Ооба, ал байыркы кыргыз жазуулары!

Кыргыз эли эгемендүүлүккө жеткенден баштап тилинин тарыхына жана аны жазып калтырган жазма эстеликтерге, ошондой эле аталган эстеликтер жазылган тамгалардын кимдер тарабынан түзүлгөндүгүнө байланыштуу маселелерге өзгөчө көңүл бурула баштады. Буга арналган “Байыркы кыргыз жазуулары” аттуу I эл аралык илимий практикалык конференция өтүп, жазма эстелиги-биздин такталбаган жерлери, резолюцияны кабыл алуудагы илимий талаш-тартыш жана талкуулар болуп, дагы да терең изилдөөнү талап кылган маселелер  белгиленди.

“…V кылымдагы Енисей жазуу эстеликтери бул байыркы кыргыз тили..”
С.МАЛОВ

“…ошол эле учурда енисейлик эстеликтердин тили кыргыздардын жазуу тили болгон”
И.БАТМАНОВ

“…ушул эле алфавит кыргыздарга маалым болгондугу Енисей өзөнүндөгү көптөгөн жазуулардан байкалып турат”
А.БЕРНШТАМ

Абдылдажан  АКМАТАЛИЕВ,
академик,  КРнын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору:
– Биздин бүгүнкү конференциябыздын  аты  “Байыркы кыргыз жазуулары” деп аталды. Көрүнүктүү түрколог С.Малов: “Зор кадыр-барктуу академик В.В.Радлов жана проф. В.Томсенден кийин Енисей эстеликтери кыргыздарга таандык эмес деп эсептөөгө менин эч кандай себебим жок”, – деп айтканындай, ташка тамга болуп басылып, кыргыз каганы Барсбек бабабыздын тарыхы турса, же болбосо Монголиянын Суджи-даван деген жеринен табылган таш жазууда: “Мен, Яглакар – хан ата, уйгур жерине келген мейманмын. Кыргыз уулумун. Мен Бойла, жогору мартабалуу бийлик ээсимин…” деп кашкайып жазылып турса, кыргыздар өз улутунун тили, жазма маданияты, тарыхына байланыштуу өтүп жаткан илимий конференцияга дал ушинтип бадырайтып тема коюп, ал тууралуу сыймыктануу менен сөз кылууга акылуу деп ойлойм. Буга негиз да, далил да жетиштүү. Бирок, албетте, биз муну менен Орхон-Енисей эстеликтериндеги жазуулардын тили кыргыздарга гана таандык деп менчиктеп алалы деген оюбуз жок. VII-VIII кылымдарда бул жазуудан түрк, түргөш, уйгур, карлук сыяктуу көптөгөн тектеш түрк уруулары да пайдаланышкан. Ошентсе да көрүнүктүү окумуштуулар В.Радлов, П.Мелиоранский, С.Малов, Бернштам, Бартольд, И.Батманов Енисейдеги жазуулар Орхон жазуу­ларынан  алда канча мурда пайда болгондугун белгилешкени жана ал Енисей жазууларынын биринчи иретте кыргыздарга таандык экендигин тас­тыкташкандыгы бизди сыймыктандырат.

Алфавит маселеси боюнча айта турган болсок, тарыхтан белгилүү болгондой, жазма маданияттын тарыхы эң бери болгондо 5000 (беш миң) жылды камтыйт. Биздин заманга чейинки 3000 жыл мурунку мезгилге таандык жазма эстеликтер Байыркы Шумер мамлекетинин Урук, Шуруппак, Ниппур, Лагаш, Киш, Ур аттуу шаарларынын урандыларынан табылган. Дүйнөлүк цивилизациянын башатында турган маданияттардын бири Шумер маданияты жөнүндө Чыңгыз агайдын да “Дегеле Шумер маданияты, булардын жазуусу менен адабияты бизге чоочун эмес, мындай турсун кайта өтө жакын”, – деп айтып өткөнү бар экен. (Ч.Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдук жыйнагы. – Б., 2009-7 том, 306-б.).

Кыргыз-түрк жазма маданиятынын тарыхын изилдөөдө анын Шумер маданияты, жазмалар менен байланышы канчалык деңгээлде экендигин, алыс-жакындыгын тактап берүү дагы биздин тилчи, тарыхчы окумуштууларыбыздын алдында турган милдеттердин бири деп ойлойм.

Бүгүнкү күндө Орхон-Енисей тексттерине болгон окумуштуулардын кызыгуусу күчтүү, ал түгүл айрым учурларда бул кызыгуу эч кандай илимий этикет, нормаларга сыйбай, көбүрүп-жабырып кеткен учурлар да жок эмес. Мунун да өзүнүн кандайдыр бир мыйзам ченемдүүлүгү бар деп ойлойм. Советтик мезгил учурунда түрк тилдүү элдердин өкүлдөрү өзүлөрүнүн улуттук маданий мурастары жөнүндө өз ойлорун эркин айта алышпады. Гуманитардык багыттагы окумуштууларыбыз “Совет мезгилине чейин караңгы, эзилген, 98-99% сабатсыз, караңгы эл элек” деген сыяктуу ойлорду тастыктоонун убарасында болушту. Эгемендүүлүк алгандан бери түрк тилдүү элдер ортосунда өз ара боордоштук, туугандык мамилени чыңдоого болгон умтулуулар жанданды. Ошол эле учурда ушуну менен катар айрым бир окумуштуулардын өз улутунун артыкчылыгын, анын тарыхынын байыркылыгын, бай экендигин көрсөтүү үчүн орток мурастарды өздөрүнүн шыбагасына көбүрөөк тартууга, ал түгүл менчиктеп алууга умтулуу тенденциялары байкалууда.

1980-жылы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында “Жаңы жазма (новописьменный) адабияттын өнүгүшүндөгү мыйзам ченемдүүлүктөр жана социалисттик реализмдин маселелери” деген аталышта өткөн Бүткүл союздук илимий конференцияда “жаш жазма адабият”, “жаңы жазма адабият” (младописьменный, новописьменный) деген аныктамаларга карата Ч.Айтматов: “жаш” же “жаңы” адабият деп так терминди аныктоо жөнүндө сөз болгондо буга анча деле күч коротуунун зарылчылыгы жок деп ойлойм. Анысы да, мунусу да туура келет. Мен “жаңы адабият” терминин ылайык көрөм (мне же больше импонирует)” деген экен. Залкар жазуучунун мына ушул жөнөкөй эле сөзүнүн аркасында канча ой жатат! Ооба, биздин улуттук адабиятыбыз таптакыр тажрыйбасы жок “жаш” адабият эмес, карт тарыхы бар, бирок эски жазуусун таштап жаңы жазмага, жаңы багытка өткөн адабият. Муну Ч.Айтматов бир сүйлөм менен  кыйытып айтып отурат.

Бирок, кантсе да байыркы кыргыз-түрк жазмасын изилдөөнүн ренессансы, жаңырып гүлдөө доору эми, мындан ары башталат деп ойлойм. Бул үчүн илимий кыртыш, илимий булактар жетиштүү топтолуп калды.

Садык Шер,
коомдук ишмер, “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү:
– Ар бир мамлекеттин идеологиялык негизи болушу керек. Күрөш дайыма ошол идеология боюнча жүрөт эмеспи. Ташка чегилген жазуунун мазмунунда биздин  идеологияга керектелчү ой чыгат. Орхон-Енисей жазуулары биздин жазуулар болгон соң бул да “Манас” эпосубуздай эле сыймыктанчу руханий байлыгыбыз. Ошондуктан биз ал жазууларды кыргыз жазуулары деп аталганы менен Кыргыз Республикасынын өзүндө кыргыз жазуулары дебейбиз. Мына ушуну биз илимий негизде мыйзам катары кабыл алынсын деп өзүбүздүн оюбузду жөнөткөнү жатабыз. Негизги максатыбыз – кыргыздарга өзүнүн тарыхын кайтарып берүү, ошону далилдөө.

Нурдин Усеев,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу, Батыш системасы боюнча илимдин доктору:
– Кыргызстандын аймагында эле алтымышка жакын жазма эстеликтер жатат, Кочкордогу, Көл жактагы тамга чегилген таштар бар. Ошолордун көпчүлүгү коргоосуз, ачык асмандын астында, шамал жүрүп, күндүн нуру тийүүдө. Аларды коргоп, экскурсия кылганда экспонат кылып кошсо болчудай. Биздин жердеги жана башка жердеги кыргыздар жашаган жерлерге экспедицияга барууну уюштуруу маанилүү.

Кубат Табалдиев,
археолог, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору:
–  Биз 1998-жылдан бери Кочкор жеринде, Ысык-Көлдө жана Талас жергесинде ташка чегилген жазмаларды иликтеп жатабыз. 13 жылдын ичинде 30 жазуу таптык. Биздин тарыхыбызды элибиздин улуттук ар-намысы ойгонушу үчүн жаш-куракка жараша мектептен баштап, ЖОЖдорго чейин окутушубуз керек.

Назгүл Исабаева,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинин окутуучусу:
– Кыргыздардын жазма эстелиги болгондугу кыргыздардын тарыхын кайра изилдеп, кайра жазып чыгууга жол ачты. Биз ошого азыр көңүл буруп, тарыхыбыздын жазуусу өчкөн жерлерин кайтарышыбыз керек. Менин сунушум – 5-класстан баштап окуучуларга жазуубуз жөнүндө маалымат берип, Орхон-Енисей рун жазуулары дегендин рун дегенин алып салуу. Себеби окумуштуулар ал жазууларды жаңы тапканда скандинавиялыктардын рун жазуусуна окшош экен деп аташкан. Бул ат бүткүл дүйнөгө тарап кеткен. Ошону кайра оңдош керек. Тарыхты билбеген жаштар ошолорду туурап, “Руна жазуулары” дей беришет.

Бурул Сагынбаева,
филология илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу:
– Кыргыз тилинин академиялык грамматикасын түзүү – бүгүнкү күндүн талабы. Ошонун негизинде иштейли деп жаткан окумуштуулар да көп. Тилибиздин калыптануусунун байыркылыгы дилибиздин да мурда эле калыптангандыгынан кабар берет эмеспи, – дейт.

Конференциянын катышуучулары мындай жыйындарды үзгүлтүккө учуратпай, окумуштуулар арасында түркологиянын маанилүү маселелерине байланыштуу талкууларды өткөрүп туруу зарылдыгын белгилешти. Конференцияда коюлуп жаткан маселенин кыргыз элинин тарыхы, дүйнө таанымы, тилинин жана жазуусунун тарыхы үчүн өзгөчө баалуулугун белгилеп, Орхон-Енисей тамгалары Кыргызстанда “Байыркы кыргыз тамгалары”, ал эми Енисей (Алтай, Талас ж.б.) жазма тексттери “Байыркы кыргыз жазуусу” деп аталуусун, Енисей жазуулары ЖОЖдордун, орто мектептердин окуу китептеринде “Байыркы кыргыз жазуулары” деп берилүүсүн, байыркы кыргыз жазууларынын алкагында ар бир доорго таандык жазма эстеликтер боюнча өз алдынча кон­креттүү конференцияларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруусун сунуш кылынган пункттар резолюцияда кабыл алынды. Мындан тышкары “Байыркы кыргыз жазуулары” деп аталган конференциянын материалдарын басып чыгаруу мамлекет тарабынан каржылануусу суралып, ЖОЖдордо жана илимий мекемелерде жаш түркологдорду даярдоо жагы да резолюцияга киргизилди.

Бүбү ТОКОЕВА,  “Кыргыз Туусу”, 20.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий