Көз караш-талкуу: Паспортто адамдын улуту көрсөтүлүшү керекпи, жокпу?

Бүгүн биз талкууга коюп жаткан маселе коомчулук арасында кызыгууну жаратып, актуалдуулугун көргөзүп жатат. Ошол себептен улам, бул маселенин тегерегинде жаштардын пикири биз үчүн өзгөчө баалуу жана керектүү деп эсептейбиз.

Жыргалбек Касаболотов, конфликтолог, КТРКнын коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү.

Аида Абдыканова, Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын мүчөсү.

— Биздин гезит жаштарды дайыма колодоого алып келгендиктен, бүгүн сиздерди мекенчил жаштардын өкүлү катары талкууга чакырганыбыз бекер эмес. Алгачкы суроом, Кыргыз Республикасынын паспортунда этникалык таандыкты көргөзүүнү алып салуу боюнча оюңуздар кандай, кепти ушундан баштасак?
Жыргалбек Касаболотов: — Кыргыз деп жазуу боюнча эч ким маселе койгон жок, ал жерде «Кыргызстандын жараны» же «Кыргызстандык» деген сөздү киргизүү боюнча болуп жатат. Менимче, буга Кыргызстанда жашаган бөлөк улуттун өкүлдөрүнүн көбү өздөрү макул болбойт го. «Кыргызстандын жараны» жана «улуту» деген — эки бөлөк категория. Маселе этникалык таандыгын көргөзүү керекпи дегендикте жатпайбы. Себеби, Кыргыз Республикасынын паспортун алган адам дароо ушул мамлекеттин жараны болуп калат, ал түшүнүктүү. Маселе паспортко этникалык таандыгын көргөзбөө боюнча болуп жаткандан кийин, мен айтар элем, адегенде жалпы улуттук баалуулуктар калыптанышы керек. Башкача айтканда, Кыргыздын улуттук дөөлөт-мурастарына уюп, ошонун негизинде бир тилге келүүнү жолго койсок, анан акырындап улуттук Кыргыз деген атка башка улуттун өкүлдөрүн да алып келсек болот.

Кыргыздар өлкөдө калктын 75% түзгөндүктөн эмес, ушул жердин ушул мамлекеттин ээси катары болгондуктан, Кыргыз Республикасы кыргыз тилинде иш алып барышы керек. Тил маселеси, бул биринчи этап. Биздеги башка улуттун өкүлдөрү, айталы орустар, өзбектер, казактар жана башкалардын өздөрүнүн тарыхый мекени болгон Россия, Өзбекстанга жакындыгы Кыргызстанга караганда күчтүрөөк. Мисалы, Кыргызстандын жарандыгын алган орустар, «артыбызда Россия турат» деп ишенген сыяктуу көрүнүш. Кыргызстанда жашаган башка улуттардын өкүлдөрү тагдырыбыз кыргыздар менен бир экендигин, өлсө бир чуңкурда, тирүү болсо бир дөбөдө боло тургандыгын түшүнүп билиши керек, ошого өсүп бышса гана чыныгы биримдикке келишет. Антпесе, паспорт маселеси бул көйгөйдү чече албайт. Эгерде ар кайсы улуттун өкүлү өзүн этностук таандыкка идентификация кыла берсе, анда чынында улуттук биригүүгө кыйын болуп калат.

— Аида, кандай ойлойсуз, ушул маселе өз убагында көтөрүлүп жатабы, улуттук аң-сезимди көтөрүүгө паспорттогу этностук таандуулук маселеси таасир бере алабы?
Аида Абдыканова
: — Биринчиден, терминдер боюнча тактоо жүргүзүп кетейин. Бул жерде улут жана этнос деген түшүнүктөрдүн ортосунда, кичине чаташкан маселе бар. Буга орус тилиндеги түшүндүрмө да күнөөлү болуп кетсе керек. Себеби, биз айтабыз «национальный костюм» же «национальный обычай» деп, бул түшүнүк этноско карата айтылган. Бизде «улут» деген түшүнүктү этноско барабар синоним катары карай беришет. Ал эми чынында, «улут» — бул «этнос» жана «мамлекет» деген түшүнүктөрдөн жогору турат деп айтсак болот. Мына, «национальная программа», «национальный закон» дегендин ордуна — «государственная программа», «федеральный закон» деп которушат, бул өзү туура эмес. Ошондуктан, орус тилиндеги бул такталбаган мүчүлүштүктөр бизге да сиңип калган. Дүйнөдө улут этностон жогору тургандыгын бардыгы билишет. «Улутум кыргыз» дегенде кандай түшүнсө болот? Бул, «кыргыз атуулдугу», «кыргыз жарандыгы» дегенди түшүндүрөт. Туура, ким кыргыз паспортун алса, ал демек Кыргыз республикасынын жараны болуп эсептелет. Бул жерде элдин түшүнүгүн өзгөртпөсө, улуттук деңгээлге чыгышыбыз кыйын болот. Кокус, эгер азыр сыртта жүргөн кыргызстандык орус же башкасы болобу, «сен кыргызсың» десең чатак салышы мүмкүн. «Кыргызсың» деген сөз бул жерде анын улуттук таандыгын белгилейт, а бүгүнкү күндө бул нерсени көбү этностук маселе катары карашы мүмкүн. Эгер өсөбүз десек, анда алдыга умтулушубуз зарыл, себеби улут бул өнүгүүнүн формасы, этностон жогору турган деңгээл.

— Улутка өсүп жетүүнүн кандай жолдорун көрө аласыздар?
А.А.
: — Улут кандай жолдор менен пайда болот? Мисалы, биринчи түрү, Америка улуту көп этностордон биригип келип, бир казанга кайнап бышкан жыйынтыгынан улам улут катары пайда болгон. Экинчи түрү, советтик улутту айтсак болот. «Жаркын келечек үчүн!» деген ураандын астында бир канча этностук мамлекеттер биригип келип, бир чоң совет улутун жаратышкан. Дагы бир үчүнчү түрү бар, ал болсо, полиэтникалык бирдиктер тең укуктуу абалда өздөрүнүн этностук күчүн сактап калуу менен бир улутту курушат. Мисалы, мындай жол менен бириккен Австралия, Сингапур, Латын Америка, Мексиканы айтсак болот. Кыргызтсан полиэтникалык мамлекет болуп саналат, ошондуктан биздеги жүрүп жаткан Кыргызстан атуулдук, жарандуулук идеясы мыйзам ченемдүү көрүнүш деп айтсак болот. Кыргыз болуу бул акырындык менен атуулдукту, улуттук таандыкты көргөзүп калышы керек. Паспорт алууда «этникалык таандыгыңды көргөзөсүзбү же жокпу?» деген суроо бар, бул өтө туура нерсе. Кааласаң көргөзүп, каалабасаң жазбай койсоң болот. Себеби, ар бир жарандын бул маселе боюнча эркиндиги болушу керек. Менин оюмча, этникалык таандык боюнча суроону паспорттон алып койгон туура. Мисалы, 7-8 жыл мурун эле Казакстанда «казахстанец» деген түшүнүк пайда болгон. Анда бул нерсе бизге таң калыштуу болчу, себеби башка чет мамлекетке окууга чыгып келгенде, ал жерден казактар өздөрүн «казахстанец» деген түшүнүк менен алып жүрүшчү. Бул маселе бизде эми гана козголуп баштады, мен бул нерсени туура деп эсептейм. Ички биримдикке келиш үчүн маселе тилде деле эмес, эгер түшүнүү болсо, аң-сезимдик өсүү болсо — чыр чатактардан, этнос аралык конфликттерден кутулмакпыз. Көп этностуу мамлекетте этностордун ортосунда тең укуктуулук болсо, мамлекет кадимкидей өнүгүп кетет.

— Мамлекеттик көп тилдүүлүк маселесине болгон көз карашыңыздар кандай?
Ж.К.: — Бул жерде, кыргыздар өз жеринде тургандан кийин, кыргыз улутунун өз тилинде маалымат алууга жана талап кылууга болгон укугу кемсинтилип, басылып келе жатат. Мындай көрүнүштү практика жүзүндө, күнүмдүк турмуштан ачык эле байкаса болот. Кыргыз тилинин беделинин төмөндөшү, бул жалпы кыргыздардын аброюна шек келтиргенге барабар. Кыргыз улутунда мамлекеттик бир гана тил — кыргыз тили болушу керек. Мисалы, улут курууга келгенде биздин абалды америка улутун түзүп жаткан кезге салыштырууга болбойт, ал учурда, белгилүү болгондой, Американын түпкү элин кырып, жоюп отуруп күч менен мамлекет курушкан. Жогоруда Аиданын улут куруу боюнча айтылган мисалдары биздин шартка коошпой калат. Биздин учур башкача кырдаалды жаратты. Маселен, улут деп мен кыргыз элин түшүнөм. Бул жерде башынан кыргыздар моноулутка жакын болгон, кийин гана азчылыкты түзгөндөр турмуш шартына ылайык көбөйүп, калктын жалпы саны боюнча проценттик көрсөткүчү жогорулап кетти. Паспортко кайрыла турган болсок, мен ал жерде улутум кыргыз экени көргөзүлүп турушун каалайм. Ким кимге таандык экени билинип турушу туура нерсе. Ал эч кандай биримдик, ынтымак деген түшүнүккө залал алып келбейт. Кыргыздын түпкү кызыкчылыгына туура келбеген чечимдерди мен колдобойм.

— Улуттук деңгээлге келүүдө кандай кадамдар орундуу болот, канткенде бир системага түшө алабыз?
А.А
.: — Мисалы, дүйнөлүк практикалык тажрыйбаны карай турган болсок, буга бир нече факторлор жетиштүү. Саясый эрк — ойлонуштурулган саясат чечүүчү факторлордун бири. Жана тең укуктуулук, бардык этностордун ортосундагы теңдик. Жогоруда сөз кылынгандай, ырас кыргыздар 75%ды түзгөндөн кийин, бардыгы кыргыз тилинде болушу керек дегенге мен деле кошулам. Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү кыргыз жарандыгын алгандыгы үчүн кыргыз тилин билүүгө милдеттүү. Бирок, бир нерсени эстен чыгарбашыбыз керек, эгер бардыгы кыргыз тилинде сүйлөшүн кааласак, анда биринчи кезекте биздин тилге муктаждык жаратышыбыз керек. Болбосо күч менен эч кимди сүйлөтө албайсың. Кыргыз тилинин өнүгүшүнө бардык шарттарды түзүп чыгуу башкы максат.

Ж.К.: — Ушуга кошумча иретинде айта кетейин, азыр бизде мектептерде окутулуп жаткан программа кыргыз тилин жакшы көрсүн деп эмес, тескерисинче, жаман көрсүн деп түзүлгөндөй. Улуттук мыйзамдардын бардыгы кыргыз тилинде жазылып, жогорку кызматтагы адамдар расмий иш-чараларды кыргыз тилинде алып барса эле, көп маселе чечилмек. Белгиленгендей, бул жерде саясый эрк жок. Бардык котормолор кыргыз тилинен түз кетиши керек. Кыргыздын калыптанган тарыхый шартына ылайык, кыргыз тили гана өнүгүүнүн жана биримдиктин кепили болуп бере алат.

— «Бир улут, бир өлкө» деген идеяга келе турган болсок, этностордун ортосунда тең укуктуулуктун натыйжасында жогорку мамлекеттик кызматка кыргыз эмес, башка этностун өкүлү келишин туура көрөсүзбү?
Ж.К.: — Эгерде кыргыз тилин мыкты билсе, кыргыз улутунун кызыкчылыгынан чыкпай, элдин турмушу менен камыр-жумур болуп, колдоосуна татыса — менимче, эч ким каршы болбосо керек. А эгер жогорку биринчи кызмат жөнүндө айта турган болсок, баары бир ошол эле орус, өзбек же уйгур, дунган болобу, мыйзам тарабынан жол берилип, укугу болуп турган күндө деле алардын духу жетпейт. Анын үстүнө, азыр эл мындай нерсени кабылдабайт. Себеби, элибизде кыргыз жери ата-бабалардан мураска аманат болуп келген деген дээринде терең түшүнүү бар. Бул жердин ээси кыргыз деген табигый сезим бар элде. Анткени, бул жер үчүн кыргыздын каны төгүлүп, жаны курман болгон да. Албетте, конституция бардыгына жол берет, тең уктуулук деген бар, жол ачык. Бирок, кеп жолдун ачык-жабыгында эмес, кеп ошол жолго татый турган дарамет-күчтө.

А.А.: — Сиз айтып жатпайсызбы азыр эл даяр эмес, андай нерсени кабылдабайт деп. Бирок, элди даярдаш керек го, даяр эмес деп жүрө бергендин өзү туура эмес. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Мен айтар элем, адегенде паспорттогу этностук таандыкты көргөзгөн графаны алдырып салыш керек. Эгер бул графаны калтырып кое берсек, сен өзбек, сен орус деп бөлүнүү козголо берет. Мамлекет ушул жерден саясый эрк көргөзүп, «национальность», «улуту» деген графаны алып койсо, кийинки муунга бул илдет жукмак эмес. Караштырып көрсөңүз, бир себеби катары, союз убагында чек аралар туура эмес чийилип калгандыктан улам ушул маселе козголуп жатат. Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын өкүлдөрү бул жерди мекеним деп кабыл алышат, башкача болушу мүмкүн эмес. Ушундан улам элге түшүндүрүш керек, бардыгыбыз бир улутпуз, бир өлкөнү курбасак, өсүү болбойт деп. Ырас, 21-кылымда жашап жаткандан кийин, азыркы маалымат технологияларын мыкты өздөштүрүп, эл аралык интеграцияга ыкчам аралашып баштасак, өсүп-өнүкмөкпүз. Бүгүн улуттар гана субъект катары эл аралык мамилелерди жөнгө сала алышат. Бул жерде улут канчалык замандын чакырыктарына адаптацияга кирип даяр болсо, ошончолук деңгээлде биз утабыз. Сырткы саясатты карап көрсөңүздөр орустардын таасиринен чыга албай эле келебиз. Россиядан башка кызматташтыкты башкалардан негедир издебейбиз. Болбосо, жаныбызда Кытай турат, буларга биз аябай жабыкбыз. Кичи Азия, же мына Түштүк-чыгыш Азияны алалы, Япония, Корея кандай укмуш өнүккөн региондор. Эмне үчүн биз ушул региондорго чыга албайбыз? Өзүбүздү дүйнөгө ача албай эле, кысынып, Россиядан бөлөк региондорду көрө албастыгыбыз, аларга умтулбагандыгыбыз мени өкүндүрөт. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издебей эле, ушул СНГнын ичинде камалып отургандай болуп жатабыз. Өнүгүү үчүн жаңы шарттар,

жаңы мейкиндик, жаңы түшүнүктөр керек.

Ж.К.: — Сырткы саясат боюнча Аида туура белгиледи, эл аралык мамиледе тең салмактуулук болбосо, бир жактын таасири күчөп кетет экен. Алыс барбай эле, орус тилин алсак буга мисал. Тил, бул өзү пикир алышуунун эле коммуникативдик каражаты эмес, анын руханий жана психологиялык өңүттөрү да бар. Албетте, колдон келсе жаңылыктарга ачык болушубуз керек жана мезгилдин чакырыктарына ыңгайлашуу өтө олуттуу маселе. Бирок, ошол эле учурда кыргыздар улут катары сөөгүбүздү сындырып албашыбыз керек. Азыр кыргыздар үчүн улут катары өзүн таанып билүүсү, өзүнүн ким экендигин аңдап билүүсү маанилүү. Кыргызстандын жалпы тагдыры кыргыздардын мойнунда, ошон үчүн бизде жоопкерчилик абдан чоң. Кийинки келген мурункуга баш ийип, азчылык көпчүлүккө макул болушу керек. Өзгөрүүгө дайым даяр болуп, бирок улуттук баалуулуктарыбызга чыккынчылык кылып алсак, мамлекеттүүлүк касиетибизден ажырап калышыбыз мүмкүн. Ушуну ойлонолу.

А.А.: — Бизде өнүгүүнүн чоң потенциалы бар, Борбордук Азиядагы келечектүү мамлекет кыргыздардыкы. Себеби, бизде саясый окуялар ачык өтүп, демократиянын белгилери даана байкалып жатат. Биз өзүбүздүн өнүгүү жолубузду кадимкидей баштап, умтулуубузду көргөзүп жатабыз. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана өзгөрүүнү калың эл колдоп, бийлик өзүнүн саясый эркин жана чечкиндүүлүгүн көргөзүп турса, Кыргызстан бат эле бутуна туруп кетет.

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, “Көк Асаба” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.12.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий