Улуттук адабияттын новатору унутулбаса

Кыргыз улуттук адабиятынын классиктеринин бири — Жусуп Турусбеков. Анын жетимдикти башынан өткөргөн балачактагы катаал тагдыры, Октябрь революциясынан кийинки билимге умтулган таланттуу жаштардын катарында таанылгандыгы кыргыз журтчулугуна маалым. Мына ушул керемет акындын туулган күнүнө быйыл жүз жыл толуп олтурат. Ал тууралуу замандаштарынын бири Түгөлбай Сыдыкбеков биринчи жолугушуусу тууралуу эскерүүсүндө мындай деген: «Жыйырма экиге жаңы толгон жашында аны көрүнбөс касиет ээрчиген сүйкүмдүү кепшири менден көп улуу өңдөндү. Бирок, ал болгону эки гана жаш улуу экенин билгенимде ага теңтуш, курбу болоюн десем да, анын таланты, адамгерчилик сапаты дайым менден улуу бойдон калды. Себеби, Жусукем көп окуган, көптү көргөн, көптү билген элинин турмушунун кайгы-муңун кылдат сезген, тили бай, ички дүйнөсү кенен, өтө ак пейил адам экендигин мага бат эле байкатты. Мен Жусукемдин таланттуу акын гана эмес, адамдык жакшы сапаттарга бай, жүрөгүндө назик сезимдин күүсү бар экендигин байкаганымда Жусукемди бир тууганымдай сүйүп кеттим.»

Таланттуу жазуучулардын тагдырында көрө албастык менен бут тосуулар илгертен болуп келген. Жусупту дагы айрым ичи тар калемдештери түштүккө кабарчы кылып жиберишип, талантын мокотуп жок кылгысы келишкен. Бирок ал ого бетер калемин курчуткан. Жусуп Турусбековдун «Тандалган чыгармалары» жыйнагын түзгөн Смар Шмеев мындайча пикир айткан: «Жусуптун ырларынын түзүлүшүнө көңүл бурсак, мында орус элинин таланттуу акындарынын, алардын ичинен Маяковскийдин таасири күчтүү. Маяковскийден үйрөнүү, андан үлгү алуу аркылуу гана кыргыз ырларынын түзүлүшү боюнча бир топ жаңылыктарды киргизүү мүмкүнчүлүгүнө жетишкен. Акындын кыргыз поэзиясына кошкон жаңылыктары жалаң гана мазмун жагынан эмес, түр жагынан да айкын көрүнөт. Башкача айтканда, Жусуп ыр түзүлүшүнө, ыр уйкаштыгына көп жаңылыктарды кошту, ал көркөмдүк жактан баалуу жаңылыктарды ачкан-новатор акын.»

Буга анын «Ук, жер жүзү!» аттуу ырынан мисал келтирсек туура болот:
Ук жер жүзү,
Далай гигант салынды!
Өлкө бети,
Өзгөрүлдү, жаңырды.
Кечээ күнкү,
Күрпүлдөгөн
Долу суу,
Эпке келип,
Бүгүн бизге багынды.
Кечээ күнкү муң каптаган,
Фергана,
Бүгүн көрсөң,
Өзгөрүлгөн башкача.
Дыйкандардын,
Өстүрүшкөн пахтасы.
Кем калышпайт
Египетти баспаса!
Тыңша аалам!
Тыңша Шань-Хай!
Тыңша Париж!
Кулак сал!
Ук жер жүзү,
Тыңшагычты колуңа ал!
Угуп биздин
5 жылдык жеңишти,
Ук жер жүзү!
Уккун дүйнө!
Таңыркан!

Мындай күчтүү пафос Маяковскийде гана бар.

Улуттук адабияттын тарыхында көрүнүктүү орунду ээлеген Жусуп Турусбековдун чыгармачылыгы боюнча таланттуу сынчы Салижан Жигитов баалуу эмгек калтырган. «Ырлар жана жылдар» аттуу китебиндеги «Жусуп Турусбековдун «Энем» поэмасынын тегерегинде» деген макаласында: «Чынында да накта турмуштук фактылардын салыштырмалуу бийик билимдин, оригиналдуу акындык ыктын негизинде жазылгандыктан гана ал поэма өзүнө тең чамалаш жаралган башка поэмалардан өз мезгилинин идеялык духун жана эмоциялык атмосферасын таасын чагылдыргандыгы менен аттын кашкасындай бөлүнүп турат. Анда 30-жылдардагы республикабыздагы коомдук турмуштун прозасы жана поэзиясы, жалындуу илеби жана күүсү, кыргыз жаштарынын жалпыланган образы жана романтикасынын дымагы бар. Акын бул поэмасында аны менен мезгилдеш айрым поэмаларга мүнөздүү карандай прозаизмге түшүп кетүүчүлүктөн, фабулалык санап чыгуучулуктан натуралисттик узун сүрөттөөлөрдөн, штампка айланган фольклордук көркөм ыкмалардан качып, сюжеттик коллизияларды чечүүнүн жана образ куруунун жаңы жолун тапкан,»-деп жазган. Ал Жусуп Турусбековдун билиминин бийиктигин, талантынын өзгөчөлүгүн адис катары жана окумуштуу психолог катары да эң туура баалаган.

Акындардан Жусукемди бир гана Алыкул түшүнгөн. Анын эскерүүсүнөн:
Күүлдөгөн кош канаты бороондоп,
Байкаганга кыраан бүркүт өзү окшоп.
Бул олтурган көп курдаштын ичинде,
Кайран гана Жусубумдун орду жок.

Анын ыры шекер-шербет бал эле,
Бул замандын бактылуу бир жаны эле.
Күлүктүгүн салыштыра  келгенде,
Күлүктүгү Көк аладай бар эле,
— дегени кимдин болбосун жүрөгүн эзет.

Жусуп Турусбеков кыргыз идеологиясынын новатору жана реализмдин пайдубалын түптөгөн улуу инсан. 1934-жылы анын «Ажал ордуна» музыкалык драмасы коюлуп, кыргыз классикалык драмасынын эшиги ачылган. 1939-жылы бул драма Москвада өткөн кыргыз адабиятынын биринчи декадасында комиссия тарабынан эң жогору бааланып, улуу режиссерлор К.Станиславскийди, Н.Данченкону да таң калтырган. К.Станиславский «Бул музыкалык драманын автору ким?» — деп сураганда, «Вот, молодой драматург» деп Жусупту көрсөтүшкөн. Экөө тиктеше калганда, «Что-то знакомое лицо» — дегенде, Жусуп күлүп: «Да, я у вас часто бывал, я здесь учился», «Вот оно что» — деп кучакташып көрүшкөнүн Ашыралы Боталиев айткан эле. Акын драматургиядагы чыгармаларын төртүнчү беш жылдыктын эшигин ачып, ошого берген граждандык рапортум деп айткан экен. Чынында да анын классикалык драмалары «Ажал ордуна» менен «Айчүрөктүн» жаралышы 1928-1931-жылдары Тверь шаарынан окуп, улуу инсандар М.Горький, В.Маяковский, К.Станиславский, Н.Данченкодон таалим, таасир алып, драматургиянын татаал сырларын окуп үйрөнгөндүгүнүн натыйжасы деп айтууга болот. Канаттуу ырлары, поэмалары азыр да актуалдуулугун жоготкон жок.

Акын 1942-жылдын 11-майында согушка жөнөгөн жазуучуларга болгон жеңилдик, чакырып алуу жөнүндөгү кагаз канчалык суранган менен ага жөнөтүлбөй калган. Ошентип ал согушта өз мекени үчүн курман болду. Бирок анын аты түбөлүк калды, анткени анын экинчи өмүрү болуп улам келген муундар менен жаңырып турчу өлбөс-өчпөс чыгармалары жашап жатат. Ошондуктан Жусуп Турусбековдун 100 жылдык мааракеси кыргыз коомчулугунда мамлекеттик деңгээлде белгилениши керек.

Кашыке Маниязов, «Кыргыз Туусу», 28.05.2010-ж.

Соц тармактар:

Улуттук адабияттын новатору унутулбаса: 1 комментарий

Добавить комментарий