“Кыргыз кереметинин” кезеги келдиби?

Киноискусство өнөрү адамдын жан дүйнөсүнө рахат тартуулаган, башка искусстволордон өзүнүн таасирдүүлүгү менен айырмаланган эң маанилүү искусство. Кыргыз киносу өзүнүн 70 жылдык мааракесин белгилеп жатканда, “Кыргыз керемети” кандайча жаралгандыгы тууралуу учкай кеп кылып кетүүнү туура көрдүк. 1941-жылдын күзүндө, каардуу согуш башталып күч ала баштаган кезде,”Советская Киргизия” деген киножурналды Кыргызстанда  тартуу башталган эле. Ошол мезгилден баштап, тагыраак айтканда 1941-жылдын 17-ноябрында Кыргыз ССРинин эл комиссарлар Советинин, Фрунзе шаарында  “Кинохроника” студиясын ачуу тууралуу токтому чыккан, мына ошол күндөн баштап, кыргыз киносунун күнү белгиленип келет. Ал мезгилде жергиликтүү кадрлар жок болгондугуна байланыштуу Москвадан, Ленинграддан, Ташкенттен келишкен режиссерлор,операторлор , үн режиссерлор иштешкен. Согуш мезгилинде  жүзгө жакын киножурналдар тартылып, кыргыз элинин тылдагы каармандыктары чагылдырылып,  Чоң-Чүй каналынын, Пишпек- Рыбачье темир жолунун, Аламүдүн ГЭСинин курулушу сыяктуу маанилүү окуялар көрсөтүлүп, ооруктун майданга кошкон салымдары, баа жеткис архивдик материалдар болуп калган эле.

Кыргыздын алгачкы киносу катары  “Мос-фильм” менен бирдикте тартылган “Салтанат” көркөм тасмасы эсептелет, аны 1955-жылы режиссер В.Пронин тартып, ага Б.Кыдыкеева, М.Рыскулов, Д.Күйүкова, Н.Жантурин, С.Жумадылов. А.Карлиев тартылышкан. Улуттук материалдын негизинде тартылган “Салтанат” тасмасынан кийин кыргыз киносуна кызыгуу артып, “Алыскы тоолордо”, “Менин жаңылыштыгым”, “Чолпон таңкы жылдыз”, “Токтогул” сыяк­туу тасмалардын  биринин артынан бири  жарык көрүшү менен улуттук кадрлардын пайда болушуна жол ачылат. 60-жылдардагы кыргыз киносунун кескин өсүшү дүйнөгө атагы чыга баштаган Чыңгыз Айтматовдун ысымы менен тыгыз байланышта болду. “Аптап” (реж. Л.Шепитько), “Биринчи мугалим” реж. М.Кончаловский, “Бакайдын жайыты” (реж. Т.Океев), “Саманчынын жолу” (реж. Г.Базаров) тасмаларында кыргыз элинин рухий дүйнөсү, адамдык  бийик сапаттары, жергебиздин  ажайып кооздугу  кино өнөрүнүн көркөм каражаттары аркылуу ачылып, ийгиликтер менен коштолду.

Кыргыз киносунун 60-жылдардагы өркүндөп өсүшү, Москвадагы жана Ленинграддагы  кино боюнча жогорку окуу жайларын бүтүрүп келишкен таланттуу  жаштардын келиши менен шартталган эле.  Алар режиссерлор  М.Убукеев, Т.Океев, Г.Базаров, Б.Шамшиев, У.Ибрагимов, А.Видугирис, операторлор М.Туратбеков, К.Кыдыралиев, М.Мусаев, В.Виленский, К.Орозалиев, Н.Борбиев жана башка  кино өнөрүн жаратышкан көптөгөн адистер эле.  Ошондой эле театр жана  кино жылдыздары М.Рыскулов,  Б.Кыдыкеева, Д.Күйүкова, С.Жумадылов,  А.Жангорозова, Т.Турсунбаева, С.Чокморов,  А.Чокубаев, Ч.Думанаев сыяктуу көптөгөн актерлорубуз  көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн  түнөк тапкан кайталангыс образдарды жаратышты. М.Убукеев “Тайгак кечүү”, Т.Океев “Бакайдын жайыты”, ”Уркуя”, “Көк серек”, Г.Базаров “Саманчынын жолу”, “Көчө”, Б.Шамшиев “Караш караш окуясы”,”Касиеттүү  Ысык -Көл”, “Ак кеме” сыяктуу тасмаларды удаа-удаа тартышып, эл аралык кинофестивалдарда жогорку сыйлыктарга татыса, даректүү тасмаларды тартышкан режиссерлор  И.Герштейн. Л.Турусбекова, Б.Абдылдаев, А.Видугирис ж.б. да ийгиликтерге жетишип,  Союз боюнча сыйлыктарды  “Кыргызфильм” киностудиясы  эң көп алгандыгына байланыштуу кыргыз киносу “Кыргыз керемети” деген ардактуу наамга татыктуу болгон.

Кыргыз киносунда 70-жылдарда ВГИКти бүтүрүшкөн жаштардын келиши менен  жаңы толкун пайда болгон. Режиссерлор А.Камчыбеков, Т.Раззаков, К.Акматалиев, А.Сүйүндүков, Ж.Сооданбек, У.Дайырбеков, бир туугандар С.Ш.Жапаровдор, З.Эралиев, Б.Карагулов, кинооператорлор М.Алиев, Б. Алимбаев, М.Жыргалбаев, Б.Айдаралиев жана башкалар жаңы көз караш менен тартышкан көркөм жана даректүү тасмалар жаралып, алгачкы кыргыз мультфильмдери да пайда болот. Мындай жакшы көрүнүштүн башка жагы да бар эле, жаш кадрлар кино тартууга кезек күтүшүп, ишсиз жүрүп калышкан  учулар да болгон. Анткени кино тартуу  чакан республикабызга  союз боюнча бөлүштүрүлгөн  бирдиктерге бөлүнгөн каражатка  гана тартылчу. Ошого карабастан ар бир режиссер  дебюттарын тартышып, кыргыз киносуна өз салымдарын кошушту. Союздун кулашы  кино өнөрүнө да таасирин тийгизип, киностудиянын ишмердиги 15 жылга жакын  токтоп, көптөгөн  кино адистери башка иштерди аркалап кетсе, кээ бир таланттуу операторлор менен актерлорубуз “Казахфильм” жана башка киностудияларга чакырылышып, иштеп жү­рүштү. Эгемендүү мамлекет болгонубуз менен коррупцияга  малынган өлкөбүздө экономикага шылташып, кино өнөрү гана эмес жалпы эле маданиятка көңүл бөлүнбөй,  маданиятсыздык менен ыймансыздык өкүм сүрүп турду. Бирок киного кызыккан таланттуу жаштарыбыз аракет кылышып, четтен спонсорлорду табышып, кино тарта башташты. А. Абдыкалыковдун “Бешкемпир”, Э.Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү”, Т.Бирназаровдун “Белгисиз маршрут” тасмалары өлкөбүздөгү  турмушту чагылдырганы менен кыргыз киносуна экинчи дем берип, аны жандандырып, кыргыз киносу жөнүндө дүйнөдө  кайрадан жакшы ойлор айтыла баштады. Эгемендик жылдарында бирин-эки жаңы көз карашта тартылган тасмалар болду, бирок,  классика болуп калган чыгармаларга көнүп калган көрөрмандарды канагаттандыра алган жок.  Ошону менен бирге эле жеке менчик  кино тарткандар  көбөйүп, көрүүчүлөрдүн табитин сапатсыз, мааниси тайкы тасмалар менен тарбиялап жатканын көп эле айтып келишет. Албетте, кино тартуу жеңил- желпи иш эмес, бирок профессионалдык деңгээлде тартууга аракет кылуу керек.  “Айтышфильм” студиясы  “Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” урааны астында  тартылган  жаш кинематографисттердин тасмалары  эл аралык фестивалдарда ар кандай сыйлыктарга татыктуу болушу,  албетте кубандырат, бирок кино тартууга  чоң каражат керек.

Өлкөбүздө 2010-жылкы апрель революция­сынан кийин кайра түзүлгөн Кыргыз Мамлекеттик кинематография агенттигине жана “Кыргызфильм” киностудиясына жаңы жетекчилер келип, иштер  жандана баштады.  – “Кыргызфильмге”  2012-жылдагы  бюджеттен 65 млн. сом каражат бөлүнмөй болду.  Ага  конкурста жеңип алган, эң жакшы делген темадагы тасмалар эмки жылда тартылат, – дейт Киноагент­тигинин жетекчиси Шамиль Жапаров. Ал эми “Кыргызфильм” киностудиясында ремонт иштери жүрүп, цехтер, монтаждоо, үн жазуу бөл­мөлөрү жаңыланып, көптөн бери каралбай жаткан костюмдар химчисткадан тазаланып, тарыхый жана формалык боюнча  иреттелип илинип, иштөөгө даяр турганы  көз жоосун алат.

– Биз кино тартуу процесстерине даярбыз, майрамыбызга карата кинонун музейин ачабыз жана  Эрнест Абдыжапаровдун жаңы тасмасынын бет ачары болот, – дейт киностудиянын жаңы  директору Таалайбек Кулмендеев жаңыланган цехтерин көрсөтүп жатып. Чындыгында жаш, уюштургуч жетекчинин алгылыктуу иштерин көрүп, буюрса кыргыз киносунун жаңы толкуну пайда болооруна ишеним арттык. Ылайым эле ошондой болсо экен, анткени азыр кыргыз киносунда чыгармачыл потенциал бар. Таланттуу жаштарыбыз “Кыргыз кереметин” ХХI кылымда да жандандырып, дүйнөгө дүңгүрөтө турган   мезгил келет деген тилек менен жалпы эле  кыргыз элин, биздин сүйүктүү көрөрмандарды Кыргыз киносунун 70 жылдык майрамы менен куттуктайбыз. Майрамыңар менен кымбаттуу кесиптештер, сиздерге чың ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.

Асанкожо АЙТЫКЕЕВ, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссер,
«Кыргыз Туусу», 18.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий