Жеңижокту Аксыга «качырган»?

Акыркы жылдарда Жеңижок таануучулардын катары көбөйүп баратат. Алардын катары гана көбөйбөстөн, Жеңижок туурасындагы маалыматтардагы калпыстыктар, бурмалоолор да ошончо көбөйүп барат. Өкүнүчтүүсү, мына ошол Жеңижок таануучулар дээрлик баары жалкоолор экен. Өздөрү эмгек кылып койбой, башкалардан көчүрүп алганды адатка айлантып алышканы аз келгенсип, сокур көчүрүп жатышат. Сокур көчүрүп жатат дегенибиз, башкалардын жазганынын канчалык чындыгы бар экенин ойлонуп баш оорутунун ордуна, үтүр-чекити, чын-жалганына чейин бурмалабай көчүргөндүктөн, аларга чейинки изилдөөчүлөр тарабынан, обьективдүү жана субьективдүү себептерден улам, аргасыз кетирилген жаңылыштыктар ошол бойдон эле кала берүүдө.

Башкасын айтпаганда, Өтө-Жеңижоктун өмүр баянына байланышкан бирин-эки мисалдарды эле айталы. Китептен китепке, жыйнактан жыйнакка Өтөнү Аксыга өзүнүн эле жакын тууганы Ташкара болуш кууп ийгени айтылат. Жеңижок тууралуу маалыматтардын кагазга түшкөнү качан, арийне, ушу мезгилге чейин Өтө акындын чыгармачылыгын изилдеп жүргөндөрдүн бири да, Ташкара болуш деген ким экенине кызыгып койгон жок. Дегеле, ушундай адам тарыхта болгонбу, же Токтогулду демократ акын кылыш үчүн ойдон чыгарылган Арзымат ырчыга окшоп, чындыктан алыс персонажбы? Бул суроого бүт өмүрүн Жеңижоктун чыгармачылыгына арнаган Асанбай Жусупбеков да жооп бере албасын бөркүбүздөй көрөбүз жана а киши Ташкара болуш болгонбу, же жокпу, тактап, бүт өмүрлүк иши текке кетпегенин далилдеп койсо жаман болмок эмес эле деп ойлойбуз. Ошентсе да, биз Жеңижок таануучу Асанбай Жусупбековго жардам иретинде айрым бир маалыматтар менен бөлүшө кетели. Ташкара болуш тууралуу, биз Эсенаман менен Жеңижоктун айтышынын текстинен улам гана билебиз. Анда Таласта төрт дубан эл чакырылган той өтүп, той ээси Ташкара болуш болгону жана ушул Ташкара болуш Өтө-Жеңижок тестиер кезинде акындын жакын тууганы болгонуна карабастан, ата-энеси өлүп, жетим калып, «ала» менен ооруган Өтөнү өлтүрүүгө буюрганы, Ташкаранын жигиттеринин биринин боорукердигинен улам, өлүмгө буюрулган Өтө аман-эсен калып, Аксыга таякелерине качканы айтылат. Ташкара ошону менен Өтөнүн бары-жогу, өлүү-тирүүсүн «унутуп» калат. Арадан жылдар өтүп, Жеңижоктун даңазасы Таласка угула баштаганда, Ташкара төрт дубан эл чогулган той берүүгө камынып, Аксынын белгилүү манап-бийлери Сулайманкул датканы, Осмонбек, Бекмурат болуштарды, Баялы, Осмон, Субан бийлерди, Алишер казыны да чакырып, Жеңижок деген ырчыңарды ала келгиле деп суранат имиш. Жеңижок аты аталган манап-бийлер менен чогуу келип, Ташкара болуш Жеңижоктун өзүнүн баягы «өлтүрүүгө» буюрган Өтө деген жакын тууган экенин угуп, баягы жаңылыштыгы үчүн уялып, жарчы коет эмеспи. Чындыгында, мына ушу окуяны китептен окуган окурман чыны менен ага ишенет. Бий-болуштардан запкы жеп, атүгүл өлтүрүлүүгө буюрулган Жеңижокту аябай койбойт. Биз деле мектептен, кийин жогорку окуу жайынан Жеңижок тууралуу окуганда, мына ушуларды гана окудук. Жадагалса, ушу күнгө чейин мектепте, жогорку окуу жайларында ушинтип окутуп келатышат.

Арийне, биздин колдогу маалыматтарга, уккандарыбызга жана тарыхый булактарга караганда, турмуш чындыгы таптакыр башкача болгон экен. Эсенаман менен Жеңижоктун айтышы Ташкара болуштун тоюнда болгонунда эч кандай талаш жок. Бул тарыхта болгон реалдуу окуя. Ал эми Ташкара менен Жеңижоктун мамилесине, туугандык байланышына келсек, экөөнүн жакын туугандардан болгону талаштуу маселе.
Ташкара болуш Жеңижоктон 10-15 жашка кичүү болгондуктан, тестиер Өтөнү Ташкара бий өлтүрүүгө буюрган деген маалымат ким тарабынан ойлонуп чыгарылса да, карандай жалган жана муну менен ал адам Ташкаранын адамдык наркына, беделине кайра жууп салгыс доо кетирген. Ташкара болуш тууралуу кабары бар адамдар аны эл баккан, элге кадыры өткөн, көсөм, калыс адам болгондугу жөнүндө аңыз кептерди көп уккандыгын айтышат. Изилдесе, балким, төгүнгө чыгара алгыс тарыхый фактылар да табылып калар. Аны азырынча келечектин иши дей туралы. Эгер, мына ошол эл арасындагы аңызда айтылган мүнөздөмөгө ынансак, Ташкара бий Өтө-Жеңижоктон 10-15 жаш улуу болгон күндө да аны өлтүрүүгө буйрук берүүгө гана эмес, жетим калган баланы, анан калса жакын тууганын кууп жиберүүгө да дити бармак эмес. Бүтүндөй бир уруу, бир өрөөн элди баккан адам кантип бир баланы батыра албасын. Бул бир. Экинчиден, аны айтпаганда да, тестиер балабы, же чоң кишиби өз уруусуна батпай, тентип калып, тай журтуна кетиши- ал уруу үчүн, уруу башчылары үчүн ал заманда чоң намыс болгон. Башка урууларга бүтүндөй бир уруу тепкедей баласын бага албай, тентитип, кууп жибериптир делип, кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болушкан да, ал уруунун улуусунан кичүүсүнө чейин киши катарынан чыгып, жакшылары эл аралай албай калган. Демек, Ташкарадан башка бий, же болуш болсо да, тестиер Өтөнү тентитип жибериши мүмкүн эмес. Үчүнчүдөн, түпкүлүгүндө, адам өлтүрүү кыргыздын нарк-насилине жат нерсе. «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алпер» деген макал деле бекер жеринен жаралбаса керек. Андай ишке кемде кем гана адам барган. Ташкара болобу, же башка болушпу, тестиер баланы өлүмгө буюрушу чындыкка жакындабайт. Төртүнчүдөн, тестиер Өтө «Кайдасың, таякелер, кайдасың Аксы» деп, Аксыга жөө-жалаңдап качып баратканын элестете бергиле. Өзү тестиер бала болсо, Талас кайда да, Аксы кайда? Андан да таңгалычтуусу, тестиер Өтөнүн географияны мыкты билгенин карабайсызбы, эч жакка кайрылбай, бурулбай, же адашып кетпей, түптүз эле Аксыга кирип барган. Бүгүнкү техника өнүккөн заманда Таластан Аксыга Суусамыр аркылуу Кетмен-Төбөнү аралап, эки-үч күндө жеңил машинанын бир-эки дөңгөлөгүн жарып, араң дегенде барып атышат. Тестиер Өтө болсо эч кыйналбай, жөө-жалаңдап эле тай журтуна алганы деле анын өмүр баянын жазгандарды кичине ойлонтуп койсо болмок. Өтөнү Аксыга «качыргандар» анча болду анын басып өткөн жолунун картасын жана канча күндө жеткенин деле эринбей так жазып коюшса болмок экен.

Кыскасы, сөздүн ток этер жерин айтканда, тестиер Өтөнүн Таластан Аксыга куулуп кеткени жөнүндөгү маалымат, ким-бирөөлөр тарабынан атайылап ойдон чыгарылган жана муну менен ал адам бир гана Ташкараны эмес, мүлдө кыргызды мыкаачы кылып көрсөткөн. Тестиер Өтөнүн Ташкара бий тарабынан өлтүрүү буйругу берилген фактысына улуттук масштабдан алып айтканда, ушундай баа берсе болот. Агер, аймактык позиция, көзкараштан айтсак, таластыктардын намысы жок экен. Болбосо, алар Өтө-Жеңижоктун Таластан Аксыга куулуп кеткендиги жана Талас элинин жакшыларынын бири Ташкара болуш тестиер Өтөнү өлтүрүүгө буюргандыгы туурасындагы болмуштун канчалык тарыхый чындык экенине кызыгып коймок го. Жеңижок Таластын уруу-кески уулу болсо бир жөн, уруу-кескилигинен куулуп кетсе кеткендир деп койсо болгондой. Жок, таланттуу, кайталангыс акынды кайсы бир адабиятчынын өзүм билемдиги менен Аксыга «качырып» ийишип, ошол бойдон Таласка апкеле албаган, анысы үчүн намыстанбаган таластыктарга таңгаласың. Кокту-колоттун баатырларына чейин изилденип, улуттук баатырларга айлантылып жазылган заманда эл жакшысы болгон Ташкара болуш тууралуу иликтенбей, болгондо да Өтө-Жеңижокту мына ушу Ташкара өлүмгө буюрган деген бурмаланган маалыматтын жашап келатканы чындыгында намыска тие турган нерсе. Тарых чындыгын өздөрү тактай албаса, башкаларга тактатып, ордуна коюп, бурмаланган маалыматтарды, фактыларды аныгына чыгып коюу өтө деле кыйынчылыкка турбаса керек. Болгону, намыс жок да.

Каалайбызбы, же жокпу, аны уруу намысы дейсиңерби, ал дагы өз эркиңер, көзү тирүүсүндө Жеңижокту апкеле албаган таластыктар эми Таласка апкелейин десе, аксылык туугандар «Силердин Ташкара бийиңер өлтүрөйүн дегенде, кара башын ала качып, Аксыга келген. Бир уулун батыра албаган силер да элсиңерби» деп, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылганы туру. Акын Эсенаман, акылман Эсенаман: «Жеңижок балам, намыс деген улуу журт болот, өз элиңди сөзгө сөлтүк, кепке кемтик кылбай, өз элиңе келсең, кайтсаң болор эле» деген маанисинде мындан бир кылым мурда бекеринен ырдады дейсизби. Кайран Эсекең ошондо эле андан бир кылым эмес, он кылым кийинкини да көрүп, ойлоп койгону талашсыз. Эсекеңин анысын биз уруучулдук катары, кокту-колоттун намысын талашкан адам катары түшүндүк, түшүндүрдүк жана мына дал ушундай деп өз оюбузду таңууладык.

Намыста улут, уруу деген нерсе жок. Эшмамбет акын Таласка батпай Кетмен-Төбөдө тентип жүрсө, Жеңижок ак таңдай Аксыда тентип жүрсө, акындардын алпы Эсенаман намыстанбаганда, ким намыстанат? Намыс туурасындагы ачуу сөздү Эсенаман айтпаганда, ким айтат? Ташкара болуштун той ээси катары Жеңижокту тойдун жарчылыгына коюшу да намыс деген улуу журттун айынан улам болуп жүрбөсүн? Ташкара бий жөн билги, көсөм адам болгондуктан, Эсенаман менен кеңешип, Жеңижокту тойго жарчы коюп, анан Эсекеңен Жеңижокту Таласка кайтып кел маанисинде ырдап бер, агер, сөз кайрыса, канчалык ачуу болбосун, көтөрүп коюңуз, өз балабыз экен, Аксыда тентитпей, Таласка кайрып алалы деп акыл салып жүрбөсүн?

Жеңижок уруунун эмес, улуттун акыны, элдин акыны, элдин адамы болгонунда эч талаш жок. Бирок, ошол эле учурда ал Сулайманкул датканын ырчысы болгонун эч кайда жашыра албайбыз. Сулайманкул датка ырда десе ырдаган, сүйлө десе сүйлөгөн, колу бош болсо да, тили байлалуу болгон. Ошон үчүн Эсенаман менен болгон айтышта Эсекеңин өз элиңе, жериңе келбейсиңби деген сунушун кабыл албай:
«…Алтын жака, кыйбат тон,
Кийген жерим Аксыда.
Ата-энемдей ардактап,
Сүйгөн жерим Аксыда.
Бакыт шамы жаркырап,
Күйгөн жерим Аксыда.
Көңүл ачып шаттанып,
Күлгөн жерим Аксыда…»
-деп Аксыны мактап,
«Кан Сулайман даткам бар,
Караан болчу арстан бар.
…Осмонбек болуш жакшым бар,
…Ажымат ата бакшым бар…»
-деп Аксынын эл бийлеген адамдарын санап атпайбы. «Сөөгү таластык, эти аксылык» болуп калган Жеңижок мына ушинтип, Аксынын жакшыларын мактап, Таластын жакшыларын намыска сындырып олтурат. Эсенаман менен Жеңижоктун айтышынын мазмуну, маңызы мына ушунда жатат. Айтышта Эсенаман эмес эле, Таластын эли сынып, намысы жок эл катары кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болуп олтурат. Ошол айтыштан бери бир кылым убакыт өтсө да, таластыктар жаманын асырай албаган, жакшысынын кадырына жете албаган эл катары тарыхка кирип, мына ошондой коомдук ой-пикир жашап келатат. Башкасын айтпаганда, ошол эле Жеңижок жөнүндө сөз болгондо ар бир таластыктын башы жерге шылкыйып кирип кетет. Бул ыңгайсыз абалдан чыгуунун бир гана жолу бар. Биздин оюбузча, ал Жеңижоктун Аксыга ким менен, эмнеге кеткенинин тарыхый чындыгы. Колдо болгон маалыматтарга караганда, Жеңижок ата-энеден ажырап, жетим калып, Аксыдан келген тай журту кызыбыздан калган туякты бизге бергиле, жалгызыбызды жыттаганда, кызыбызды жыттагандай, Өтөбүздү көргөндө, кызыбыздын өзүн көргөндөй болуп жүрөлү деп, куда-сөөктөрүнүн ой-боюна койбой, алып кетишет. Өтөнүн тай журту колунда бар, элге сыйлуу адамдар болгондуктан, Өтөнүн атасы Көкөнүн жакын туугандары кыйылып атып, макул болушат. Ошентип, Өтө таята-таякелери менен Аксыга ат-көлүк минип эле, эч кимден куугунтук жебей эле кеткен. Болбосо, китептеги өмүр баянда анын түзүүчүлөрү тестиер Өтөнү куугунтук жедиргени аз келгенсип, башынан кышы-жайы кар кетпеген Кара-Буура, Чаткал, Аксы тоолорун жөө жана жападан жалгыз ашырып койгонун карабайсызбы. Ал адабиятчылар жолдо-белде жортуп жүргөн карышкарлар Өтөнүн чоңойгондо чоң акын болорун билбестигин унутуп, ойго албай калышса керек. Болбосо, алар башынан кар кетпеген ашуунун биринде, карышкырлар Өтөнүн жеп койбостугуна кепилдик кылып «качырбас» эле.

Болотбек Таштаналиев, “Кыргыз Руху” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 09.12.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий