыкты көрбөсүн, балдар жакты карасак, Санаке минген торпок сайгактап, ал өлөт алгыр, төштөн коктудагы сазды көздөй кулаган таштай болуп, анда–мында бир тийип келе атса болобу!  Санаке анын мойнуна минип, буттарын кысып алыптыр. Мурунтугуна алы жетпейт. Купкуу чүпөрөк болуп, өң-алаты жок. Демейде жай баскан, көпшөгүрөөк, ак сөөгүрөөк атабыз бар эле. Ордунан кандай учуп туруп, саздарды кантип аралап балага жеткенине кийин аябай таң калдык, жетип барып, баланы колтугунан илип алса болобу! (Бүркүт сала койчу мүнүш­көрлүгү бар эле, ошонун пайдасы тийди окшойт.)  А торпок болсо сазга тыгылып, койдой таштардын бирин сүзүп токтоптур. Атабыздын кепич-маасысын биз эки-үч күн издеп жүрүп араң таап келгенбиз…

Эми, Нуке, – деп мага жалооруйт Бактыкан эжем, – Санаке он алтыга толо элегинде окууга өтүп калды. Мурда үйдөн алыс чыга элек каргадай бала кандай күндө жүрөт? — деп, ичкен-жегенибиз аш болбойт.   Сен №5 тен окуп, шаар тартибин жакшы билип калган турбайсыңбы, жаныңан чыгарбай жакшылап көз салып жүр! – деп, торгойдой безеленген ошол эжем мени Санакеге “жан сакчы” кылып, “чоң кызматка” коюп кеткен жайы да бар эле.

Бул мааракелик чакан дил сырымдын темасынын эки саптан тургандыгынын күн-түндөп айтса да түгөнбөс сыры бар…

* * *
Быйыл (2011-ж.) жетимиштин ак дасторконунан даам татып жаткан адабиятчы–сынчы, котормочу, комузчу, окумуштуу, илгээри болсо, университет боюнча курсташым, жакын иним Санакемин эң тунгуч адабий–сын макалалар жыйнагы “Турмуш саптары” (1968) деген ат менен жарык көргөн. Ошол китептеги “саптары” деген сөздү “сапарга” көчүрдүм. Анткени, жарым кылымдан ашык мезгилден бери биз “кош ат чеккен арабадай” бир сапарда шатырап келатабыз.

Косектей моюндаша ынак өстүк,

Канткенде эске түшпөйт өткөн өмүр…

Санаке илимпоз, сынчы, котормочулугунан башка элибиз өтө баалаган үч эле кылдуу комузду оркестрдей шаңшыта черткен чебер комузчу, угуу туюму тубаса күчтүү өнүккөн, кылдат музыкант. Эгерде ал бала кезинен музыка жагынан таалим алып чоңойсо, Жумгалдан дагы бир улуу композитор чыкмак. Азыр да отуруштарда мукамдуу үнү менен Атай, Муса, Мыскалдардын ж.б. ырларын өзүлөрүнө тете ырдаган отуруштун көркү, “артисти”. Бүгүн да аяштары аны “эрке бала Саня” деп тергешет.

Бирок, тагдыр-жазмыш бул “каталыгын” да түзөтүп, ага өз чөл­көмүнөн чыккан №1 профессионал сынчы, адабиятчы болуу шыбагасын тартуулаптыр… Баса, Санарбек кандидаттык диссертация коргобой жүрүп эле доценттик окумуштуу наамдын аттестатын кадимки К.Тыныстановдон 64 жылдан кийин алган (1996) экинчи эле кыргыз экенин көпчүлүк биле бербейт.

* * *
Анын тамашакөй, Куйручук атасындай “шустрый” жактары да бир чоң “КАМАЗга” бата бербейт. Ошолордун бир-экөөнү эле кыйыта кетейин. Студент кезден эле китепкөй болчу. Нан сатылган дүкөндөн кыя өтсө да, китеп базарынан чыкчу эмес. Бир жолку майрамдык чай тамактан кийинки анын жоругу: ай жарык. Биз меймандарды узатууга чыктык. Роза келинибиз шаштырса да, ал бут киймин оңдомуш болуп, улам кетенчиктейт, арт жагын карап коёт. Көрсө, танапис сайын эшикке чыкканда эки-үч китебимди “сурабай алып”, короонун кырына тизе берген экен… (Ал кезде бири–бирибизден китеп уурдамай мода болчу). Азыр Санакемдин үйүнүн эки бөлмөсүн китеп “жүгү” тиреп турат.

Дагы бир жоругу: илгээри ойготкуч (будильник) саат таңсык кезде Медетов Жакып досунун үйүнөн ошондой сааттан экөө экенин көрүп, бирөөсүн “сурабай туруп”, ээрчите барган, ал кездеги 4-5 жашар уулу  Алишердин шымынын чөнтөгүнө салып коёт. Жуп жөнөөр маалда гана  баягы саат далисте турган Алишердин шымынын ичинен чыркырап жибербеспи… Ошондо да Санакем шек билгизбей:

– Атага тең бала дегендер ушулар турбайбы, – деп уулун улам-улам өпкүлөп жиберген тура…

Биз студент кезде ар жыл сайын манжаларыбызды тыттырып, “ак алтындуу” түштүктө пахта терип, же дың жерге барып дың бузуп, кырман сапырып жүрсөк, ал өздүк көркөм чыгармачылыгынын курамында алыскы Ак-Сай, Арпа, Соң-Көл, Суусамыр жайлоолорунун таза абасынан  дем алып, малчыларды маданияттуу тейлешип, ыракатка бөлөнүп жүрдү.

* * *
Мен пенсияга чыкканча таш бакадай болуп, үч эле жерде иштесем, Санаке ондон ашуун чыгармачылык мекемелерде жогору жактын (партиянын) которуусу  менен  иштеп келди. Бул да болсо анын жөндөмдүүлүгү-нүн көп сайлуулугуна байланыштуу болуп жүрдү.  Азыр да жогорку окуу жайларында жаш муундарга тарбия-таалим берип, адабият тарыхы, көркөм котормо, адабий – сын жана эстетика боюнча дарстарды окуп, республикалык масштабдагы илимий конференцияларда, жыйындарда мазмундуу баяндамаларды жасап келет.

– Бул педагогдук ишке кеч келдиң го? – десек:

– Лев Толстой деле велосипед тепкенди сексенге чыкканда  үйрөнүптүр, ошол карган чалча жокмунбу! – деп атпайбы…

Демек, Санакенин бул багыттагы иши да жемиштүү болуп, жаштардын көп муунун тарбиялай берүүсүнө тилектешпиз жана ишенебиз.

Ошол жан дүйнөсү назик, музыкант болчу иним, Кымбатбек сынчы агабыз айткандай, “кутурган итти байласа тургус”, кыргыз шартында ырынан чыры, данынан пыры көп сын майданында өзүн таза, пакиза алып келатканын мен билген калемдештеринин баары жогору баалашат. Анткени, ал адабиятыбыз көп жагынан али жаш экенинен улам ага аяр мамиле кылууга,  “чылпакты алам деп, көздү чукуп албоого” чакырып келет. Ошондой жумшактыгынан “жеме уккан” учурлары да болду. Андай учурда биз ага жан тартып:

– Сен деле куу союлду көтөрүп чыкпайсыңбы, – деп шыкактасак:

Ооба,

Мен жумшакмын, келтирбеймин ачууму,

Эп көрөмүн ачууну ичке катууну.

Эгер келсе сол колумдун ачуусу,

Оң кол менен тумчуктуруп басууну.

Ал, анткени, “Ачуу – душман, акыл дос” –

Алтын сандык так ушерде катылуу.

Ат көтөргүс ал накылды ар адам,

Ар убакта туу тутууга  акылуу

– деп атпайбы, куюлушкан ыр саптары менен. Мунусу: “Мен деле сендей акын болмокмун!” – деп мага чиркей (саяк) тумшугун сая коюп жатканы да. Ал дайыма ошентет…

Баса, анын тубаса музыкалык шыгын акындык “көгөн – чымыны” да коштоп жүргөнү айныксыз. Ага жогорудагы эле ыр саптары менен мурда да жарыялана калып жүргөн ыргактуу, мазмундуу, жеңил юморлуу ырлары айгак боло алат.

Нурпаис ЖАРКЫНБАЙ, акын, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
“Кыргыз Туусу”, 15.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий