Тажигүл Күнтүз: «Менин кыялымдагы кыргыз айымдары»

25- ноябрда Бишкектин Г.Айтиев атындагы сүрөт өнөр музейинде Курманжан датканын 200 жылдык мааракесине карата түркиялык кыргыз айым Тажигүл Күнтүздүн «Кыялымдагы кыргыз айымы» аттуу жеке сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш аземи болду. Тажигүл Күнтүз 1958-жылы Түркиянын Кония шаарында төрөлгөн. Чоң атасы Парпибай ажы кыргыздын адигине уруусунан чыккан. Бөтөн жердеги Тажигүл Күнтүздүн чыгармачылыгын кыргызстандык туугандарына тааныштырууну «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фонду, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт өнөр музейи жана «Шоокум» журналы уюштурган.

— Тажигүл айым, Кыргызстанга бул канчанчы жолу келишиңиз?

— Мен өзүм Түркияда туулдум. Түрк мектебинде окуп, түрк университетин бүтүрдүм. Кыргызстанга биринчи жолу 1977-жылы, 16 жашымда атам менен түпкү тегибиз болгон жер — Өзгөнгө келген элем. 2004-жылы өмүрлүк жолдошумду, балдарымды алып келип, кыргызстандык туугандарым, мекеним менен тааныштыргам. Бул сапар үчүнчү жолу келишим.

— Түркияда төрөлүп-өссөңүз кыргыз тилин кантип өздөштүрдүңүз?

— Ошол биринчи келгенимде 3 ай жүргөн элек. Ошондо үйрөнгөм. Котормочулукка да жарай тургандай болуп калгам (күлүп). Андан кийин турмушка чыгып, бала-бакыралуу болдум. Кээде өзүмчө «кыргызчаны унутуп калдым го» дей берчүмүн. Ал кезде Стамбулда кыргыздар жокко эсе эле. 1991-жылдан баштап эле келе башташты. Кээ бири окууга, иштегенге… Таанысам да, тааныбасам да кыргыздар келсе барып аттым. Алар мага телефон чалышаар эле, «сиз менен көрүшүп койсок болот эле» дешип. Балдарым кичине, аларды кошо ала жүрүш керек болот. Анан мен жалгыз баралбайм да. Күйөөмө айтам: «Мени жеткирип койсоң, барышым керек» деп. «Таанышыңбы?» дейт, «жок» деймин, «тууганыңбы?» дейт, «жок» деймин. Анын бул суроолор менен эмнени айткысы келип жатканын түшүнүп, «Сен мени алаар маалда атам сага «кыргыз» деп берди. Эгер мен кыргыздарга жүгүрбөсөм, атам балалыктан чыгарып коёт» десем, унчукпай жеткирип калды. Мен үчүн болбосо да атам үчүн алып барат да (күлүп). «Мен алар менен сүйлөшүп атканда узак тур» дейм. Жашып кетеримди билем да. Анан сүйлөшө беремин, ыйлай беремин, күлө беремин. Таң калыштуусу, кадимкидей кыргызча сүйлөшөм. Ичимден «аа, унутпаптырмын, мээмде экен» деп коем. Коштошордо «жакшы баргыла» деймин, анан өзүмчө «дагы жалгыз калдым, үф-ф» деп кайтамын үйгө. Ар бир кыргыздар менен жолугушуудан кийин 3-4 ай жашарып, жакшына жүрөмүн.

— Азыр сиз жашаган шаарда канча түтүн кыргыз бар?

— Стамбулда бизге окшогон эски 300-400 кыргыз бар. Азыр көбөйүп калдык. 3 миңдей бар. Кадимкидей кыргыз айылыбыз бар. Ынтымактуубуз. Той жасайбыз, уюшмаларыбыз бар, ар кандай кечелерге программабыз менен чыгабыз. Кыскасы, чок гузэль!

Кыргыз студенттер жаңы Түркияга барып окуп аткан жылдары, Нооруз, Курман айт майрамдарында конокко чакырат элем. Күйөөм дайыма «кыргыз балдар эт жеп кетсин» деп экиден кой соет эле. Конокко келген студенттер комузун кошо көтөрө келишип, кыздар беш-бармак жасап, кайра биздин үйбүлөнү мейман кылып коер эле. Анда да бери дегенде 5 жылга жашарат элем.

Мага «эмне үчүн жаш көрүнөсүз?» деген суроону көп беришет. Мен кыргыз жаштары менен жүрө берип жашара бердим. Ошентип, азыр да 18 жашта жүрөмүн (күлүп).

— Канча уул-кызыңыз бар? Жолдошуңуз ким болот?

— Жолдошум өзүм сыяктуу Түркияда төрөлүп-өскөн казандык татар мырза. Аттила профессионал фотограф. Ортобузда 2 кыз, бир уулубуз бар. Улуусу 26 жашта, кичүүсү 20 жашта. Үчөөнүн тең сүрөтчүлүккө шыгы бар. Мен келиним же күйөө балам кыргыз болсо деп ойлономун. Бирок, ал менин колумдагы иш эмес экен. Мисалы, менин атам менен апам кыргыз, бирок, менин балдарым аралашып кетти. Эми биздин балдар да аралашат. Азыркы жаштар өзүнө жакканын алат. «Кой, аны албай, муну ал» дей албайт экенбиз. Азыр үчөө тең турмушка аттана элек. Кудай буюрганын көрөбүз.

— Тажигүл айым, сөздү чыгармачылыгыңызга бурсак. Бул кесип сизге кимден жукту?

— Сүрөтчүлүк атам жакта бар эле. Бирок, мен да тырмыштым. Узун жылдар авангард стили менен иштеп жүргөм.

— А бул көргөзмөдөгү ар кошкон стилде жасалган сүрөттөрүңүздү качантан баштап тарта баштадыңыз?

— Кийинки жылдары «кыргыздарга пайдалуу бир нерсе жасасам, башкача бир нерсе кылсам» деп көп ойлонот элем. Бул иштин үстүндө 3-4 жылдан бери иштеп келем. «Кыялымдагы кыргыз айымдары» деп атаган себебим, аял деген элдин тиреги болот. Аял начар болсо, эл начар. Бирок, мен кыргыз аялдарын толук кандуу көрсөтүш үчүн, бир эле тартып койгон сүрөт жетпейт (!) дедим дагы, ар кандай материалдарды коштум. Анүчүн кыргыздын тарыхын, салт-санаасын изилдеп чыктым. Менин кыялымдагы, менин көзүмдөгү кыргыз айымдары баатыр, сулуу, назик, келечекке үмүт менен карагандар… «Кусурсуз» деп коебуз түркчө, кыргыз айымын ошондой элестетем.

— Анан кыргыз айымдары көргөзмөнү көрүп, кубандыбы?

— Менин бул жерге келген максатым да ушул, сүрөттөрдү силерге көрсөтүп, силер кубансын дегеним. «Четтеги бир кыргыз айым ойлонуп, бизден илхом алып, ушундай эмгек кылыптыр» деп кубангыла деп атам. «Чет жерде туулуп, жашаса да кыргыз экенин унутпаптыр, тилин-дилин жоготпостон жүрүптүр» деп.
Менин көргөзмөмдөгү ар бир кыргыз айымынын ааламы бар. Аны ар бир кыргыз айымы көрүп, кубанып жатканын бүгүн көздөрүнөн көрдүм.

Эльмира Мадиева

Асан Ормушев, «Диолог Евразия Кыргызстан улуттук кеңешинин» төрөгасы:

— Тажигүлдүн эмгектерине таазим этебиз. Мен тарыхчы, илимпоз, профессор катары Тажигүлдун этнографиялык сүрөттөргө кызыккандыгы таң калтырды. Өзү Түркия жергесинде жүрүп, кыргыздын каада -салтын, турмушун этнографиялык деңгээлде көркөм чагылдырышы кубанычтуу жагдай.

Кадыраалы Конкобаев, «Манас» университинин профессору:

— Биздин чоңдор Түркияга барганда эчен жолу Тажигүл менен Аттиланын үйүндө мейман болушуп, «Силерди Кыргызстанга конокко чакырабыз. Көргөзмөңөрдү уюштуруп беребиз» деп сөз берип коюп, тим-тим болушчу экен. Бул сапар «Ыйык Ата Журт» коомдук жаштар фонду менен «Шоокум» журналы чоң керекке жарашты.

Тажигүл сүрөттөрдү май боек менен тартса, Аттила да профессионал фотограф. Аттила «Фейсбук» интернет сайтына Кыргызстандын керемет жерлеринин сүрөттөрүн жайгаштырып, жерибизди таанытып жүрөт. Буюрса, эмки жолкусунда биз Аттиланын сүрөт көрмөзмөсүн өткөрөбүз (!) деген ойдобуз.

Тажигүл менен Аттиланын 16 млн. калк жашаган Стамбулда өздөрүнүн үнү, сөзү бар.

Нафис Шахин, Түркияда маданият боюнча кеңешчи:

— Маданият — жандүйнөдөгү сезимдердин коомго чагылышы болуп саналат. Маданият — кээ бирөөнүн кол ойноткон шаңгыраткан комуз кылдарында болсо, кээ бир өнөрпоздордун согулган жиптеринде. Түркияда маданият иш-чараларда түрк менен кыргыздын ортосундагы достук биримдик жөнүндө көп сөз айтылат. Бүгүн биз бактылуубуз. Анткени, түрк эли менен кыргыз элинин орток кызынын сүрөт көргөзмөсү болуп жатат.

Абдулматин Кескин, Түркиянын Стамбул шаарындагы түрк дүйнөсүнүн маданиятын өнүктүрүү боюнча мекемесинин жетекчиси, Вандык кыргыз:

— Кыргызстанга келе турганыбызды уккан вандык кыргыздар салам айтышты. Кыргыздарга кыргыздардын саламын ала келдим. Буюрса, бул көргөзмө Кыргызстан менен эле чектелип калбайт. Башка өлкөдө жашаган кыргыздарга да алып барабыз. Тажигүл айымды түркиялык кыргыздар оң көзүбүздөй көрөбүз. Түркияда бардык жерде көргөзмөлөрүн ачкан кыргыз кызы бар экенине сыймыктангыла.

Сейитбек Идирисов, «Шоокум» журналынын башкы редактору:

— Өзгө жерде өз мекенин аярлап,
Өзгөчө эжем сүрөттөрүн даярдап.
Келе жатат Ала Тоосун сагынып,
Кусалыгын кыл калемге баяндап, — деп, мындан бир ай мурда эженин көргөзмөсүн уюштурганы чуркап жүргөндө айттык эле. Буюрса, бул башталышы дейли, жаңы коллекцияларын дагы уюштурганга аракет кылабыз. Биз көргөзмөгө бир канча мекеме жетекчилерин, эл өкүлдөрүнө чейин чакырууларды жибердик эле. Билбейм эмнеге келишпеди. Бирок, Тажигүл эжеге айтаарым, эч качан буга капаланбасын. Музейге ансыз деле көп күйөрмандар келишти.

Айта кетчү нерсе, биз сүрөт көргөзмөсү менен гана чектелген жокпуз. «Кыргызстандын бардык аймактарына алып барып, эл менен жолуктуралы» деп жатабыз. Кечээ жакында эле эжени Караколдогу К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университетте студенттер менен жолуктурдук. Бул жолугушууларда эже канча жылдан бери өзгө жерде көөдөнүнө сактап келген элине болгон сагынычын таркатат. «Жүз көрүшүп, баарлашып, жеңилдейт» деп ойлойбуз. Андан тышкары, өз мекенинде жүрүп, мекенинин баркына жетпей жүргөндөрдүн жүрөгүнө мекенчилдик сезимин ойготорун билебиз.

«Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 01.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий