“Манас” жандуу Маликов

Улуу муундагы интеллигенция арасында улуттун алтаны дегидей азамат уулдар болбогондо, ким билет, биз азыр жабыла урмат-ураанын чакырып жаткан «Манас», балким, кыргыздыкы эмес, башка элдин эпосу аталып, мынчалык баркталбай да, даңкталбай да, эбак унутулуп, тарыхтын саргайган сандыгында калат беле, айтыш кыйын. Иши кылып, өткөн кылымдын элүүнчү жылдары мамлекеттик идеологиянын оор артиллериясы улуттук маданияттын уңгусун жана уюткусун түзгөн элдик оозеки көркөм мурастардын көбүн кароолго алып, катуу аткылап турган кезеңде «Манас»үчүн көкүрөгүн окко тосуп, аны колдоп-коргоп калгандардын бири – быйыл бир кылымдык мааракеси белгиленип жаткан атактуу акын Кубанычбек Маликов болгон.

… Кыргыздар Ала-Тоо аймагына Сталиндин амири менен гана ээ болуп калышкан, болбосо бу чөлкөмдү абалтан эле биздин ата-бабалар байырлап келген деп түшүнө кирген кыялын кыярбас чындыктай эсептеп жүргөн азыркы ирридент-идеологдордой эле «Манасты» да кыргыздан талашып, тартып алгысы келгендер чыккан.

Бу талаштын биротоло башын ачканы акыры 1952-жылы жайында Фрунзе шаарында жалпы союздук илимий жыйын чакырылат. Ага келген аттуу-баштуу илимпоз-идеологдордун жоон тобун Аалы Токомбаевдин үйүндө коноктошот. Дасторкон үстүндөгү сөз айланып келип эле эпоско такалат. Ошондо Кубанычбек аксакал:

– Бизде Сагымбай, Саякбай жомокчулар эле эмес, ар бир бала «Манас» айтат, – деп камырабай компоюп, конокторго тукурук таштап коет. Тигилер муну азил ордуна көрүп, күлүп калышат, ошондо акын алардын үстүнө Аалыкенин а кезде төртүнчү класста окуган уулу Уланды чакыртып:

– Скажи, знаешь кто такой Манас? – деп сурайт. Тестиер бала ушуну эле күтүп тургансып, «Манас» айтып кирет. Беш-алты мүнөт өткөндө Кубанычбек аксакал кол жаңсап токтотуп:

– Көрдүңөрбү, бу бала орус мектепте окуйт, айылдагы балдар мындан да ашат, кааласаңар түтүн түрө кыдырып чыгалы, кана, кайсы элде ушундай бар?- деп карсылдап күлүп, конокторду кабыргадан алат. Ошондо «Манасты» экинчи тургус кылып, оодара сайып таштамакчы болуп, котур ташын колтугуна ката келген илимий «коңурбайлар» каяша кеп таба албай, оозунан келмеси түшүп отуруп калган дешет.

Көрсө, Кубанычбек аксакал аларга алдын-ала атайылап «таберик» кылганы Аалыкенин уулуна «Манастан» узун сабак үзүндү жаттатып, аны чоң кармашка таптап-камдап койгон экен.

Андан соң беш күнгө созулган кылчайнаш жыйында өзү да орусча кошумча баяндама жасайт, эпостун айныгыс колдоочусу жана коргоочусу Мухтар Ауэзовдун абройлуу сөзүнүн аркасы тийип, акыры «Манасты» сактап калышат. Бирок кармаш ошону менен эле бүтпөйт. Эпостун элдик мүнөзүнө, андагы миң жылдыктарды карыткан улуттун урк белгилерине асылган москвалык адабиятчыларга каршы кийинки жылы Маликов кыргыздын ошо кездеги он чакты көйкашкасы – алардын ичинде И.Батманов, Б.Захарьев, К.Юдахин өңдүү сөөгү орус, эти кыргыз илимпоздор – менен бирге «Литературная газетага» (8-январь 1953-жыл) ачык кат жазганга катышат.

Дегеле Маликовдун таржымакалына аздыр-көптүр көз чаптырып көргөн адам акындын  бүткүл чыгармачыл өмүрүндө «Манас» кан жолдой болуп кашкайып турганын байкайт. Мурунку муун өкүлдөрүнөн көп уккан элек: Маликов боз бала чагында эле Тыныбек жомокчунун «Семетейин»  жат билчү экен. Атүгүл атактуу Сагымбай аксакалдын айылында болуп, анын» Манас» айтканын өз көзү менен көрүп, өз кулагы менен угуптур. Той-тамашада, үлпөт-күлпөттөрдө кулактын курчун кандырган уккулуктуу ырлар менен бирге кээде «Манастан», «Семетейден» жана «Сейтектен» үзүн­дүлөр айтып, жар-жаранды «баракелде, бар бол» дегизип, бапырата кол чаптырып жүргөн дешет. Кийин деле акын-жазуучулар, айрыкча кызырдай болгон айтылуу Саякбай аксакал катышкан көп эле чакан бир отуруш-кечелерде жаалап жатып «Манас» айттырган учурлар болуптур. Андайда Маликов кудум Саякбай аксакалдын өзүндөй кылып, ага тийишкендей болуп, а кишини туурап, андан соң башка манасчылардын ыргак-ыкмасына салып, жарым сааттай күпүлдөп, отургандардын жарпын жазчу окшобойбу. Атүгүл билгендер  анын «Манас» айтканын бир учурда В.Виноградов нотага салганын айтып жүрүшөт. Айтымда Маликов  атактуу Тоголок Молдо, Молдобасан, Шапак, Багыш, Ыбырайым манасчылар менен жылуу ымала, ынак мамиледе болгон. Алардын өнөр өзгөчөлүктөрүн талдап, макалалар жазган.

Маликов отузунчу жылдардын этегинде Жоомарт Бөкөнбаев жана Жусуп Турусбеков менен авторлошуп,»Айчүрөк» операсынын, андан жети жылдан соң Аалы Токомбаев менен бирге «Манас» операсынын тексттерин жазат. Кийин эки чыгарма тең кыргыз театр өнөрүндө классикага айланат. Мындан тышкары 1941-жылы балдар үчүн атайы «Манастагы элестер» аттуу китеп даярдап, кооз сүрөттөр менен коштолуп, басмадан чыгат.

Эпостун үчилтиги биринчи ирет кошмо вариант түрүндө, кыскартылып, төрт китеп болуп басылганы белгилүү. Бирок анын эки китептен турган  «Манас» бөлүгүнө Маликовдун тикелей тиешеси барлыгын,  акын аларды эпостун ар кайсы вариантынан кыйыштырып, кыт куйгандай кынаптап чыкканын баары эле биле бербейт.

Маликов кезинде «Сейтекти»да сахналаштырууну көздөп, атайын либеретто жазууга киришкен экен, бирок анысы белгисиз себептерден улам эч жерде жарыяланбай, акындын архивинде калыптыр. Кол жазмада «1941-1971-жылдар» деген даталарга караганда бул чыгармасы да «Балбайындай» эле идеологиялык электен өтпөй, акын аны отуз жылдай оңдоп-түздөп отурган өңдөнөт. Либереттонун эң соңку кол жазмасын акын «композитор менен макулдашып иштелген вариант» деп атап, 1971-жылдын май-июнь айларын көрсөтүптүр.

«Сейтек» либереттосун акын акылман Бакайдын кыргызды ич ара ынтымакка чакырган сөздөрү менен бүтүрөт:

Ичеги бооруң куйкалайт,
Балдар, өзөктөн күйгөн өрт жаман,
Ичиңден сени талкалайт,
Балдар, өзүңдөн чыккан жат жаман!

Ичиңден сени ириткен.
Бузукка кылба ырайым!
Бузукка кылсаң ырайым
Тартарсың балдар убайым!

Ырыстын алды ынтымак,
Ынтымак болсун элимде!
Ичи арам киши жүрбөсүн
О, балдар, эр жүрөк кыргыз жеринде!

Бу саптар бүгүнкү күндүн аңытынан алганда айрыкча зарурат угулат.

Акырында дагы бир сөз. Исхак Раззаков учурунда «Манасты» эскичил, диний насыйкатка жакын турган эпос деп эсептеген эмеспи. Кызыгы – кийин аны «улутчулдугу» үчүн кызматтан түшүрүп, борбордук бийлик Москвага «сүргүнгө» чакыртып алат. Мурда а кишини шынаарлап, шыйпаңдап жанынан чыкпай жүргөн адамдар кийин Москвада капыл-тапыл жолугуп калганда жалт бурулуп, басып кетчү экен. Иши кылып, Раззаков менен байланышат экен деп балээге калгысы келгенден баары чочулап турган кез болсо керек, ошондой опуртал учурда Маликов кадимки кыргызча каада-салт менен аттанып барып, Раззаковдун үйүндө болот. Арадан бир же эки жыл өтүп, эл-жерди эңсеген Раззаков Фрунзеге тымызын келип, башка жакка бурулбай, түз эле Маликовдун үйүнө түшөт. Экөө акындын бөлмөсүнө жашынып алып, алдыга тартылган табак-табак этке, тамакка деле маани бербей, эки сааттай Маликов а кишиге «Манас» окуп, Раззаков кунтун төшө тыңшап, жалаң эпос жөнүндө сүй­лөшүшөт. Ошондо Раззаков көзү каканактап, жаш баладай жашып, «Манасты» Манастын өзүн­дөй кыргыздын көкжалдары коргоп калган экен дегендей кыязда Маликовго тен бере, абдан ыраазы болуп кеткен экен. Бул окуяны акындын келини, ошол күнү эки бирдей улуу кишиге  буту-бутуна тийбей кызмат кылып, алардын батасын алган Роза эже күнү бүгүнкүдөй эстеп жүрөт.

Айтымда Маликов аксакал чын эле эр мүнөз адам болгон экен: удулу келген учурда оюндагысын шамшардай шарт чаба айтып, эч кимден жана эчтемеден тартынган эмес. Аны менен жакын болуп, жакшы билгендер акынды ачуусу бар, кеги жок, караңгыдан көз, капылеттен сөз тапкан, кыргыздын санжыра-санатын, өтмүшү менен болмушун «Манастай» эле жатка айткан кеменгер киши эле дешет.

Бүгүн «Манасты» окугандарга караганда окубагандар саясий айлампага салып, жеке бир максаттарга пайдаланып, эпостун өзөктүү идеяларын башын бутуна каратып бурмалап, аламандап жаткан кезде Маликов өңдүү мурунку муундун азамат өкүлдөрүн эстеп, алардын эмгеги менен эрдигин баалай жүрүү биз үчүн милдет. Алар эпосту атак-даңк алганы, анын аркасы менен элге баатыр болуп көрүнүп калууну көздөгөнү үчүн эмес, «Манас» биздин бери эле дегенде беш миң жылдык баба мурасыбыз, улуттук мандатыбыз болгону, эпосту коргоо – кыргызды коргогонго тете иш болгону үчүн кара башын канжыгага байлап коюп күрөшкөн. Алардын мындан башка максат-мураты да болгон эмес. Андыктан «Манас» турганда эпостун элдүүлүгүн, анын кыргыздыгын коргоп калган мурунку муун алтандарынын, алардын ичинде атактуу акын Кубанычбек Маликовдун да аты өчпөйт деп айта алабыз.

Эсенбай НУРУШЕВ, «Кыргыз Туусу», 02.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий