Асыл досту эскерип…

М. А. Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» деген даңазалуу романындагы баш кейипкерлердин бири Воланд айткандай «Кол жазмалар өрттөнбөйт» тура, б.а. адилетсиз бийликтин айынан учурунда ур-токмокко алынган, темир сандыктын түбүнө терең катылган мейли көркөм чыгарма болсун, мейли илимий иш болсун акыры келип калың элдин колуна тиет тура. Учурунда бир беткей идеологиянын кандуу кылычынын капшабына тушуккан көркөм сөз ээлеринин, илимпоздордун жараткан эмгектери элибиз эгемендикке ээ болгон соң кайрадан текши колго тие баштады. Өткөн жыйырма жыл ичинде көптөгөн көркөм дөөлөттөрүбүз кайрадан эл энчисине айланды.

Бүгүн сиздерге сунушталып жаткан макала-субхат да Тазабек Саманчиндин 80 жылдыгын өткөрүүгө карата ошол учурда Кыргызстан жазуучулар Союзунун адабияттаануу жана адабий көркөм сын секциясын жетектеп турган биздин тикеден-тике өтүнүчүбүз менен өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын соңунда, тагыраак айтканда, кайра куруунун арааны жүрүп ачык айтуу (гласность), жаңыча ойлонуу (новое мышление) деген идеялар элди ак жарык үмүткө бөлөп турган учурда жазылганына карабастан айрым себептерден улам кээ бир (ошол учурдагы саналуу) басылмалар басуудан баш тартып коюшкан эле. Андан бери бир топ убакыт өттү. Бул аңгеме-субхатта тагдыры баяндалган айтылуу адабиятчы Тазабек Саманчиндин туулган күнүнүн 100 жылдыгы бир аз мурда белгиленсе, аңгемелешүүнүн автору белгилүү илимпоз жана таалимчи педагог Зияш Бектеновдун 100 жылдык мааракеси бүгүн-эртең белгиленгени жатат. Эки аалымдын жаркын элестерин эскерүү иретинде мындан туптуура жыйырма эки жыл мурда жазылган бул макала-субхатты «Кыргыз Рухунун» окурмандарына сунуштаймын.

Садык Алахан.

(Журналист Адилет Акыйкатовдун Зияш Бектенов менен болгон маеги)

Зияш Бектенович, Сизди элибиз кыргыз тили менен адабияты боюнча ондон ашуун окуу китептеринин автору, кыргыздын «Манас» жомогунун билерманы, толгон тилчи-педагог кадрларды даярдаган белгилүү педагог окумуштуу катарында жана бир кезде Сталиндик культтун мезгилинде жазыксыз камалып, жапа чеккен адам катары билет. 1949-1950-жылдарда Сиз менен кошо камалып, саясий күнөөкөрлөрдүн жабык лагерине барган белгилүү окумуштуу филолог Тазабек Саманчиндин «кылмышы» жөнүндө эмне билесиз? Ал ким эле? Ошол жөнүндө толугураак түшүнүк берсеңиз.
Саманчин кедейдин үй-бүлөсүндө төрөлүп, жаштайында томолой жетим калып, жетим балдардын интернатында чоңойгон. 1923-1924-жылдарда Алматы шаарындагы казак-кыргыз Эл агартуу институтунун даярдоо класстарында окуп жүрүп, 1925-жылы Пишпек шаарында ачылган кыргыз Эл агартуу институтуна келип кирген жана биз менен бирге беш жыл окуп, Фрунзенин Борбордук педагогикалык техникумун 1929-жылы бүтүргөн эле. Кийин Москвадагы В.И.Ленин атындагы пединститутту бүтүргөн, СССР илимдер академиясынын кыргыз филиалынын аспирантурасын бүтүрүп, 1946-жылы «Молдо Кылыч-жазгыч акын» деген темада кандидаттык диссертация жазып, филология илиминин кандидаты болгон белгилүү адабиятчы-сынчы эле.

1946-жылы КирФАНдын тил, адабият жана тарых институтунун илимий Советинде кандидаттык диссертациясы талкууланган учурда Саманчин алты саат доклад жасап, өзүнүн кандидаттык ишинин терең мазмундуулугун далилдеп, илимий советтин мүчөлөрүн толук ыраазы кылган болчу.

Ал КирФАНдын тил, адабият жана тарых институтунда кыргыз совет адабияты аттуу сектордун башчысы эле. Ал илимдин кандидаты болгон күндөн баштап кыргыз совет адабиятынын бардык маселесин башкарып, ал боюнча теориялык докладдарды жасап, газета, журналдарга макала, рецензияларды жазып, В.Г.Белинскийдин «Гоголго катын» кыргыз тилине которуп, журналга бастырган. Ошентип баш да, таш да Саманчиндики болуп, анын илебине нан бышып, арааны жүрүп турган кезде адабият секторунун аспиранты, беш жылдан бери аспиранттык минимумдан экзамен бере албай, үч жолу кулап жүргөн Самаганов Жээнбай чатак баштап, «Молдо Кылычтын чыгармалары ислам динин үгүттөгөн элге каршы чыгарма» деп Саманчин менен Ж.Шүкүровго асыла баштады. Анткени, Ж.Шүкүров Молдо Кылычтын чыгармаларынын тили боюнча кандидат болгон болчу.

Ж.Самагановдун чуу көтөрүшүнө кандай кырдаалдар себепчи болду жана ошол чууну уюштурган демилгечи ким эле?
Анын биринчи себеби, согуштан кийин: «Коммунизмге улам жакындаган сайын тап күрөшү улам курчуй берет»-деген Сталиндин кыйтурку «теориясы» болсо, экинчи себеби, 1946-жылы Ждановдун космополитизм жөнүндө жасаган чуулгандуу доклады болду, үчүнчү себеби-1949-жылы СССР жазуучулар союзунун пленумунда: «Кыргыз адабиятчысы Тазабек Саманчин «Молдо Кылычтын чыгармалары» аттуу илимий ишинде улутчул ката кетирген»-деген СССР жазуучулар союзунун төрагасы А.Фадеевдин сөзү болду.

А.Фадеевдин бул сөзүнөн кийин Кыргызстан КП БКсынын ошол кездеги катчысы Керимкул Орозалиев өзүнүн айланасына топтогон ушакчылары Самаганов, Балтин, Нуров, Бердибековдорду Саманчинге, Шүкүровго жабылтып, катуулап айдактай баштады. Ошондон кийин алар «Националистическое упражнение Шукурова» деген үзүктөй макаланы «Советская Киргизия» газетасына жарыялашты. Бул газетанын редактору да Орозалиевден кем калышпаган ушакчы кемпай кызыл кекиртектин бири болчу.

Тазабек Саманчиндин камалышына негизги себеп эмне болгон эле?
Кыргыздарда «Семиздикти кой гана көтөрөт» деген эң сонун акылман кеп бар. Тазабек илимдин кандидаты болгон күндөн баштап, бардык жерде докладды да жасап, газета, журналдарга макалаларды да ошол жазып, арааны жүрүп кетти да, көчөгө батпай көөп кетти. Ал өзүнүн адабиятын билгени аз келгенсип, кээде «Манас» секторуна баш багып, бизге: «Силер «Манасты» редактирлөө ишин бузуп жатасыңар»-деген сөздү оюн-чындан айтып калчу болду. Анда биз ага:
-Тазабек, сен «Манаска» тийишип эмне кыласың. Андан көрө кылычыңды кайрап, кынына тыга берсеңчи,-деп аны тамаша кылчубуз. «Көпкөнчүлүк көргө тыгат» деген сөздүн калети жок экени ырас тура. Ошентип жүрүп ал бир жерде: «Чакчыгайдай чакылдаганы менен Раззаковдун сүйлөгөн сөзүндө данек жок»-дептир.

Төлөн Шамшиевдин үйүнө Алматыдан бир казак жазуучусу келет. Төлөн Тазабекке барат да, ал мас болуп үйүндө жатса: «Биздикинде жазуучу казак жолдошум конок болуп олтурат. Ал жалгыз олтура албайм, Тазабек агайды тааныйм. Анын защитасынын банкетинде болдум эле, ошол агайды чакырып кел деп жатат»-деп Төлөн Тазабекти үйүнө ээрчитип барат. Төлөндүн үйүндө казак жазуучудан башка бир татар киши олтурган экен.

Экөө саламдашып, жай сурашып олтургандан кийин жазуучу казак:
-Тазабек агай, сендерге Өзбекстандан Кыргыз Совет Министринин төрагасы болуп, керемет оратор Раззаков дейтин кыргыз келди дейди гой. Ал кандай адам?-деп суроо берет.

-Раззаков керемет оратор эмес эле, азыркы иштеп турган ишине ылайыксыз келжирек,-деп Тазабек жооп берет.

Коноктор тарагандан кийин, түнкү саат экиде баягы татар жигит МГБнын министри Володинге маалымдама (донос) жазат да, таңкы саат төрттө: «Саманчинди дароо камакка алгыла»-деп, кызыл карандаш менен резолюция салат. Бул Шамшиевдин үйүнө атайын уюштурулган иш эле.

Бугу уруусунан чыгып, ХVII кылымдын экинчи жартысында жашаган Шералы аттуу даанышман философ айтчу экен:
Анык жакшынын ачуусу бар, кеги жок,
Даанышмандын курбусу көп, теңи жок.

Эл башкарып турган башчы адам карамагындагыларга кек сактабай, өз үй-бүлөсүндөгүдөй мамиле жасаш керек,-дечү экен. Ачуусу келгенде кишинин кудайга да, өз атасына да тили тиет, ушул жерде Раззаковдун Саманчинди камата турган эмне жөнү бар эле. Эгер Раззаков чынында эле акылман киши болсо: «Койгула, менин фамилияма байланыштуу таарыныч сөздөрдү саясий ишке айлантып, жазыксыз кишини камабагыла»,-деп Тазабекти өзүнө чакыртып алып, ачууланып, «мындан кийин минтип сүйлөбөй жүр» деп тим эле койбойт беле. «Бузулган элди бучук бийлейт» деген ушул эмеспи.

Чырга жакын адамдан,
Чычая качып бак кетет.
Чырга жакын улуктан
Чытырап сынып бак кетет, -деп дагы ошол Шералы даанышман айткан экен. Өзү башкарып турган элди аталык мамиле менен бийлебей жүрүп, аягында өз тагдыры эмне болду? Өз мекенинен топурак буйрубай, жадаса некролог да жазылбай, эч болбосо 30-40 кыргыз топурак салып, асалап көмбөй талаада калды.
Ошондогу ишти ызы-чуу кылып уюштуруп, Тазабекти чакырып алып «Кетирген каталарыңды мойнуңа алып, газета-журналдарга өзүң жазып чыксаң ишиң жеңил болот» деп, «каталарымды мойнума алдым» дедиртип, Тазабекке макала жаздырган арамза чуу куйрук ушул эле Керимкул Орозалиев болгон эле. Көрсө, ошол чатакта иштерди уюштурууда астыртан былгытып коюп, согуштан кийинки мезгилдерде Кыргызстанда жүргүзүлгөн тап күрөшү боюнча өзүнүн диссертациясына материал жыйнап, сандырактаган диссертация жазып жүргөн экен. Анын диссертациясында Сталиндик культтун мезгилинде күнөөсүз айдалган адамдардын отуз, кыркынын фамилиясы, ошол кезде көзү тирүү адамдардын отуз, кыркынын фамилиясы бар. Ал гана эмес, Тазабекти, бизди каматып айдатып жибергенден кийин да, 1952-жылы отуз беш, кырктай кишинин тизмесин жазып, ушулар да улутчулдар болучу, булар да камалыш керек деп, Борбордук Комитетке арыз жазганы көп кишиге белгилүү болгон. Эгерде Сталин 1953-жылдын 5-мартында өлүп кетпеген болсо, дагы далай бейкүнөө кишилердин кандары төгүлмөк экен.

1953-жылдын февраль айынын башында «Песчанлагдын» Шраф лагеринде көмүр казып жүргөнүмдө Фрунзенин МГБсынан барган бир майор шахтанын конторуна мени чакыртып калды да, мага бир топ кишинин тизмеси бар кагазды сунуп: «Ушулардын бардыгы улутчулдар болчу» деп кол коюп бергин» — деди. Ал тизмеде Юдахиндин, Шүкүровдун, Карасаевдин, Тайкүрөңовдун жана бир топ кишинин фамилиялары жүрөт. Кагаз менен ал майорду бетке уруп, «көзүмө көрүнбөй азыр жогол, жүзү кара» деп ордуман тура умтулганымда, эшиктен надзиратель кирип келип, арабызга тура калды да, майорду сыртка жетелеп жөнөдү. Эгер надзиратель кирип келбегенде: «Ушундан келгенди көрдүм» деп, алкымдан алып муунтайын деген элем. Ал майор менден мурда көрсө Тазабекке да барган экен. Ушул иш да Орозалиевдин Москвага жазган арызынын натыйжасы болчу. Эгер Сталин ошол жылы оңкосунан кетпегенде К.Орозалиев дагы далай кишини каматып, канын төкмөк экен.

Ошентип, алгач катасын мойнуна алдырып, газета-журналдарга жаздырып туруп, Тазабек Саманчинди 1949-жылдын 17-ноябрында камап салды да, ага кыргыздын ири жазуучулары: А.Токомбаев-«Кандуу жылдар», М.Элебаев-«Узак жол», Ж.Турусбеков-«Ажал ордуна», К.Маликов-«Балбай» аттуу чыгармаларды орус элине каршы жазышты деген маалыматтарды жаздырып алып, Москвадагы «Особое совещание» аркылуу: «Республиканын өкмөтүн кулатмакчы болгон топту уюштурганы үчүн он жыл түрмөнү жабык саясий лагерде өткөрсүн»-деген чечимди сырттан чыгартты да Сибирге айдатты.

Алтымыш миң саясий камактагылар үчүн ачылып, он бөлүккө бөлүнгөн лагердин Жезказгандагы бир бөлүгүнө барган Тазабек жездин шахтасында иштеп жүрүп, төрт жылдын ичинде ден соолугунан бүт ажырап, кан басымы 300дөн ашып, өлө турган абалга жеткенде, медкомиссия «үйүнө барып өлсүн» деп актировка менен 1954-жылы үйүнө жөнөтөт.

1954-жылы СССР Жогорку Советинин төрагасы К.Е.Ворошиловго биздин жазган арызыбызды республиканын жетекчилеринин оюн билиш үчүн К.Е.Ворошилов Фрунзеге жөнөтөт. Биздин арызыбызга республиканын жетекчилеринин пикирин жазып кайра К.Е.Ворошиловго жөнөтүш үчүн Раззаков академиянын вице-президенти Асылбек Алтымышбаевди (төрага), Калкабай Сартбаевди, Салмоорбек Табышалиевди жана Смар Шимеевди төрт кишиден комиссия шайлап, «буларды таптаза актап бошотуш керек эмес, Саманчинге Молдо Кылыч жөнүндө диссертация жазганы Бектеновго Сагынбай Орозбак уулунун идеясы бузук «Манасынын» кара сөз менен сюжетин (мазмунун) жазгандыгы үчүн соттуулугун калтырыш керек»-деп Раззаков комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырма берет. Раззаковдун бул тапшырмасын комиссия айтканындай орундайт, биздин арыздарыбызды республиканын прокурору Романовго берет. Камалган кезде да прокурор ошол Романов эле. Володин бизди прокурордон уруксат албай туруп камаган болчу. Ал Раззаковдун комиссиясынын жыйынтыгына нааразы болуп, Саманчиндин үйүнө машинесин жиберип алдырат да, өзүнүн кабинетине Саманчинди олтургузуп: «Комиссиянын чыгарган жыйынтыгы туура эмес, ошого каршы пикириңди жаз. Сенин жазганыңды туура деп, мен өз пикиримди кошуп туруп Москвага жөнөтөбүз»-дейт да, Тазабектин пикирин туура деп жазып, Романов материалды Москвага жөнөтөт. Биздин арыздарыбыз СССР ички иштер министрлигинин, МГБнын жана прокуратуранын биргелешкен коллегиясында каралып, бизди таптаза актаган эле.

Раззаковдун ушул кылыгын кандай деп баалашка болот? Ушундай кишини кантип республиканын калыс жетекчиси деп айта аласың?

Лагерден бошонуп келгенден кийин «бизди кабыл алыңыз» деп Тазабек да, мен да эки жолудан арыз жазсак да «убактым жок» деп кабыл албай, арыздарыбызды бөлүмдөргө жөнөтүп, Карасаевдин, Саманчиндин, Бектеновдун арыздарын жыйнап туруп, Баткен, Лейлек райондорундагы мектептерге жибериш керек деп тапшырма бериптир. Ал сөздү укканда профессор Карасаев: «Эми кезек Раззаковго келди. Баткен, Лейлекке ал өзү барып иштесин!»-деп кыйкырган эле. Казакстандын биринчи катчысы Пономаренко казактардан камалган 22 кишини өз демилгеси менен 1954-жылы актап бошотуп, аларды өзү кабыл алып, баарына квартира берип, үч айдан курортторго эс алдыртып, мурдагы кызматтарына орноштурган эле.

Ал эми мага академия менен университеттен орун бербегендиктен (пьеса, роман, повесть которуп), жети жыл үйдө олтурдум. Эгер Раззаков адамга адамча мамиле жасаган болсо, мен ошол эле жылдын ичинде докторлугумду жазып албас белем. Мына ушундай мамиледен кийин кыргыздын: «Ит менен куда болсоң, тооктон той тартат», «Бузулган элге бучук бий» деген макалдары кантип эсиңе келбей койбойт.

Тазабекти го «келжирек сарт, кыргызча туура сүйлөгөндү билбей туруп мага сын берет» дегени үчүн жаман көрсүн. Ал эми мен аны эч жерде сарт-парт деп сүйлөгөн эмесмин. Анын мени жаман көрүп калганынын себеби мындай болду го дейм. Биз Манастын 1100 жылдык тоюн өткөзгөнгө камынып, анын он беш томун басмага даярдап жаткан кезде бир күнү Раззаков «Манастын» редколлегиясын кабыл алып, кабинетинде чай ичип олтурганыбызда: «Манаста» өзбектерди, казактарды шылдың кылат деген сөз айтылып жүрөт. Өзүбүзчө олтурганда ушул маселени тактап алалычы. Бул жөнүндө ким ачык түшүнүк бере алат-деп калганда К.Маликов:
-Мында олтурган жолдоштордун ичинен «Манастын» чоң-чоң варианттарын окуп чыккан жана Сагынбай Орозбак уулунун вариантын кара сөз менен жазып чыккан Зияш Бектенов олтурат, Зияш айтып берсин-деди.

-Анда эмесе жолдош Бектенов, сиз айтып бериңизчи-деди Раззаков мага.

-Казак элинин кол башчысы Айдаркан уулу Көкчө менен Манас бир тууган бажа. Көкчөнүн аялы Агеркеч Манастын аялы Каныкейдин эжеси, бирок бир гана жерде казактарды «сасык айран, көк курут» деп тамашалаган жери бар. Редакциялаганда ал сөздөр албетте, алынып ташталат. Мисалы:
Сары-Арканы жайлаган,
Сан казагын айдаган.
Кермесине кекейтип,
Кертөбөлүн байлаган.
Таруусун таштай актаган,
Катынын кыздай мактаган.
Сасык айран, көк курут,
Казактардын кан Көкчө.
Сары-Арканын жол менен,
Эки жүз миң кол менен,
Бу дагы келди Таласка,
Бу дагы чоро Манаска.

Ал эми өзбектерди, уйгурларды катуу сындаган жери бар. Мисалы:
Асый өгүз терисин,
Өзөгүнө кердирген.
Кунан өгүз терисин,
Термесине тердирген.
Каяша айткан катынды,
Кайкалаткан булдурсун.
Кой сойбогон сарттарды
Кокуйлаткан булдурсун.

Семетей Бухарадан Таласка көчкөндө таякеси өзбек, тажиктердин тамагын жакшы бышыра турган эки ашпозчу берген экен. Семетей эртеден кечке эки чоросун ээрчитип, куш салып жүрүп курсагы ачып келсе, ашпозчулар эски эттен манты бышырса: «Эмне үчүн кой союп, жаңы эттен бышырбайсыңар?»-деп булдурсун камчы менен аларды сабап жиберчү экен. Бирок, бул эки сап кыскартылган.

Манас Алтайдагы кезинде Фергананы, Кашкарды каратып, кайра Алтайга кетсе, Манаска карабайбыз деп алар үч ирет көтөрүлүш чыгарышат. Ошондо Манастын ачуусу келип, «убадага турбаган эл экенсиңер, мен силерге көрпөлүү тебетей, жакалуу тон кийгизбейм» деп, тебетейдин көрпөсүн кесип таштап, топу кийгизет, тонунун жакасын кесип салып, ошондон улам өзбектер ачык төш болуп калган экен, бирок жомоктун бул жери да өчүрүлгөн-дегенимде, Раззаков ордунан тура калып, «Бул сөздөр «Манастын» кайсы вариантында?»-деп чабалактаган болучу. «Сагынбай Орозбак уулунун вариантында»-деген элем.

Раззаков республиканы 16 жыл башкарып турса да, «Манас» жомогуна түшүнгөн жок да, кыргыз маданиятынын негизин түптөп, керегесин калап, түндүгүн көтөргөн кыргыз элинин сыймыгы болгон тунгуч профессор, кыргыз совет адабиятынын баштоочусу, биринчи эл агартуу комиссары Касым Тыныстановдун эбегейсиз зор эмгегинин маанисин түшүнгөн жок. Эгер түшүнгөн болсо, 1960-жылы К.Тыныстановду Борбордук Комитеттин бюросунда партиядан чыгарып жатканда, сөз сүйлөгөн Б.М.Юнусалиевге: «Сенин Тыныстановуң Осмоновдун апкытына арзыбайт. Тилин текшеремин деп улутчул Тыныстановго асылганча, Осмоновдун тилин текшербейсиңби»-деген пас, тантырак сөздү айтпаган болор эле. Раззаков мени улутчул Тыныстановдун шакирти, кадры деп жактырчу эмес. Раззаковдун Саманчин экөөбүзгө жасаган эң акыркы карөзгөйлүгү төмөнкүчө.

1958-жылы СССР Жогорку Советинин Москвада өткөн сессиясынын акырында Жогорку Советтин президиумунун Төрагасы союздук республикалардын Жогорку Советтеринин президиумдарынын Төрагаларын алып калып: «25 жылга кесилип, Сибирде жүрүшкөндө оңолуу жолуна түштү деп, кайра соттолуп, мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө (условно-досрочно) бошонуп элине кайткан батыш Украинадагы түрмөчү бендерчилер кайрадан эски адаттарын карматышып, киши өлтүрүшүп, өндүрүштө иштешпей, сабатаждык кылып жатыптыр. Андайларды аңдытып туруп кайрадан карматып, эски кесигин мойнуна илиш керек. Ушул иш эсиңерде болсун»,-дейт К.Е.Ворошилов. Бул сөздү Раззаковго айтканда ал чочоңдоп ордунан тура калып, кайра отуруп: «Саманчин менен Бектеновдор иш иштешпей, сабатаждык кылып үйлөрүндө отурушпайбы»-дейт. Раззаковдун ал сөзүн ошол кезде Кулатовдун номурунда отуруп уккан менин досум мага дароо айткан эле. Ошондон кийин тез эле Ысак Кашкараевдин кеңсесине граждан кийимин кийип алып КГБнын төрагасынын орун басары Малабаев келип: «Сен бизге агент болгун»-деп сураганда Кашкараев: «Мен силерге кара билиштүү киши эмесмин, согуш мезгилинде да, Бериянын оозунан от күйүп турган кезде да агент болгун деп бир нече жалу чакырганыңарда да болгон эмесмин»,-деп Малабаевди кууп жибериптир.

«Сени органдагылар аңдышканы жүрсө керек» деп бул окуяны Кашкараев дароо мага айткан эле. Ошонун эле эртеси үйдө олтурсам, телефон шыңгырайт. Тыңшасам, «Мектеп» басмасынын директору Мустафа Абдылдаев. Ал: «Аксакал, сиз мага тез келиңизчи. Бир өтө зарыл иш чыгып калды»-деди. Дароо жетип барсам ал мага: «Орус мектептеринин 3-4-класстарына кыргыз тили боюнча окуу китебин эки айдын ичинде түзүш керек болуп жатат. Көлөмү 15 басма табак болуш керек. Мындай китепти кыска мөөнөттө сиз гана жазып бере аласыз. Ар басма табагына үч миң сомдон калем акы коюп беремин. Сизге тажрыйбалуу автор Мамбеталы Жаңыбаевди авторлоштукка беребиз. Сиздер үчүн өзүнчө бир бөлмө жана бир машинистка бөлүнөт»-деди.

-Бул ишти ким сунуш кылып жатат,-дедим мен.

-Элге билим берүү министри Тургунов,-деди.

-Болуптур, мен макулмун,-дедим да, дароо ишке кириштик. Бул иштерди иштетип жаткан Раззаков экенин мен дароо түшүндүм. Мамбеталы Жаңыбаевди эмне үчүн мага авторлоштукка сунуш кылганына да түшүндүм. Ал киши менен мен илгертеден көңүлү жакын адамдардан элек. Эки ай эч жакка жылбай иштеп олтуруп, 15 басма табак көлөмүндөгү окуу китепти бүтүрүп бердик. Китеп дароо басмадан чыкты. Жаңыбаев аксакал экөөбүз эки ай иштеп, кырк беш миң сом акчаны бөлүп алдык да жолго түштүк.

1954-жылдан баштап Сибирдеги лагерлерден Батыш Украина, Батыш Белоруссиядан башкармаларды, айылдык советтин төрагаларын өлтүрүп, 25 жылга кесилген Бендердин баш кесерлерин эгер алар алтайдан бери лагердин айлык пландарын жүз проценттен ашуунга орундатып келген болсо, областтык сот жана прокурорлор келип, эки пункт менен кайрадан соттоп:
1. гражданин Палещук оңолуу жолуна түшүп, алты айдан бери пландарын жүз проценттен ашык орундатып келе жаткандыктан, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда лагерден бошотулсун.
2. эгерде элине кайтып баргандан кийин өндүрүштө тынч жүрүп иштебей, мурдагы адатын карматып сабатаждык кылса, дароо камакка алынып, мөөнөтү мойнуна илинип лагерге жөнөтүлсүн деген чечим менен көп адамдар лагерден бошотулган.

К.Е.Ворошилов сессияда союздук республикалардын Жогорку Советтеринин президиумдарынын Төрагаларына: «Ошондой шарттуу түрдө түрмөдөн бошогондордун кээ бирөө сабатаждык кылып, өндүрүштө эски адаттарын карматып жатышат. Андайларды кайра камап, эски мөөнөтүн бериш керек»-десе, Раззаков аны тескери түшүнүп, «Саманчин менен Бектеновдор да сабатаждык кылып үйдө олтурушат, буларды кайра каматыш керек»-деп бизди аңдытып, акырында мыш болбодубу. Бирок, кекчил Раззаков ошону менен эле токтолуп калган жок.

1959-жылы И.К.Ахунбаевдин иши чатак болгондо Илимдер Академиясынын жабык партиялык чогулушуна келип баяндама жасап, Тазабек экөөбүз жөнүндө: «Саманчину и Бектенову нет место в университете и академии. Пусть они зарабатают хлеб горбами»-деген сандырык сөзүн да айткан эле. Бул эмне деген уятсыздык?

Кайра куруунун, ачык айтып ак сүйлөөнүн мезгилинде Союз боюнча өткөндөгү кемчиликтер, каталыктар борбордук гезит-журналдардын беттерине ачык жазылып, айтылып келатса да, биздин республикада кетирилген каталардын беттери ушул кезге чейин ачыла элек. Молдо Кылыч менен Касым Тыныстановдун чатагынын натыйжасында кыргыз эли эң сонун илимпоздору, жазуучулары, акындары жана адабиятчылары Т.Саманчин, Т.Байжиев, Ж.Шүкүров жана академик Б.М.Юнусалиевдерден эрте эле ажырап калды.

Бизди камаарда Кыргызстан Борбордук Комитетинин кабыл алган токтому ушул күнгө чейин жокко чыгарылбастан, ошондогу чууну уюштурган демилгечилер К.Орозалиев, К.Дыйканбаев, А.Сүйөркулов, К.Каракеев сыяктуулар да ушул күнгө чейин жоопко тартылбастан калууда. Ошондо камалып, жазуучулардын өрттөлүп кеткен китептери эмне үчүн кайра басылбастан дымып жатат.

А.А.Ждановдун космополитизм жөнүндө жасаган чуулгандуу баяндамасынын негизинде «Звезда», «Ленинград» журналдары, Анна Ахматова менен Михаил Зощенконун чыгармалары, Мураделинин музакасы жөнүндө ВКП (б) Борбордук Комитетинин чыгарган токтомдору небак эле жокко чыгарылбады беле! Биздин Республиканын жетекчилери эмнени күтүп олтурушат?
1989-жыл.

«Кыргыз Руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий