Мезгил сыны же кыргыз тасмасынын баскан жолу…

Кыргыз киносунун түптөлгөнүнө 17-ноябрда 70 жыл толду. Мындай бир топ жыл аралыгында кыргыз тасмасы эмнеге жетише алды да эмнеден аксады?- деген суроо менен кино жаатында жүргөн кээ бир режиссөрлорго кайрылдык. 

Таалайбек Кулмендиев, Кыргызфильм киностудиясынын жетекчиси:
— Кыргыз тасмасынын 70 жылдык басып өткөн тарыхын алсак, биринчи башатында түптөлүү мезгили жүргөн. Башкача айтканда, 40-жылдардан 60-жылдардын башына чейин биздин тасмада жаңы кадрлар даярдалып, алгачкы билимдүү профессионал режиссөрлор тарабынан биринчи тасмалар тартыла баштаган. Албетте, алгачкы ташталган кадамда ар кандай кемчиликтер болот. Бала деле бир күндө басып кетпейт эмеспи. Анын сыңары, жаңы өсүүгө кадам алган кыргыз тасмасы бир топ эле кемчиликтер менен коштолгон. Бирок көч бара-бара түзөлөт демекчи, биздин кинобуз да бара-бара өнүгүп-өсүп отуруп гүлдөгөн мезгилге жеткен. Бул экинчи этабы. Ал 60-жылдардан тартып 80-жылдарга чейин созулду. Мына ошол жыйырма жылдын ичинде не деген сонун, кайталангыс тасмалар жаралып, «Кыргыз керемети» пайда болгон. Ал ат азырга чейин өз кадырын жоготпой эл арасында кыргыз тасмасынын гүлдөгөн учуру деп айтылып келет. Чынында, эң мыкты тасмалар мына ушул 60-жылдан кийин тартылды. Мындай тасмалардын пайда болушуна улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун кошкон салымы зор болду десек жаңылышпайбыз. Анын үстүнө Чыңгыз Төрөкулович да бир топ жыл Кыргыз кинематографисттер союзун жетектеп келген. Ошол мезгилде кыргыздын көрүнүктүү тасмалары тартылган. Ал эми үчүнчү этап болсо, азыркы мезгил. Тактап айтканда, эгемендүүлүк жылдарынан кийинки учур. Ушул аралыкты алганда кыргыз тасмасы мурдагыга салыштырмалуу бир топ эле алсырай түштү. Буга биздин базар экономикасына өткөнүбүз чоң таасир этти. Өз алдынча эркин мамлекет болдук, бизде демократия деп мурдагы учурда тасмага коюлган талаптарды жоюп, кино тартуучуларга эркиндик бердик. Жыйынтыгына азыр өзүбүз күбө болуп отурабыз.

Кыскасы, биздин тасмабыз 70 жыл аралыгында мамлекет кандай багытта, деңгээлде келсе, ошого жараша өнүгүп-өстү. Тактап айтканда, мамлекет менен кинобуз эриш-аркак жашап келди десек болот. Буга бир мисал, 1991-жылдан кийин кыргыз киносуна эч ким көңүл бурган жок. Мамлекет тарабынан каражат дээрлик бөлүнбөй калган. Мына ушунун кесепетинен улам, бизде улуттук идеологияны чагылдыра турган тасмалар тартылбай, натыйжада кыргыз киносу улуттук идеологиянын жүзү боло албай калган.

Кыргыз киносунун тарыхы туурасында кеп кылганда кыргыз киносунун түптөлүшүнө зор салым кошкон улуу таланттарды айтпай койсок тарых бизди кечирбейт го. Бизде Төлөмүш Океев баштаган не деген уникалдуу режиссөрлор, Сүймөнкул Чокморов баштаган тубаса таланттуу актөрлор болгон. Мына ушундай залкар таланттардын эмгегинин арты менен кыргыз киносу түптөлгөн жана азыркы мезгилде жашап жатат.

— Жаңы өкмөт келгени кино жаатында кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?
— Жаңы бийлик келгенде биз Маданият министрлигинен бөлүнүп чыгып, өзүнчө Кыргыз кино агенттигине айландык. Бул алгачкы жасалган кадам болду. Экинчиден, каражат жагына да жетишерлик деңгээлде көңүл бурула баштады. Маселен, быйыл кыргыз киносуна 65 миллион сом каражат бөлүнгөнү турат. Мындай каражат акыркы жыйырма жылда бөлүнгөн эмес. Ошол себептен, биз каражаттын барында колдон келген ишти жасайлы деп, быйылкы жылга 9 тасма тартууну пландап жатабыз. Анын үчөө көркөм, үчөө даректүү, үчөө кыскаметраждуу фильм болот. Бул фильмдер башынан-аягына чейин Кыргызфильмдин жетекчилигинин астында тартылат. Негизги баса белгилей кете турган нерсе, быйыл Курманжан датка фильмин тартууга 40 миллион сом бөлүндү. Учурда 20 миллион сомун алдык. Азыр фильмди тартуунун үстүндө иштер жүрүп жатат.

— Ушул 70 жылдыкка Кыргызфильм студиясы кандай иш-чараларды өткөрдү?
— Кыргызфильм студиясында кыргыз киносунун музейин ачтык. Андан кийин илимий конференция болду. Саат экиде Эрнест Абдыжапаровдун «Күкүк Шахра» тасмасынын бет ачаар аземин өткөрдүк. Ал жерден чыккандан кийин Чыңгыз Айтматов менен Манастын эстелигине гүл коюп, андан кийин ар ким өз иши менен алек болду.

— Баса, сиздер «Берен» деген кыргыз кино сыйлыгын уюштуруу боюнча сөз кылып жаттыңыздар эле…
— Ал сыйлык уюшулбай калды. Мунун себеби көп. Балким, кийинчерээк уюштурабыз. Азыр болсо, анын ордуна «Кыргыз керемети» деген өзүбүздүн төш белгибизди кабыл алдык. Бул жалпы коллективдин кабыл алган чечими болду. Аталган төш белги менен 70 жылдыкта кино тармагына эмгек сиңирген бир топ инсандарыбыз сыйланды.

Бакыт Карагулов, Кыргызфильм фондунун жетекчиси:
— Кыргыз тасмасы өзүнүн басып өткөн жолунда өнүгүүнү да, гүлдөгөн учурду да, аксаган мезгилди да башынан өткөрдү. Мен тээ Союз мезгилиндеги абалына токтолбой эле коөюн. Аны айтпасак да эл өзү жакшы билет. Азыркы учуру туурасында кеп кылсак, азыр бизде билимдүү балдар жок болуп жатат. Эми гана Москвада драматургия жагынан биздин балдар сабак алышууда. Болбосо, эгемендүүлүктү алгандан кийин кинорежиссура тарабынан билим алгандар жокко эсе болуп калган эле. Ошондон улам, өрдөк жокто чулдук бий болуп, тасма тартуу жаатында билимдүү эмес адамдар кино тартып жүрүшөт. «Бөдөнөнү сойсо да, касапчы сойсун» дегендей, ар бир ишти өз устасы жасаган эле жакшы да. Ошол тасма тартууга кызыккан, тасма тартууну кесип кылгандар билим алып алышса деген эле тилек да. Эми бүгүнкү тасмалардын деңгээли кандай экендигин өзүңүз менден жакшы билесиз. Мындай профессионал эмес фильмдерден эл да тажап барат. Муну айтканымдын себеби, мен жакында эле атайын эксперимент жасап, кыргыз кереметиндеги бир тасма менен азыркы тартылган тасмалардын бирин бир эле учурда коюп көрдүм. Элдин көпчүлүк бөлүгү Союз учурунда тартылган тасмага кирди. Анан: «Эмнеге азыркы тасманы көрбөйсүңөр»- деп сурасам, «Тематикалары окшош, жеңил тасмалардан тажап кеттик. Мурда тартылган тасмаларды катып отура бербей, дисктерге чыгарып, элге көрсөтпөйсүңөрбү» — дешти. Көрсө, биз азыр профессионалдык жактан аксап жатыптырбыз. Анан биз бул идеяны туура көрүп, учурда жер-жерлерде мурдагы кинолорду коюп жатабыз. Азыр архивде сакталып турган тасмалардын баарын дискке жаздырып, Нарын облусунан көргөзүп баштадык. Кудай буюрса, Кыргызстандын бардык жерин кыдырып чыгабыз. Мурда тартылган фильмдер тартылган жерде калып кетчү. Эми прокатка чыгаруу жагынан биринчи кадамдарды жасап жатабыз. Кыскасы, элди классикалык фильмдер менен тааныштырып, жаш муундардын аң-сезими туура калыптанышына салым кошолу деген ойдобуз. Анткени азыр техника өнүккөн заманда жаштар китеп окубай, көбүнчө тасма көрүп калбадыбы.

Темир Бирназаров, режиссөр:
— Кыргыз киносу кыргыз адабиятына салыштырмалуу жогорку деңгээлде өнүктү. Бизди дүйнөгө адабиятыбыз эмес, кинобуз көбүрөөк таанытты. Анан Орто Азиядагы мамлекеттердин ичинен биз кино жагын жакшы өздөштүрүп, өз учурунда туура пайдалана алдык. Ошону менен бирге эле Союз учурунда кинонун жардамы менен кыргыз элине тиешелүү болгон каада-салт, үрп-адатыбызды туура колдоно алдык. Дагы бир айта турган нерсе, кыргыз тасмасы Айтматовдун чыгармаларынын негизинде гүлдөп, өстү. А кинонун арты менен Чыңгыз Айтматовдун да аты чыкты. Анткени китепке караганда кинону эл көп көрөт да.

Союз учурунда үч чоң кино мектеби болгон. Бири орус кино мектеби, грузин кино мектеби жана кыргыз кино мектеби. Бул биздин эң чоң жетишкендигибиз. А биздин коңшу мамлекеттер кийин эле тасмага көңүл буруп, кино тарта башташты.

Дагы бир айта турган нерсе, Союз учурунда таза адамдар туурасында көп тасмалар тартылат эле. Кино элди эмгекчилдикке, калыстыкка үндөчү. Азыр андай тасмалар жок. Буга биздин жетекчилердин кино тармагына жакшы көңүл бурбаганы себеп болууда. Мына, эгемендүүлүктү алгандан кийин кино тармагы такыр эле мамлекеттен бөлүнүп, өз алдынча кетти эле мурдагыдай тасмалар тартылбай, 20 жыл жөн эле убакытты текке кетирдик. Эми азыр жакшы. Аз да болсо кино тармагына көңүл бурулуп, каражат жагы да чечилүүдө. Кудай буюрса, кыргыз тасмасы мурдагыдай өнүккөн мезгилине жетет деп ойлойм. Анткени алдыда Курманжан датка туурасында чоң тарыхый фильм тартылганы турат. Буга мамлекет тарабынан 40 миллион сом бөлүндү. Кыргыз киносунун тарыхында мындай чоң суммадагы каражат буга чейин бөлүнгөн эмес.

Жаныш Кулманбетов, драматург:
— 70 жылдын аралыгында кыргыз киносу коммунисттик идеологиянын учурунда турмуш чындыгынан аксаган. Бардыгы тең жасалма фильмдер болгон. Анткени ошол кездеги идеологияга баш ийиш керек болгон. Эң аксаганы ушул. Ал эми жетишкендиги — кыргыз эли таланттуу эл. Мына ошол тубаса таланттын арты менен азыр биздин жаштар массалык түрдө кино тартып жатат. Биздей калкы жагынан аз сандагы эл үчүн — чоң жетишкендик. Дагы бир айта турган нерсе, кыргыз элин дүйнөгө тааныткан тубаса таланттуу актөр-актрисалар бизде көп болгон. Бул дагы биздин кинодогу жетишкендигибиз.

Жаркынай Кадыркулова, «Фабула» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий