Кулубек Бөкөнбаев: «Атамдын Сталинге жазган каты өзүн эле эмес, өзгөлөрдү да сактаган»

Белгилүү акын, жазуучу, драматург, кыргыз элинин туңгуч журналисттеринин бири Жоомарт Бөкөнбаев аз жашаса да саз жашап кетиптир. Уулу, учурда профессор, геология илимдеринин доктору, УИАнын мүчө-корреспонденти Улукбек Бөкөнбаев айткандай Жоомарт Бөкөнбаевдин эмгеги кыргыз маданиятынын бардык тармактарында кездешет. Башкасын айтпаганда да улуу инсан Жоомарт Бөкөнбаевдин кыргыз интеллигенцияларынан биринчилерден болуп Иосиф Сталинге кат жолдогону эле өзүнчө чоң эрдик, интеллигенциянын өзүн коргоодогу маанилүү кадамы болгон экен.

«Атам камалаарын билип Токтогулга качкан»
— Эми кыргыздар бири-бирибизди чукумайынча жүрө албайт экенбиз да. Ошо кезде бирөөлөр «Жоомарт улутчул, кыргыздарды эле мактай берет» деген ар түрдүү тоголок каттарды КГБга, тиешелүү органдарга жиберишкен. Ошонун айынан атам партиядан чыгарылат. Бул кезде атамдын «Айчүрөк» пьесасы жазылып, «Алтын кыз» пьесасы сахналарда жүрүп аткан. Атам партиядан чыгарылары менен «Алтын кыз» «Партизанская девушка» болуп өзгөртүлүп, Кубанычбек Маликов менен Жусуп Турусбеков ЦКга чакыртылып, «Айчүрөктү» кайра иштеп чыккыла деген тапшырма берилет. Аргасыз тигилер ишке киришишет. Ал кезде ар түнү кыргыз чыгаандары камалып тургандыктан, атам да камалаарын билип, жээн карындашы Жөжөканга акча берип, Токтогулга жөнөтөт. Өзү Казакстандын Луговой станциясына барып, Сталиндин атына чоң телеграмма урган. Телеграммада атам жетим өскөнүн, 17 жашынан баштап Совет өлкөсүн жактап келатканын, Москвадан окуп келип, айыл жерлеринде ликбез (ликвидация безграмотности) өткөрүп жүргөнүн жазган. Катта атам партиядан туура эмес алынганын да баса көрсөтөт. Баса, атам Баткенде ликбез өткөрүп жүргөндө анын артынан басмачылар түшүп, өлтүрүүгө аракет кылышканда эл аны качырып жиберишкен экен. Телеграмманы жөнөтөрү менен атам Маймакка барып, ал жерден Беш-Таш аркылуу Токтогулга кетип калат.

«Партизанская девушка» — «Алтын кыз»
-Эки ай өтпөй Сталин өз колу менен жазган «акын Жоомарт Бөкөнбаев кайра партияга алынсын», «партиядан кайсы биринчи партиялык ячейка аркылуу чыгарылса, ошол ячейка баарын калыбына келтирсин», «акын Жоомарт Бөкөнбаевдин чыгармачылыгы үчүн бардык шарттар түзүлүп берилсин» деген үч пункттан турган каты келет. Ошондо, Кыргызстан ЦК жетекчилеринин жүрөктөрү түшүп, Жоомартты партияга кайра алышып, «Алтын кыз» өз аталышы менен кете баштайт. Анан атамды ЦКга чакырышып, «Жоке, Москвада кыргыз маданиятынын декадасы болот, Жусуп Турусбеков менен Кубанычбек Маликовду да «Айчүрөккө» автор кылып кошуп койдук эле, макул болуңуз» дешет. Ошондо Жоомарт «мейли, экөө тең авторлош болуп калышыптыр. Ушундай кала берсин. Жоомарт досторунан «Айчүрөктү» талашып атат деген ушак чыгат. Аман болсом, дагы мындайдын далайын жазам» деп кол шилтеп коюптур. Ошондуктан досторуна, башка адамдарга жасаган мамилелерин эл эске алып : «Аты да Жоомарт, өзү да Жоомарт» деп айтышкан көпчүлүк. Ошентип, 1939-жылы Москванын чоң театрында кыргыз искусствосунун биринчи декадасы өтөт. Декадада атамдын сөзүнө жазылган ырлар көп ырдалат. Буга кошумча: сахнада көрсөтүлгөн үч пьесанын экөөсү — «Алтын кыз», «Айчүрөк» — Жоомарттыкы.

«Сталиндин келгени чоң сыйлык, а башкаларын урдум…»
— Энем Тентинин айтымында, «Алтын Кыз» коюлуп атып, бир кезде театрдын ичи дуу болуп, өзүнчө жарык боло түшүптүр. «Карасак, театрдын борбордук ложасына ЦК КПССтин саясий бюросунун Ворошилов, Буденный өңдүү бардык мүчөлөрү, анын арасында Сталин да келди. Бюро мүчөлөрү ложанын алдына каз катар тизилип отурушуп, Сталин арттан орун алды. Сталин жылдызы өзгөчө жанган адам экен. Спектаклдин ортосундагы тыныгууларда атаң Жоомарт тердеп-кургап «суусап кеттим» деп чуркап чыгып атты. Спектакль бүткөндө Сталин кол чаап алдыга чыгып, аябай ыраазы болгондо Жоомарт абдан толкунданган» деп энем көп айтчу. Ошондо аябай толкунданып кеткен атам «мага эч кимден эч кандай сыйлыктын кереги жок. Менин спектаклиме Сталиндин өзү келгени бул чоң сыйлык. А башкаларды мен урдум» деп айтып жибериптир. Эртеси Кыргызстан ЦКсынын биринчи катчысы Вагов жазуу­чулардын баарын чакырып «Жоомарт Бөкөнбаев кечээ эмне деп былжырады, айткыла» деп зекийт. Баары, эч нерсе укпадык, ал эч нерсе деген жок деп ийин куушурат. Ошо менен кыргыз маданият кызматкерлери, акын-жазуучулардын көбү орден, сыйлык алышат да, атама эчтеме берилбейт. Ошондо Мукай Элебаев «ай, Жоке, тилиңен таптың да, отсуң да отсуң» деп баш чайкаган экен. Кийин, бир-эки жылдан соң Жоомартка орден берилиптир.

«Атам тирүү болгондо 47-жылы камалмак экен»
— 1947-жылы Дзержин көчөсүнө атама эстелик тургузулат. Кыргызстан ЦК КПССтин саясий бюросунун жыйынында ошол кездеги КГБнын төрагасы үстөлдү муштап «Бул улутчул Бөкөнбаевге ким эстелик тургузду?» деп кыйкырат. Ошондо Төрөбай Кулатов «Бул эстеликти кыргыз эли тургузду. Мен уруксат бердим» дегенде тигинин оозу жабылып отуруп калат. 47-жылдары Мурда ЦК КПСС саясий бюросунун мүчөсү, кийин Ленинград облустук комитетинин биринчи катчысы болгон Андрей Ждановдун «Звезда» журналына улутчулдук боюнча материалы жарыяланган. Ошол макалада Анна Ахматова сыяктуу бир топ СССРдин акын-жазуучулары, Лев Гумилев өңдүү окумуштуулар пессимист, улутчул аталышат. Башкача айтканда, кыргыз интеллигенциясы, кыргыз акын-жазуучуларына экинчи репрессия башталат. Зияш Бектенов, Тазабек Саманчин, Ташым Байжиев сыяктуулар ошондо камалып кетишкен. Эгер атам тирүү болгондо ал да сөзсүз камалып кетмек экен. Анткени атама мурда деле дайыма «буржуазиялык-улутчул» деген сыпаттама берилип жүргөн.

Эми атамдын Сталинге жазган катына кайра токтололу. Сталиндин каты келгенден кийин ЦК КПССтин «мындан ары чыгармачыл адамдар ЦК КПССтин өзгөчө санкциясысыз репрессияланбасын» деген токтому чыккан. Ошону менен атамдын телеграммасы жалгыз өзүн эле сактабай, Советтер Союзундагы акын-жазуучуларды, чыгармачыл адамдарды да калкалаган. Атамдын телеграммасынын таасири, мааниси мына ушунда.

Жоомарттын ички органдарына таң калган Иса Ахунбаев
— Атамды бирөөлөр автокырсыкка учуратышты деген туура эмес. Бул кадимки эле кырсык болгон. 1944-жылы «Манастын уулу Семетей» деген көркөм фильм тартылмак. Анын сценарийин атам жазган. Ошол фильмди тартууга жер караштырыш үчүн Ленинград, Москвадан атактуу режиссерлор — Владимир Роппопорт, Яков Кулиш дегендер келет. Атам «полуторка» деген жаман машинеге кыргыз режиссеру Асанкул Куттубаевди, келген режиссерлорду, бизди, энемди, таенемди салып көлгө жөнөйт. Көлдөн атам бизди азыркы Бөкөнбаев, мурдагы Кольцовка шаарчасына, таятам Жунушбайга тыштайт. Атам жерди көргөн соң кайра Фрунзеге барып, Курманжан Датка поэмасын бүтүрө коюп, тасманын сценарийин иреттеп бүтүп, анан бизди алып кетмек экен. Машине жүргөндө атам балдарымды көрүп турайын деп Куттубаевди сол жакка отургузуп, өзү оң жакка отурат. Ошентип алар Каркырага чейин барышып, Чоң-Сары Ойдон машине ала салып кетет. Инерция менен сол жактагылар ыргып кетип, атамдын бутун, белин машиненин кузову басып калыптыр. Атамдын буту сынып, боору эзилип кетет. Ошондо азыркыдай тез жардам болгондо ал аман калмак экен. Атам кайтыш болгондон кийин Иса Ахунбаев атамдын денесине медициналык экспертиза кылып, «каап, атаңдын көрү, боор жигер жагынан болгондо тигип койсок болмок экен» деп өкүнүптүр. Ахунбаев маркум атамдын ички органдарын көрүп, жаш баланыкындай экен деп таң калганын азыркыга чейин айтып жүрүшөт. Ошентип, кыргыз элибиздин сүймөнчүктүү, таланттуу акыны 34 жашында көз жумган экен.

Төрт-беш койдун наркындагы телеграмма
Совет элинин улуу атасы, жол башчы жолдош Сталинге жөнөтүлгөн телеграмманы бүгүн түп нускадан котормолоп, алдыңыздарга жайганы турам. Эгемендүү күндөрдүн шарапаты менен көп документтер ачыкка чыгарылгандардын арасында дал ошол телеграмма жүрүптүр. Ал мынакей:
«Дареги Москва, Кремль, жолдош Сталинге, көчүрмөсү НКВДга, жолдош Ежовго. Мен, кыргыз жазуучусу Жоомарт Бөкөнбаев, 1910-жылы көчмөн кедейдин үй-бүлөсүндө туулгам. Революцияга чейин жакырчылыкта жашагам. Совет бийлиги тарбиялап, кат-сабатсыз тоолук жаш баланы жазуучуга чейин жеткирди. Балдар үйлөрүндө, советтик мектептерде окудум жана тарбияландым. Кийинки кезде эл душмандары, улутчулдардын бети ачылды. Жергиликтүү кызматкерлер мени «улутчул» деп күнөөлөп жатышат. Менин улутчулдар менен кымындай да байланышым жок. Аларды калемим менен катырып жүрөм. Партиялык уюмдарга улутчулдардын бүлгүнчүк иштерин кабарлап тургам. Айрым, «бөрк ал десе, баш алгандар» мени партиядан чыгарышты, жумуштан кетиришти. Бүткүл чыгармаларымды алып салышты. Эч жерге ишке алышпайт. Арыз-муңума кулак салышпайт. Адамга кам көрүү жалаң гана биздин өлкөдө болушу ыктымал. Бирок бул алтын эреже Кыргызстанда да бузулуп жатат. Эл душмандарын ашкерелөөнүн ордуна, ак ниет адамдардын түбүнө жеткирүүдө. Партияга, элге жана социализмге кызмат кылайын деген тилегим ичимди күйгүзөт. Мени кордошуп, пьесага ээлик укугумдан ажыратылдым. Иштөөгө мүмкүнчүлүк беришпейт. Сиздин кийлигишүүңүздү күтөм. Жергиликтүү кызматкерлердин тирүү жанга таш боор мамилеси, чексиз кордогону революциянын көсөмдөрүнө телеграмма жөнөтүүгө мажбурландым. Дарегим: Фрунзе, Лагерная, 58. Жоомарт Бөкөнбаев».

Түлөн АКМАТАЛИЕВ, акын, журналист, «Де-Факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий