Кыскалык — таланттын сиңдиси

Сен киши! Жер шимшиген ит эмессиң,
Сен киши! Музда сүзгөн кит эмессиң.
Сен киши! Ит агытып, балык жеген,
Сен киши! Киттин ичин жарып жеген.

Сен киши! Боору катуу, жүрөгү таш,
Сен киши! Мээси калың, жумуру баш.
Жер бетин такырлантып, жакырлантып,
Жеп-жутуп алганың мол, бергениң аз.

Сен киши! Жер-энеге кайрым кылбас.
Сенейип калмайынча жаның тынбас.
Көзүңдөн чыксын жеген- ичкендериң,
Көр казсаң, казанагын кеңирээк каз!

Бир гана көрө элексиң жердин астын,
Куу башын топуракка тоюп жатсын!

Экологияны бүлүндүрүп, жерди эрозияга дуушар кылып жаткан браконьерлерге арнаган бул саптарды көңүлгө түйө жүргөн абзел. Башка акындардын баркын бир мүнөткө да кемитпей туруп айтканда да, Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсуновдун ушундай терең ойго салган, фундаменталдуу маселелерди камтыган салмактуу саптарын окуганда анын поэзиясы адабияттын жогорку талабына жооп бере турган, адабият тарыхында сакталып кала турган нукура поэзия экенин баса белгилегим келет. Ал кызыл алтын ичинен иргелип алчу маржандай ырларды жараткан, дүйнөлүк классикага сугарылган, поэзия атрибуттарына бөтөнчө маани берген, кыска бирок нуска жазган, курулай шаңдануудан, даңктан качкан, мактоого муктаж эмес, асыл нарк баага гана татыктуу, поэзия өнөрүнүн зергери. Ал адабиятта кандай милдет өтөөнүн, кандай жашап, кандай иштөөнүн өрнөгүн билген, адистикти, зергерликти, кылдаттыкты, профессионал адабиятты кандай түшүнгөн, поэзия үлгүлөрүнө тарбияланган, эрудициялуу акын.

Киши жегич машина
Жомоктой табийгаттын жайы-кышы,
Жол болуп, шаар болуп шагыл-ташы.
Дүрүлдөп жүрөктү өйүп жүрүп турат,
Дүйнөнүн киши жегич машинасы.

Ажалга моюн сунуп кары-жашы,
Адамдын жерге кирип алтын башы,
Дүлөйдөй бир сөз укпай жутуп турат,
Дүйнөнүн өлүк жегич машинасы.

Баратып машинада жубай менен,
Байкатпай мен өзүмөн сурай берем:
«Түшөбүз машинага, түшкөн сайын,
Ой келбей кайсы туштан кулайм» деген.

Бул эмне? Бул дүйнөнүн айлампасы:
Сорулган адам башы, аккан жашы.

Бул технократия менен нефтехимия замандагы андан бетер актуалдуу тема акындын кылдат келеминен шөкөттөлүп эркин чыккан. Поэзиянын түр килемин тестиер чагынан соккон, далай уйкусуз түндөрдү, түйшүктүү күндөрдү, жомоктой жылдарды башынан өткөргөн акын-агабыз жашы өр тартып, жетимиш бешти чапчып турганда, жүрөк сөзүн тартынбай, ачык айтканыбыз лаазым. «Арашан» чыгармачылык үйүндө бирге жатып, бирге иштеп, чарчаганда, эс алганда, сейилдегенде угарман өнөгүн баалаган бул сөзмөр, тилге бай, ойго бай, чечен акындын оозунан не бир кызык икаяларды, окуяларды, болмуштарды угуп, кагазга түшүрүп берүүсүн өтүндүм эле. Албетте, эмоциялуу, мимикалуу, ишаарат, жаңсоолор коштогон дикциялуу, тембрлүү үн менен дилгир кылып айтып бергенге эмне жетсин! Ошондой болсо да, образдуулугун, мазмунун, көркөмүн сактоого аракет кылып оозеки айткандарын жазып алып, «Алас» жана «Агым» газеталарына жарыялап келдик. Ага суроо-талаптар көп болду.

Классикалык чыгармаларды адекваттуу которгон, чоң романдарды жараткан, поэзиянын тишин чаккан автор адамдар менен коомдун кедерги чекиликтерин, одоно, осол, жылаңач жактарын ашкерелеген жана да жаштардын жандүйнө лаззатын козгогон жаңы китеби «Бийиктик» басмасынан жарык көрдү.

Базар кымгуут… маектешер киши жок,
Баары маңкурт… киши менен иши жок.
Кайтарганы: өтөөр-өтпөс товары,
Карап аны отурат тиши жок.

Катар жатат: алтын, күмүш жасалга,
Кайнап атат: эт, май, күрүч казанда.
Аңдай карап бирин-бири соодагер,
Акча өкүм сүрөт базарда.
Жеке бул эмес, мурдагы жарык көргөн китептерин кайрадан барактап архивдеги газета-журналдарды аңтарып отуруп, филология илиминин докторлору Кеңешбек Асаналиев, Качкынбай Артыкбаевдер «бул инсан чыгармачылык зор потенциалы бар, күчтүү сезимдеги эмоциалдуу акын» экенин анализдеп, талдап, торко электен өткөрүп, жогору баа берип келишкен. Кеңешбек Асаналиевдин «Жалгыз өзү» деген макаласын караңыздар. Анда «Жүз жыл-жылгыздыкта» деген сыңары, турмушту өз көзү менен көрүп, дүйнөнү өзүнчө туйган, өзүнчө кабыл алган, өзгөчө бөлүнүп турган, эч бир топко, уюмга катышпай, өзүнчө жүргөн акын экени баса айтылган. Өз учурунда орошон окумуштуулар баа берген акындын соңку китебиндеги канаттуу саптар алдыбызга өзү эле учуп келип, ак барагыбызга коно калган соң, четинен мисал алып, эки ооз болсо да жүрөк сөзүн айтууну адамдык парзыбыз, чыгармачылык вазийпабыз деп чечтик. Эч кимге ыр арнап, кошомат кылбаган акын ушул экен.

Айла барбы, оору деген оору да,
А жанында ажал жатат тоорула.
Кооптоно керээз айтат карыя:
«Койгула деп, Ала-Тоонун бооруна».

Байкагандар «бүттү» дешип кеп кылат,
Байкуш ноокас «бүттүбү» деп шек кылат.
Дарттан мурда жабалактап жамандык,
Санаа, санаа, санаа адамды жеп тынат.

Бул китепке ички сезимден толгонуп чыккан ар кыл багыттагы лирикалык ырлар, элегиялар, экспромттор, экологиялык, эпитафиялык, алты саптан, сегиз саптан жазган октавалар жана этюддар деп аталган бөлүмгө такмаза, тамаша, эссе, азилдер, какшыктар, мыскылдар кирген. Эч качан күчүн жоготпогон өлүм-өмүр темасы өзгөчө ракурста, сонет формасында жазылган. Эстеликке жазуулар, көөнөрбөс көңүл ойну, жайлоодогу лазаттуу түндөр, арзуу күндөр, тоодогу табийгый күрөш, атактуу адамдардын урунттуу окуялары орун алган. Эротиканы образдуу жазуу көрүнгөн адамдын колунан келбейт, аны поэзиянын жогорку деңгээлин кылдат түшүнгөн, ырга чебер профессионал акын гана окурмандын делебесин козгоп, жандуу, аракеттүү, көркөм жаза алат.

Көз алдыга келе калса бир элес,
Калем алып жаза салган ыр эмес.
Ыр деген бул-өмүр, өлүм, тагдырың,
Ырдап берип келинге айткан сыр эмес.

Оттой ырлар-өткүр болот кылычтан,
Оор жумуш-таш көтөргөн жумуштан.
Баатыр акын таамай айтып чындыкты,
Башы алынган батыштан да чыгыштан.
Адамдын жансырын, жандүйнөсүн, жансезимин, уйгу-туйгусун билдире турган, элге кеңири тараган, окурман тажабаган, жагымдуу, жалындуу, сабырдуу саптар, жүрөккө жакын жөнөкөй ыргактар акын Эрнис Турсуновго табийгый мүнөздүү. Ал эңсеген селкиге, ынак доско, аздектеген адамга, табиятка, адамга, мекенге оозеки айта албаган, кагазга жаза албаган жашыруун сырларды лирикалык саптар туюндурат. Бул анын поэзиядагы кылдаттыгы. Он төрт саптан турган сонет формасында болобу, Эрнис Турсунов тезис менен антитезисти мыкты өздөштүрө билген акын. Болбосо, сегиз саптар десе, жөн эле логикасыз, тезис-антитезис жаза салган аңкүдүк акындар азбы? Алар ырдын архитектоникасы, поэзиянын атрибуттары менен иши жок, тушкелди соктура беришет. Сегиз сап октавада: биринчи төрт саптан турган тезис айта турган ойду даярдаса, экинчи төрт саптан турган антитезис поэтикалык ойду жыйынтыктайт. Логикага нокот коёт. Саптар өзүн-өзү кайталабай, поэзиянын көркөм каражаттары менен шөкөттөлөт. А бизде нокат коёрду билбеген көп акындар бар.

Кирип келип так алдыма кулайсың,
Кечиргин! — деп боортоктоп сулайсың.
Жалдырайсың кылган күнөөм кайсы деп,
Билесиң да! .. Менден несин сурайсың?

Кеп анда эмес! Кеп мамында эй, тууган!
Кетмен чапса, нан табылат жей турган.
Мендей эле киши го деп мээнеткеч,
Менде күнөө: сени өзүмө тең кылган.
Биз жаш чакта колго алган «Жигиттик», «Бийиктик», «Чексиздик», «Автопортрет», «Алтын муза» деген татынакай жыйнактардан тартып, азыр колубузда турган «Күткөн кезде кел-кел» деген китебине чейин Эрнис аганын ырлары таза сезим туудурган, өмүргө өбөлгө болгон, сергилең лирика. Акындын ар бир китеби жарыкка чыккан сайын реликвиядай сактап, текчеден алып, башка жаздап, барактап жатабыз. Анын канаттуу саптары кандай ойдо турсак да, мейли бук болуп, камыгып, жабыгып, иштеп, чарчап, чаалыгып же ооруп калабызбы-жашоого жеңилдик берип, көшүлтүп, магдыратып, таттуу кыялга малып уктатат. Уйку кушу бетибизден сылап, таңында сууган аттай сергип, эргип турабыз.

Эл бар эле шайыр жүргөн күн-түнү,
Элде болчу күлкүлөрдүн түркүмү.
«Эй, ары жок күлкүчү» деп калышчу,
Ким жоготту шыңгыр күмүш күлкүнү?

Кантип айтам ичте жүргөн туйгуну,
Калды жерде кайран сөздүн куйкуму.
«Санаасы жок уйкучу» деп калышчу,
Сагындык го санаасы жок уйкуну.
Поэзиянын чоң критерийи менен талаптуу караганда да, Эрнис аганын лирикасынын кыйкым табалбай, тереңине, мукамына сүңгүп киребиз. Ар бир сабагынан, жарк эткен кооз саптарынан мисал ала берсек, танбайбыз да жадабайбыз, тескерисинче көркөм уйкаштары, жеңил ыргактары, жүрөккө кыттай уюган асыл ойлору тамшантып, таасирлентип, өзүнө магниттей тартып турат. Акын деп, тартылуу күчүнө, табийгый жаралышына эркин жетелеп, кайра окууга аргасыз кылган таалимгер устатты айтабыз. Анын музасы да, кусасы да, музыкасы да кабын тээп, чыңалып турат.

От башында отурат го бир кемпир,
Ошол кемпир келин эле бирден-бир.
Кантмек эми өкүм кылып карылык,
Кабагына караңгылык киргендир.

Сулуусу эле кайран келин адамдын,
Суу алалбай калган тура, каран күн!
Карылыкка каргыш айтпай не дейсиң,
Келет тура жакшы адамга жаман күн.

Эрнис ага улуу-кичүү каламдаштарын бөтөнчө урматтаган, акын агалары: Аалы Токомбаев, Жоомарт Бөкөнбаев, Жусуп Турусбеков, Алыкул Осмонов, Ясыр Шиваза, Райкан Шүкүрбеков, Мидин Алыбаев, Сүйүнбай Эралиев, Сооронбай Жусуев сыяктуу таланттарды өткөрө баалаган, Чынгыз Айтматовдой улуу инсанга терең анализдүү макалаларын арнаган сергек, кыраакы, ак дил акын. Андыктан, «ошондо неге бир ооз жылуу сөз айтпадым», деп учурунда көрө албай, өлгөндө өкүнүмүш болгон айрым бир анткор жазармандарга окшобойт. Кыргыз адабияты менен маданиятына зор салым кошкон агаларын прессадан да, телерадиодон да анализдеп, даңазалап, калыс баасын берип келет. Ошону менен бирге көкүрөгүн каккан көөдөктөр, жасалма, арамза жазармандар менен эч келише алмак эмес.

Ал жашады доомат кылып «жазганын»,
Доомат кылып жерде тирүү басканын.
Алтын орден таккан менен төшүнө,
Жазалган жок калктын улуу дастанын.

Алтын калем алган менен колуна,
Алтын роман калтырбады дооруна.
Ал жашады милдет кылып «эмгегин»,
Атак, сыйлык, акча төшөп бооруна.
«Арашан» чыгармачылык үйүндө бирге болуп, Эрнис ага убакытты кандай пайдаланып, кандай иштегенин, адамга кандай мамиле кылганын, эмнелерге кызыгып, эмнелерди баалаганын байкаган элем. Бир күнү маектешип отуруп, чыгармачылыгы жөнүндө сурап калганымда, «быйыл бир бурулуш жасасамбы дедим эле, бирок жаш улгайып кетти. Поэзияда реформа жасай албаган акын ыр жазганды токтотуп койсо деле болот,» деген сөзүнөн анын адабиятты сыйлаган абийирдүүлүгү деп түшүндүм. Эрнис-аганын жогоруда айтканы «өзүн өзү кайталап жадаткыча, башка жанрга өткөн артык» деген гана маанини туюндурат. А бирок табиятына поэзия сиңирилген акын акыры ыр жазбай тура албас деген ойдомун. Дүркүрөп турган бай мөмөлүү дарактай жетимиш беш жашында «ары барып, бери келип» ооруканадан чыкканына карабастан, тунук жана бийик, ыйык жана сылык поэзиясынан танбайт го деген ишенимдемин.

Түгөлбай Казаков, КР Эл артисти, «Кыргыз Руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 29.01.2010-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий