«Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм, өзүңө көңүлүмдүтүздөп жүрөм»

Сахнанын кереметине азгырылып, алыскы айтылуу Оштон 16 жашында Фрунзедеги драмалык театрга качып келип, өз өмур жолуна чоң бурулуш жасаган Гүлсүн эже менен apmma калган асыл жылдарына кайрылып, кызыктуу маегин тыңдап кайттык. Маектешип олтуруп тагдырына бирде кубансак, бирде муңкандык, бирде күлсөк, бирде көздү чолок жаштадык…

Эже, кепти Оштон борборго качып келгениңизден баштасаңыз?
Анда мен Оштогу Уркуя Салиева атындагы жатак мектепте окучумун. Чон, атамдын колунда чоңойгом. Ал киши абдан түшүнүктүү, эл башкарган билимдүү киши эле. Ал мезгилде «артист» деген сөз элдин түшүнүгүндө абдан жаман мааниде болчу. Ошондуктан, мен чоң атама «артист болом» деп айта албадым. Тек гана «ата, мен киного тартылгым келет» деп көкүрөктөгү мак-сатымдын четин чыгарсам, каршылык кылбады. «Кызым, артист болсоң бол, бирок, көп эрге тийбе»-деп катуу эскертти. Ал эми өзүмдүн Мамаш атам караманча каршы чыкты. Ошондо эч нерсеге карабай качып кеттим. Өзүмдүн жанымда чогултуп жүргөн акчам бар болчу. Анан мектепти бүтүп, экзамен тапшырып коюп, Ажыбекова деген тарбиячы эжейим экөөбүз самолёт менен Фрунзеге учуп келдик. Самолётко билет алгандан кийин менин чөнтөгүмдө болгону 5 рубль акчам калды. Кимге ишенгенимди деле билбейм, дегеле борборго келгениме кубангам. Анан ал күнү эжейимдин туугандарынын үйүнө барып жаттым. Эртеси мени кызына кошуп театрга жөнөттү. Ошол боюнча мен театрда калдым. Ошентип, менин чыгармачылык сапарым башталды. Ал эми үйдөгүлөр болсо мени дагы эле мектепте окуп жүрөт деп ойлошсо керек. Неси болсо да бул менин өмүрүмдөгү биринчи бурулуш болчу.

Сиздин өз атыңыз башка деп уктум эле?
Ооба, менин документтеги атым Кутбүбү. Бирок, элге Гүлсүн Мамашова деп таанылып калдым. Оштон жаңы келгенде Медербек Назаралиев деген режиссёр: «Бул кыз дайыма күлүп жүрөт экен, «Кутбүбү» деген ат өзүңө жарашпайт. Андан көрө Гүлсүн болсун» деп жаңы ат койду. Ыр, сахна дегенде ак эткенден так эткен жаным ошол керемет дүйнөгө аралашып жүргөнүмө сүйүнүп, ага деле макул болдум. Бирок, документтеги Кутбүбү атымды өзгөрткөн эмесмин.

Гүлсүн атка конуп, күлмүңдөп жүргөнүңүздө атактуу режиссер Бообек Ибраев ала качып кетти да?.
Мен үчүн ошондой жүктү көтөрүү абдан оор болгон. Анын баарын айтып берсем, күн батат да, таң атат (күлүп).

Бул менин тагдырымдагы экинчи бурулуш болду. Театрга келгениме бир ай болгондо ушундай окуя болду. Ал кезде бала экенмин да, «Нарынга барып келебиз, ал мобу эле жерде» десе кете берипмин. Көрсө, Бообек ошол кезде Нарын театрында башкы режиссёр болуп иштечү экен. Менден 12 жаш улуу. Жашоодо өз ордун тапкан, өзүнүн көз карашы бар, чыгармачылыкты туу туткан жигит эле. Мен тагдырыма баш ийип олтуруп калдым. Күйөөм Нарында иштегени менен касиеттүү Ысык-Көлдүн келини болдум. Анан ата-энеси «кызыңарды биз келин кылып алдык» деп Аксыга кабар жиберишти. Ата-энем менин борборго качып кеткенимди ошондо гана билип атышпайбы?!

Кайын-журтуңуз сизди кандай кабыл алды?
Алар мени «сарт» келин деп кабыл алышты. Ачыгын айтканда, бир топ кордук көрсөтүштү (тамаша). Жаштыгым менен көп нерсени көтөрдүм көрүнөт. Жылдардын өтүшү менен баарын жеңдим. Азыр эми аларга атаманмын (күлүп) мени ийилип сыйлап турушат.

Өзүңүз чыгармачыл адамсыз, анан башкы режиссёрдун аялы болсоңуз… Эки жүктү кантип көтөрдүңүз?
Мен учун ошошндой жүктү көтөрүү абдан оор болгон. Анын баарын айта берсем күн батат да таң атат дедим го. Азыр ошол мезгилдерди эстесем өзүмө-өзүм таң, калам, өзүмө-өзүм суктанам, өзүмө-өзүм ырахмат айтам. Өмүрүмдө ушундай бир сөз менен жеткирип айта алгыс жагдайлар болду. Кээ бир учурларда жолдошумдун чыгармачылыгы үчүн өзүмдүн чыгармачылыгымды курмандыкка чалган жылдарым болду.

Биздин мезгилде такыр башкача баалуулуктар менен жашадык. Ошолордун бири-моралдык туруктуулук болчу. Күйөөсүнөн ажырашкан аялды киши катарына санашчу эмес. Ошондуктан, жанталашып үй-бүлөнү сактаганга аракет кылчубуз. Ага карабай чыгармачыл адамдар көзгө жакын, сөзгө жакын келебиз. Кичине «кылт» десең тоодой сөз чыгарышат. Анын баа-рына туруштук беришиң керек. Режиссёр күйөөңдүн ички дүйнөсүн, чыгармачылык кыялын, ойлорун түшүнө билишиң керек. А бул нерсе көп эмгекти талап кылат. Айтор, мен дүркүрөп турганымда биздин үй-бүлөнү бузабыз дегендер көп болгон. Бирок, ошолордун баарын унчукпай жеңдим. Мага канчалык кыйын, канчалык татаал болсо да чоң атамдын айткан сөзүн аткарып, бир гана күйөө менен жашап, ошонун суугуна тоңуп, ысыгына күйүп, азабын, арманын, кубанычын, майрамын көтөрүп, эки эркек, бир кызымды тарбиялап келдим. Мына ушул нерсе менин жеке өмүр сапарымдагы ийгилигим десем болот.

Эже репертуарыңыздагы «Издеп жүрөм» деген атактуу ырыңызды канча жашыңызда ырдагансыз?
Мен анда 21 жашта болчумун. Үч баланын энеси болуп калгам. Бул ырды жаздырыш үчүн атайын Москвага барганбыз. Бүткүл союздук киноматаграфисттердин союзундагы чоң симфониялык оркесттер менен эч кандай даярдыксыз эле эки саатка жетпей жаздыргам. Ошондо оркестрдин музыканттары мага аябай таң калышканы эсимде. Мен ага чейин Чоро Кожомжаровдун эстрадалык тобунда ырдап, элге атым чыгып калган. Болот Шамшиев мени ошол жактан көрүп калып, киного чакырган эле. Бул ыр мага болуп көрбөгөндөй атактуулукту алып келген. Мына бүгүнкү күнгө чейин бул ырдын салмактуу орду бар десем болот.

Ошол жылдары сизди сүйгөндөр көп болгон дешет?
Ага мактануунун кажети жок. Чынында менин ал кезде үй-бүлөөлүү экениме карабай мага кызыккандар көп болгон. Бирок, мен алардын байлыгына, бийлигине азгырылган жокмун. Болушунча үй-бүлөмдү сактаганга аракет кылдым.

Эже, жашоо жалаң гана ийгиликтерден куралбайт эмеспи, жүрөктү эзген арманыңыз дагы бардыр. Дегеним, чыгармачылыгыңыз гүлдөп турганда филармонияны таштап кетүү кыйынга тургандыр?
Жогоруда айткандай, чыгармачылыгым гүлдөп, атагым таш жарып турганда менин алдымда чыгармачылык же үй-бүлө деген эки жол турду. Мен атагыма кол шилтеп туруп үй-бүлөнү тандап кеттим.Ошентүүгө аргасыз болдум. Кээ бир көрө албастар ушактагандай мени эч ким кууп чыккан жок. Өз ыктыярым менен арыз жазып кеттим. Ошондогу менин он жылым арманга бөлөндү. Сахнаны сагынам, ырдагым келет, бук болом. Бир жанга билдирбейм. Түндө туруп алып ыйлайм. Анан көөдөнүмдө эмне болсо ошонун баарын кагазга төгүп, ырга айланттым. Бир карасаң, Омар Хайямдын рубаилерине окшошкон ыр саптары менин ички монологум болчу. Ошол эле Омар Хайямдын ырларын окуп бирде «өлүп», бирде «тирилип» жашап жүрдүм. Антем да, үй-бүлөлүк очоктун отун өчүрбөй Бообектин ишине каралашып, аны менен кошо көчүп-конуп жүрдүк.

Атактуу ырчы болуп туруп театрдын бир катар артистерине ашпозчу болгонуңузду уккан жайым бар?
Бообек Ысык-Көлдөгү Касымаалы Жантөшев атындагы театрга башкы режиссёр болуп барганда артистерге ашпозчу гана эмес, алардын балдарын багып, аялдарына акыл айтып, бир топ ишти аткарчумун. Ушунун баары күйөмдүн спектакли жакшы чыкса деген аракетим болгон. Режиссёрдун аялы анын кулагы, көзү, колу болуш керек. Антпесе режиссёр мыкты боло албайт. Ошентип, ырашкерлик менен иштеп атканда театрдын директоруна жакпай калдым. Анан коммунисттик партиянын «күйөөсү менен аялы бир жерде иштебеш керек» деген жазылбаган мыйзамына такап, мени чаап түшүрүшмөй болду. Алардын ою боюнча мен шаардык бир китепканада иштешим керек экен. Бул эмне деген шумдук? Жаным кашайганда министрликке келип, чыгармачылыкты тескеген бир эжеге кирип аябай ыйладым. Ошентип, чыгармачылыктагы өмүрүм кайра башталып, 38 жашымда кайрадан филармонияга кайтып келдим.

Анда да сиздин филармонияга келишиңизди каалабагандар болсо керек?
Ай, кагылайыным ай, кайсы бирин айтайын?! Оркестрдин дирижёру «Мамашова карып калды. Ырчы кылып ала албайм» деп кесе айтат. Анан эмгек жамаат болбой атып мени ырчылыкка эмес, алып баруучу кылып жумушка алышты. Чоң концерттеби, айылдардагы концерттеби, «Мамашованы ырдаткыла» деп эл суранса да мени ырдатпай коюшат. Көшөгөнүн артында туруп ичим тызылдап ачышканы менен эмне кылалмак элем? Унчукпай эрдимди тиштеп жүрө бердим. Элге окшоп арызданган жокмун, гезитке жамандап жазган жокмун, баары менен тең унчукпай күрөштүм. Пенсияга чыкканчакты татыктуу иштедим. Азыр дагы филармониянын администрациясында иштеп жатам.

Балдарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
Марат Ибраев деген уулум эки жогорку билимдүү болгонуна карабай 40 жашында ырдап чыгып алды. Өз кесиби менен деле иштейт. Кумтөрдүн башкы офисинде бир бөлүмдүн жетекчиси. Мурат деген уулумдун чакан бизнеси бар. Кызым салык системасында иштейт. Жети неберем бар. Кыргыз бекер жерден «Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү» деп айтпаса керек. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, балдар жакшы чыгып, азыр мени колдоп, коргоп турушат. Албетте, мени менен сыймыктанышат. Эне катары мен дагы балдарым менен мактана алам.

Сизди Меккеге барып келди деп уктум?
Быйыл элибиз үчүн өтө оор жыл болду. Биринчи иретте элге ыйман, ынтымак, ырашкерлик тилеп ажылык сапарга барып келдим. Балдарым каржылап жөнөтүштү. Нечендеген ыйык жерлерди көрүп, зыярат кылып, мусулманчылыктын беш парзынын эң башкысын аткарып келдим. Мен ажы болуп келдим деп эч кимге мактанганым жок. Эки маал намазга жыгылып атам. Өмур жолдо намаз окуган, намазга жамынып ары карап Кудайды алдап, бери карап пендени алдаган көп адамдарды көргөм. Мен чын ыкласым менен намаз окуп атам. Эң башкы тилегим, элибиздин пейли оңолсо экен. Пейил оңолсо баары оңолот.

Сиздин өмүрүңүз провакация менен коштолуп келди дегендей кылдыңыз? Бул тууралуу эмне дегиңиз келет?
Мени рельстен чыгарабыз дегендер абдан көп болду. Мен ошол эле боюнча келатам. Алардын деңгээлине түшпөйм. Мени рельстен чыгарабыз дегендердин өздөрү рельстен чыгып кетип атышат. Билесиңби, мен душмандарыма ушунчалык рахмат айтам. Анткени алар мени курчутуп, чыгармачылыкта көп нерсеге жетишкенимди камсыз кылышты. Мен жакшы бир иштерим менен өйдөлөп аттым. Бул Кудайдын таразасы деп эсептейм. Пенденин жамандыгы жакшылыгы убактылуу экен, ал эми Кудайдыкы түбөлүктүү.

Эстафетаны уулуңузга өткөрүп бердиңизби?
Өткөндө концертимде ошенттим айттым. Бирок, бизге ишенбеш керек. Анткени, чыгармачыл адамдар оолукма келебиз. Ырдагыбыз келгенде, же сахнанын кудуретти тарткан күнү ырдап ийишибиз мүмкүн…

Алтынай Бакирова, «Айгай» («Кыргыз гезиттер айылы»), 12.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий