Кубатбек Жусубалиев: «Дүйнөнү жек көрүү башкарып калды»

— Маркестин бир айтканы бар: «Жазуучу көп эле китептерди жазышы мүмкүн, бирок анын бир гана мыкты чыгармасы болот» дейт. Эгер Сизден да ошондой купулуңузга толгон, өзүмдүн мүмкүнчүлүгүм толук ачылды деп эсептеген чыгармаңыз тууралуу сурашса кайсыны атайт элеңиз? 
— Туруп тур. Сен өзүң кандай деп ойлойсүң? Мен адегенде сенин пикириңди уккум келет.

— «Күн автопортретин тартып бүтө элек» повести. Анан «Кар» деп аталган аңгемеңиз. 
— Менин эң жакшы көргөн аңгемелерим: «Акындардын пири секелек сары кыз шатысы бийик үйдө жашайт», «Шатыдагы балдар», анан сен айткан «Кар».

— «Кар» адегенде мага өтө чебер жазылган аңгеме катары эле жакчу. Бирок Жоробек акындын өмүр таржымалын уккан соң анын трагедиясын ушунчалык терең бере алганыңызга ынандым. 
— «Күн авторпортретин тартып бүтө элек» мен айтайын деген ойлордун тышы, ал эми «Муздак дубалдар» ичи десем болот. Адегенде мен сөз таба албай, өзүмдүн оюмду айта албай жаман кыйналдым. Башка жазуучуларда да мындай азап, кыйналуу болобу, болбойбу, мен билбейм. Бирок менде улуу кыйналуу болду. «Тоого жаз кеч келет» деген аңгемени үч жыл жаздым, эй. Оңбогондой көп варианттарын жаздым. Ошондо да жарылганым жок. Колго бир жара чыгат го. Атын эмне деп коет эле кыргыздар?

— Сыздоок эмеспи? 
— Сыздооктон да жаман ал. Көгөрүп эле туруп алат. Оорутат. Ага кыргыздар пияз басат. Ошондо анан тартып алат. Ошондой болуп эле туруп алдым да. Мен студент болчумун анда. Сөз таба албайм да. Оюмду айта албайм. Алгач бир кичине вариантын жазып, экинчисин жазып, анан үчүнчүсүн жазып… Анан Чоң-Алайда мугалим болуп жүргөндө кыштын күнү бир эле отурушта жазып койдум. Ошондо гана кичине сүрүлдү. Андыктан, менде «Күн автопортретин тартып бүтө элек» боюнча кыйналуу сезими гана калды.

— Балким, жазуучу катары стилиңиз калыптанбагандыгы, тажрыйбаңыздын жоктугу үчүндүр? 
— Ким билет, эй. Ал эми «Муздак дубалдарды» мен чоң эргүү менен жаздым. Кийин карасам, беш-алты эле жери оңдолуптур, калгандары оңдолбоптур. Муну мен машинкада жаздым. Кээде он сегиз, он тогуз саат иштечүмүн. Эгер чоң эргүү менен жазбасаң бир сүйлөм беш-алты бетке созулган чыгармаларды жаза албайсың да. Жазга маал кара жамгыр шатырап эки күн-үч күн куйчу эле мен бала кезде. Ошондой жазылган да. Ошондо мен биринчи жолу ачылгандай болдум. Жарылгандай болдум. Ошондой эргүү келбесе жазганым жок. Жарым жылдай жазбай койдум, себеби эргүү жок эле. Анан дагы бир эргүү келип, ошону менен бүттү.

— Мен билгенден сиз атаңызды эстей албайт болушуңуз керек? 
— Каяктан! Эстегенди айтасың да…1939-жылы фин согушуна кеткен бул киши. Атам согушка кеткенде мен апамдын боюнда калыптырмын. Финдер Совет армиясын талкалап койгон кышты билесиң да. Ошол компанияга туш болуп, бечара чочконун этин жебейт экен. Этин бирөөгө берип, сорпосун көзүн жуумп туруп ичип алат экен. Ошентип ысык жактан барган неме карга сойлоп жүрүп өпкөсүн суукка алдырып алат. Командири бирөөнү кошуп берип, үйүнө жиберет. Үйгө бир солдат алып келген. Энеме айтат имиш. «Үйгө жетпейт бул, жолдо өлүп калат деди эле. Жакшы болуп кетсин эми»,- дептир. Кыргыз бала экен. Келсе апам ай күнү жетип, төрөөрүнө эки-үч ай калган болот. Ошону күтүп жата бериптир. Эми 22 жаштагы жапжаш жигит да. Басалбайт, эшикке чыга албайт. Боз үйдө гана жатат. Жайлоого чыгышпай, суунун боюна боз үй тигип беришет экен. Энем айтып калчу: «Эшикке чыга албай калган. Бир күнү мен бээ саап атсам эшикте турат. Мени карап колун жаңсап атат. Айланайын, айланайын, жакшы болуп калган окшойт деп чуркап келсем «мынавы наказиңиз эти ооруп атат» дейт. Кирсем, апаң керегени кармап туруп сени тууп коюптур. Думугуп кала жаздапсың. Эптеп алып, сүйүнгөнүмөн эркек экен, эркек экен деп кыйкырып ийдим», — дечү. Атам эртеси эле өлүп калыптыр. Ошондо айылдын кишилери чогулуп келип, эми ушуну кубат кылып жүр деп ат коюп беришкен экен.

— Чоң энеңиз тубаса көзү азиз беле? 
— Жок. Ооруп калды да камбагал. Мен он жашка чейин бактылуу жашадым өтө эле. Энем аябай жакшы, кыйын киши эле. Анан ооруп жатып эле… Баш менен көздүн давлениеси болот турбайбы. Ошол көздүн тамырлары жарылып кетиптир да. Кийин мен университетте окуп жүргөндө шаарга апкелип көрсөттүм. Профессор көрүп, тамыры үзүлүп кетиптир. Эми кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес деди.

— Эмне үчүн жазуучулукту тандап алдыңыз? 
— Мен өзү жазуучу болот дегенди деле билчү эмесмин. Төртүнчү класска чейин кантип окуганымды да билбейм. Барат десе эле балдарды ээрчип эле мектепке бара бергем. Читкүл деген менден жашы бир аз улуурак бала окуган. Кийин атым чыгып калган кезде айылга барсам мени кара-ап туруп, «эй, сен төртүнчү класска чейин покту да билчү эмессиң, ушуга таң калам… Окууга жөн эле келе берчүсүң. Атүгүл дем алыш күндөрү да келип алчусуң», — дейт. Башын чайка-ап айтат. Бир мугалимибиз бар эле. Бизге жомок айтып берчү. «Кожожаш», «Жаныш-Байыш», «Олжобай менен Кишимжан», «Семетей» — ушулардын баарын айтып берчү. Эсимде, мен мектепке жомок угам деп барчумун. Биринчи окуган китебим билесиңби кайсыл болгон? 12 жашта бекен (ага чейин эчтеке окуган эмесмин) китепканадан «Алтын ачкыч жана Буратино жөнүндө жомок» деген китепти алгам. Бирөө которгон экен ошону отузунчу жылдары. Азырга чейин эсимде, мага аябай жаккан. Ошондон кийин китеп окуй баштадым. Ошо кезде, элүүнчү жылдары «Согуш жана тынчтык», «Кенже уулдун көчөсү», «Жашынан абийирдүү», «Кызыл кырман», «Чыныгы адам жөнүндө повесть» сыктуу укмуштуудай калың романдарды эле которо беришчү бизде. Өзүбүздүн жазуучулардан болсо Жантөшевдин «Каныбеги», Түкөмдүн «Биздин замандын кишилери», «Тоо балдары». Ал чыгармаларда коммунисттик идеология, коммунисттик моралдан башка эчтеке жок. Университетке киргенче ушулардан башка китеп окубадым. Бирок парадоксту көрүп кой, мен ошолорду туурашым керек эле да. Мен болсо, тескерисинче, антисоветчи болуп чыктым. Макулатуранын майданында чоңойсом дагы алар мага эч кандай таасир кылган жок. Биринчи жазганым «Тоолорго жаз кеч келет», экинчиси «Күн автопортретин тартып бүтө элек». Анан кийин «Муздак дубалдар». Сени ушул нерсе таң калтырабы? Мени аябай таң калтырат.

— Бирок сиз ошол эле учурда башка, эл окубаган адабиятты да окудуңуз да? 
— Кийин университетке келгенде мен бул адабиятты жаман көрүп калдым. Көрсө, жөн гана алдоо, турмуштан алыс идеологиялык бирдеке турбайбы. Ошондуктан Батыштын адабиятына кирип кетпедимби. Ошондо анан алар адамга жакыныраак экенин түшүндүм. Көрсө, башка да адабият бар экен. Бирок менде бала күндө окуган адабиятыма карата эч кандай терс пикир да, өкүнүү да жок. Жасалма, калп болсо дагы алардын өзөгү жаман менен жакшынын күрөшү турбайбы, көксөгөнү жакшылык, эңсегени, умтулганы жарык кишилер экен. Оң каарман акырында сөзсүз терс каарманды жеңип чыкчу. Азыр ошол адабиятка болгон кусалык улуу сагынычка айланып кетти. Бирок башка деңгээлде.

— Стилиңиздин, көз карашыңыздын калыптанышына Кафка, Джойс өңдүү модернисттердин канчалык таасири тийди? 
— Алар мага көп деле таасир эткен жок. Менин романдарымдын формасы өзүң билесиң, бир башкача. Глава деген жок, жамгыр жаагандай сабап-сабап отуруп анан жамгыр басылгандай басылып калат. Бул эмнеден? Үтүр-чекит койбой жазылган ырлар, мунун баары каяктан? «Не любовь к внешнему». Модернисттик агымдардын таасири эмес бул. Мен негизинде аябай эле кыргыз экем. Манасчылардай, Жеңижок сыяктуу эртеден кечке эле булактай оргуй берген ырчылардай нукура кыргыздын элдик белгиси, сапаты экен. Элдик поэзия жерден оргуп чыккан булактай. Жеңижок чет элдик адабиятты окуган эмес да. Бирок карачы, кандай кудурети күчтүү поэзия! Кандай сулуулук, кандай эргүү!
Ат арабыс болсочу,
Жаш карыбас болсочу.
Жаратканың чын болсо
Деги жай-жайына койсочу, — деп Токтогулдун айтканын кара! Жердин астынан оргуп чыккан таза булактай да, туурабы?

Мен дүйнөлүк адабиятты окуп калганым үчүн жазгандарымдын формасы да башкача, деңгээли да башкачараак. Бирок маңызы ошолордуку эле экен. Мырзаев Маматали деген Баткен университетинин проректору бар. Докторлугун мен жөнүндө жазып атты окшойт. Ошол мага бир жолу айтат: «Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат» деген романыңызды окуп чыктым. Ыр турбайбы» дейт. Ал аябай туура айтты. Чынында эле поэзия көп да. Муну мен бир эле жаздым. Оңдогон да жокмун. «Муздак дубалдарды» да бир эле жазгам, оңдогон эмесмин. «Толубай сынчы» жыйнагына кирген аңгемелерди да дегеле оңдогон эмесмин. Дароо эле машинкада автоматтай тытыратып жазгам. Мен буларды эмне үчүн айтып атам. Себеби булардын табияты импровизация. Мисалы, Манасты айтып атканда оңдобойт да. Же Жеңижок, Барпы кантип оңдойт? Алар оргуп турат таптаза, мөндүрлөй. Жазсаң жазып калдың, жазбасаң учуп кетти. Ошон үчүн алардын ырларынын көбү жазылбай калган. Алардан менин артыкчылыгым — окуп, жазып калдым да. Башка доордо, башка мезгилде, реалияда жашадым.

— Кайсыл бир чыгармаңызда өзүңүзгө ушунча китепти окуп эмне таптым деген суроону коюп, мурда кулагым угуп, көзүм көрсө, эми колум да көрөт, бутум да көрөт» деп жооп бергенсиз. Демек, китептен да көп нерсени үйрөндүңүз окшойт? 
— Албетте, адамдын улуту, тили ар башка болгону менен табияты бир да. Сен жуткан абаны Американын индееци да жутат. Демек, биздин дух бир. Муну сезиш үчүн эмне керек? Эң улуу сергектик, абдан улуу жүрөк, абдан таза акыл. Ошон үчүн медитация, дин деген нерселер бар. Эгерде макрөө тамак жебесең, арак, чылым деген арам нерселер менен ичиңди чылага айландырып ийбесең сенин рухуң түз эле аалам менен кошулуп калат. Сенин айтканың, дегениң, оргуганың пайдалуу болот. Оо Американын бир жеринде жашаган бир бечара сени өзүнүн бир тууганы, досу, санаалашы катары жакшы көрүп калышы мүмкүн. Ошондо улуу адабияттын, искусствонун сулуулугу, маани-маңызы келип чыгат. Анын артында билесиң ким турат. Сен экөөбүздү жараткан Улуу зат отурат.

— Сиз айткан нерсеге дервиштин турмуш образы канчалык жардам берет? Деги эле ошондой жашоо зарылбы? 
— Азыркы биздин турмушта сөзсүз зарыл. «Отщельничество» өзү эмне экенин билесиңби? Бул тазалануу деген сөз. Бардык жаман нерселерден, таштандыдан тазалануу. Бул зарылдык. Себеби адамзат ашынып отуруп бир жаңсыл болгондуктун улуу артыкчылыгын билбей калды да. Өздөрүнүн диндеринин улуу сулуулугун билбей калды. Бүтүндөй адамзатына сүйүү, жакшылык алып келээрин билбей калдык. Көр оокат, көр сезим, көр тиричилик, көр пендечиликке өтүп кетишти. «Зачумленность» пайда болуп калды ар бир ааламда. «Там где зачумленность — там и ненависть». «Миром правит ненависть».

Мамат Сабыров, “Де-Факто” (“Кыргызгезиттер айылы”), 06.12.2011-ж.

Бул жерден Кубат акенин «Улакчы» деген аңгемесин окуй аласыздар.

Соц тармактар:

Добавить комментарий