Татаал тагдыр табылгасы

(КР эл акыны Э.Турсунов менен маек)

(башы №18 санда)

О.Тенти: Эрнис ага Жусуптун «Энемесинен», «Ук жер жүзүнөн» соң мага мындай бир ой келип жатат. Айталык, он сегиз жылдан бери мурдагы СССРдин курамынан бошоп Кыргызстан өзүнчө эгемен өлкө болуп келе жатат. Жусуптун дүйнө салганына эле 70 жылга чукулдап калыптыр. Мен сурайын дегеним «Ук жер жүзү!» деген ыры мындан он, он беш жыл мурда эле жазылгандай туюлат. Биздин эгемен мамлекет болгонубузду дүйнө элдери уккула,- деген сыяктуу. Бул эмне Жусуп акын алдын-ала эле көрөгөчтүк кылганбы, же поэзиядагы жөн гана шайкеш келүүбү?
Т.Эрнис: Ооба, сен жөндүү белгилеп өттүң, биздин эгемен мамлекет болгонубузга он сегиз жыл болуп баратат,-деп мына мындан төрт, беш жыл эле илгери Кыргызстанды экинчи Швейцарияга айлантабыз, жыргатабыз, гүлдөтөбүз деген сөздөр жайнап чыкпады беле. Кийинирээк «Жалпыбыздын үйүбүз» деген ураандар да көп айтылып, алардан акырында түзүк майнап чыкпай калбадыбы? Ал эми Жусуптай акындар ошол кезде эле экономикалык жактан илгерүүлөрдү ырлары менен белгилеген. Мисалы, акын: «Угуп биздин он беш жылдык жеңишти, ук жер жүзү, ук дүйнө, таңыркан» деп жазган. Ооба, ошол 30 жылдардын ичинде Кыргызстанда пахта плантациялары кеңейип, канчалаган өнөр жай ишканалар ишке киришкен. Алар сыяктуу жаңылыктарга аралашкан акын, жогоруда мисалга тарткан ода сыяктуу риторикалык ырларды жазган. Ал эмес кийинки эле акындар жаза алышпай, жазгылары да келбей, муну эски деп түшүнүп келишти. Ушуга байланыштуу дагы бир көрүнүштү кыстара кеттиң. Те-е, 70-жылдан мурда «Он беш жылдыкты» куттуктаган совет өкмөтүнүн артыкчылыгы ушунда Сталин башында турган коммунисттер партиясы футуристтерди, символисттерди, декаденттер сыяктуу Россияга көп адабий агымдардын баарын жоюп туруп жазуучулардын пролетариат ассоциациясын түзүп, ошондон соң он жыл аралыгында Советтик Жазуучулар союзу өсүп чыкты.

Биздин республикабызда менталитет тиги, бу деп маданият министрлигин жоюп жибербей, жазуучу, акындарды таркатып жибербей: «Жаңылыкты, эгемендикти даңктагыла»,-деп жазуучуларды, акындарды сайратыш керек эле. Пропоганда деген ошондо гана пайда болот. Ар бир акындын же жазуучунун колуна талкан карматып койбосо да, ал өзү тапчусун таап алат. Жөн эле жыргатам дебей Акаев сыяктуу президент катаал көйгөйдөн ушундай жол менен чыгышы керек болчу. Ал эми Сталин башында турган коммунисттик партия муну көрө билишкен. Болбосо, 1921-жылдан 1950-жылдар аралыгында Советтер Союзу кандай абалда болгонун ким билбейт?! Өтө опурталдуу, өтө кыйын абалда турганына карабай ошончо элди бир муштумга түйүп чыга келди. Мына ошол жылдары Вишневский, Фадеев, Леонов жана башкаларга шарт түзүп туруп иштеткен да! Жазуучулардын башына Горькийди тургузуп бир нече журналдарды, газеталарды түзүү менен аларды эң биринчи катарга койгон. Кийинки Улуу Ата Мекендик согуш учурунда да бул ишти улантып Борис Полевой, Константин Симонов сыяктууларды майданга аттанткан. Мына ушундай жактарды эске алуунун ордуна мунун тескерисинче жазган кишилерди кор кылып, Жазуучулар Союзун жоюп жиберүүгө чейин барышпадыбы? Ушундай да болмок беле? Бул мамлекеттүүлүккө каршы дегенди билдирет. Чындап келгенде: «Алга ишке», деп үндөөчүлөрдүн оозун басып, колдорунан калемин алып койгон соң анан кантип мамлекеттин, элдин иши оңолсун? Мына ушуга мамлекет шарт түзүү керек эле. Шарт десе эле чөнтөктөргө акча салуу эмес, жок дегенде мекемелерди сызга отургузбаш керек эле. Анан алар керек болушунча сайрап беришмек. Ырас, халтурасы да кыйла болуп кетмек. Андай жерде болбой коймок беле. Бирок, алардын ичинен Жусуптар тандалып чыгат эле да.

О.Тенти: Эрнис ага, сиздин жанатадан бери айткандарыңызды угуп отуруп мындай бир ойго келип жатам. Мен Советтер Союзунун Баатыры айтылуу Калыйнур Үсөнбеков менен радиодон эки саат маектештим эле. Ошондой эле, Чыңгыз Төрөкуловичтин айтканын укканым бар. Калыйнур аксакал 1941-жылдын 21-июнунда андагы Пржевальск шаарындагы 2 жылдык педагогикалык институтун аяктап ошол күнү диплом алышып, анын эртесинде эле радиодон «согуш чыкты, немецтик фашисттер кол салышты» деген кабарларды угушуптур. Ошол кезде советтик идеологиянын мыктылыгынан 22-июнда бизди майданга жиберген. «Биз согушка барып кол салып басып киришкен каракчыларды талкалайбыз» деп аскер комиссариатына тобу менен барып жатышпайбы. Көрдүңүзбү, Калыйнурларды, силер аскер комиссариатына баргыла,-деп эч ким үндөгөн эмес. Өздөрү эле барышкан да. Ошондой эле Чыңгыз Төрөкулович да сөзүндө канчанчы классты бүткөн, ашып кетсе 8-9-класстарды эле бүтүшкөн болуш керек? Алар да классы менен бизди дагы согушка жөнөткүлө деп аскер комиссариатына барып жатышпайбы. Ушунун баары эмнеден, жогоруда өзүңүз жөндүү белгилегендей советтик идеологиянын мыктылыгынан ушундай окуя болгон да. Мына ушул ойду дагы тереңдете кетсеңиз?
Т.Эрнис: Ошол идеология деп кыйкырып жатышкандардын өздөрү түшүнүшпөгөндөр. Чын-чынына келгенде азыркыга чейин кандай идеология керектигин мен да жете түшүнбөйм. Мисалы социализм учурунда, коммунизмди куруу идеологиясы турган. Ага социализм аркылуу жетебиз,-деген идеология өкүм сүрүп келген. Кезинде Гитлерге же императорго берилгендей мүнөздөр, биздин комсомолдор бир кездеги Зоя Космодемьянская, Талилихин, Гастелло, биздин Чолпонбайлар сыяктуулардын бардыгы тең кан-жаны менен совет бийлигине берилишкен фонатиктер болушкан. Ал комсомол уюмунун патриоттукка үндөөнүн негизинде жаралган. Мен жакында бир кездешүүмдө мындай деп айттым. Бүгүнкү күндө идеология капитал, бул эмне дегенде, бул кадимки эле акча. Азыр адамдарды бири-бирине акча менен байланыштырып койгон. Мисалы, бирөө он миллион акча берип, элге таркатсынчы жашап жаткан коом, же мамлекет орду-түбү менен өзгөрөт да калат. Ал акчанын ээси кайсы, кандай заманды курат анысын айта албайм. Мунун баарын айтууга жарабайт. Бирок, кааласаң, каалабасаң да ушул болуп жатат. Мына ушуну идеология дейбиз. Демек, бул маселени жашырып, жаап келатабыз.

О.Тенти: Жусуп акындын граждандык лирика дейбизби, мекен жөнүндөгү ырларын баштан-аяк чечмелебесек дагы бир катар ойлорубузду ортого салдык. Ошол лирикалык чыгармалардын ичинен обон жазылгандары да бар. Бул жагынан Жусуптун лирикасы кандай орунда турат? Албетте, Жусуптун «Эсимде», «Кызыл жоолукчан» болуп ашып кетсе 5, 6 гана ырына обон жазылгандыр. Алар анча арбын болбосо да 50-70 жылдан бери ырдалып келе жатышынын күчү эмне деп билесиз?
Т.Эрнис: Жусуп Турусбековдун лирикасы жөнүндө сөз болгондо орустун улуу акыны Александр Пушкин эрксизден эске түшөт. Ал Пушкин мисалы «Памятник» деген ырын кандай жазган болсо сүйүү лирикасын да ошончолук бийиктикте жазган киши. Жусуп Турусбеков Пушкиндин «Таш конок» деген чыгармасын которгон, аны жакшы билген адамдардын бири болгон. Демек, Пушкин сыяктуу эле ар бир патриоттук сезимди акын катары 30-жылдардын ичинен тартып кыргыз коомундагы көрүнүштөрдү колдон келишинче чагылдырган. Мисалы, жогоруда өзүң эскерип өткөн дайыма калып кала турган «Эсимде» жана «Арык казгандар» деген ырлары арадан 70тен ашуун жылдар агып өтсө да танбас, жадатпас, уккулуктуу обондуу ырлардын бири катары жашоосун улантып келүүдө. Мына ушул жерден жок дегенде «Эсимдеден» төрт сабын кайталап кетпесем болбойт.

Жайдын бир толук кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн,
Жайдары селки эсимде
,-деген эң сонун ырга Атай Огонбаев да мыкты обон чыгарыптыр. Бул ыр саптарында жөнөкөй эле сөздөр. Бирок, кыргыздын нукура өзөгүнөн чыкканы көрүнүп турат. Ошондой эле «Арык казгандарга» келсек бул аты, заты менен эмгек темасы, бирок, андагы лирикалык саптарды караңыздар?! Ырдын обонун Абдылас Малдыбаев чыгарыптыр.
Те-тетиги зоону ураткан,
Омкоруп ташын кулаткан.
Ал биздин арык казгандар,
Чекеси тердеп суу аккан.
Ой кызыл жоолукчан,
Кандай турмуш жайыңыз?
Курсак ачып кетти го,
Кайнады бекен чайыңыз?
Мында турмуштук көрүнүштөн тышкары дагы күлө турган, турмушта жүрө турган жана алар аркылуу мамиле түзө турган саптарга жараша обон чыккан. Демек, Жусуп Турусбековдун лирикалары турмуштун өзүнөн алынган жана кыргыздын өзөгүнөн чыккан чыныгы текстер болуп саналат.

О.Тенти:  Ар нерсени салыштырмалуу сөз кылсак бир топ кызыктуу болот эмеспи. Мисалы, Михаил Лермонтов 27 жашында кайтыш болгон да, ал эми Александр Пушкин 38 жашка чыккан. Ушуга байланыштуу Виссарион Белинскийдин тамаша чыны аралаш мындайча айтканы бар экен. Эгерде Лермонтов Пушкиндин жашына жетсе эмне болмок эле? Анда Пушкин Лермонтовдун көлөкөсүндө калат беле деген оюн айткан экен. Мен Белинскийдин сөзүн так келтирип отурбайын. Ушундан улам Жусуп атабыздын, акындын 33 жашында кайтып кеткенин аңгемебиздин башында эскергенбиз. Эгер Жусуп Турусбеков 70-80 жашты коюп 50гө жетсе канча чыгармаларды бермек деген ой туулуп жатат. Мына ушул ойду сиз дагы тереңдете кетсеңиз, жогоруда акын атабыз жөнүндө жакшы айттыңыз?
Т.Эрнис: — Жусуп Турусбеков сыяктуу адамдар 30-жылдын аяк ченинде кандай гана коомдук өзгөрүштөр болбосун бул киши аман калууга тийиш эле. Ата Мекендик согушка чейинки өлкөдөгү өөдө-төмөндү эске албай эле Ата Мекендик согушка Жусупту жиберүү менен бирге биздин өкмөт, биздин коом чоң зыян тартты десем болот. Анын ордуна ал сыяктуу патриот, лирик акынды кандай болбосун алып калуу керек болчу. Анткени, акынды майдандагы аткан огуна караганда оорукта өтөгөн эмгеги өтө зор болмок. Себеби, жаңыдан өнүгүүгө бет алган кыргыз маданияты менен адабияты Жусуп, Жоомарт, Мукай сыяктуу адамдардын тагдырына түздөн-түз байланыштуу болгон. Буга дагы кыргыз чыгармачылык интеллигенциясында ушул күнгө чейин сакталып келе жаткан өтө жаман көрүнүштөрдүн бири көрөлбастык, ичи тардык, күнүчүлдүк, атаандаштык маселеси көмүскө түрдө, ачык түрдө дайыма өкүм сүрүп келе жатканы өкүнүч гана туудурат. Буга ушул эле Жусуптун тагдырынан эле мисал келтирсек болот. Ата Мекендик согушка жазуучуларды майданга жибербөө жөнүндө атайы брон берилсе да, аларга бериле турган брондор башкаларга берилип, Жусуп, Мукай, Жумалар кетишип жатпайбы. Эми ошол эле брон менен калышкандар кыргыз адабияты менен маданиятына канча пайда киргизишкенин кийинки муун, тарых чындыгы кашкайта изилдеп алаар. Булардын баары келечектин иши. Арадан канчалаган жылдар өтсө да, мындай көрүнүш бизди абдан өкүндүрөт. Чынында Кыргызстанда тылда эле канчалаган чоң иштер жүрүп жаткан. Ошолорго арнап патриоттук эмгекке үндөө ырларын жазыша тургандар Жусуп баштаган акындардын тобу болчу. Бронду алып майданга барбай калышкандар буерде эмне кылышты, мыкты чыгармаларды беришти бекен,-деген суроо өзүнөн-өзү туулат. Көрсө, Жусупчалык эмгекти алардын бирөө да кылышкан эмес экен. Алардын аттарын атабай эле коёлу. Бирок табыгый шарт ушуга алып келип такап коюптур. Ошондой эле Жусуп менен бирге майданга кетишип Жуманын, Мукайдын, Кусейиндин кайтыш болушу кыргыз маданияты менен адабиятына чоң зыян болду. Ушул бешөөнүн ар бири 70-80ге чыкпай эле 50 жашты ортолоп барышканда эртеден сөз учугун чубап жаткан кыргыз элине эң керектүү маданий, адабий кемтиктер кыйла толмок деген ойго келип такалабыз.

О.Тенти: — Ушундай жагдайга байланыштуу англис публицисти Джон Рескиндин эң таамай сөзү бар. Ал: «Начар улут өз мыктыларын тепкилеп, уу берип, куугунтуктап жоготот да, жалаң алжыган акылсыздарын шыгыратып, алардын көчөлөрдө ээн-эркин басуусуна жол берет. Акылдуу улут болсо элиндеги биринчилерине сыйынышат, экинчилерин карманышат, ал эми үчүнчүлөрүн сүйүп алышат»,-деп жазганын окуп отуруп ушундайбы деп терең ойго малынасың. Жогоруда сиздин айткандарыңызга бул эки ооз кошумча. Жусуп абабыздын тагдыры ушундай оор болуптур. Ошондой болсо да айрым жакшы адамдардын артында жакшы балдары, небере, чөбүрөлөрү, алган жары калып, атасынын, чоң атасынын ишин улантат экен, уланганын дагы бийиктикке чыгарат экен. Жеке гана анын укум-тукумдары эмес аны эли-журту көтөрөт экен. Бул жагынан да Жусуп бабабыздын да арманы төө көтөргүс экен. Не дейли, ушул сөздүн учугун сиз да уласаңыз?
Т.Эрнис: — Дагы эле Жусуп сыяктуу акын-жазуучулардын жеке өмүр жолу татаалдыкта өткөн. Айталык Касым Тыныстановдун, Алыкул Осмоновдун, Мукай Элебаевдин, ушул Жусуп Турусбековдун жеке турмуштары татаал жана өтө кайгылуу болгон. Мисалы, Жусуптун улуу уулу Жалкын деген өспүрүм кезинде токко урунуп каза болуптур. Улуу кызы Лиля ВГИКте окуп, аны аяктап келди. Ал кыз бала эмеспи, атасын аягына чыгара козгой албай калды. Козгош керек эле. Ал кандай шартка байланышканын айта албайм. Байбичеси Күлсүн апа карапайым киши катарында жашап өттү. Мунун баарын аздыр-көптүр билип, көрүп калдык. Улуу адамдын тагдыры улуудай болуш керек эле деген бир ой. Бирок, жашоодо карама-каршылыктар толуп жатат. Жусуп атанын керт башына келсек ал деги эле жакшылык көрбөгөн адам экен. Үркүндөгү ал-абалы, балачагы, жаштыгы сыяктуу өмүр сапары баары кыйындыкта өтүп кетиптир. Алар го ал. Андан кийин анын чыгармачылыгы бийиктеп, өркүндөй турганда деле анын эмгегин этибарга албаган учурлар болуптур. Бул абдан байкалып турат. Аны өз учурунда өзү да каалабаса керек. Андан көрө андай талант чыныгы чыгармачылыгын жогору баалап, баарын унутуп, калемин колго алып, жазууга, колдон келгендерин иштеп калууга отурат эмеспи. Жусуп да ушул ойдо болсо керек? Бул сыяктуу таланттуу адамдарды сактап калуу бул да коомдун өнүккөнүнө байланыштуу. Жогоруда Джон Рескинден сен да бекер мисал тартпадың да! Көп улуттардай эле көтөрмөлөп алсак эң жакшы болоор эле. Ушул кишинин боло турган жүз жылдыгына байланыштуу дагы, мындан он үч жыл илгери Манастын 1000 жылдыгынын астында: «Манастан аянбагыла!» деген сыяктуу элден каражат чогултуш керек. Ооба, ал Манас, Манас экен. Жусуптан аянбастан эле кээ бир колунда барларыбы, же мүмкүнчүлүгү ылайыктуу адамдар болушабы, кандай болбосун анча көп эмес мурасы калган экен, анын чыгармаларын эки томдук кылып чыгаруу жана анын шаарыбыздын бир жерине жакшы эстелигин коюу милдети турат. Ушул эле юбилейге карата «Ажал ордунаны» кайра койсо, таанылган классикалык чыгарманы көрүүчүлөр да бир жолу көрүшөт эле. Биздин драматургия өксүктө деген сөз кайра толукталмак. Өзгөчө кийинки муундарыбыз муну билбей баратат. Аны койдурууга театрдын толук күчү жетет. Бул күндө оркестр да бар. Режиссёр да, актёрлор да табылат. Жусуптун тирүү арбагы ошондо бир козголоор эле деп ойлоймун.

О.Тенти: — Эрнис ага, сөзүңүздү аяктатып келип «Ажал ордунданы» дагы бир эске салып кеттиңиз. Бул чыгарманы Жусуп жазып жаткан учурда кыргыз өзүнчө эгемендүү мамлекет болот деген ой а кишиде болгонбу, же болбогонбу аны билбейм. Мына жакында тактап айтканда 6 жылдан соң үркүндүн 100 жылдыгы белгиленүүгө тийиш. Бул жагынан алып караганыбызда эле ошого даярдык да болуп жатпайбы. Ушул жагын жана акындын жүз жылдыгынын алдында анын эки эсе баркы көтөрүлөт эле да!? Ушундан соң сизге чоң ыраазычылыгымды билдирүү менен Жусуп атабыздын, чоң акын, чоң драматургдун арбагы колдосун! Айткан ак дилден чыккан сөзүңүзгө ак дилден ырахмат, өзүңүзгө дайым чоң ийгиликтерди, узун өмүрдү, эң башкысы сонун ден соолукту каалайм!

Тенти ОРОКЧИЕВ, акын, журналист ,
«Кыргыз Руху»
(«Кыргыз гезиттер айылы»), 2010-ж.

Соц тармактар:

Татаал тагдыр табылгасы: 1 комментарий

Добавить комментарий