Бүркүт үйүрү 8 карышкырды өлтүргөн

Табият менен жуурулуша жашап келген кыргыз эли жан-жаныбарлардын сырын кыйын түшүнгөн эл болгон. Ата-бабалар жапайы кайберендерден баштап, канаттууларды, майда жапайы жаныбарларды, коөн, түлкү, карышкыр, илбирстер сыяктуу бардык жаныбарларды ыйык тутушуп, аларды тукум курут кылышпай, турмуштук керектөөлөр учурунда гана тузак салган. Азыркы сөз кыла турганыбыз — канаттуулардын сырттаны — бүркүт.

Бүркүт боюнча айтып отурса, эл арасында өтө көп окуялар бар. Төмөндө, ар замандарда бүркүттөр жөнүндөгү орчундуу окуялар менен кыскача тааныштыра кетели.

17-кылымда, бир жигит калмактардан качып тоо арасында жүрсө, ыраактан бир карышкыр көрүнөт. Жигит бийик жалама ташка чыга качып, карышкыр экөө бири-бири менен тиктешип отура берет. Анан эле арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин, карышкыр белгисиз жакка качып жөнөйт. Көрсө, тээ алыстан, асмандан бир бүркүт качырып келе жаткан болот. Карышкыр кырды ашып, эки тоонун кошулган жылгасына кире качат. Жигит турган жеринен ылдый түшүп, карышкырдын артынан чуркап барса, бүркүт бир буту менен эки жаагын чеңгелдеп, көзүн чукуп жеп жаткан болот. Карышкыр өлгөндөн кийин жигит жанына барып, ичин жарып, боору менен жүрөгүн алып бүркүткө берет. Андан соң бүркүттү колуна кондуруп, достошуп, эл арасына алып келип, эт берип, 6-7 күндөн кийин учуруп жиберет.

1840-жылы саяк уруусунун курманкожо уругунан чыккан Чычай деген кишинин бүркүтү үйрү тобу менен карышкырларды бирден эңип, улам ташка чаап өлтүрүп, жалпысынан 8 карышкыр алган. Ушул эле бүркүт бир жылдан кийин Чоң-Кеминдин башынан бир эчки, бир теке алган.

1867-жылы сарбагыштардын жантай уруусунан Дуулат Ысмайыл уулунун бүркүтү доңуз алган.

Бугу уруусунун Шапак уругунан Томо деген мүнүшкөрдүн «Сары эжи» деген кыраан бүркүтү карышкырдын сөөктүү дөбөтүн алган.

1928-жылы Тянь-Шанда тынымсейит уруусунан Султанаалы мүнүшкөрдүн уя бала бүркүтү Эки-Нарындын башынан кулжа алган.

Ал эми орто кылымдарда Чыңгызхандын небереси Батыйханга өзүнүн бүркүтү өчөгүшүп калып, арадан бир топ жыл өткөндөн кийин 5 жашар Барак деген баласын эңип кетип, Батыйхандан өч алган.

***
Ал эми бүркүттүн түрлөрү 65ке бөлүнүп, анын ичинен кыраандары 19 урукка бөлүнөт:

1. Буудайык.

2. Алпкаракуш.

3. Баатыр кашка.

4. Куу кашка.

5. Бай кашка.

6. Муз мурут.

7. Жүндүү кабырык.

8. Чөгөөл.

9. Чөл.

10. Карала.

11. Кара көө.

12. Капкара.

13. Коңур чегир.

14. Үч ала.

15. Шашкалаң сары.

16. Иби кыз.

17. Куу чегир.

18. Бай коңур.

19. Чокунун карасы.

Бүркүттүн жашы. Бүркүттүн жашын беш жашка чейин эсептешет. Бир жашы — «бала», экинчи жашы —«бозум», үчүнчү жашы — «таш төлөк», төртүнчү — «кум төлөк», бешинчи жылды — «барчын» дейт. Колго баккан бүркүт 40-45 жыл жашайт. Жапайы бүркүт 65-70 жылга чейин жашайт.

Уя бүркүткө караганда, тор бүркүт жалтаң болот. Мисалы, уядан алынган бүркүт ачка болсо, ээсин качырат, торго түшкөн ачка болсо, ээсине кол сала албайт. Чөл бүркүт ачка болсо, жаш наристени эңип кетип жеп коөт. Ал эми, эгер бакма бүркүт кокустан мүнүшкөр менен өчөгүшүп калса, же ачка калса бир күнү учуп кетет да, канча жылдан кийин болсо да ээсине кайрылып өч алат. Бүркүт уядан алынып тапталса, шаңшычаак бүркүт болуп калат. Торго түшкөн бүркүт шаңшыбайт. Бүркүт арык, сагын канатынын бир-экөө же куйругу сынган болсо, анда кыраандыктын белгиси. Мындай бүркүттү он чакты бүркүт ээрчип алып, анын алганын жешет.

Бүркүттүн табы. Бүркүттү эт менен он күндө семиртсе болот. Кайтарганда этти жууп, ак жем кылып берип, өпкө берип кайтарат. Бүркүттү таптаганда ар үчүнчү күндө эртең менен жаш малдын этин сууга салып, канын, кирин жууп, катуу кылбай жумшартып берет. Мындай таптоону «ак жем» деп атайт. Бүркүткө жылкынын, коөндун, койдун жана кекиликтин эти гана берилет. Жылкынын эти өтө пайдалуу болот. Кокустан бүркүт ооруп калса, жаш жылкынын эти берилет. Уйдун эти берилбейт, себеби ал көңүлүн карартат.

Балтыр эти толгондо он күндөн кийин ууга чыкса болот. Түлкүнүн түрлөрүн бала бүркүт алат, кээде жакшы айбат көргөзсө, кайпактап чыга берет. Бүркүттү ысык жерге эмес, салкын жерге асыраш керек. Эч убакта аны томогосуз койбош керек. Бакма бүркүткө эгерде багуусу жарашпай калса, ал учуп кетет да, кайра бир күнү кайрылып ээсинен өч алат.

Бүркүттү түлөтүү. Бүркүттү абдан арыктатып, жилиги үзүүгө жакындаганда кайрадан жакшы семиртсе, таптаза түлөйт.

Бүркүттүн кыраандыгы. Алар илбээсинди алыскы аралыктан, 8-9 чакырымдан көрөт, талпынат, чабыгат. Бүркүттүн сөөктүүсүнүн жакшы тапталгандары кулжа, аркар, каман (кара кийик), элик, эчки, теке, жээрен, карышкыр, сүлөөсүн, түлкү, коөн алат. Кыраан эмес бүркүт болсо дагы, түн ичинде карышкыр жанына жолой албайт, үнүнөн качып айылга жолобойт.

Асыкбек ОМОРОВ, жазуучу
“Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий