Салттуу билимдерди коргойлу жана колдонолу

Салттуу билимдер, генетикалык ресурстар, укумдан-тукумга берилип келе жаткан маданияттын салттуу көрүнүштөрү (фольклор) ар коомдун интеллектуалдык мурасынын ажыратылгыс бөлүгү болуп келген.

Бул чөйрөдөн биздин өлкө дагы четте калган эмес, салттуу билимдер, анын ичинде генетикалык ресурстарды колдонгон салттуу билимдер, биздин элге социум катары айлана-чөйрө менен гармонияда өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк түзгөн жана акырында бул билимдер музыка, ырлар, манасчылык, үй чарбачылыгын жүргүзүүнүн жана адамдардын тиричилик аракеттерин камсыз кылуунун жолдору менен ыктары аркылуу көрүнүп, бүтүндөй улутту жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзгөн чоң маданий катмарга айланган.

Жаратылыш жана башка ресурстардын чектелген, ааламдаштыруу жараянынын күчөгөн жана атаандаштык күрөштүн айыгышкан шарттарында салттуу билимдерди сактап калуу маселеси кескин курчууда. Дүйнөлүк коомчулуктун жараяндарына биригүү менен, күнүмдүк жашоодо колдонуунун кажети жоктугунан, тездөөнүн натыйжасында чарбачылык жүргүзүүнүн салттуу жолдору күндөлүк турмушубуздан чыга баштаганын, керек болсо ата-бабаларыбыздын жашоого болгон салттуу мамилеси жөнүндө маалымат жоголуп бара жатканын, материалдык жана материалдык эмес маданияттын баалуулуктары өзгөрүп жатканын өзүбүз көрүп турабыз.

Салттуу билимдерди жана маданий мурастарды сактоо жана коргоо, ошондой эле маданий ар түрдүүлүккө көмөк көрсөтүү — коомдун өнүгүүдөгү заманбап биригүү жараянындагы өзүн-өзү таануусун жоготуп жибербөөсү үчүн чече турган негизги маселелеринен.

Интеллектуалдык менчик жана салттуу билимдер бири-бири менен тыгыз байланышта. Интеллектуалдык менчик көбүнесе салттуу билимдерге негизделет. Салттуу билимдерден башат алган илимдин жана техниканын маанилүү тармактарынын көптөгөн мисалдары бар. Салттуу билимдер келип чыккан түпкүлүктүү элдердин окшошпогон билим системаларын сактап калуу алардын келечектеги бакубаттуулугун жана алардын интеллектуалдык,  маданий  жашоого жөндөмдүүлүгүн туруктуу өнүктүрүүсүнүн өтө маанилүү фактору болуп калмак.

Алсак, элдик медицина бар жана ал салттуу билимдердин бир тармагы болуп эсептелет жана бир элдин белгилүү улуттук салты жана маданияты менен өз ара тыгыз байланышта. Ар бир элдин, улуттун өзүнүн үрп-адаттары, салт-санаалары, диний ишенимдери менен байланышкан элдик дарылоодогу ыкмаларынын топтому түзүлгөн.

Мисалы, Индияда Кани уруусунун дары чөптөр жөнүндөгү салттуу билимдери спортто колдонулуучу, чарчап-чаалыгууга каршы дары-дармекти иштеп чыгууга алып келген. Кийинчерээк алар патент алышып, чоң фармацевтикалык компания аркылуу сериялык чыгарууга жетишишкен.

Бүгүнкү күндө элдик медицина илимдин өз изилдөө ыкмалары бар тармагы катары таанылып, заманбап медицина менен теңтайлаша өмүр сүрө алат. Ошондуктан, бүгүнкү күндө Кытай, Индия, Монголия өңдүү көптөгөн мамлекеттерде элдик медицинанын ири жана уникалдуу борборлору менен институттары түзүлгөн.

Биздин өлкөдө дагы бул багытта көп иштер жасалган. Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоонун Кыргыз илимий-изилдөө институту, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдап чыгаруу жана квалификациясын жогорулатуу институтунун чыгыш медицина кафедрасы, “Бейиш” элдик медицинанын илимий-өндүрүштүк борбору, Кыргыз улуттук агрардык университетинин “Мураскер биомаданий ар түрдүүлүк борбору” жана башкалар иштеп жатат.

Ошондуктан, бүгүнкү жана эртеңки күндүн негизги маселеси – адамдардын айрым топтору, жамааттардын аксакалдары алып жүргөн адам ишмердүүлүгүнүн ар кайсы чөйрөлөрүндөгү ар кандай салттуу билимдерди сактап калуу. Салттуу билимдердин көптөгөн түрлөрү бар: айыл чарба, экология, медицина, тамак-аш өндүрүшү тармагындагы билимдер.

Салттуу билимдерди жыйноо, документтештирүү жана сактоо маселелеринде Кол өнөрчүлүктү колдоо боюнча Борбордук Азия ассоциациясынын ресурстук борбору, “Древо  жизни” адам өнүктүрүү борбору, “Айгине” маданий-изилдөө борбору, “Устатшакирт” салттуу музыка борбору, “Рурал девелопмент фанд” (РДФ) коомдук фонду жана башкалар өңдүү өкмөттүк эмес уюмдар алгылыктуу иштерди жүргүзүп жаткандыгы кубандырбай койбойт.

Салттуу билимдерди сактоо маселесинде бул чөйрөдөгү адистерди даярдоо жана кайра даярдоо маселесине көп көңүл бурулууда. Алсак, 2010-жылдан баштап Кыргыз улуттук агрардык университетинде “Кыргыздардын өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал багуучулук тармагындагы салттуу билимдери” аттуу сабактар аралык курсу окутууга киргизилген. Курстун максаты – кыргыздардын фольклорунда (уламыштарында, жомокторунда, макал-лакаптарында, эпосторунда ж. б.) жана акын поэзиясында баяндалган өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал багуучулук тармагындагы салттуу билимдерин студенттерге үйрөтүү, дары чөп тармагындагы салттуу билимдерди окуп үйрөнүү, элдик жыл сүрүүнү билип алууга жана аны чарбада колдонууга студенттерге жардам берүү. Жогоруда аталган Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдап чыгаруу жана дасыгын жогорулатуу институтунун чыгыш медицина кафедрасы дагы адистерди даярдап же кайра даярдап чыгарууда. Бул чөйрөнүн өнүгүүсүнө Бишкек шаарынын №92 элдик-көркөм өнөрчүлүк кесиптик лицейи дагы өз салымын кошууда.

Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент) интеллектуалдык менчик жана салттуу билимдер жаатындагы мамилелерди жөнгө салган орган. 2007-жылы “Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, ага ылайык салттуу билимдерге укуктук коргоо берилет.  Аталган мыйзам тарыхый мурас жана Кыргызстандын элинин мүлкү болгон салттуу билимдерди колдонуудан келип чыккан пайдаларды адилеттүү бөлүштүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган салттуу билимдерди укуктук коргоо жаатындагы укуктук, экономикалык жана социалдык кепилдиктерди бекитет.

Бүгүнкү күндө Кыргызпатент тарабынан бул мыйзамды ишке ашырууга бардык керектүү укуктук-ченемдик актылар иштелип чыккан. Учурда бизде салттуу билимдердин эки объекти: “Тогуз коргоол” оюну жана “Шакар” самынын даярдоо боюнча кыргыздардын салттуу ыкмасы” укуктук коргоо алганын белгилей кетүү керек.

Маалыматтын жеткиликтүү булактарынан салттуу билимдер боюнча электрондук маалыматтар базасын түзүү боюнча  иш жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө маалыматтар базасына 130дан ашуун салттуу билимдер объектилери боюнча маалымат киргизилген. Бул маалыматтар базасын түзүү негизги эки маселени чечүүгө: салттуу билимдерди документтештирүүгө жана сактап калууга жана салттуу билимдерге негизделген объектилерди мыйзам чегинен тышкары патенттөөнүн алдын алууга, б. а. патенттелип жаткан ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүнүн объектилерин эксперттөөдө колдонууга багытталган.

Салттуу билимдерди  жана ыктарды, салттуу мал багуучулуктун,  тиричиликтин жана маданияттын тарыхый тажрыйбасын кайра жандандыруу жана жайылтуу айрымдар тарабынан өткөнгө кайтуу деп бааланышы мүмкүн. Бирок ал андай эмес: бул калетсиз асыл кенчти иш билгилик  менен талдоо жана башкарууда салттуу билимдер өлкө турмушунун ар кайсы тармактарындагы негизги багытынын бири болуп кала алмак.  Мисалга алсак, экологияда, айыл чарбада, жер иштетүүдө жана мал багуучулукта, бул болсо биологиялык ар түрдүүлүктү сактап калууну, экологиялык таза  жана атаандаштыкка  жарамдуу продукцияны алууну камсыз кылмак, жайыт жана башка жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга алып келмек.

Айлана-чөйрө менен гармонияда жашоо, б. а. табияттын “ханы” эмес, анын бир бөлүгү болуп, андан экологиянын бүтүндөй түзүлүшүн бузбаш үчүн  керектүү өлчөмдө гана алууну үйрөнүүдө биздин ата-бабаларыбыздын тажрыйбасы өтө уникалдуу. Бул болсо азыр коом умтулууга тийиш болгон мамиленин дал өзү, антпесе бизди өзүн-өзү жок кылуу күтүп турат.

Ажибай КАЛМАМАТОВ —  КР Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору,
“Эркин Тоо”, 18.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий