Кубатбек Жусубалиев: «Жүрөктүн ичинде улуу сыр катылган»

«В тридцать я имел прочную опору.
В сорок лет у меня не осталось сомнений.
В пятьдесят лет я знал веления Небес.
В шестьдесят лет я настроил свой слух.
А теперь в свои семьдесять лет я следую зову
сердца, не нарушая правил…»
(Конфуций)

Жылына бир жолу келет. Кубат акени айтам. Дамамы күн суук тартып, биз ичиркенип-тоңуп турган маалда келет. Өзү менен кошо тоонун таза абасын, табияттын койнунда күн кечирген карапайым элдин улуулугун, жылуулугун ала келет. Шаардын ызы -чуусунан, богу-жини кайнаган турмушунан жадап, аруулукка чаңкап турган биз — шакирттери таза аба жуткандай жыргап калабыз. Ушундай адамдын барына шүгүр. Шаар менен айылдын, Жалган менен Чындыктын ортосуна көпүрө болгон, Өмүрдүн баалуулугун сездирген, Өлүмдүн актыгын көзгө сайып эскертип турган ушундай данакер кишинин барына шүгүр. Бар болуң, устат!

-Кубат ака, эң оболу кутман курагыңыз кут болсун! Конфуцийдин «Жетимиш жашымда мен жүрөгүмдүн айтканын угуп, эрежени бузбай жашай баштадым» деп айтканы бар эмеспи. Сиз да мына жетимишке келдиңиз, «жүрөгүмдүн гана буйругун угуп, жашап калдым» деп айта аласызбы?
-Жүрөк жөнүндөгү маселе жөн эмес экен. Сулайман пайгамбардын бир сөзү бар. «Адамдын жүрөгүндө улуу сыр, улуу акылмандык катылган» дейт. Мен муну эми түшүндүм. Баягы Мелис экөөң бала кезде алган интервьюдагы «Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар» деген сөз кыргызча аябай жөнөкөй, бирок аябай так айтылган. Адам өзү ачылбаган сандык экен көрсө. «Ичинде кундуз бар» дегени ошол жүрөк экен. Демек, жаралганда эле анын ичине улуу сыр, улуу акылмандык катылган. Мен тарыхтан карап көрсөм, аябай улуу акылмандарда деле ачылбаптыр да. Бир гана Сулайман пайгамбарга ачылган экен. Биз билебиз, ал жан-жаныбардын баарынын тилин түшүнгөн, азыркыча айтканда, маг болгон. Мындай акылмандар өтө аз, дээрлик жок. Конфуций бул сөздү жетимиш жашында айтып атат. Бирок, жетимиш бир жашында кетип калган. Демек, ал билип кеткен. Эмнени билип кеткен? Азыр так эсимде жок, менимче Гете айтса керек эле. «Көз ирмемдин балдары» деп коюптур бизди. Анткени, биздин өмүрүбүз түбөлүктүүлүккө салыштырмалуу көз ирмем экен. Алгач окуганда бул сөздөр өзүнүн трагизми менен мага абдан катуу таасир калтырды. Демек, биз эч нерсени билбей кетип калат экенбиз да. Көз ирмемде эмнени билесиң? А бирок, Иса пайгамбар «ошол көз ирмемде билип калгыла. Адам каяктан келген, ким жараткан, келгенден кийин анын азыркы абалы кандай, анан кайда барат? Ушуну билип калгыла, муну билбесеңер иш чатак» дейт. Мен андан бетер кабатыр боло баштадым. Андан бетер улуу трагизм пайда болду. «Көз ирмемдин балдары» деген сөздүн трагизми дагы күчөдү. Себеби, бул өтө эле маанилүү нерсе экен адам үчүн. Турмуш бүт эле биз билбеген сыр экен да. Күчүк туулганда эч нерсе көрбөйт. Энесин жыты боюнча эле таап, эмчек эмет. Адам да так ошондой да. Мен муну өйдөсүнүп, же башкаларды шылдыңдап айтып жаткан жерим жок. Мен андайдан өттүм да. Адамзаттын азыркы абалы чындыгында эле ошондой болуп атат. Кээ бирөө көрбөйт да. Этот вопрос имеет колоссальное значение для любого человека. Конфуций жөн эле айткан жок да. Он действительно понял. Соломон, Конфуций — булар адамдын абалын көз ирмемден билип калышкан. Бул үчүн ушунчалык улуу аракет кылып, анан башын баталгага койгон.

-Башын баталгага койгон деп атпайсызбы? Муну бул дүйнөнүн азгырыктуу, таттуу нерселеринен баш тартуу катары түшүнүш керекпи?
-Ооба. Кыргыздар «жан кечти» деп коет го. Булар да жанынан кечкен да. Адам каяктан жаралганын, азыркы абалы кандай экенин, каяка бараарын көзүм жумулганча билип калайын деген. Сен сурап атасың, «Кубат ака, сиз дагы жүрөгүмдүн гана буйругун угуп жашап калдым (!) деп айта аласызбы?» деп. Мен сага торжественно заявляю: мен дагы жетимишке чыкканда жүрөгүмдүн гана буйругун угуп жашап калдым. Сен аябай сергек, таза, жөнөкөй, бирок татамал кишисиң. Жанагы камбагал, великий авантюрист Мелис жакшы журналист болчу. Ошондон кийин эле сен да жакшы журналистсиң. Я всегда так считаю. Бирок, сендей кишилердин бир улуу кемчилиги болот. Укканы, окуганы жукпайт, аш болбойт. Тазалыгың, жөнөкөйлүгүң үчүн сага көп сыр айтылат. Бирок, ал сага аш болбойт. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Сен менден көп интервьюларды алдың. Ал интервьюлардын баары эмне эле? Экөөбүздүн изденгенибиз болчу. Ал кезде Акыйкатты мен да билчү эмесмин. Мен бир аз алдыраакта, сен артыраакта бараткан абалда элек. Аларда азыркы мен айткан түшүнүү жок. Но там был искренный поиск. Ал эми азыркы мен айтып аткан — бул башка нерсе. Акыркы жолу айтып коеюн, эми Жолго түш. Азыр канчага чыктың?

-Элүүгө.
-Мындан кийин катуу ойлон. Дальше так жить нельзя. Сага чындап каалаганым ушул. Алайга чакырып туруп, акесин таанытайын деп жүргөм. Бирок, бул жерде жолугушуп калгандан кийин ушундан пайдаланып айтып коеюн. Человек должен делать выбор раз и навсегда. Болбосо сен камбагал баягы эки үстөлгө отурам деген кишиге окшоп каласың. Адан да жок, будан да жок, көчүгүң менен полго тарс этип түшүп, жамбашың сегиз жеринен сынып кетет. Ошон үчүн тезирээк Жолго түш. Ошондо сен «жок» деп айтканга үйрөнөсүң, «бар» деп айтканга үйрөнөсүң. Көбүрөөк «жок» дегенге үйрөнөсүң. Жакшылык эмне, жамандык эмне экенин түшүнөсүң. Тандабасаң, анда ойноп жүрө бересиң. Бирде бул оюнчукту, бирде тигил оюнчукту ойнойсуң. Бул өтө коркунучтуу. Кыргыздар айткандай, бир жаңсыл болгон жакшы да. Ошондо адамда улуу процесстер жүрөт. Эң башкысы, сенин сөзүң менен ишиң бир жерден чыгып калат дагы, турмуш образыңдын баары пайдалуу болуп калат.

«Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп уурулук кылба» деген сөз кыргызга Конституция боло алат. Башка сөздүн кереги жок. Ушул идеология да, философия да боло алат деп айткам. Ошо сөзүмөн мен азыр деле кайткан жокмун. Себеби, ой канчалык улуу болбосун, ал практикаланбаса, аткарылбаса жөн эле куру сөз болуп калат. Ар бир диндин өзүнүн великая красотасы бар. Эгерде ошолор аткарылбаса, великая красота билинбейт, куру сөз болуп калат. Великая красота качан адам ошол сөздү аткарганда гана билинет, көрүнөт.

-Өзү адам баласы үчүн көп эреженин деле кереги жок окшойт. Эреже азыраак болуп, бирок аткарылышы керек экен.
-Сөзсүз аткарыш керек. Иначе ты просто лжец! И твоя познание, твоя мудрость выеденнего яйца не стоить. Я очень рад, что в сравнении с другими ты делал для себя какой-то выбор.

-Мен суфизм тууралуу өзүмө жаккан тексттерди кээде которуп, гезитке берип коем. Кечээ жакында эле менин жазгандарымды такай окуган бир акем «элдин баарын аскет кылайын деп атасыңбы? Дервиштик саналуу, тандалган гана кишилердин турмуш образы болуш керек. Ал эми калган кишилер кадимкидей эле турмуш кечирип, иштесин, бала-чакасын баксын да. Элдин баары аскет да, даанышман да боло албайт» дейт.
-Кыргыздын жакшы сөзү бар. «Пешенеге жазганды көрөсүң» дейт. Туура, баардыгы эле даанышман боло албайт. Бирок Кольридждин «Стремление мошкары к звездам» деген ырын окусаң керек. Мошкар деген кичинекей, арам чымын болот го? Ошонун жылдызга умтулганын айтып атат. Демек, ар бир адам да умтулуш керек. Люди такие как ты, как я, что делаем? Мы просто призываем к стремлению. Бечара Бавган Шри Радниж Ошо… Мен ушу кишини жакшы көрөм. Тырмактай кезимен окуп калдым. Азыр деле кээде карап коем. Ошо киши айтып атат: «Менин максатым эмне? Жаңы адамды тарбиялоо» дейт. Живут по старому. Пора уже взлетать дегени да. Мен сага Кришнамуртинин бир айтканын окуп берейин: «Вопрос в том, что такое взаимосвязь? Быть родстве со всеми. Взаимосвязь означает заботу. Забота — эта внимание, это — любовь. Вот почему взаимосвязь является всеобщей основой. Если вы упустили это, упустили все. Да уважаемый, это- тюрьма. Знание-тюрьма. Жить по знанию тоже тюрьма». Радниж Ошонун жанагы айтканы адамды ошол түрмөдөн айдап чыгайын дегени. Ар кимиси өзүнчө түрмө куруп алган. Бирөө залкар жазуучу, бирөө залкар бизнесмен, дагы бирөө залкар саясатчы болуп алган. Менин максатым аларды ошол түрмөдөн кубалап чыгып коюш дейт.

-Бир жолу Мухаммед алейхи саламдан «касиеттүү адамдар кандай болот?» деп сурашканда, пайгамбарыбыз «аларды көргөндө Кудайды эстейсиң» деп жооп берген экен.
-Ап бали! Өтө жөнөкөй, бирок өтө терең айтылган сөз. Мухаммед пайгамбар «биз кичине жихаддан чоң жихадга кайттык» дегенде жанындагылардан бирөө «чоң жихад деген эмне?»- деп сураптыр да. Ошондо Мухаммед пайгамбар: «адамдын өзүндөгү толгон — токой пасчылыкка каршы күрөш» деп айтыптыр. Демек, бул бүткүл өмүр бою аткарыла турган иш да. Биринчи мусулмандар ошону аткарган. Основа ислама — это борьба против низости в себе. Жөн гана обряд эмес. Рахмат, беш маал намаз окуганыңа, даарат алганыңа, бирок эң негизги милдет -бул күрөш да. Дүйнөдөгү эң кыйын нерсе эмне? Чыңгызхан болуш эмес, Темирлан болуш эмес, өзүн-өзү жеңүү. Жанагы биринчи сурооңо кайра кайрылайын. Сулайман пайгамбар, Конфуций өмүр бою өзүнүн кемчиликтери менен күрөшкөн киши болгон. Алар бокко тойгон короздордой болуп какайып, кекейип жүргөн эмес. Ошон үчүн жакшы көрөсүң да. Мен мисалы, Сократты аябай жакшы көрөм. Божественный киши да! Ошончо даанышман сөздөрдү айткан, бирок бир тыйын да алчу эмес экен. Сөздөрүн эч качан саткан эмес. Буларды ошондой касиеттери үчүн жакшы көрөсүң да.

-Акыркы кездери эчтеке жазбай кеттиңиз?
-Жазбай койдум. «Жазбайын» деп кыйынсынгандан эмес. Жөн эле жазгым келбейт. Жазуучулук кесип негизи керемет нерсе экен да. Мага өтө чоң жардам берди. Бирок кээде-кээде ойлонуп калып атам, дагы бир нерсе жазып койсомбу (?) деп. Бир роман жазып атып таштап койгом, ошону бүтүрсөмбү дейм. Сюжети адамдын руханий изденүүсү жөнүндө. Бул өзү безумно кыйын иш болот экен да. Мен ошон үчүн токтотуп койгом. «Таң каракчысы» деп коет, жарым саат, бир саат капкара түн болуп турат. Анан акырын таң сүрүлөт. Чымчыктар ойгоно баштайт. Эшек айкырат бир жерден. Ошол процессти мен романга киргиздим. Муну мен орусча да жазып атам, кыргызча да жазып атам. Жана экөөбүз сүйлөшкөн адамдын ичиндеги күрөш жөнүндө Яков Бем жакшы айтыптыр. «Тевтонский мудрец» деп коюшат аны тарыхта. Өзү өтүкчү болгон. Жөнөкөй киши гана ушинтип айта алат. Мынтип айтыптыр: «Эгерде жер жүзүндөгү деңиздер, океандар сыя болсо, ал эми жер үстүндөгү жыгачтардын бардыгы ручка, кагаз болсо, адамдын гөрдөй ахыбалын ошондо да жазып бүтүрө албайсың» дейт. Көрдүңбү, кандай кыйын ахыбалга дуушар болгонбуз биз. Бул эми орто кылымдагы киши. Бирок азыр, жыйырма биринчи кылым жашап аткандай, жаныбызда отуруп айткандай да. Мындан ашык айта албайсың. Көрүп турабыз да, адамдын абалы гөрдөй…

-Мурда адамдар жок дегенде жазгандарды окучу. Азыр окубай да калбадыбы.
-Себеби жазуучулардын күчү жок. Биз азыр эле айткан күрөш жүрбөй калды. Аны жүргүзгөнгө камбагал адамдын алы жетпей калды. Мен бактын арасында жүрүп, көп байкайм да. Азыр илгеркидей сайраган чымчыктар аз. Дээрлик жок. Бирөө бактын тээ ылдый жагында, бирөө өйдө жагында. Ушундай панораманын фонунда экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүз да ошол чымчыктардын абалына окшойт. Муңга толо. Элла Майяр деген француз саякатчы кыз болгон турбайбы. Отузунчу жылдары Кыргызстанга келип, «Жибек жолу» менен Кытайга чейин кыдырыптыр. Анан «Теңир тоодон Кызыл кумга» деген китеп жазган экен. Империянын тушунда аны эч ким которгон да эмес экен, ал жөнүндө эч ким билбей да калыптыр. Жаклин Рипар бечара ( кыргыздын тулпарларын изилдеп жазганы үчүн мен аны «тулпар кыз» деп коем) аны француз тилинен кыргызчага котортуп, анан мага баш сөз жазып бериңиз деп суранып калды. Ошол китепте биздин жергебизди «муңдуу өрөөндөр» деп атаптыр. Мен аны ушунтип айтканы үчүн эле жакшы көрүп калдым. Кожожашты повесть кылып жазганда мен да сезгем ошону. Биздин өрөөндөр аябай муңдуу экен. Алайга, Тянь-Шань, Ысык -Көл, Соң -Көлгө барганда жердин муңу угулуп турат.

-Бирок муну уга билген адам гана угат болуш керек?
-Ооба, ооба… Баш сөздү «кантип жазам?» деп толгонуп отуруп, анан бир эле сүйлөм менен жаздым. Мына, угуп тур: «Сапар китепке кичинекей баш сөз. Тырмактай кыз Теңир -Тоонун муңдуу өрөөндөрүн: Ак-Бел, Ак-Чөлдү, Кызыл-Кумду кыдырып, чымчыктай чырылдап, ач калып (курсагы тойсо сүйүнүп), кыргыздын жармасына тойгон курсагын баладай таптагылап, эл суу ичсе суу ичип, жөрмөлөп жөө басып, айдай бетин көө басып, иттеп-биттеп, чөлдөп-көлдөп, ургаачы төө минип, шайтан араба, от араба, ат арабага түшүп, айрыпуланга (үч кишилик «жункер» деген тепкедей) түшүп, өлө ысып, өлө үшүп, айрыкча төгөрөк-тегерек (төгөрөктүн төрт бурчундай, жер шарындай дегеним)тебетейлери бар, ормойгон-ормойгон оң канаты үч метр, сол канаты үч метр томогочон үч бүркүттү колдоруна кондурган үч атчан, үч бүркүтчү кыргызды жолуктуруп, аларды «Лейка» деген сонун аты бар оюнчугу менен сүрөткө тартканын көргөнүмдө сүйүнгөнүмдү айтпаңыз, бир жолу «Лейкасынын» капкагын жоготуп ийип, баскан сайын «бурк» деген, «бурт» деген белчеден топурагы бар чөлдүн жолунда деңиздин ичинен издегендей бурулдаган топурактын ичинен издеп, табалбаганын көрүп, күйүнгөнүмдү айтпаңыз. Байыркы Египеттин бир улуу акылманы абдан аео жана сүйүү менен ааламдын шамы (храмы же күзгүсү) деп атаган, сөзүм жетпей атат, чырт-чырт түкүрүп жүргөн, Жер кыдырып, бир асманга чыгып, бир жерге түшүп, чарчап, эшек минип кыдырайын десе, бир маңка казак эшегин бербей койгонун көрүп, бир чети мулуюп, бир чети муңкайып (адамдын акыбалы эртеден-кечке дейре момукту айланып-байланып (темин менен), буудай же арпа жанчкан, өлө чарчаган аттын, өгүздүн ал-акыбалына окшоп, өзгөрөбү (?) десек, өзгөрбөй эле келатканын ойлоп, же кайрат кылып туруп тике-түз айтсак, өзгөрмөк кайда, эми зор (кара) түйшүктөн, убакыттын (өмүрдүн) аздыгынан, чарчагандан өлө баштаганыбызды ойлоп, ыйлап, кыргыз эли : «Кыздын кырк чачы улуу»- деп бекер айтпаганын бул тырмактай кыз кезинде тери менен кан жыттанган Европадан ( Женевадан) качып бизге келип, биз жөнүндө китеп жазган, асмандан бир ордунан жылбай пырпырап, өлүп-тирилип төбөсү менен жер казган көрчычканды аңдып, анан көз ачып-жумганча илип кеткен күйкө жаманга окшоп, бизди өзүнүн «Лейкасы» менен сүрөткө тарткан Элла Майярга рахмат айтып, ар бир күндү кабагым-кашым дебей, коркпой-үркпөй кучактап тоскон жана 81 жашка чыкканда Тибетке сапарлап барган улуу кайратына таңгалып, урмат кылып: «Биз зыяратчыларбыз, ата, биз келатабыз, балким, бул лыкыйып кар баскан акыркы көк тоолорду ашкандабы же тетиги албууттанган деңизди баскандабы, биз табабыз. Ал жакта эмне үчүн адамдар туулганын билген бирөө бар, биз дагы кайраттуубуз, Самарканга көздөй кеткен Алтын Жолдо келатабыз-ов! -деген кайратуу үн-катуу шамалга бир жата калган, бир тура калган чырпыктай жолдо келаткан, ушул китепти жазган чырпыктай кыздын үнү экендигин айтып, абийиримдин барында батыраак сөзүмдү бүтүрөйүн».

Элла Майяр өзү Швейцарияда жашаган француз аял. Согуш мезгилинде Индияда болуптур, сексен бир жашында Тибетке барыптыр.

-Тибет демекчи, сиз да Непалга барып келдиңиз окшойт?
-Ооба. Ар жагы Гималай, бери жагындагы тоолор сепилдин башына окшош. Непал ошонун боорунда экен. Будда ошол Непалда туулган да. Гималай көрүнүп турат, бирок кире албайсың. Бер жагынан карап, галжийип кайра баса берет экенсиң. Кийин Дхарамсалга бардым. Далай Лама чакырып, ошого бардым. Жамбы экөөбүздү келип, «чай ичип кеткиле» деп чакырган экен. Делиден жеңил машина менен он-он эки сааттык жол экен. Ар жыл окуу өткөрөт экен да, ар кай жактардан келген миңдеген буддисттер жүрөт. Жамбы экөөбүз кезектин эң аягына араң илештик. Келгендерди тейлеген бир кичине кафе бар экен. Ошол жерде кофе ичип, «эми качан жетебиз» деп отурабыз. Жамбы Япониядан келип, Далай Ламанын академиясында окуган бир монах кыз менен таанышып калган. Ошол чуркап келбедиби. «Жамби, Жамби, силерди Далай Лама издеп атат» дейт. Жетип бардык. Барсак дале узун кезек. Аңгыча бир жигит келип эле «бул жерде профессор Жамбы менен анын атасы барбы?» деп сурап калды. Көрсө, ал Далай Ламанын жардамчысы экен. Бизди ээрчитип алды. Барсак, Далай Лама күтүп отуруптур. «Ушерде элүү жылдан бери жашайм» дейт. Так грустно звучали для меня эти слова. Жамбы которуп берип атат. Тибеттин чайын алып келди. Мен бала кезде биз жашаган айылды «дөбөттөр» дечү. «Энеңискей дөбөттөр, булардан же автобус тийбейт, же башка тийбейт» деп эле жатышчу. Анткени, бир эле автобус болот, биз толуп алып алар батпай калат. Анан мен чоңойгондо энемен сурадым да. «Дөбөттөр деген уруу барбы?» десем, «жок» деди. «Анда дөбөттөр деген сөз каяктан келди?» десем билбейт. Анан Жамбы Москвада окуп жүргөндө Арнольд досум экөөбүз бардык да. Барсак, Жамбы «тибет тилин үйрөнүп жүргөн бир венгриялык кыз бар. Ошол айтты: тибет деген төбөдө деген сөз экен» дейт. Мен Далай Ламага айттым: Биз Тибеттен келген болсок керек. Кыргыздар Кичи- Алай, Чоң-Алай, ал эми Гималайды Кең-Алай дейт. Чоң энемен уккам, кыргыздар Кичи Алай менен Кең-Алайдын ортосундагы мейкиндикте көчүп жүрүшкөн. Дөбөттөр ошол тибеттиктер дегени экен да. Бизде Таши деген ат көп. Тибеттерде болсо эң кеңири тараган ат — бул Таш экен дедим. Бул сөз Делиде болду да. Кийин Дхарамсалга барганда, Далай Ламанын биринчи эле айткан сөзү «Төбөдө, төбөдө» дейт. Эстеп калыптыр. Бизди жакын тууганындай кабыл албадыбы. Болбосо кишилер толтура. Алардын баарын таштап коюп, бизди кабыл алды. Бир маалда секретаршасы бир килем алып келип, Жамбыга белек кылды. Мага болсо Далай Лама орус, англис тилинде чыккан он чакты китебин кол тамгасын коюп берди. Анан мен «Жамбы сиз жөнүндө бир документалдуу кино тартайын» деп атат, мен өзүм киночумун десем уруксат берди. «Делиге келгенден баштап менин мейманым болосуңар»- деди. Эми Жамбы экөөбүз эптеп акча таап, декабрда дагы бир барып келели деп атабыз.

-Кытайлык жазуучуга каяктан жолугуп жүрөсүз?
— Би Фе Ю Кытайдагы эң популярдуу жазуучу экен. Биз барганда «Пекинден кайсы бир журналдын сыйлыгын алып келдим» деди. Кытайда жазуучу болгон жыргал экен да. Китеби болбоду дегенде миллион нуска менен чыгат. Бир эле юаньдан сатса миллион юань болот. Жакшы жашайт экен. Жашы сен курактуу эле бар. Ал элүүгө да чыга элек. Бизге алдын ала мейманкана заказ кылып коюптур. Машина берип, Кытайды бүт кыдыртты. Чыгымдын баарын өзү көтөрдү. Ресторандан ресторан кыдырып эле жүрдүк. Көрсө, Жамбы мени атактуу жазуучу деп аябай эле мактап коюптур да. Биз да аны Кыргызстанга чакырдык, бирок азырынча жооп бере элек.

-Эсиңиздеби, бир жолу экөөбүз сүйлөшүп отурганда чыгарманы жалаң кол менен жазыш керек деп айттыңыз эле?
-Көрсө, кол менен жазгандын биз билбеген бир сыры, магиясы бар окшойт да. Биз көр турбайбызбы. Мен эмне үчүн компьютер, балакет-салакеттерди жаман көрөм десем….

-Бирок чыгармаларыңызды машинкада басасыз го?
-Илгери машинкада басчумун. Азыр колум менен жазам. Жамбы италиялык бир прибор сатып берген, калемсапты сыя челекке малып алып эле жаза берем. Индия жөнүндөгү эскерүүлөрүмдү сыя менен жаздым да. Жазып бүтүп коюп койсом жамгыр жаап жууп кетиптир. Ошол боюнча аны эч жерде жарыялай албай калдым. Эми жамгыр жууган жерин «жамгыр жууп кетти» деп эле жарыялай берейин деп чечтим.
Мен сага бир текстти окуп берейин. «Глаза -открытые раны. Показали Христу изображение из дальной страны. На ладонях, на ступнях были видны изображение раскрытого глаза. Спросили суеверия ли это? Можно ли видеть рукой или ступней? Учитель сказал: истинно научаемся видеть рукою и ногою. Будут ли знать сущность недвижный, как сложится убеждения наша, если не приложим руки? Дух наш на земле переносится на ступнях. Учитель добавил: мудрые люди дали это изображение, чтобы напомнить о сущности вещей. Еще раз добавил: не похожа ли эта глаза на открытые раны? Истино, истинно — через открытые раны приходит свет».

Байыркы заманда пропеведь оозеки келген, билесиң. Азыр болсо жазуу түрүндө келет. «Истино, истинно — через открытые раны приходит свет» деп атат. «Открытые раны» — көз да. Азыркы дүйнөлүк адабияттын, кичинеби, чоңбу элдердин адабиятынын өлгөнүнүн сыры ушунда. Эң мыкты, улуу китептердин баары кол менен жазылган. Башкасын айтпай эле коеюн, Толстой менен Достоевский, Бунинге окшогон жазуучулар колу менен жазышкан. Азыркы дүйнөлүк адабиятты мен акыркы кездерде окубай калдым, бирок ал мага таштандыга окшоп калгандай сезилет. Эртең менен кичине эле болот, кечкурун карасаң обо-добо, экинчи күнү карасаң дагы обо-добо, үчүнчү күнү карасаң дале обо-добо. Өсүп эле баратат да таштандылар…

Мамат Сабыров, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 01.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий