Эрнис Асек уулу. «Записки от скуки»

Сагыныч
Киши сагынат экен. Жыргалбек досумду сагындым. Чоюн байкени сагындым. Шайлообек байкени сагындым. Түгөлбай байкени сагындым. Алым байкени сагындым. Төлөгөндү сагындым. Жолдошбек Зарлыкбековду сагындым. Асланды сагындым. Кенжебек Алдаярды сагындым. Анан, анан Мелис байкени сагындым. Маңдайымда олтурган Сурат байкени сагындым. Сагыныч ушундай экен. Сагын эжени сагындым. Сагынчу кишилер өтө эле көп экен. Салтанатты сагындым. Анан бир кызды сагындым. Сагыныч, тур, жогол!
2011-жыл, декабрь

Безумные ночи
Безумные дни и безумные ночи… Мне нечего сказать. Боль страшная. И физическая и духовная. Сколько бы ни умничал, это не помогает. Я теряю рассудок. Одиночество гложет меня. «Черный человек, черный человек…» мучает меня каждую секунду. «Отстань от меня!» кричит душа моя. Он не отстает. Смотрю телевизор, читаю книжки… Нет, не помогает. Третьи сутки ничего не ел. Не спал. Безумные думы заполняют мой мозг. Сегодня понедельник. На работу пришел пешком. Целых полтора часа топал и топал… Рядом шел «черный человек». Как в таком состоянии делать газету. Не знаю…

Кубаныч угостил вином. «Черный человек» исчез. Но боль не утихла. Дела, газеты разрывают меня на куски. Мелочь, конечно. Но мне предостаточно этой мелочи…

Сегодня встретился с дочкой и сыном. Я поцеловал их. И понял, что их теряю. Так долго сидел у меня в кабинете. Какая грусть в глазах у такого маленького человечка. Какой я козел! Я должен был терпеть ради детей. Но и сам хотел жить человечески. Терпение — романтическая трусость. Я струсил…

Думаю о Джозефине. Умница моя. Мы не общались уже неделю. Как она ругала меня, за то что я пью. Все дороги ведут в Рим. Буду ли я когда-нибудь в Риме? Это большо-ой вопрос? Может приедет она? Не знаю. Я знаю, что ничего не знаю. Вот так и проходят дни…
2007-жыл, декабрь

Ырлар
Ырларымды окуйм. Менин ырларым күчтүү. Бирок чыгарбайм. Мен өлгөндө чыгат. Өздөрү эле чыгат. Менден сурабайт. Мен Түгөлбай байкенин жалгыздыгын түшүндүм. Ошол жалгыздык мени эңшерип кетти. Ырлар болуп туруш керек экен. Кыргызды сактаган ыр менен күү.
2011-жыл, декабрь

Тырмак
Түндө түшүмө кирди. Көз жумганы түшүмө кирелек эле. Негизи эле түшүмө кирчү эмес. Бир гана жолу… Ригадан. Чыйрыгып муздак бөлмөдө жатам. Кошуна балдар сабакка кетишкен. «Давай, Маленький философ, поправляйся, завтра пойдем смотреть Дали» деп тажик досум Паймон колдон кысып чыгып кеткенине чыйрыккан денем жылыгансып, Балтиканын муз илеби терезени саймалаганын карап жатып уктап калганымда, кадимкидей түшүмө кирген. Муздак бөлмөбүзгө чүкөдөй бою баш багып: «Э-ээ, садагаң кетейин, эмне мынча бөлмөңөр муздак? Дагы эле малынып жатасыңбы, тур окушуңа бара гой!» деп жатыптыр. Ойгонсом, чылпылдап тердеп, куландан соо болуп калыпмын. Бөлмөдөгү балдар кыткылыктап, чай ичип олтурушкан экен…

Түндө өмүрүмдө экинчи ирет түшүмө кирди. Дагы Ригадагы бөлмөмдө чыйрыгып ооруп жатыпмын. Кудум мурунку түшүмдөгүдөй кара кемселчен чоң апам кирип келди. Бирок сүйлөгөн жок. Шашпай эки жагын каранып, кара жоолугун кымтыланып, жаныма келип, жыпжылуу алаканын чекеме койду да, анан жыпжылуу эриндери пешенемен сүйдү. Андан соң керебетиме отура кетти да, эки тиземе кыпчылган колумду сууруп чыгып, жазды да, унчукпай башын чайкап, кемселинен баягы-баягы кичинекей көк макисин алып чыгып, көпкөк болуп өсүп кеткен тырмагымды ала баштады…

Бала кезимде чоң апам көк макиси менен эски чүпөрөк-сапарактарды сөгүп олтуруп, анан тайраңдап ойноп жүргөн мени көрүп, «Ай, сары, бери келчи» деп, жанына барсам, «көкмаңкаң деги жок экен, а көкорогуңчу?» деп калаар эле. Эки колумду сунуп мен турам. «О кудай алаткыр, чычкан союп жечүдөй болуп, дагы мага көрсөтпөй жүрөсүңбү?» деп колундагы баягы көкмакиси («Берекем, Асектайым, ушу шаарга көчүп келгенде, кемселдин баарын аңтарып атам, түйүнчөктөрдү аңтарып атам, «Ой, апа, эмне издеп жатасың?» деп атпайбы. «Ой, жанагы чоңкаптын оозундагы жип чие байланып калыптыр, ошону кесейин десем, жер жутуп алгансып, маким жок» десем, күлүп: «А-аа, ошол элеби, аны мен машинеден жүк түшүрүп жатып, аркандарды кесем деп, зым кесип алыпмын, сындырып алдым» дегенде, «Эмне дейт?» дегенчекти эле, «Анан кара кемпирдин каарына калбайын деп, жакын жерде темир дүкөн бар экен, чуркап барып алып келе койдум, апа. Баасы 35 эле тыйын экен» деп ушул көкмакини берген. Жанынын бекемдигин карачы, ошондон бери жүрөт.») менен тырмагымды шашпай алып кирер эле. Жөн албай кемселинен (оо, апамдын кемселинин чөнтөгүндө эмне гана жок болчу) көк жүзаарчысын алып чыгып, алдына жайып, «чыпалактыкы чыр болот» деп чыпалактын тырмагын көк жүзаарчысына салат, «атыжоктуку аңкоо болот» деп аны салат, «ортонуку осурак» деп муну салат, ошентип эки колдун тырмагын көк жүзаарчыга салып бүтүп, бүктөйт да, колума карматып, «Эми чуркаган бойдон короонун башына барып, бая мен көрсөткөн жерге көөмп кел!» дейт. Мен диңкилдеп чуркап жөнөйм. «Тырмакты кудай эмнеге өстүргөн дейсиң, бул адамдын күнөөлөрүнүн чен өлчөмү, ошонүчүн тез-тез алып, күнөөлөрүңөн арылып турушуң керек, анан эч качан жерге чачып жибербе, кулунум, бир жерге көөмп кой, кийин кыямат-кайымда кудай сурак жүргүзүп, «тырмактарыңды алып кел» дейт. Баягы көөмп койгон жериңен таап алып барасың. Таппасаң чындап кудайдын каарына калганың ошол» деп калар эле. Мен болсо жөн турбай: «Баягы күнү Гулина колума чапты эле шамалга чачылып кетти, бармагымдыкын эле араң таптым» десем, «Гүлтүктай колуңда тырмак бар экенин билбей калса керек да, кудайым кечирер» деп калчу. «А эмнеге Кумаш эжемдер тырмактарын мо-мун-даа-ай кылып өстүрүшөт?» десем, «Пейил бузулбадыбы, балам, эстери жок да, кечинде эстетип кой, этектерин жабайын» деп калаар эле.

Ошентип чоңапам тырмагымды алып жатыптыр. Тура калып дароо карасам, кудум бала кездегидей көкорок болуп чыккан экен. Күнөөлөрүмдү ойлодум. Ойлорум оңкошок ата баштады…
2006

Партия
«Человек прекрасен, но люди свиньи».
(Иоганн Нестрой)
Жокем айткандай (айжаак Жокеме айла жок да) мени «вербовать» этип киришти. Улам бири келет, улам бири чалат. Алайлыктарча айтканда айраң калдым. Ушунча болуп мени менен бир да саясатчынын иши жок эле. Менин да ишим жок болчу. «Биздин партияга келбейсиңби?» деп суроолуу карашат, атүгүл телефон чалышса, телефонум суроолуу карайт, эй.

Бир партиянын төрагасы келиптир. «Сени сыртыңан тааныйм, кел, таанышып алалы» дейт. «Мен да жакшы тааныйм» дедим. Тааныштык. Баарлаштык. Билип турам, сезип турам. «Азыр гезитти айтат» дегенимче болбой, «Колуңда гезит бар эмеспи» дейт. «Сен өлкөгө керек адамсың» дейт. Ушунча болуп өлкөгө керек экенимди билбепмин. Оголе көп сөз болду. Ичимен аябай күлкүм келет, же кашайып күлалбайм. Эл жөнүндө сөз болуп кетти. Эртеден бери «элди ойлогон киши жок, элге лидер керек» деген кишибиз бир аздан соң ошол элге нааразы боло баштады. Малга теңей баштады. Сөзүн бөлүп, «Человек прекрасен, но люди свиньи» дедим. «Жалт» мени карады. Көздөрү күйө түштү. «Эй, аябай туура айттың» дейт. «Берчи колду» дейт. «Вот сендей жигиттер керек» дейт. Анда мен: «А бывает и наоборот» дедим. Суроолуу карады. «Люди прекрасны, но человек свинья» дедим. Делдиреп эле калды. Анан алсыз, арсыз жылмайды…

Акырын кабинеттен узатып койдум…
2007 

Көзайнек
Студент кезде лекциялардан «Не смотри на мир через розовые очки» деп орусча кат жазышар элек. Дүйнөнү сугалак көздөр менен караган ошол кез кайда десең? «Кара сайда!» деген киши жок. Көзүм сегизинчи класстан эле бузула баштады. Китеп менен телевизордун сазайын бердим го! Азыр деле ошол. «Ээ, кудай садагаң кетейин, көздүн да курчу кетти, ушул көзүмдү албасаң экен» деп калаар эле чоң апам. Кудай апамдын жалынычын укпады. Көр болуп калды. Көзү көрбөсө да, көөдөнү менен көрөр эле. А биз көзүбүз көрсө да, көөдөнүбүз сокур. Он жылдан бери көзайнексиз жашоо жок. Жылдан жылга күчөп да барат. Канча көзайнек сындырдым? Миллион! Көзайнекке кеткен акчалар азыр бар болсо, миллионер болмокмун, эй! Мас болгон күндөрү колумда ууштап бырчалап, ыргыткан күндөрүмчү! Көк асманды, жылдыздуу түндү көзайнек менен карагандан кача баштадым. Эшектей эле жер карайм, жер карайм… «Көөдөнүң көр болсо, бара-бара көзүң да көр боло баштайт турбайбы» деп чоң апам кобуранып калчу эле. «Слепой ведет слепого» деген сөздөр «көө-дөндөн» ушундай бир буулугуп чыгат дейсиң… Тык токтойсуң! Анткени Акыйкаттын Кайнар Көзү турат. А сен туткундасың. Жер — түрмө, сен — түрмө, ал — түрмө, мен — түрмө… Түтүнүң чыгат. Түндөй караңгыда турасың. Көзгө сайса көрүнгүз. Көзайнегиңди аачымыш болосуң. Көөдөнүңдү аачыйын деген оюңа да келбейт…
2005

Ай
Анда он тогузга мына чыгам деп турган жаш кезим, мас кезим, кесир кезим, эссиз кезим. Курсташ кыздар чурулдап калышты. «Студенттердин жазгы фестивалына Жазуучулар Союзу «Учкун» деген альманах чыгарганы жатышыптыр, сен да бербейсиңби!» дешип. Лекцияда олтуруп «Ай» деген бир аңгеме шилтей койдум. Анан бутту покко, башты көккө малып, кыздар айткан аты бар, заты жок жазуучу агайыма жөнөдүм. Жакшы тосуп алды. Аңгемемди алдына жая салдым. Алгач көз жүгүрттү. Анан үңүлдү. Анан мага тике карады да: «Айныган бала эмессиңби?» деди. «Эмне болду, агай?» дедим. «Эмне эч нерсе түшүнгөн жоксузбу?» дедим. «Эмне эч нерсе окуган жок белеңиз?» дедим. «А-аа, «Алиппеден» башканы билбейсиз да» дедим. Кабинетинен ит кубалагандай эле кубалап чыкты. Оозуна ак ит кирип, сары ит чыгып ал калды. Тоо томкоруп койгонсуп, аңгемемди кучактап мен кеттим. Азыр көчөдөн көрүп калам. Карып калыптыр. Жакшы киши. Ошондогу жаш бала мен экенимди кайдан билсин. Мен да айтпайм. Учурашып калабыз. «Гезитиңер чыгып атабы?» деп коет. «Чыгып атат» деп калам. Ошол аңгемемди он жети жылдан кийин таап алдым, эй! Окуп алып чалкаман кеттим. Кууп чыкканындай эле бар экен. Мынакей:

* * *
Таранчы акырдын кырына конуп, эки жагын каранды да, кайрадан учуп кетти. Акырда аттан калган жемдин жугунда кызыл кумурска адашып жүрөт. Бирөө сууну ачты. Демек, чай койгону жатат. Ашканадан идиш-аяктын калдыраганы угулду. Вагондун терезесинде чексиз талаа жүгүрүп барат. Поезд шарактайт. Чачтары үксүйгөн жаштар гитарада ойнойт, ырдашат, күлүшөт, жыргашат. Ашканадан ширенкенин жанганы угулду. Онсегизмиң ааламдын болгон акын-жазуучу аттуулары караңгы бөлмөдө акырдын кырына конуп, кайра учуп кеткен таранчы менен жемдин жугунда адашып жүргөн кызыл кумурска жөнүндө кызыл чеке болуп талкуулап жатышты. Карганын үнүндөй бирөө «карк» этип, эч кимге сөз бербестен, эрди эрдине тийбейт. Кызыл чоктор өчүп-күйөт. Ашканада бүжүрөп сүйлөшкөн эки кыздын үндөрү угулду. «Ушуларга тамак жасагандан тажадым. Күнүгө эле жетип келишет» — «Айтпа!» — «Тамак ичкендери аз келгенсип, үйдү ыштап бүтүшмөй болушту. Анан конуп калгандарын кантесиң!» — «Ошону айтсаң!» Вагондогу жаштар дале ырдап жатышат. Алардын ырынан коркуп, терезедеги казактардын чексиз талаасы качып бараткандай. Поезд өз ритминде. Радиодо акыркы жаңылыктар. Көкүрөгүндө ордени бар картаң чал жаштардын үнүнөн улам үналгы угалбай кабагын чытыйт. Поезд өз ритминде. Жигит саатын карады. Кичинекей чакан гүлзарбакты аралап бүтүп, тажап бүтүп, олтургучка көчүк басып, саатын карады. Жигитке бул дүйнөдө сааттан башка эч нерсе калбай калгандай туюлду. Алакандай күзгү жигити карабай кеткен селкидей терезенин кырында кайгылуу жатты. Бетине упа чачылып, ыйлап жиберчүдөй кайгылуу жатты. Акындар туйбады. «Эмнеге кумурска жемдин жугунда адашып жүрөт?» деген соболго баш катырышууда. Кызыл чоктор өчөт-күйөт, өчөт-күйөт, өчөт-күйөт. Карга какылдайт. Кайрадан ашканадан ширенкенин жанганы угулду. Жанганы чүчкүрүккө окшоду. «Мен сени сүйөм!» деди жигит селкисинин алкымынан аймалап. «Сен Дюруага окшошсуң, сен — Дюруасың!» деди селкиси. Мопассандын каарманын атады. Селки өмүрүндө биринчи жолу бир китеп окуп келип, түнү бою көзүн илбей окуп келип, ушул эле жигити берген китепти окуп келип, жигитине ушинтип айтты. Жаштар шарактап калышты. Колундагы гитарасын жанындагы кара кызга карматып, жанатан бери чозуп отурган чачтары каакымдай барпайган сары чийкил семиз жигит селки менен жигиттти карап, шылдыңдай бир каткырып алды да, мектепти аяктап жатканда бир сулуу менен таанышканын, аны сүйүп калганын, ал анын алгачкы махабаты экенин, анан үйүндө эч ким жокто ээрчитип барганын, экөөнө төшөк салдырганын, анан алгачкы махабаты ошол түн менен бирдикте кетип калганын, кыз экөөнү жетимдей кылып таштап кетип калганын чычкаак философтой сөөмөйүн чычайта өйдө көтөрүп, аягында «бул деген табийгаттын улуу тамашасы!» деп айтып бүтүп, каткырып алганда, каакымдай үксүйгөн жаштар вагонду жаңырта дуу күлүштү. Абышка дале кабагын чытыйт. Поезд болсо өз ритминде. Поезд өз ритминде.

Акындар талкуулап жатышкан ыр жазылган барак калдактаган бойдон келип, жай таап алгансып тактайга жабыша түштү. Караңгы бөлмөнүн каалгасы ачылып, ашканадагы кыздардын бири аш көтөрө тактайдагы ыр-баракты тепсеп өттү. Акырдагы жемдин жугунда адашкан кызыл кумурска көрүнбөйт. Жигит селкисине мактанып, акырдын кырында конуп турган таранчыны мээледи. Ача жыгачынын ташкап чоймосу керилди. «Мен сени сүйөм!» — «Бул деген табийгаттын улуу тамашасы да!» — «Ха-ха-ха!» — Үндөр үзүлдү. Селкиси көздөрү аңтарыла «тырп» эткен таранчыны такасы менен томолотуп көрдү. Акын-жазуучулар дасторкон үстүндө мулчуңдашат. Бетине упа төгүлгөн күзгү болсо ай шыкаалаган терезенин кырында кайгылуу жатты. Чын эле терезеден ай шыкаалайт. Ай…
1989

Боор
«Бир боорум» дейт кыргыз. «Жети атаңдын боорун же!» дейт. «Колун бооруна алды», «Боор эт», «Тоонун боору», «Боор оорусам, боорго тебесиң», «Боору бүтүн», «Уй боор», «Боор курт», «Боор баскак», «Боорум каткыча күлдүм», «Боорум эзилди», «Боору эзилип өлүптүр», «Кара боор», «Таш боор», «Төрө боор», «Боорукер», «Боортолгоо», «Боорлош» дейт кыргыз акең.
Менин боорум ооруп туру…
2004 

Собол
«Каяктан каякка баратасың?» дейт. «Сенчи?» десем. «Жөн эле жүрөм» дейт. «Ошо да, ушинтип жүрө берелиби?» дедим. «Анан эмне кылмак элек?» дейт. «Сенин сурооңо алмустактан бери канча даанышман тишин сындырып келет?» дедим. Кайра: «жүрсөң жүрө бер» дедим жиним менен. Кетип калдым.
Артыман: «Дагы эле баягы менен баш оорутуп жүрөсүңбү ?» деген дейди соболу жаңырып кала берди.
2005

Бийиктик
«Если не поднимать глаза, можно уверовать, что ты — самая высокая точка».
(Антонио Поркья) 

Лев Николаевич Толстой Ясная Полянадагы үйүндө китеп окуп олтурган. Кулак-мурун кескендей жымжырттык эле. Бак-дарактардын шуудураганы, чымчыктардын сайраганы угулбайт. Босогодо эки караан пайда болду. Лев Николаевич карап да койгон жок. «Эмнеге келдиңер?» деди баш көтөрбөй. «Сизге асмандан түшкөн китеп алып келдик» деди караандар. Алакандай китеп сунушту.

… Орус адабиятынын залкары ордунан обдулуп, караандарды үйдөн кубалап чыкты.

Көп деле күн өткөн жок. Лев Николаевичтин тунук акылы, орундуу сөзү кетип, күндөн күнгө кадимки орус аюусуна айланып баратты. «Жин тийди» дешти баары бир ооздон. Чогулушту. Чочушту. Чокунушту. Залкар жазуучу жин тийип жан берди.
2005 

Соц тармактар:

Добавить комментарий