Кубанычбек Маликов

Кубанычбек Маликов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

“Манас” жандуу Маликов

Маликов Кубанычбек Иманалиевич (Уикипедия)

Кубанычбек Маликов – кыргыз адабиятынын жарык жылдызы

 

Чыгармалары

«Жаңыл» драмасы

Ырлары

АКЫН СЫРЫ

Кыялдансам, тоо башында жүрөмүн,
Толкундасам, тайдай туйлайт жүрөгүм.
Асман жерден көзүм чалып көргөндү,
Ойлой-ойлой, ойлой мээге түйөмүн.
Мелмилдеген терең ойго термелип,
Мен күрөшкө билегимди түрөмүн.

Ойлосоң сен ушул биздин заманды,
Көктө куштай учуп жүргөн адамды.
Жүрөк толкун, толкун менен жөөлөшсө,
Мен кандайча кармабаймын каламды?
Заман өтсө куштай учуп зымырап,
Же уялбай артта калып каламбы?

Арымдуу эр алдыңкыны дегдеген,
Кулач уруп илгери кол сермеген.
Ушул күндүн урматтуу уулу болобу,
Паровоздой зуулап арыш кербеген?

Күлүк кыял бирде деңиз түбүндө,
Бирде жүрөт турмуштун ай-күнүндө.
Алган ишиң айдай жарык болбосо,
Куру дарбып кыйкырба да, сүрүнбө!
Күлүк кыял, курч кайратым, балбан кол,
Ынагымсың менин эмгек күнүмдө.

Күлүк калем, жалтанбай жаз ырымды,
Ырым көрсөт көлдөй терең сырымды.
Тапка келген, таптын уул-кызына,
Асманга учуу, канал бузуу кыйынбы?
Күчүң болсо замбиректин огундай,
Ырым жөнө, аттай басып кылымды.

Мына дагы мүлктүн оозун ачпасам,
Миң жылдарды тепсээрлик сөз жазбасам.
Жаның мени сүйбөс болор эч качан,
Жалындаган жүрөк сырын таппасаң.

Мен да сага ыразымын окуучу,
Так ошондо эсиңе албай таштасаң.
Акынмынбы тууган жерге таандык,
Аска-зоодон ырым менен баспасам!

 

СЫР СУРАГАН БИРӨӨ

Бар го деймин
Даражага мас болгон,
Жөөлүп сүйлөп
Адамдыкка кас болгон.
Алаптаган
Ак-караны ылгабай,
Сөзү суук
Мээге тиер таш болгон.
Чыңк ылдыйга
Коё берип тизгинин,
Башы айланып
Акылдары аз болгон.
Кайдан жүрүп,
Калк союлун сого алат,
Атайылап
Акылсызга дос болгон?
Ойлоп көрсөң
Чыгат экен адамдан,
Кайраты бош,
Ачыбаган саамалдан.
Белди байлап
Бизке жолдош боло абайт,

Бөдөнөдөй
Бөйпөктөгөн чабал жан.
Чаңкай түштө
Корккон коён көздөнүп,
Кулагына
Кебез тыккан араң жан.
Эсиң болсо
Курбум, эч бир сүйүнбө,
Араң жандар
Орун алса араңдан!
Ким калтылдак?
Так ошого арнаймын,
Ушул сырды
Келип чыккан калемден!

 

ЭМНЕЛЕР КЕТПЕЙТ ЭСИМДЕН

Бир кезде өлгөнүңчө уялганың,
Бир кезде жүрөк туйлайт кубанганың,
Бир кезде көпөлөктөй чарк айланып,
Ал кыздын чын сүйүүсүн сураганың.

Жалындуу он сегизге келген чагың
Жыйырма беш жан теңебей жүргөн чагың.
Сүйгөнүң сай боюнан көрүнгөндө
Кол булгап, көрбөсө да күлгөн чагың.

Баа жеткис, бал шекерден таттуу өмүр,
Шаа жеткис, ойноо жүрөк, оттуу көңүл.
Жыргал кез — өмүрүңдө жигиттик кез,
Кезинде болоттон курч, желден жеңил.

 

БИР БАШЫҢА ТЕҢ БОЛСОМ

Ак марал болсо атканым
Асылкеч болсо тапканым.
Өзүңө көөңүм эң кызык,  
Өзгөгө мен да башкамын.
Отуздан ашсам мейличи,
Оолуксам он беш жаштамын!
Көк тулпар болсо мингеним,
Көк чатыр болсо киргеним.
Кучагым жайып кубанып,
Кумаркөз болсо сүйгөнүм.
Арзыган сага мен үчүн,
Артыгы сенсиң дүйнөнүн.
Жаманга колум артканча,
Жакшыга жакшы күйгөнүм!

Жылдыздан болсо панарым,
Жибектен болсо танабым…
Күүлөнүп күндө шилтөөгө
Күмүштөн болсо каламым.
Кадыры бийик сен үчүн
Капкайдан сөздү табамын!
Кырк бештен ашсам мейличи,
Кыялымда баламын!

Сүйбөсөң, сүйсөң өзүң бил,
Сагынып, сени самадым.
Ойлонуп ырдап отурсам,
Оюмда жетип каламын.
Өзүңдөн жалгыз сөз болсо,
Иркутта болсоң барамын.
Деңизде сүзүп жүрсөң да,
Дегдесем бир күн табамын!

Чабалдар жетпес төр болсом,
Чалкыган терең көл болсом.
Кайратым бойго жыйнасам,
Каптаган кыян-сел болсом.

Агарган таңдын алдында,
Бетиңден сылар жел болсом.
Эмне болсо оюмда
Ошонун баары мен болсом…
Баарынан кечип кетейин,
Бир башыңа тең болсом!

 

МЕН ЖӨНҮНДӨ КЕП БОЛСО

Эмгектен бир сөз козголсо
Мен жөнүндө кеп болсо
“Ак ниети менен иштеген
Адабиятчи” деп койсо,
Аркамда сөзүм калганы
Эмгегим изин салганы,
Ал жакка барган мен дагы
Бул жакта калган эл дагы
Ыраазы болмок ал түгүл
Балдарымдын балдары…

 

* * *

Улуу тоодон кар кетпейт,
Улар ташка үн жетпейт,
Улардай болуп сыланып
Урматтуу селки кимди эстейт?

Жар башында кар жатпайт,
Жар түбүндө мал батпайт,
Жалжылдап турган жаракөр
Жанашып кимди ардактайт?

Сулуунун өзү кыялдай
Баарыңа өзү кармашпайт,
Көрк сырын билбес жандарга
Көркөмдүк өзү жарашпайт…

 

БИР УУЛГА ӨТҮНҮЧ

Кантсе дагы чырагым
Пайда болдуң атадан,
Жакшы ойлонуп карагын
Сен төрөлдүң ападан.

Ойлой жүрүң ар качан
Атаң-энең болгонун,
Алардын айткан ойлорун
Аралдын баскан жолдорун…

Атага кетер сөз болуп
Атасы жаман делбесин,
Энеге кетер сөз болуп
Энеге наалат келбесин?

 

Соц тармактар:

Кубанычбек Маликов: 1 комментарий

Добавить комментарий