Ыр бакытын издеп кеткен Рыспай

Жүрөктө жашаган аялуу ысым
Рыспай аганын обончулук нукура көрөңгөсүн коштогон өнөрү – аккордеон ойноо чебердиги. Анын манжалары сыйкырчыдай башкарган аккордеонду сүйлөтүп жибергендей  вариациялоосу кимдердин гана жүрөгүн эргитпейт. Ошого шай келген  мукам обону эч кимге окшошпогон  ыргакта делбиреп обого көтөрүлгөндө уккан адамды өзүнө  тартып алган сыйкыры күчтүү залкар талант эле. Аккордеонисттердин чоң мектебин түзүп,  кыргыз обонуна  даңазалуу заманбап жол салып кеткен Рыспай Абдыкадыров тирүү болгондо 70 гана жашка чыкмак. Өмүргө кас өлүмдүн таш боордугу аны мезгилинен эрте кайтпас күнгө калкытып алып кете берген. Бирок анын экинчи өмүрү өлбөстүккө айланып, өзү болсо ыр бакытын издеп кетип, алыста-алыста бир жакта жүргөндөй сезилет. Чынында да бул чыгаан талант ар бир кыргыздын үйүндө күн сайын ырдап, түбөлүктүү  даңазасы менен утуру келген муундарга жаркын элес болуп өчпөй, оттуу ырлары аркылуу жашай бермеги мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Тарс эткен тамашалуу күндөрдөн
Анын бактысына сегиз бир туугандын  кенжетайы болуп туулган эркеликти буйруган.  Ошол эрке мүнөзү чыгармачылыгына жарашканын анын замандаштарынын эскерүүлөрүнөн байкоого болот. Обончу, ырчы Жолболду Алыбаев Рыспай агай тууралуу мындайча бир эскергени бар:

– Анын турмуштагы күндөрү күлкүгө жык болчу. “Бир күнү бир студент бечара мейманчылыкка чакырып, бир топ мугалим болуп Оштон Сузакка кечирээк жөнөп калдык, – дейт Рыспай ага.  – Мингенибиз УАЗ автомашина, рулда өзүм. Сузак менен Жалал-Абаддын ортосундагы автоайлампага келгенде көз байланып калды.  Аяк-биякты карасам бир да машина көрүнбөйт, айлампаны айланып убара болуп жүрөмбү деп түз эле рулду солго буруп, Сузакка бет алдым. Кашайып байкабай калыпмын, кайдан-жайдан жаш кыргыз МАИ жигит ала таягын көтөрүп, ышкырыгын чырылдатып эле калды. Кыйла узап барып, эмне дээр экен деп, артты көздөй кутургандай катуу айдап, алдына келгенде тормозду катуу тээп токтоттум эле, зорго турган МАИ:

– Башың барбы, эрежени билбесең машинадан айланасыңбы, түш! – деп кыйкырып калды. Жарыкта анын кыргыз экенин көрүп турам. Кабинада менин Рыспай экенимди ал билбейт. Экөөбүз бир топ кайым айтышкан соң:

– Деги эмне кылышым керек эле, – дедим. Ал анда:

– Ошого да башың жетпейби? Оштон келаткан шопур Сузакка барыш үчүн мобул айлампаны айланып өтүш керек, – деди.

– Ошол элеби, – дедим да машиналардын жоктугунан пайдаланып айлампаны үч жолу айлантып айдадым. Ар бир айланган сайын алиги жигитти карап коём. Оозун ачып, жини келгенинен эмне дээрин билбей турду.  Акырында алдына келип токтотуп:

– Болдубу? – дедим.

– Атаңдын башы болду, айдоочу эмес эле акмак экенсиң, түш машинадан, апкел праваңды, –  деп кыйкырып жатат.

– Түшпөйм!

– Түшөсүң!

Акыры мен тарапка өтүп, экөөбүз ачкычты талашып жулкулдашып калдык. О, бир маалда, өңүмө астейдил тигилип карап алып, анан сурап калды:

– Сиз Рыспай акесизби?

– Ооба, үкөм.

– Ой, мусулманым, ушундай да кыласызбы? – деп же күлөрүн билбей, же урушарын билбей калды. Мен:

– Үкөм кечирип кой, мен жөн эле тамашаладым.

– Эмесе, жакшы барыңыз, мындай тамашалабай жүрүңүзчү, – деп коё берди.

Сузакка барып мейман болдук. Анда менин ичпей жүргөн кезим. Түнкү саат эки-үчтөрдө мейманчылык бүтүп, кайра Ошко жөнөдүк. Менин эси-дартым баягы жигитте. Дагы бир жолу тамашалап күлдүрүп кетейин дейм. Айлампага жакындаганда Кудай жалгап туруптур. Жым дей түштүм. Артынан өтүп, Базар-Коргон, Жалал-Абад жагы менен Ошко бурулганда эле ышкырыгы чырылдады. Машинени токтотуп:

– Салам, үкө, кандайсың? Бу мен Рыспай акеңмин, – дейин деп астейдил карасам эле баягы кыргыз жок, оошуп ордуна өзбек болуп калыптыр. Токтобой зымыраткан боюнча Ошко кетип калдым”, – деген.

– Ээ, Рыспай аке ал эмне кылганыңыз? – десем: “Бу, Жолболду, сен да кызыксың, менин Рыспай экенимди сенин жалал-абаддык өзбегиң билип коюптурбу”, – деп каткырып күлүп коёт эле раматылык.

Обон генийинин ой толгоолорунан
“Айрымдар эркек балалуу болбой калдым деп өкүнүшөт экен. Кудая шүгүр төрт кызым, неберелерим бар. Анан да Түгөлбай, Асан, Чубак, Токон,  Бабаравшан, Ибрагимге окшоп тагдырын менчилеп ырга байланыштырып койгон шакирттерим турганда, мен кантип уулум жок деп айталам. Мен аларды көрүп кантип эргибейм, кантип ырдабайм?!

* * *

Менин чыгармачылыгымды иликтегендер  “Түгөйүм” деген ыр кыргыз музыкасына кандайдыр бир жаңылык алып келди дешет. Болсо болгондур. Бирок, мен үчүн ал ыр жан дүйнөмдү өзгөрткөн, мен ошондон тарта өмүрүмдү ырсыз элестете албай калган жагымдуу бир башаттын башын ачтым.

* * *
Эл оозуна бачым илинип, жаштардын жүрөгүнө чок салган, жаштыктын бир үзүмү “Алмашым” деген ыр эле. Жолугушууларда: “Алмаш сиздин сүйгөн кызыңыз беле?”– деп көп сурап калышат. Чыгармачылыктын табиятын түшүнбөстүк да, болбосо 150дөн ашык ырымдын көбү сүйүү туурасында.  Ошонун баарын сүйө берсем, анда, менде жүрөк калабы?

* * *
Жолон досумдун “Издейм сени” деген ыры мен үчүн өтө бийик, өтө ыйык.  Аны чыгармачылыгымдагы бир бийиктик деп эсептейм. Ошол ыр жан дүйнөмдү өзгөртүп, чыгармачылыгыма кандайдыр бир тереңдик, асыл максат киргизди.

* * *
Обондорума күлазык болуп берген акындардын ырлары, алардын ажары көрүнүп турган кыздар, жан дүйнөнүн жана табияттын кооздугу, жакын адамдардын жылуу мамилеси болбосо, мен бу жалганда ырчылык вазийпамды аткардым деп эсептей албайт элем.

Сөз берметтерине мени ишендирген Сооронбай Жусуев, Омор Султанов, Биримкул Алыбаев, Эрнис Турсунов, Карымшак Ташбаев, маркум досум Жолон Мамытов сыяктуу акындарга мен таазим этем.

* * *
Турмушумда көп эле жакшы адамдарга жолуктум. Ошолордун баары менин көкүрөгүмдө, ырларымдын ар бир сабында.

* * *
Чыгармачыл инсандар изденүүлөрү, табылгалары, чыгармачыл жөрөлгөлөрү менен өсүп-өнүгүү мыйзамын шарттап, улам кийинки муундун аң-сезимине таасир этип, жаңыча ойлоо процессин калыптандырып турат. Мен жан дүйнөмдү дүргүткөн кайрыктарды тизмектээрде ушул мыйзам ченемди да бетке кармадым.

* * *
Окурмандарым кечирип коёр, ойлорум өзүмө ээ-жаа бербей, же бир муңдуу кайрыктар келбей, ыйламай адатым кармаганда, көпчүлүк жактырчу эмес. Мен ошондо бирдеме жетпей кыйналгандан ыйлабай эле, бугум чыкпай, өзүмдү өзүм ыр жаратууга психологиялык жактан даярдагандай жанымды кыйноого сала берем.

* * *
Мен ар качан жолугушууга барганда: “Рыспай аке, кай жерликсиз?” – деп сурап калышат. Ырларым эл оозуна илинип, кай жерге барбайын өз туугандарымдай тосуп ала баштагандан бери “кыргызстандыкмын” деп жооп берчү болгом.

* * *
Сүйүү болсо, силердин жүрөгүңөргө жылып барчу илгери үмүт. Мен көп нерсени айтайын дейм. Бирок, турмуш дайым биз ойлогондой боло бербейт тура. Мен айтып үлгүрө албагандарымды ыр менен айттым. Анткени менин тагдырым, турмуш жолум, кыял-тилегим ошол ырларымда. Жүрөгүм согуп, көкүрөгүм ырга толуп турганында, менден жакшы үмүт күтүп жаткан силер үчүн өмүрүмдү ырга айлантып, элим эңсеген ыр болуп, агылып келе бермекчимин”.

1992-жыл

“Кыздын сырынан” кылым алмашкан жолдо
Залкарларды ка-сиеттүү жер, уюткулуу эл жаратат дейт, ал дегеле башкалар үчүн укканга кызык эмеспи. Рыспай Абдыкадыров Кара-Кулжа районунун  Кызыл-Булак  айылынын кулуну. Апасы Зуура айылдагы энелердин катарында балдарын жалгыз өстүргөн, атасы Абдыкадыр согуштан кайтпай, дайынсыз болгон.

Кара-Кулжадагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатта окуп жүрүп эң алгач “Кыздын сыры” аттуу ырга обон жазган. Эң кызыгы, чыгармачылыктын  тырмак алды болгон мына ошол ХХ кылымга таандык ыр, кылым алмашкан бүгүнкү күндө да  кереметин жоготпой кыргыз искусствосунун белгилүү чеберлеринин аткаруусунда сахнадан түшпөй ырдалып келет. Ошондо эле талант болуп туулган ырчынын көрөңгөсү көбүрүп, өнөр тамыры күчтүү чыкканын байкоого болот. Кийин Кара-Кулжа, Жалал-Абад, Өзгөн театрларында иштейт.  Аккордеон боюнча белгилүү чебер, обончу Мамат Оморовдон устаты катары көп таасир алат. 1963-66-жылдары  Ош мамлекеттик педагогикалык институттун музыкалык-педагогикалык факультетинде окуу менен музыкалык билимин тереңдетет.

Чыгармачылык  чоң чөйрөгө тартылуу аны борборубуздагы Токтогул Сатылганов атындагы филармонияга алып келип, солист болуп иштеп жүрөт. 1971-жылы Ош облустук чыгармачылык үйүндө директор болуп турат. Андан кийин өмүрүнүн акырына чейин ОМПИнин музыкалык факультетинде студенттерге сабак берген.

Ал дагы жашай түшсө алтын өмүрүндө кыргызга дагы кымбат ырларды жаратып бермек. Бирок, тагдырдан ким качып кутулмакчы…

Анын ысымы элдик болуп калды. Ош облустук филармониясына Рыспай Абдыкадыровдун ысмы ыйгарылып, алдына айкели тургузулду.  Айкелдин автору скульптор Токтобай Жумагулов. Кара-Кулжадагы  музыкалык мектепке атын беришти. Кадамжай районунун борборундагы бир көчөгө ысымы берилди.

“Ырларым – менин сырларым”, ыр жыйнагы, “Жолугарым билгемин” ыр жыйнагы менен ырларынын толук аудиокассетасы жарыкка чыкты. Жыл сайын Рыспай Абдыкадыровдун урматына кароо-конкурстар өтүлүп, жаңы ысымдар жаралууда.

25-26-ноябрда Р.Абдыкадыровдун 70 жылдыгына арналган эл аралык телефестиваль өткөрүлүп жатат.  Анда жекече, эстрада жана Рыспайга арналган чыгармалардын сынагынын жеңүүчүлөрү үчүн байге фондусу 500 000 сом болгон байгелер коюлган.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 25.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий