Аалы Туткучев, төкмө акын: «Казактарды кечирим суратып, чоң жеңиш менен келдик»

Жакында эле Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата Астана калаасында төкмө акындардын айтышы болуп өттү. Бул айтышка Кыргызстандын атынан Аалы Туткучев жана Жеңишбек Жумакадыр катышкан. Ал эми Өзбекстан, Кытай, Монголиядан келген казак акындарды кошкондо жалпы 42 акын айтышка түшкөн. Жыйынтыгында, биздин сыймыктуу төкмө акыныбыз Аалы Туткучев 3-орунду жеңип келген.

-Аалы мырза, ийгилигиңиз менен куттуктайбыз. Алгач, айтыштын уюштуруучулук жагы кандай болгонун айтып берсеңиз?
-Рахмат. Казакстанда өткөн айтышка бизден үч акынды чыкырышкан, Жеңишбек Жумакадыр экөөбүз бардык. Башында «жол кире, тамак-аш, жатакананы өзүбүз төлөйбүз» дешкен. Бирок, баардыгын өзүбүз каржыладык. Жалпы 42 акын чогулуптурбуз, анын экөө кыргыз, калган кыркы казак акындар болушту. «Силер кеч калдыңар» деп бизге мейманканадан орун беришкен жок, кырк казак конок үйдө сый көрүштү. А биз ошол жактагы кыргыз байкенин үйүндө жатып аттык. Айтыш үч күн созулду, үч күн бою Астананын суугуна тоңуп, айтыш боло турган жерге чейин 20 мүнөттөй жөө басып барып аттык.

-Уюштуруучуларга бул тууралуу айткан жоксуздарбы?
-Айтышып аткан кезде казак акындар «биз сыйчыл элбиз, конокту сыйлап тосуп алабыз» деп какшыктап ырдагандарына, мен «илгертен кыргыз-казак сыйчыл эл болуп, үйүнө келген жыланды да ак менен сыйлап узатчу эле, а силерди көрдүк, 42 акын жыйналды, 42нин кыркы казактар — конок үйдө сыйланды, кыргыздын эки акынына конок үй жетпей кыйналды» деп ырдадым. Бул сөзүмдү министрликке жеткиришкенби (?) билбейм, телефон чалуулар болуптур. Айтыш бүткөндө кызмат кылып жүргөндөр аркабыздан калбай тызылдап чуркап, «конок үй дагы даяр, бүгүн биз менен кечки тамакка чогуу баргыла» деп аябай жалдырашты. «Кечээ күнү айтпагандан кийин, бүгүн барып нетели, сурап ичкен тамагың, суу ичкенге барабар» деп барбай койдук.

-Жеңишбек Жумакадырды эмне себептен айтыштырбай коюшту?
-Айтышка чыгардын алдында уюштуруучулар акындарды чогултуп, «Казакстандын өркүндөп-өсүп жатканын, эгемендикти алып, Астанадай калааны куруп атканын айтып, мактап ырдагыла. Эгер жаман жагын чукуп, кемчилик айтып ырдасаңар, айтышыңарды токтотобуз» деген талап коюшкан. Анан мага чыккан акыны болушунча кыргызды жамандады, падышаларыбызга сөз тийгизди, баардык жагыбызга асылды. Бирок, калыстар тобу айтышты токтоткон жок. Талап боюнча токтотуш керек эле. Бизди буту тушалган аттай кылып, оозубузду бууп салды. Анан Жеңиш байке менен чыккан акын дагы кыргызды басынтып, «силер, президентиңерди улам эле шайлайсыңар, кошомат кылып майлайсыңар, анан кайра кубалап айдайсыңар. Атамбаевди шайладыңар, азыр майлап атасыңар, эми качан кубалайын деп атасыңар?» деп ырдады. Жеңиш байке карап турмак беле, өзүнө жараша жоопту катыра берди. Аягында «Манастан калган уулбуз, мамлекетти кордосо, маңкаларды кууйбуз» деди эле, калыстар бири-бирин карап, жаман болуп калышты. Анан экөөнүн айтышын токтотуп салышты.

-Сиз менен айтышкан акындардын дарамети күчтүү бекен?
-Булар биздегидей болуп, сахнага чыкканда чучукулак кармашпайт экен. Алгач Ренат Заитов деген акын менен айтыштым. Телевизордон көргөндө «казактын акындары өстү, жакшы келетат» деп ойлочубуз. Тескерисинче, мен ушуга таң калдым, эгер булар ушул темп менен жөнөй турган болушса, анда кайсы бир жылдары казактарда акындык өнөр жок болуп кетет. Себеби, мени менен айтышкан акын Ренат эртеси күнү финалда кытайдан келген казак акын менен айтышпай койду. Бир казак акын менен сүйлөшүп отуруп калдым. «Эмне себептен Ренат кытайдан келген акын менен айтышпай койду?» десем, «мен сага чынын айтып берейин, бизде сууруп чыкма күчтүү акындардан үч-төрттөө эле бар. Калгандары бүт баардыгын алдын-ала жазып алып, даярдангандар. Ренат сени менен айтышам деп эки ай мурда даярданган, эми анын жаттаганы түгөндү, кытайлык жулкунуп турган акын менен айтышканга даярдык көргөн эмес да» деп жооп берди.

-Болгону эки кыргыз акын барсаңар, анын бирөөсүн өткөрбөй койсо, катуу ызаланып калган экенсиз да?
-Кыргызда «карыныма эмес, кадырыма ыйлайм» деген сөз бар. Казактардын бизге кылган мамилесин карап отуруп, мамлекетибиздин алсыз болуп тургандыгына ичим ачышып турду. «Биздин өлкө дагы өркүндөп-өссө, ушундай ызы-чуулардан арылса, дүйнөгө чыры менен эмес, ыры менен, согушу менен эмес, комузу менен таанылса, жакшы жактарыбыз менен мактансак» деп ойлойт экенсиң. Быйыл биринчи жолу чакырып атышса дагы, ушундай окуялар болорун мурда эле сезгем. Алтургай, бул айтышты жүрөгүм каалаган эмес, баргым келбей турган. Бирок, «кыргыздын намысы үчүн барып келели» деп чечкенбиз.

-Сиз кыргыз акындарынын арасынан суурулуп, далай-далай гран-при, 1-орундарды жеңип келгенсиз. Бул жолу 3-орунду алып калганыңызга баарыбыз таң калдык…
-Таң калбаш керек. Анткени, биз Казакстанга айтышка кетип атканда, журналисттер телефон чалып, жаңылык сурап калышты. Ошондо мен «казактар бизге эч качан баш байгесин берген эмес, бербейт дагы, алар жеңилип турса дагы, өздөрүнүкүн жеңди кылып коет. Ошон үчүн байге алыш үчүн эмес, намыс үчүн Астанага баратабыз. Эгер биздин көзүбүз жок болсо, кыргыздарды отуруп алып шыбай бериши мүмкүн, жок дегенде ошол жерде бир сөзүнө болсо дагы жооп кайтаралы деп баратабыз» деген оюмду айткам. Алар бизден коркушкан үчүн жанагындай тыюу салып атышат да.

-Демек, кыргызды душман санаган казак акындарынын жамгырдай жаадырган сөздөрүнө көкүрөк тоскон экенсиз?
-Баш байге, 1-2-орунду алган акындардын бири менен дагы мени айтыштырган жок. Бизде талап, айтыштырып, сүрүштүрүп отуруп, этегинде жалгыз бир акын жеңүүчү болот. Буларда болсо, жалпы айтыштырып, анан өздөрү каалагандай упайды чыгарып коет экен. Эгерде менден алдыңкы орунду алган акындар менен айтыштырса, биздин даражабыз, деңгээлибиз көрүнмөк. Айтыштын жүрүшүндө мага «кыргыздар кыйналып, оокатыңар өтпөй жашап атасыңар, казактар жакшы үчүн кыргыздарды батырып атат» деди эле, мен «жо-ок, сен, казак жыргап, кыргыз куурап атат десең жаңыласың. Чуудан поезд менен келатып, жолдун боюнда жалаң казак аялдар семичке сатып жүргөндөрүн көрдүм. Алар сага салам айтты. Эгер казактар жыргап жашаса, казак аялдарга семичке саттырасыңбы, аларды сен билбейсиң… Биздин тышкы карызыбыз 2 млрд. доллар болсо, өзүңөрдүкү нече млрд. доллар, билбесең билип ал, сага айтып коеюн, чет элге болгон карызыңар. 124 млрд. доллар. Биз ушундай суммада карыз ала турган болсок, Астанадан алтоону салып алмакпыз» деп ырдадым. Эртеси айтыш бүтүп, фаеде турсак, казактын аксакал бир кишиси келип, «сен кыргыздын акынысыңбы, азаматсың, мен кечээ айтышка келалбай калдым. 7-каналдын жаңылыктарынан сенин карыз тууралуу айтышканыңды көрсөттү, келчи колуңду кармап коеюн. Казактын акындары минтип айталбайт, айтканга духтары да жетпейт. Булар аксарайдын ырчылары болуп калышты» деп ыраазычылыгын айтып, батасын берди.

-Финалдын аягында сизге калпак кийгизип, чепкен жаап, домбра белекке беришиптир, муну кандай кабыл алдыңыз?
-Жогоруда айткандай, «эки элдин ортосуна доо кетчү сөздөрдү айтпагыла» деп биздин оозубузду бууп, өзүңөрдүн акыныңарга уруксат бересиңер. Мына финалга мени өткөрдүңөр, эми мен эмнени көрсөм, болгонун болгондой айтып ырдайм, таарынбагыла» дедим. Калыстар тобу бүтүндөй элдин көзүнчө «биздин казак акындар кыргыз акындарына туура эмес нерселерди айтып ырдап алгандыгы үчүн, бүтүндөй кыргыздардан кечирим сурайбыз» деди. Экинчиден, Ренат Заитов биз жок жерде кыргызды кордоп, «Акүйдүн тосмосуна жулунатын, саясаты сагат сайын бурулатын. Кыргыз болгум келмейди кыргыз болгум, бир-бири менен согушуп кырылатын» деп же болбосо, «Төк десе ырын төккүдөй, чөк деп койсо чөккүдөй, мен кыргыздын акыны эмесмин» деп дайыма ырдап жүрчү. Ренаттан кийин Айнур Турсунбаева деген акыны менен айтышка чыктым. «Казак акындарына жооп» деген ырым ушул эки акынга жооп болгон да. Атайын ушул экөөнү мага даярдашыптыр. Айнур менен чыкканда «кыргызым жөнүндө бир ооз сөз айтып көрсүн, казактын баардык былыгын чукуйм» деп ойлоп аткам. Чыксам, ал, тескерисинче, бизди мактап жатып калды. Ал мактап атса, мен не дейт элем. Ошентип отуруп, «дос бололу, кас болбойлу, акындык өнөрдү эки элдин ортосундагы чыр нерсеге колдонбойлу, ынтымакта жүрөлү» деп Айнур акын өзү мага калпак кийгизип, чапан жаап, домбура белек кылды. Эң башкы жеңишибиз, бир кезде кыргыздар жөнүндө жамандап ырдап жүргөн казактын акындарына барып, болгондо дагы Казакстандын борборунда коркпой ырдап, бизди кемсинткендиги үчүн өздөрүнөн кечирим сураттырып келгенибиздин өзү чоң жетишкендик, чоң жеңиш болду!

Айнура Касымова, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Аалы Туткучев, төкмө акын: «Казактарды кечирим суратып, чоң жеңиш менен келдик»: 2 комментария

  • 11.04.2014 в 00:18
    Permalink

    Аалы сен кыргыздын бактысына жаралгансын ар дайым бар бол омурун узун болсун.

    Ответ
  • 16.07.2015 в 12:31
    Permalink

    Азаматсыз Аалы байке сиз кыргыздардын бактысына жаралган инсансыз, Токтогул атабыздын орун басарысыз. Казактарды дагыда болсо кечирим суратып журо бериниз. Сизге кааларым узун омур, чын ден-соолук, балдарыныздын урматын корунуз!

    Ответ

Добавить комментарий