Асан Кайбылда уулу: «Айкүмүштүн такилет»

(Уламыш)

Илгери Карабек, Малабек, Жаныбек деген үч бир тууган Алайды жердеп турушкан экен. Үч бир туугандын эң кичүүсү Жаныбектин Айкүмүш деген кызын Карабек болуш асырап алат. Айкүмүш ары акылдуу, ары сулуу болуп, комузду да жакшы чертип, эл көзүнө тааныла баштаганда Карабек атасы кулагына күмүш бастырып, өрүк комуз чаптырып берет. Бир күнү кызы түнү менен комуз чертип, бир жигит менен айтышып чыккан өнөрүн угуп, эртеси комузчулук шыгына ыраазы боло болгон окуяны жашырбай айтуусун суранып, талап кылат. Ошондо Айкүмүш «Такилет» деген күүсүн чертип, атасынын эки жерден калың жеп ач көздүк кылганын, өзү эч ким даап келалбай кара далы атыга баштаганын «Айкүмүштүн арман күү» деп, эми өз бактымды өзүм табайын, жээним Каралтайдын колун кармайын, — деп «Арсар» күүгө өтүп: Атаке, арзыган күүң мына бул,

«Айкүмүштүн такилет».
Ай караңгы түн билет,
Айыбын ачтың кызыңдын.
Айылга келген Каралтай,
Атаке, айтпай койсоң ким билет?

Каймана башка киши эмес,
Карындаш — урук сөөгүңүз.
Жеген малды кайтарып,
Атаке, мени жээниңизге бериңиз,
— деген экен.

«Күңөтай»
«Ак боз аттын такасы — ай,
Ак ирим көлдүн жакасы — ай,
Айтмайынча жазылбайт,
О кургур, Күңөтай кыздын
капасы — ай.
Көк боз аттын такасы — ай,
Көк ирим көлдүн жакасы — ай,
Көрмөйүнчө жазылбайт,
О кургур, Күңөтай кыздын
капасы — ай»

Уккулуктуу, бийик үнү тескейден ырдаса күңгөйгө кенен угулган Сартпай деген Таластын кушчу уруусунан чыккан мыкты ырчы жигит, өзү ашык болгон Күңөтай деген кызды атасы башка кудалашкан жерине берип атканда ырдаган экен. Кыз оюн-зооктордо кенен ырдалып, күүсү чертилип, элге эң кеңири тараган бул чыгарма бүгүнкү күндө да аткарылып келет:
Адырдагы куу казык,
Аркардын эти күлазык.
Акылын таап ойносо,
Күңөтай кызда не жазык?
Тектирдеги куу казык,
Текенин эти күлазык.
Теңтушун таап ойносо,
Күңөтай кызда не жазык?

БУРГУЙ
Кыз Жаңылдын кабары кылымга кетип дүң болуп турганда Чоң Анжиян жердеген, эрегишкен душманга эзели теңдик бербеген Кокондун беги Үлбүрчөк менен Бургуй баатырлар ара жолдо аң уулап жүргөн мергенди кармап алып, колу-бутун байлап, Жаңылдын жайын сурашат. «Ачууга алдырбай акылга келсеңер тилегиңер орундалып калгысы бардыр. Кокус жоо катары барып Жаңылга катылып, бөөдө өлүм болбогула», — дейт.

Мен, Кара Тегин Калчаны,
Караттым элден канчаны.
Букарга барып кол салдым,
Тажикти чаап кыйраттым,
Атайын келип эми мен,
Катындан кантип качамын?!
-деп, таламандын тал түшүндө Жаңылдын жылкысын тийип жөнөп бербеспи. «Жоо келди» деген кабар жетип, Жаңыл жигиттери менен жылкы артынан сая түшөт. Үлбүрчөгү жанында, сан жылкылар артында, санаасы тынып, бейкапар жаткан Бургуйдун үстүнө Казкара тулпарын алкынтып, кыз Жаңыл жете келет. Беттешүү Маралбашы деген жерде болот. Эки баатыр качырышып келатып, тай чабым калганда Жаңыл тарткан жебе Бургуйдун жүрөгүнө кадалат, көз ачып-жумганча экинчиси маңдайга жабышат. Аны көрүп Үлбүрчөк ат тизгинин кайра тартканда, арттан жете келген баатыр кыздын жаа октору дал ортону калбыр кылып тешип өтөт. Баатырларынан ажыраган жүз балбанды уруу-урууга кул кылып таратып берет. Жыл маалында гана Бургуйдун элинен билермандары тартуу менен келишип, башы байланган адамдарын бошотуп кетишкен экен.

Үлбүрчөк, Бургуйдун аялдарынын кошогунан:
Алам деп бардың Жаңылды,
Жаңылдан мээнет жабылды.
Кантейин арман күч,
Алганың ыйлап зарылды.
Адигине эл калды,
«Үлбүрчөк, Бургуй» аталып,
Жердеген жазы жер калды.

Алтынай ТЕМИРОВА, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 02.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий