Өмүрүн тарбия-таалимге арнаган

Кыргыз агартуу тармагынын атактуу окумуштуу-педагогу Койчуманов Жумаш Ыбырай уулу 85 жаштын сересине жетип, кадыр-сыйдын ээси.  Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылынын кулуну. Ал кыйын күндөргө туш келген  жаштайынан билимге умтулуп өскөн. Өз заманынын алгачкы билимдүү инсандарынан болгон.

Кыргызстандагы биринчи педагогикалык сөздүк
1956-жылы Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтуна директордун орун басары болуп алты жыл иштегенден кийин илимге баш-оту менен кирүүнү каалап, институттун аспирантурасына кирген.

1961-жылы Кыргыз УИАнын терминкомунун жооптуу катчысы Б.Ө.Орузбаеванын тапшыруусу менен “Педагогикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүнүн” долбоорун түзүп, аны талкуулоого академиктер А.Э.Измайлов, И.А.Батманов, К.К.Юдахин жана Ж.Ш.Шүкүров катышып, басып чыгарууга сунуш кылышат. Бул биринчи жолу түзүлгөн “Педагогикалык терминдердин орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгүн” кыргыз педагогика илимине кошулган жаңылык катары баалап, педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Э.Измайлов диссертация катары СССР Жогорку аттестациялык комиссиясына сунуш кылат. Ж.Койчуманов 168 беттен турган кол жазманы Москвага РСФСР Педагогика илимдер академиясынын педагогиканын теориясы  менен тарыхы институтуна алып барат. Аны институттун директору В.Ф.Королев менен орун басары А.Н.Кондаков көрүп, диссертация катары жактоого кабыл алууга ниеттенип турганда ошол институттун сектор башчысы В.З.Смирновдун (ВАКтын мүчөсү) каршылыгынан алар кол жазманы кайтарып беришип, диссертация үчүн башка жаңы тема алууга кеңеш беришет. (“Сөздүк” долбоор катары 1962-жылы басылып чыгат. Кийин оңдолуп, толукталып, академик С.Табышалиевдин сунушу менен 15 басма табак көлөмүндө 1991-жылы бекитилип, көп жылдар басылбай жатып, 10 б.т. көлөмүндө 2009-жылы гана жарык көрдү. Бул Кыргызстандагы биринчи педагогикалык сөздүк).

“Интересная и полезная работа”
Мына ушундан кийин Ж.Койчуманов “Тоголок Молдонун (Байымбет Абдрахмановдун) педагогикалык идеялары жана агартуучулук ишмердиги” деген темада диссертация жазууга киришет.

Бул иш Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Тоголок Молдонун чыгармаларындагы педагогикалык идеяларды изилдөө болгон.   Ошол эле убакта 1964-жылы “Идеи воспитания в творчестве Тоголока Молдо” деген аталыштагы монографиясы да Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун директору, педагогика илимдеринин доктору Кыргыз ССР ИАнын корреспондент-мүчөсү, профессор А.Э.Измайловдун  редакциясында жана баш сөзү менен жарык көрөт. (Ал мезгилде диссертация жана ушундай монографиялар орус тилинде гана жазылчу). Ал баш сөздү корутундулап келип, “Ж.И.Койчумановдун изилдөөсү биздин пикирибизде тарыхый-педагогикалык илимге, айрым алганда Советтик чыгыштын элдеринин педагогикалык ойлорунун тарыхын изилдөөгө кошулган зор салым болду” деп баа берген (аталган китептин 6-бети). Ал эми Кыргыз илимдер академиясынын кенже илимий кызматкерлери Д.Кулбатыров, С.Жумадилов “Тоголок Молдо жөнүндө жаңы изилдөө” деген макаласында: “Кыргыз адабият таануу илиминде Тоголок Молдонун чыгармалары таза адабияттык аспектте изилденген менен педагогикалык багытта изилдене элек болучу. Бул иштин дыңын педагогика илим-изилдөө институтунун аспиранты Жумаш Койчуманов бузду. “Мектеп” басмасы чыгарган Койчумановдун “Тоголок Молдонун чыгармаларындагы тарбиялоо идеясы” деген китеп кыргыз элинин көрүнүктүү демократ акыны Тоголок Молдонун педагогикалык көз карашын айкындоого арналган. Китепте ушул бүгүнкү күнгө чейин изилденбеген проблема – Кыргызстанда агартуу идеясынын пайда болушу жана өнүгүшү изилденет…” деп жазышкан (“Муг. газ.”, 20.02. 1965).

Россия Федерациясынын Педагогикалык илимдер академиясынын  педагогиканын теориясы жана тарыхы институтунун улук илимий кызматкери, педагогика илимдеринин кандидаты П.Пидкасистый “Интересная и полезная работа” деген макаласында “Ж.И.Койчумановдун эмгеги маанилүү жана аз изилденген маселеге арналган.  КМУнун доценти Б.Маленов болсо   бул кыргыз илиминдеги жаңы эмгек катары   (“Сов. Кыргызстан”, 12.03.1965) деп белгилеген.

Бул “Идеи воспитания в творчестве Тоголока Молдо” (1964) деген китеп Ж.Койчумановдун “Педагогические идеи и просветительская деятелность Тоголока Молдо (Байымбета Абдракманова)” деген диссертациясынын авторефераты катары Союздагы жүздөн ашык университеттерге жиберилген. Ош пединститутунун окумуштуулар кеңешинин чечими менен ал китеп “Н.К.Крупская атындагы сыйлыкка” көрсөтүлгөн. 1969-жылы 18-декабрда И.Я.Яковлев атындагы Чуваш педагогикалык институтунун педагогика жана психология кафедрасы жыйын өткөрүп, анда доцент Ж.Койчумановдун жогоруда аталган “Идеи воспитания в творчестве Тоголока Молдо” деген монографиясын илимде элдик педагогиканын “атасы” аталган, профессор Г.Н.Волков өтө жогору баалап, анын сунушу менен Н.К.Крупская атындагы сыйлыкка көрсөтүлүшүн колдогон. Бул жыйындын протоколуна кафедра башчысы В.Харитонов кол койгон. Монографиянын баалуулугун жана сыйлыкка көрсөтүлүшүн колдоп,
В.И.Ленин атындагы Азербайжан педагогикалык институтунун педагогика кафедрасынын башчысы,  педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Ю.Сеидов 1969-жылы “Койчумановдун эмгеги тарыхый-педагогикалык илимге кошулган баалуу салым болуп эсептелет. Мен 1930-жылдардан бери ЖОЖдордо педагогиканын теориясынын тарыхы боюнча иштеп келе жаткан мугалим катары ушул жааттагы жаңы адабияттарды көз жаздымдан калтырбай окуп келем. Боордош Кыргыз Республикасында педагогикалык ойлордун тарыхынын маселелери боюнча ушундай эмгектин пайда болушу биздин илимдин практикасын жана теориясын байытат. Эмгек бүткүл Советтер Союзунун илимий-педагогикалык коомчулугунун жалпы мүлкү болуп калды”, – деп жазган.

Ал “Тоголок Молдонун (Байымбет Абдрахмановдун) педагогикалык идеялары жана агартуучулук ишмердиги” деген темадагы кандидаттык диссертациясын 1965-жылы мөөнөтүнөн мурда жактаган.

40 000 нуска менен 9 жолу басылып чыккан китеп
Ушул мезгилде Ж.Койчумановдун  Б.Казакбаева, А.Осмонкулов менен биригип жазган “Эне тили” (3-класс үчүн) окуу китеби конкурстун 2-сыйлыгына татып, 1962-жылдан 1970-жылга чейин мектепте окуу китеби катары колдонулган жана ар бир жолу 40 миң нуска менен 9 жолу кайра басылып чыгып турган.

Ж.Койчуманов 1965-67-жылдары Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунда педагогика жана психология секторунун башчысы, 1967-79-жылдары Ош педагогика институтунун сырттан окуу боюнча проректору, 1979-86-жылдары Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунда педагогика жана психология секторунун улук илимий кызматкери болуп эмгектенет. 1986-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Ал эми 1998-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Манастаануу жана көркөм маданият борборунун улук илимий кызматкери болуп иштөө менен, кыргыз элинин макал-лакаптарын илимий негизде изилдөөгө салым кошкон.

Ошентип Ж.Койчуманов кыргыз элинин элдик педагогикасынын негизин түзгөн макал-лакаптарын чогултууда, аларды классификациялоодо, макал-лакаптар боюнча басмадан чыккан эмгектерге, китептерге илимий негизде баа берүүдө дагы зор эмгек жасаган. Ушул жагдайда анын “Элдик педагогиканын берметтери” (Б.: 1998, 8,25 б.т.), “Макал-лакаптар” (“Эл адабияты” сериясынын 10-тому, Б.: 2001, 13,0 б.т.) деген китептери жарык көргөн.

Айтматов айткан алгы сөз
1989-жылы “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынышына негиз болгон Чыңгыз Айтматовдун “Интернационализм жөнүндө каттар” деген макаласында (“Советтик Кыргызстан”, 26.09.1987) улуу жазуучу Ж.Койчуманов жөнүндө жылуу сөздөрдү айтып, “Республикабыздагы элге билим берүүнүн таанымал ишмери, ардагер Жумаш Ибраевич Койчумановдун каты саал башкачараак өңүттө жазылган. Аны макала деп айтса да болот.

Мунун таң кала турган эч нерсеси жок. Өмүрүнүн теңинен көбүн мектеп жана илимий педагогика майданында сарп кылган бул адискер адамдын айтар ою, салар кеби көп. Эгер анын баалуу кеңештерине элге билим берүү кеңселеринде отургандар, агартуу министрлигинен тартып, облустук, райондук жана шаардык мекемелер азыраак назарын буруп, кулак төшөп коюшса жакшы болоор эле атаганат…” деп эскерткен. Бирок ушул кезге чейин бийлик тарабынан да, Билим берүү министрлиги тарабынан да ал сөзгө көңүл бөлгөн эч ким жок.

Жумаш агайдын окуучуларынын арасында азыркы кезде белгилүү окумуштуулар, мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер өтө эле көп.

Жогоруда Ж.Койчуманов агайдын элге жасаган эмгеги жөнүндө үстүрт болсо да аздыр-көптүр айтууга аракет жасадык. Кандай болгон күндө да   педагогика илимдеринин доктору, профессор  Эсенбек Мамбетакунов жазгандай “элге билим берүү ишине кошкон олуттуу салымыңызды эл  баалайт, ал эмгегиңиз эч убакта унутулбайт! Эмгегиңиздин үзүрүн көрө бериңиз! Бар болуңуз!”.

Ысмайыл КАДЫРОВ, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери,
“Кыргыз туусу”,
06.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий