Камчыбек Касымов: «Имаратыбызга алгач алтын медаль келди»

Спорттун эң маанилүү тармагынын бири – улуттук спорт оюндары. Улуттук спорт оюндарынын адистештирилген эң алгачкы жападан жалгыз мектеби Бишкек шаардык дене тарбия, спорт жана туризм комитети тарабынан 2010-жылы ачылган. Бул мектептин балдары ушул убакка чейин ар кайсы окуу жайлардын спорт залдарында, жер төлөлөрүндө машыгып келишкенин көпчүлүк билбейт. Жакында аталган мектеп жаңы имаратка ээ болду. Кыргызды кыргыз кылган маданияты жана улуттук спорт оюндары экенин эске алып, аталган мектептин директору Камчыбек Касымовду кепке тарттык.

– Жаңы имаратка ээ болгон экенсиздер. Иштин башы илгери болсун!
– Рахмат! Улуттук спорт оюнуна Бишкек шаарынын мэриясы жана шаар кеңешчилери тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, жаңы имарат берилди. Октябрь айынан баштап, кызуу ишке кириштик. Учурда спорттун 4 түрү – кулатуу, күрөш, тогуз коргоол, ордо оюну боюнча 300дөн ашык бала машыгууда. Балдардын санына жараша кулатууда – 4, күрөштө – 6, тогуз коргоолдо – 5, ордо оюнунда – 4 машыктыруучубуз бар. Бүгүнкү күндө машыгып жаткандардын 99 пайызы эркек балдар. Кыздарды да унутта калтырбай, алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдөбүз. Машыгууда колдонулган керектүү буюмдардын баарын орнотуп баштадык.

Азыр жаштардын арасында күрөшкө кызыккандар арбын. Биздин балдар күчүнө кирип, ишенимди акташууда. Бул имаратка көчүп келерибиз менен кубанычтуу кабар келди. Ушул имараттан машыккан окуучубуз Ырысбек Ажыбеков октябрь айында өткөн бел кур күрө­шүнүн дүйнөлүк чемпионатында дүйнө чемпиондугун багындырып, жаңы имаратка алгачкылардан болуп алтын медаль алып келди.

– Мектебиңиздердин өзгөчөлүгү кандай?
– Бизге келгендер бай-кедей деп бөлүнбөй, баары бирдей машыгат. Каалоочулар эртең мененки саат 8 ден кечки 9 жарымга чейин өзүнө ыңгайлуу убакытты белгилеп, жашына жараша тайпага бөлүнөт. Ал эми жөн гана ден соолугун чыңап, мүчө боюн бир калыпта сактагысы келгендер үчүн атайын акы төлөп машыгуучу тайпаларды түзгөнү жатабыз. Бул имараттын ичинде спортчуларга ыңгайлуу шарттардын баары бар. Балбандар ашыкча салмагын азайтуу үчүн машыгуудан кийин саунага кирип, денедеги ашыкча сууну тер менен чыгара алышат. Улан-кыздарга өзүнчө кийинүү, машыгуу бөлмөлөрү даярдалган.

Балдар бизге келээрден мурда ден соолугун текшертүүсү шарт. Спорттун кайсы түрү балага зыян тийгизбегендигин тастыктаган дарыгердин ишенимдүү уруксат барагы (справка) болуш керек. Өзүбүздүн да атайын дарыгерибиз толук текшерүүдөн өткөзөт.

– Улуттук оюндарыбыздын рухту тарбиялоодо ролу зор эмеспи…
– Улуттук спорт оюндарынан эң эле алдыга озуп кеткени — тогуз коргоол. Тогуз коргоолдун эл аралык федерациясына 15тен ашык мамлекет өкүл болуп кирген. 1995-жылы алгач ирет Бишкекте Азиянын биринчилиги өткөрүлгөн. Эгемендүүлүк алгандан баштап, 1992-жылдан бери Ысык-Көлдүн жээгинде август айынын аягынан эл аралык мелдеш өткөрүлүп, алды 10 мамлекетке чейин келишет. Өкүнүчтүүсү – бул бир гана тогуз коргоол болуп жатат. Эгер жыл сайын улуттук спорт оюндарынын фестивалын өткөзүп турсак, улуттук оюндарыбыз кеңири жайылмак. Дүйнө жүзүнө революциянын өлкөсү эмес, маданияттын жана спорттун мекени деген деңгээлге чейин көтөрүлмөкпүз.Бардык эле мамлекет өзүнүн дүйнөлүк аренага чыккан улуттук спорт жана акыл оюндары менен мактана албайт. Биздин улуттук оюндарыбыз рухту тарбиялайт. Мисалы, ордо оюнунун маани-маңызы терең, адамды тарбиялоодо күчү зор. Ошондуктан, бул оюнду олимпиаданын программасына киргизүүнүн аракетин көрүп жатабыз.

– Өзүңүз жөнүндө да кыскача кеп салсаңыз?
– Менин жашоомдун негизги азыгы – спорт. Башка тармактарда иштеп, өзүмдү сындан өткөздүм. Бары бир көкүрөгүм спортту самап туруп алды. Алгачкы жылдары шахмат ойноп жүрүп, 1982-жылы улуттук тогуз  коргоол  оюнуна  өтүп кеттим. 1985-жылы спорттун чебери наамын алдым. Спорт жаатындагы эмгек жолумдун сыноолору мени патриоттуулукка үндөдү. Мамлекеттик дене тарбия, спорт агенттигинде массалык иштер боюнча бөлүм башчы болуп иштедим. Мына эми, ушул мектепке директор болуп дайындалып, кыргыз жаштарынын патриоттуулук сезимин ойготуп, улуттук спорт оюндарын өнүктүрүү, аны колго алуу максатын көздөп жүрөм.

– Мультимиллионер үчүн президенттик конкурс жарыялайбыз деп жатасыздарбы?
– Жаз мезгилинин алгачкы март айында тогуз коргоол боюнча мелдеш өткөрөбүз. Ага республиканын бардык аймактарынан келип катышат. Ошол учурдан пайдаланып, тогуз коргоол федерациясынын президентин шайлайбыз. Өзүм 1992-жылдан бери вице-президенттин кызматын аткаруудамын. Буга кошумча жакындан бери президенттин милдети да жүктөлдү. Эми президентти шайлаардын астында тогуз коргоол федерациясынын уставын ЖМК беттерине чыгарып, ачык конкурс жарыялайбыз. Кимде ким тогуз коргоолду өнүктүрүү боюнча 5 жылдык программасын түзүп келсе, аны федерациянын кеңешчилерине өткөзөбүз. Конкурстан утуп чыкканды президент кылып дайындайбыз. Мүмкүн мультимиллионер келип, өзгөчө сунуштарды киргизип, тогуз коргоол үчүн жылына бир канча доллар бөлүп, “силер аны иштетип, өнүктүргүлө” деп патриоттук идея көтөрөбү деген тилекте оюн-чындан айтканыбыз бар.

Бермет НУРУБЕКОВА, спорттук баяндамачы, «Кыргыз Туусу», 06.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий