Эл эмне үчүн китеп окубай калды же азыркы адабиятыбыз эмнеге муктаж?

Учурда китеп окулбай калды деген пикир көп айтылат. Себеби эмнеде? Мындай карасаң басмалардан жаңы китептер чыкпай койгон жок, чыгып жатат. Бирок, кандай чыгып жатат, балким биз сурообузга  жоопту так ушул көрүнүштөн аларбыз. Чынында базар экономикасынын шартында  сапатка караганда сандык өсүш эркиндиги ээ-жаа бербей кетти. А, табити бар окурман тандап окуйт да, кеп ошондо. Учурунда “Орусча-Кыргызча” сөздүктүн автору, белгилүү окумуштуу Константин Юдахин:”Кыргыздар сүйлөсө эле ыр сыяктуу төгүлүп турат” деп бекеринен айткан эмес. Деги биздеги китеп маселесине азыраак болсо да  көз жүгүртүп көрөлүчү.

Улуттук китеп палатасынын мезгилдүү басылмаларда жарыяланган материалдарга таянсак Кыргызстанда ар кандай тармактагы фундаменталдуу эмгектер дей турган элдик оозеки адабияттан, залкар таланттардын тандалган чыгармаларынан колдо болгон мүмкүнчүлүктөргө жараша китептер жарык көрүүдө. 2010-жылды алып караганда Кыргызстанда жалпы 800 аталыштагы китеп жарыкка чыккан.

Алардын ичинен көркөм адабий 141, балдар адабиятынан 53, ж.б. ар кандай аталыштагы тармактык китептер жарык көргөн. Мындан биз жогоруда козгогон маселеге ылайык көркөм адабий 141 аталыштагы автордун китебинин жарык көрүшүнө токтолуп көрөлү. Булардын нускасын айтканда, айрымдары гана  2500, 3000 даана болбосо көпчүлүгү 1000 данаа, ал гана эмес 200 же 100 даана менен жарык көргөн китептер дагы бар. Ал кимге жетет?

Совет мезгилинде, мисалы, “Адабият” басмасынан жылына болжол менен көркөм адабияттан 120дан ашык аталыштагы китептер жарыкка чыкчу. Алардын ичинен прозалык жанрдагы китептер 10000 нускадан, поэзия 4000 нускадан жогору чыкчу эле. Балдар адабияты өзүнчө каралып, бир жылда 60-80ден ашык наамдагы китептер нускасы 10000ден 100000ге чейин болчу. Мисалы,  Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мелис Абакировдун “Чоң энемдин жомогу” аттуу балдар үчүн жазылган китеби эле 200000 нускада жарык көргөн. Бирок, булар мамлекеттик пландан өткөндөн кийин гана басмага сунуш кылынчу. А, мамлекеттик пландан өтүү жазуучулар үчүн “кыяматтын кыл көпүрөсүнөн” өткөнгө барабардай сезилчү.  Чоң иргөөдөн кийин, Кыргызстан КП БКнын алдындагы агитация жана пропаганда бөлүмүнүн басма секторунан өткөн авторлордун китептери  талданып, жарыкка чыгууга уруксат алчу. Ошого жараша адабият мамлекеттин камкордугунда турчу. Мыкты деген авторлор эки жылда бирден китеп чыгарып, калем акысын, болгондо дагы алдын ала алып, шыпка түкүрүп коюп жаза беришчү. Албетте, цензура бары чындык эле. Ошого карабай чыныгы чыгармачылыкты туу туткан авторлор үчүн иштөө калп айткан менен болобу, сонун эле болчу. Биздин муун анын кичине гана четин көрүп калдык да, заман оошуп, 80-жылдарда чыккандар жоголгон муунга айланып, жазбаса жашай албаган “гладиаторлору” гана калды. Бизден кийинки муунду эстеген эч ким жок. Ошентсе дагы учурда Абдымамед Сариевдин демилгеси менен “Нур борбор” адабий бирикмесин түзүп алып, чыгармачылыкта узанып жатышканы кубандырат. Совет мезгилинде болсо булар эбак таанымал акын, жазуучулардын катарында болмок.

Ал учурда китептердин таркатылуу системасы да өзүнчө жолго коюлган эле. Мамлекеттик басма комитетинин алдында атайын “Кыргыз китеп” соода башкармалыгы иштеген. Республиканын туш тарабына таркатуу боюнча “Кирпотребсоюз” аркылуу таратылчу. “Союзпечать” деген бар болчу. Ошолор аркылуу басмадан жарык көргөн бир дагы китеп бөлүштүрүлбөй калчу эмес. Автор калем акы  алганды гана билчү. Мына ушундай системага салынган эреже барында бардык жерде, алыскы айылдардагы китепканалар, китеп дүкөндөргө чейин жаңы китептер жетип, окурмандар каалаган авторун таап окуганга  мүм­күнчүлүк бар болчу. Азыр анын бири да жок. Китеп дүкөндөрдүн жайы башка максатка колдонулуп кеткен, азыр айыл эмес, борборубузда көзгө басар бир гана кыргыз китеп “Нуска” дүкөнү калды. Айылдык китепканалардын китеп фонду атамзамандагы авторлорду араң кармаган бойдон, азыркы адабияттан кабары жок, эскирген кийимдей тозуп турат. Анан кантип китеп окулбай жатат деп айта алабыз?

Эгемендүүлүктүн жылдарын алып караганда  көркөм адабияттын кадамы тарып, абалы мактанарлык эместиги белгилүү. Бир караганда китептер азыр түркүн аталыштар менен жеке  менчик басмалардан иттин кара капталынан толтура чыгып жатат. Авторлор болсо өзү жазган китеби үчүн өзү кайырчыдай каражат таап, өзү чыгарып, өзү сатып калды. Анын үстүнө китептин нускасын да мүмкүнчүлүгүнө жараша чектелүү санда араң чыгарышат. Андай болгондо тар чөйрөдөгү тааныш-билиштерге таркатылганы болбосо жалпы окурман журтчулукка жетүү кыйын.   Ал эми басмаларга акча төлөнсө гана болду, китептин сапаты алардын башын оорутпайт. Анан, ошолордун ичинен окурмандарга эстетикалык рахат берип, тарбиялык таасири бар    колдон түшпөс китеп катары окулганы чанда. Көпчүлүгүнүн кызылы аз, сапырылган саманы көп. Муну коомчулук деле билет.  Чын эле  учурда  көзгө эмне көрүнсө көчөнүн тилинде жазылган арзан адабиятка караганда, жан-дүйнөнүн аялуу сырын көркөм тилде чебер берген, окуялар  драматизмге  канган, же болбосо социалдык-философиялык проблемаларды алып чыккан чыныгы адабий чыгармалар аз. Анда, чыныгы адабият кантип таанылат? Албетте, толук кандуу көркөм чыгармалардан. Ал эми көркөм адабият болбосо адамзаттын аң сезими менен коом өнүкпөйт  деген сөз кааласак да, каалабасак да айтылып жүргөнү чындык. Анда биздин коом өнүкпөй турабы деген суроо туулат. Балким ошон үчүн бийлик ит тартыш менен алмашып, элдик революциялар болуп кеткен жокпу?

Дүйнөлүк тажрыйбада өнүккөн өлкөлөр өнөр, билим жана илимин алдыга койгондугу менен айырмаланат эмеспи. Ал эми алгач экономиканы гана көтөрүү керек дей берүүнүн аягы кандай болоор экен… Экономика сөзсүз керек, ал турсун зарылдык, бирок ал бир күнү төмөн болсо, экинчи бир күнү көтөрүлөт, эгерде билими терең, маданияты бийик инсандар өссө экономиканы кантип өстүрүүнү жетик билишип, элге  кызматын аябайт. Башы эсепти семичкедей чагып, билими тайкы, ички дүйнөсү жарды болсо, андайлар өзүмчүлдүктүн туткунунун кейпин кийип кимдин чекесин жылытмакчы. Аны бизге эгемендиктин жылдарындагы куу турмуш көрсөтүп эле жатпайбы.

Улуттук адабиятыбыздын 60-жылдарда ачылган гүлдөө мезгили 80-жылдарга келип уланып, андан кийинки көркөм адабияттын туягы аксай түшүп, жогоруда айткандай басмалар акча төлөсө чыгара бермейден  соң жазуучулукту жамынган жазгычтар көбөйүп, алешемдиктин арааны жүрүп калды. Бирок, капиталисттик аба менен дем алып жаткан шартта мындай нерсе коомубуздун кадыресе көрүнүшү деп айтууга да болот. Саман-топон китептердин чыгып жатышы трагедия деле эмес. Акын Рамис Рыскуловдун бир сөзү эске түшөт. Бир жолу жолукканда сүйлөшүп олтурсак “Жашасын халтура!” деп кыйкырып калды. “Рамис агай, бул эмне дегениңиз?” деп сурасам, “ Эй, акыным, халтура болбосо классиктер таанылбайт” деп жатпайбы. Аргасыз күлөсүң, бирок чындык бар. Өкүнө турган бир гана нерсе адабияттын “чабал өрдөктөрү” асманга учкусу келе берип окурмандардын  убактылуу болсо дагы табитин бузуп коюшу ыктымал. Ал деген билинбегени менен, мол түшүм алынбай калган  эгин талаасынын душмандары болгон айыл чарба зыянкечтеринен да өткөн жаман нерсе. “Ой, китепти ушинтип жазса эле боло берет турбайбы, мындай китепти мен деле жаза алам” дегендер пайда болуп, жазып да жатышат.

Экинчи бир чоң меселе,  азыркы учур интернеттик окуунун заманы болуп калды. Жаштар ошого оогон мезгил, андай заманбаптык да керек. Бирок, баары бир китеп деген түбөлүктүү өлбөстүктүн бири болуп кала берет. Ага шылтоо издештин кереги жок. Айта кетүүчү бир нерсе, илгери  орус классикасын  каймактай калпып чыккан Белинскийдей улуу сынчы азыр бизде жок, ачуу айтканда адабий сын деген Гоголдун “Өлүк жандар” дегениндей эле угулуп калды. Алгыр кушту мүнүшкөр,  күлүктү саяпкер таптап элге алып чыгып, даңкын чыгаргандай залкарларды дагы таланттуу сынчылар таанытып келген. Кезегинде Шаршенбек Үмөталиев, Камбаралы Бобулов, Кеңешбек Асаналиев, Каныбек Эдилбаев, Кадырбек Матыев, Салижан Жигитов, Качкынбай Артыкбаев баштаган дагы бир топ канжар тилдүү сынчылардын Алыкул акын айткандай “кайтпас күнгө калкылдап кетишкени” качан. Сынчы, философ Теңдик Аскаров агабыз ардактуу эс алууда, Санарбек Карымшаков, Кадыркул Даутов, Эсенбай Нурушев, Калык Ибраимов, Эсентур Кылычев, Жамгырбек Бөкөшов сыяктуу чыгаан публицист, сынчылар, театр сынчысы Жаныш Кулманбетов замандын зардалынанбы, мурункудай шугурланбай сынды сыр аяктан тамчылаткандай тийди-качты жазып, күнүмдүк  зарыл жашоонун тиргилиги үчүн эмгектенгенге өтүшкөн. Антпесе аларга нанды ким берет. Баягыдай мамлекеттик каржылоодон ажыраган адабият айылы аларды аргасыздан ар башка кесипке чачыраткан. Балким жеке өнөрканасында Болот Маматтай болуп “ийне менен кудук казып” иштеп жатышкандыр, ылайым ошондой болсун. Алгач  калем сабынын сыясы сын менен башталып аты таанылган Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов чиновниктин чинин тагынып, адабияттын адашкан тайлагындай саясатка кетип калышты, бирок “эски малдын көзүндөй болуп” кайра кайрылса жазуучу журтунун сагынычын жазмак. Сексенинчи жылдардан берки адабиятка Болот Акматов сереп сала калып жүрдү эле, ал дагы пайдасы аз паузада жүрөт. Мындай бейтараптыкка Жазуучулар Союзунун мамлекеттин камкордугунан сыртта калышы  чоң таасирин тийгизди. Ошо менен сын жанры бизде сыңар аяктап калганына көп болду. Анан адабиятта ким эмнени жазып жатат, кандай деңгээлде жазып жатат, аны ким таанып, ким баалап жатат? Жанагы айткан  сапырылып чыгып жаткан китептердин арасында  түркүн авторлордун “Кимди ким көрдү, быржыбайды там басты” болуп калып жатканы канча. Ар ким  өз билгенин  чүркөп, “атың чыкпаса жер өрттө” дегендей, эптеп эле  ата-тегин  “чоң теринин бучкагындай” көрсөткүсү келип жаза коюп, сүрөттөрүн сүрө чаптап, бейубак бет ачарларды өткөрүп, жакындарды чайга чакырып, апендинин кызындай мактоо уккан “салтка” айланды. Мактоо таланттууларды бузат дешет эмеспи. А, таланты жокторду ого бетер мактай берип мадырайтып, кол тийгис көркөм дөөлөттөргө көр дүйнөнү тең ата кылып, татыксыздыктын тагына олтургузуп алат турбайлыбы. Анан кантип китеп окулбай калды деп айтабыз?!

Адамзаттын акылы ашкан бүгүнкү замандын окурманын ал-доого эч мүмкүн эмес. Ошондуктан  алешем, чийки, күйгөн нандай китептер айрыкча өткөөл курактагы өспүрүм­дөрдүн эми таанып келаткан ажайып жашоого болгон табитин бузганы зыяндуу. Анткени андай китептердин каарманы бүгүнкү биз жашап жаткан замандын тескери жагына оогон мүнөздү берет.  Совет мезгилинде жаралган кыргыз адабиятынын чыгармалары цензуранын жашап турганына карабастан, өзүбүздө гана эмес, СССР элдеринин адабиятынын айдыңында  ак жарыгы көрүнүп, башка элдерге таанылбады беле. Азыр бизде көбүбүз Мекенди сүйөм деп жүз жолу жазсак дагы Алыкулдун “Ата Журтунун” бийиктигине алиге эч ким жете албай келет… Чынында өз киндигин өзү кесип жашап жаткан азыркы жазуучу, акындарды мыкты чыгарма жазсын, кур дегенде Казакстандын акын, жазуучуларындай шарт түзүп берели деп кайсы бийлигибиз ойлоп келди? Эми жазуучулар адабияттын айдыңынан өсүп чыккан Алмазбек Атамбаев президенттик бийликке келди, “өнөр алды кызыл тилдин” өрүшүн көтөрөр деген чоң үмүттө турат. Ушундай абалда жаштардын китеп окубай, аң-сезиминин батышка оогон учурларына  да   адабиятыбыздын талаада калып, кадимки Аалы, Жоомарт, Түгөлбай аталар баскан таскагынын ушул учурда аксап турушу таасир берип жаткан жокпу деген суроо туулат. А жаштар деген мамлекеттин, элдин эртеңки келечеги. Бул өзү мамлекеттик деңгээлде ойлонуп, маани берип,  адабиятка совет мезгилиндегидей камкордуктун кайрадан колго алынышы керек деген кеп. Жогорку Кеңеште жазуучулардын өкүлү катары Эгемберди Эрматов, Каныбек Иманалиев мындай маселенин учугун чубап,  кыйла аракет жасалды, ага колдоо болсо кана, адабият тууралуу мыйзам жүзөгө ашса албан иш болор эле. Жазуучулар-жаратмандар.  Мыкты чыгармалар-идеологиянын башатын жаратат. Бүгүнкү күндө улуттук идеологиянын бекем тамыр албай жатышынын бирден бир себеби да улуттук адабиятка мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай калгандыгы деп айтууга болот. Анан кантип китеп окулбай жатат дейбиз?

Эскерте кетүүчү бир нерсе, жогорудагыдай жагдайлардан улам айрым “авторлор” китеп чыгарууну бизнеске айландырып алышкан.  Атайын  каттоодон өтпөстөн, жашыруун өз алдынча чыгарылган китептер жок эмес. Алар жогоруда айткандай эле жеке сатыкта тааныш-билиштерге таңуулоо аркылуу авторго акча алып келүү менен, окурман журтчулуктун табитин бузганга абдан “салым кошот”. Китеп деген окурманга таңуулоо менен эмес, тескерисинче окурман өзү каалаган китебин издеп жүрүп таап окуган деңгээлге жетүү керек.

Жазуучу деген кызык калк. Жазганы бирөөгө керекпи, кереги жокпу аны менен чатагы жок. Чын сөздү айтканда, көрөңгөсү көбүргөн таланттардын жараткан чыгармалары базар экономикасын да уруп ойнобой жарала берет, алар аламан байгеде  алдыда келген күлүктөй түбү келип элдин байлыгына айланат. Кеп окурмандын өз баасында. Мезгилдин таразасына эч ким тең келе албайт эмеспи. Жакшы китеп эч качан окулбай калбайт. Ошондуктан окулбай калганына окурман күнөөлүү эмес. Жакшы чыгармаларды жаратуу керек. Ага жетүү үчүн адабиятты мамлекеттик камкордукка алуу олуттуу зарылдык.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 20.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий