Рыспайдын Оңолго жазган каттары

Жашоодо адам үчүн өмүр, бакыт, ден соолук сыяктуу дагы бир улук нерсе бар. Ал – тагдыр. Тагдырды биз өз колубуз менен жасай албайт экенбиз. Теңирдин буйругу менен ар пенденин маңдайына ар түрдүү тагдыр жолу чиймеленип, туулганда эле жазылып-сызылып калгандыгы биз үчүн табышмактуу сыр. Ошондой болсо да адам болгон соң, бактылуу болууга, тагдырыбызды бапестеп-барктап, бөпөлөп алууга далалаттанып күрөшө билүүнүн өзү зор милдет. Кеп ар кимибиздин өз тагдырыбыз үчүн күрөшө билүүбүздө экен.

Арийне, элдин көз ал-дында жүргөн өнөр адамдарынын жашоо-турмушу, тагдыры көпчүлүк үчүн кызыгууну туудурат эмеспи. Кыргыз элинин булбул таңшык ырчысы маркум Рыспай Абдыкадыровдун туулгандыгына быйыл жетимиш жыл толгондугуна байланыштуу ар кандай иш-чаралар болуп жаткандыгынан калайык-журтубуз кабардар. Рыспайдын таланты, чыгармачылыгы менен бирге анын тагдыры, үй-бүлөсү, өмүрдөн кандай жашап өткөндүгү жөнүндө жакында жазуучу Үсөн Сарыбаевдин “Эңсеген менин обонум” деген китеби басмадан чыгып, окурмандардын колуна тийди. Мындан тышкары буга чейин Бөкөнбай Боркеевдин “Рыспай” аттуу романы да көпчүлүктүн кызыгып окуган чыгармасына айланганына окурмандар күбө.

Бу пендечиликте адам турмушунда нелер болбойт. Бири-бирибиздин ички дүйнөбүзгө киришип, сырларын чууруп чыгууга, ар кимдин турмушуна кийлигишип, ага таң калып же сынтагып сүйлөөгө эч кимибиздин акыбыз жок. “Сынтакканга сынай жетем” дейт, Кудай тааланын алдына барганда ар пенденин жооп берер мезгили болорун билебиз. Ал эми көпчүлүккө аттын кашкасындай  таанымал болгон инсандарыбыз тууралуу айтылып да, жазылып да келген ар тараптуу маалыматтар тарыхтын бүктөмү менен кошо сакталып кала берет. Шибегени капка ката албаган сыяктуу  тарыхты да эч качан бурмалай да, жаап-жашыра да албайбыз. Ошондуктан кыргыздын кайталангыс залкар ырчысы Рыспай Абдыкадыров жөнүндө болгон чындыкты неге жашырмакпыз деп ушул макалабызды анын жетимиш жылдыгына арнап жарыкка чыгарып жатабыз.

Рыспай өмүрүндө үч жолу нике жаңыртып үйлөнгөнүн анын угармандары менен күйөрмандары жакшы билишет. Үч жолку никесинен тең залкардын канынан жаралган кыздары бар, алар жөнүндө аз болсо да айтылып келет. Рыспайдын тун кызы Алтынчач жана анын үй-бүлөсү тууралуу  А. Арзыбаеванын “Атам чыбыкты ат кылып минип алчу” деген макаласы үстүбүздөгү жылы залкардын туулган күнүнө карата гезитибизге жарыяланды. Ошондой эле Рыспайдын Оңол деген аялынан Аида аттуу кызы жөнүндө “Атамдын арбагына сыйынам” деп аталган  макала да мындан бир топ жыл мурда “Кыргыз Туусуна” басылып чыккан эле (автору А. Алиева.)  Ал эми ырчынын бирге жашаган аялдарына мамилеси кандай болгон, бул башка кеп. Муну көпчүлүк толук биле бербеси мүмкүн. Б. Боркеев менен Ү. Сарыбаевдин эмгектеринде Рыспайдын үчүнчү аялы – маркум Давлет жөнүндө көбүрөөк айтылат. Анткени ырчы ушул жубайы менен өмүрүнүн акырына чейин өмүр сүргөн. Ал эми Давлетке чейин Рыспай Оңол Узакбаева менен бирге жашап, Аида аттуу кыздуу болгон.

Рыспайдын эң бир жакшы касиеттеринин бири –  анын аталык мээриминде экен. Кыздарынын баарына бирдей мамиле жасап, энелери башка болсо да, аларды бири-биринен алыстатпай, аралаштырып чогуу өстүргөнү буга далил. Биринчи аялы төрөгөн Гүлзатты экинчи аялы – Оңолдун үйүнө  апкелип тааныштырып, окууга киргизип, сиңдиси Аида менен жакындаштырып, чогуу бир үйдө тургузгандыгын жакшы билебиз. Албетте, бул жерде Оңол эженин зор адамгерчилик сапатын айтпай кетүүгө болбойт. Оңолдун Алтынчач менен Гүлзатка өз кызындай жасаган мамилеси, камкордугу Рыспайды өмүрүнүн акырына чейин алардан алыстаткан эмес. Жадагалса жаңы обон жазса да түнүчүндө Оштон Фрунзеге телефон чалып, жаңы табылгасын толкунданып Аида менен анын апасына угузуп турган. Бул жерде Рыспайдын Оңолго карата  сезими тунук бойдон калганы байкалып турат. Биздин бул оюбузду Рыспайдын 1982-жылы Киевде окууда жүргөндө Оңолго жазган каттары да тастыктап турат.

Ошондуктан, кыргыздын маңдайына жарк этип бир жаралып өчкөн жылдыздай болгон булбул таңшык ырчысы Рыспайдын ошол каттарын окурмандардын назарына сунуштайбыз. Кызыгы, сулуу кол жазма менен шурудай тизилип жазылган бул каттар ошончо узак мезгилдерден бери саргайып-эскирсе да, Оңол эженин сандыгында санжырадай сакталып, катылып келгенинде. Албетте, Рыспайдын бул каттарынан сезимтал окурмандар адамгерчиликтин эң бир табылгыс жактарын жана ырчынын өзүнө тынчтык бербеген жүрөктөгү уйгу-туйгу сезимде-рин сезип-баамдай алышары чын. Тарыхка айланып катылып келген каттардын сыры эмнеде? Окурман өзү баамдап, түшүнүп, жыйынтык чыгарып аларына ишеним зор. Төмөндө залкар талант Рыспайдын каттары өз колу менен кандай жазылса, эч оңдолбостон ошол бойдон сиздердин назарыңыздарда:

“Саламатсыңбы Окен!
Бүгүн эртеден кечке бош болдум. Келгенимден бери Киев шаарынын чукурларына чейин көрүүгө убакыт болгон жок. Тек гана иштөө менен, ойлонуу менен, ойлонгондо до мындан нары эмне иштөөнүн пландары жөнүндө болду. Ал эми бүгүнкү кеч жалгыз басып жүрүү, өзгөчө өзүмдүн ушул убакка чейинки жашоомдо эмне иш жасадым? Кимге кандай мамиле иштедим? Ким менен жакын болдум? Айтор, өткөндөгү көңүлсүз жана таттуу жашоолорумду  кинонун кадрларындай көз алдымдан бир сыйра өткөзүүгө туура келди. Бир убакта Людмила Владимировнанын үйүндө эч нерседен капарсыз ынтымак жашап жаткан кездерде мен эч качан сенден бөлүнүп, экөөбүз эки жерде карып кетээрибизди мен түшүмдө да элестетүү эмес, ойлонуп да койчу эмесмин. Сен кээде тамашага чалсаң мен коркуп кетээр элем. Бирок адам дегениң өлбөй эле жүрсө бардык азапка, кусаланууга, чексиз кайгы, тозокко да көнөт турбайбы. (Кечир, мен подчеркке көңүл бурбай өтө тез жазып жатам.) Болуптур, эгерде мен Сандыр байкем менен (Сандыр Оңолдун агасы болгон – автор) бирге жүргөндө өзүм дайыма бир боордош агаларымды унутуп калар элем. Дайыма алар менен бирге болгон күндөрүмдүн бактылуу кездери менин мындан бул жактагы турмушту жакшы көрөрүмө жардам берет. Өзүмө өзүм таң калчумун. Эмне үчүн Сени унута албаймын деп… Демек, мен чындыгында сени жакшы көрөрүмө азыр бир топ жашка келгенимде да ынанып олтурамын…

Ушул жерде учурдан пайдаланып айта кетүүчү дагы бир сөз: Сен аял кишисиң. Кемсинтип жаткан да жерим жок. Айтайын дегеним: аялдар чындыгында өтө назик да, ичи тар да болот. Ошентсе да Давлет сени менен сүйлөшкөнүмдү, ал эмес анын көзүнчө үйдөн телефон менен экөөбүздүн сүйлөшкөндөрүбүздү көрүп туруп да мага катуу бир сөз айтып каккан жок. Кандайдыр бир үзүлө албаган бир илинчегибизге кайра боору ооруйт окшойт. Аны тоготпогонсуп Давлеттин көзүнчө Фрунзеге келгенде эмне дээр экен дегенсип сага звонить этем. Дегинкиси Окен! Ак көңү­лүбүздөн, ич тардык кылбай эле экөөбүз биргелешип Давлетке рахматыбызды ичибизден болсо да айта жүрөлү. Баарынан да мен Ошто 1968-жылы Аида экөөңөрдү сагынып аэропорттон күтүп алганда, андан кийин Жалал-Абадда Давлет бизди гүл менен тосуп алганычы. Бирге тамактанып, концерттен кийин биз узатпадык беле!? Кандайдыр зор адамгерчиликти унутканыбыз болбостур. Бирок да пешенебизге жазылган тагдыр деп өзүбүз аракеттенбестен кыска ой менен биригип туруп бири-бирибизге болгон таттуу сезимибизди муздатып алып, эми экөөбүз тең “ичтен кайырма” деген ырыбызды кыңылдап ичибизден ырдап жүрөбүз. Ошондой болсо да сага көбүрөөк рахмат айтууга мен акылуумун. Анткени ошончо жылдан бери бөлүнүп кетсек да “нары тур!” – деп менин көңүлүмө суу сепкен жоксуң. Акырында Аиданы бөлгөн жоксуң.

Мен сага комплемент айтуудан алысмын. Толстойдун “Бул дүйнөдө бактысыз болуп калдым десең, күнөөнү өзүңдөн көр” – деген фразасы мени көп бакыт жөнүндө же бир оор конфликттерде ойлондурбай койбойт. Эң негизгиси учурунда чувство жөнүндө экөөбүз убактылуу гана сырткы эмоцияга алданып, конкреттүү түшүнүшө албай, абстрактуу рамка менен чектелип, ушакчы артисттердин атмосферасында жашап, пайдасыз душмандардын курук акылдарына көбүрөөк маани бериппиз. Экинчи негиздүүсү Гүлийпанын (Гүлийпа – Рыспай “Сагынуу” деген ырын арнаган кыз – автор) Фрунзеге келиши. Андан да негиздүүсү түшүнүккө түшүнүктөр арзыбай стихиялык ойдун караңгылыгында сен солго, мен оңго кетип, жолубуздан адашып, сен кичине Рыспайды курсагыңда калтырып кала бердиң. Эми болсо жоолор кетип, кылычыбызды чаба турган эч нерсе илинбейт. Бирок курч кылычыбыз көтөрүлгөн боюнча кала берди. Эми аны мындан наркы жашообуз үчүн пайдаланалы. Эч качан кайталанбай турган жакшы көрүү сезими карыгычакты кала берет жана сакталат деп мен сага ак жүрөгүмдөн ишене алам. Сенин адамгерчилигиң, акылың болгон жана боло бермекчи. Сенин жок дегенде 1967-жылдагы менин операция болгон убагымдагы жакшы мамилең, сапатың күнү күнкүдөй эсимден чыкпайт. Сага жөлөнүп, сени бел тутуп, мен тирүү жашап, ырдап, музыка жазып жүрөм. Жалпы кыргыз ошол эмгегиңди билбесе, кыргыз үчүн ырдап жүргөн мен билем. Сага чексиз рахмат. Сенден түбөлүккө эстелик балам бар. Ошого сыймыктанам. Менин жетишпеген жактарымды өзүңдөн башка эч ким кечире да албайт. Күнөө жасаш оңой. Ал эми кечиримге арзыш өтө чоң иш.

Эми өзүм жөнүндө: окуп жатам. Бир далай иш бүтүрүмүш болдум. Эки чоң статья жазып бүттүм. Андан кийин “Мектеп балдары үчүн 30 ыр” деген китеп жазып бүттүм.  Алдыдагы пландар, ушул 1982-жылдын аягына чейин 35 цикл деген жаңы музыкаларымды радио, телевиде-ниеге жаздырышым керек.

Мага Өкмөт менен партиянын ордени, заслугасы керек болбой калды. Ошондуктан менин дагы бир элден бөлөк буйтап жасаган вариантым ушул. Адамдар мени туурап жүрүшүп ийгиликке жетип жатышат. Ал эми менин музыкам жакында түгөнүп кете койбосуна сени жана жалпы кыргыз элин ишендире алам.

Окен! Эми сөзүмдү бүтөм. Мүмкүнчүлүгүң болсо тез переговор бер! Аида экөөң менен сүйлөшкүм келет.

Оңол! Аида үчөөбүздүн сүрөтүбүз болсо бирди салып жиберчи?? Же өзүңдүн сүрөтүңдү? Гүлзатты бетинен өөп кой. Катуураак кат жаздым эле, таарынып калдыбы, камтама болуп жатам.

31-март. Түнкү саат 3-00. Силерде саат 6-00, 1-апрель болду го. – Рыспай.”

* * *
Ал эми 1984-жылы 1-Май майрамына карата Оңолду куттуктап жиберген открыткасында Рыспайдын төмөнкү сөздөрү күнү бүгүнкүдөй бажырайып сакталып турат:

“Оңол!
Сени ушул 1984-жылдын жазындагы жаркыраган 1-Май майрамың менен ак жүрөгүмдөн куттуктаймын. Ушул убакытка (мезгилге) чейин турмуштан өйдө-төмөн, ачуу-таттууларды көрүп келсең да, бардык адамдар жакшы үмүттөр менен жашагандан кийин сени да ушул жаратылыш жакшылыктан курук койбосун деп кандайдыр бир ыйык нерседен тилеймин. Мындан наркы жашооңдо жамандык көрбө. Аны мен сага ыраа көрбөймүн. Майрамды жакшы өткөр. Сенден мен жакшылыкты көп эле көрдүм. Дагы бир сураныч?.. Аиданы Гүлзатка кошуп Ошко үч күнгө жибер?? Кыздарымды чогуу токойго ээрчитип, аз болсо дагы жеңилденейин. Мага ишен, суранам. Аида менен үч күнгө чогуу болсом лечениеден да дурус болорун жүрөгүм сезет. Ага аталык карызым менен жооп бере алам…
Сени сыйлап Рыспай”.

* * *
Рыспай дагы көп каттарды жазып турган. Оңолго жана кыздары – Алтынчачка, Гүлзатка, ошондой эле Аидага жазган каттарынын айрымдары дале сакталып, атасынан калган ыйык таберикке айланган.

Ал эми Рыспайдын түбөлүк урматтоосуна, алтургай эсинен эч кетпеген кымбат адамына айланган Оңол Узакбаева бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жашайт. Рыспайдан калган эстелик – кызы Аида үч уулдун бактылуу энеси болуп, жашоо өз нугу менен өтүүдө. Бир кезде эркек балам жок деп арман кылган Рыспайдын азыр Аидадан эле үч уул небереси бар. Улуу небереси Тургунбай үйлөнгөн, жакынкы арада апасы Аиданы неберелүү, таенеси Оңолду чөбөрөлүү кылганы турат.

Урматтуу окурмандар! Оңолдун Рыспайды эскерүүсүн гезитибиздин кийинки сандарынан окуй аласыздар.

Айша Алиева, “Кыргыз Туусу”, сүрөт Оңол Узакбаеванын  архивинен алынды, 13.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий