Жусуп Турусбеков

(1910 — 1943)

Жусуп Турусбеков 1910-жылы Тоң районуна караштуу Күн-Батыш айылында туулган.

1916-жылкы үркүндө Кытайга чейин барып, кайра кайткан.

Каракол балдар үйүндө тарбияланган.

1922-жылы Түп районундагы айыл чарба техникумунаалынып, окуй баштайт.

Казак, татар, орус адабияттары менен таанышып, 1929-жылы «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редакциясында корректор болуп иштейт.

1929–1930-жж. Тверь шаарындагы советтик-партиялык мектепти ийгиликтүү бүтүрүп, «Кызыл Кыргызстан» гезитининбөлүм башчысы, кыргыз театрынын директору, «Ленинчил жаш» гезитинин редактору, Кыргызмамбастын редактору, Жазуучулар союзунун консультанты болуп иштеген.

Улуу Ата Мекендик согуш башталганда Жусуп өз ыктыяры менен согушка кетип, 1943-жылы Калинин облусундагы фронтто курман болгон.

Ж.Турусбековдун чыгармачылык иши «Кызыл Кыргызстан» гезитинде иштеп жүргөндө башталган. 1928-жылы гезитке айрым ырлары чыга баштайт. 1932-жылы «Жусуптун ырлары» деген биринчи ырлар жыйнагы басылып чыгат.

Чыгармалары орус тилине которулган.

Ж.Турусбековдун «Ажал ордуна» драмасы 1939-жылы Москвада өткөн Кыргыз искусствосунун декадасындакөрүүчүлөргө жаккан. Ошол эле декадада чоң ийгиликке ээ болгон «Айчүрөк» операсынын либреттосунун авторлорунун бири Жусуп болгон.

Ж.Турусбеков А.С.Пушкиндин, Г. Гейненин, А.Безыменскийдин ж.б. ырларын кыргыз тилине которгон.

1934-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.

Ж.Турусбековдун ысмы республикадагы шаарлардын, айылдардын библиотекаларына, мектептерине, көчөлөрүнө коюлган.

 

Жусуп Турусбеков жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Улуттук адабияттын новатору унутулбаса

Татаал тагдыр табылгасы

 

Ырлары

УК, ЖЕР ЖҮЗҮ

Ук жер жүзү,
Далай гигант салынды!
Өлкө бети,
Өзгөрүлдү, жаңырды.
Кечээ күнкү,
Күрпүлдөгөн
Долу суу,
Эпке келип,
Бүгүн бизге багынды.
Кечээ күнкү муң каптаган,
Фергана,
Бүгүн көрсөң,
Өзгөрүлгөн башкача.
Дыйкандардын,
Өстүрүшкөн пахтасы.
Кем калышпайт
Египетти баспаса!
Тыңша аалам!
Тыңша Шань-Хай!
Тыңша Париж!
Кулак сал!
Ук жер жүзү,
Тыңшагычты колуңа ал!
Угуп биздин
5 жылдык жеңишти,
Ук жер жүзү!
Уккун дүйнө!
Таңыркан!

 

ЭСИМДЕ

Жайдын бир толук кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап бирди үзгөн
Жайдары селки эсимде.

Агарып тоодон таң аткан,
Суюлуп жылдыз бараткан.
Калды го бекен эсиңде
Кыйышпай күлө карашкан.

Өзүмдү сага берем деп,
Өмүрдүн гүлүн терем деп.
Сүйлөшкөн күндөр эсимде
Турмуштун сыры терең деп.

Антыңды эстеп таңдагы,
Көңүлүм сенден калбады.
Азыркы шайыр жаштардын
Өзүңдөй болсо алганы.

 

ЭНЕМ

Күткөндүрсүң,
келдим, эне, аманбы?
Кучактачы, сүйчү
беттен балаңды!
Беш жыл бою
тентип кеттим
дайынсыз,
Сагындың го
бир көрө албай
карамды!
Сагынганда
тентип кеткен
балаңды
Жүзгө жооруп
жүгүрттүң го
санааңды?
Каттоочудан:
«Кат жазсын!» —
деп айттырып.
Кийинчерээк ала
бердиң мазамды.
Тентек эле эмне
болду дедиңби?
Күндө ойлоп, асан
кайгы жедиңби?
Кимдер тилдеп,
кимдер шагын
сындырып,
Муңайтты деп,
кейиттиңби
зээниңди?
Шалаакы эле
кандай алда
жүрөт деп,
Кейидиңби
үстү-үстүнө
кайгы жеп?
Баягы уулуң
дайынын таппай
кетиптир,
Деген өңдүү
уктуң бекен
ушак кеп?
Орой эле,
алда каткан
балам деп,
Эми кайдан,
кандай кабар
алам деп,
Уруп-согуп,
бирөөлөр
кыйнады деп,
ойлодуңбу
«жарам» деп?
Зөөкүр эле
эмне болуп
кетти деп,
Окуймун деп
кандай жапа
чекти? деп,
Кабактарда арак
ичип, мас болуп,
Жүрөбү деп,
ойлодуңбу
тепки жеп?
Билбестиктен
иштей берип
билгенин.
Бирөөлөрдөн угуп
жүрөт дедиңби.
Ууктурчу
уудан ачуу
тилдердин.
Өжөр эле
болбос ишти
талашып,
Бууркандап,
ээ-жаа бербей
жадатып,
Ойлодуңбу,
көрүнгөндөн
тепки жеп,
Жүрөбү? деп,
оозу-мурдун
канатып?
…Жок, энеке, мындай
иштер болбоду!
Орой, өжөр,
зөөкүрчүлүк мүнөзүн
«тентип» кеткен
балаң өзү оңдоду.
Ай, ушул сен,
кейий берген
энемсиң,
Бекер ойлоп,
бекер кайгы
жегенсиң.
Мен кетерде,
беттен өөп
кучактап:
«Кагылайын
кайраттуу жүр» —
дегенсиң.
Энекебай,
кайратыман
жазбадым.
Мен мурунку,
мен эмесмин —
башкамын.
Тентек жана
таарынчаактык
жаман экен
ишен, эне,
таштадым!
Бирөө да жок,
өзүң билген чагымдын,
Баягы мен,
бүгүн бөлөк,
жаңырдым.
Берчи, энеке,
мурункудай
эмейин,
Берчи, энеке,
эмчегиңди
сагындым!..
Ха… Ха!.. Ха!..
Чүкө салган
тулубум,
Ташта, энеке,
кереги жок
мунуңун!
…Чүкөнү мен
кетерде эле
төккөмүн.
Ташта, энеке,
чүкө ойноодон
өткөмүн.
Үстүбүздөн
зуулап өткөн
5 жылда,
Шайыр жаштар
арасында
өскөмүн!
5 жыл мурун
чүкө ойногон
балаңды,
Тарбиялап,
шаардагы усталар,
Көрдүңбү эне,
балаң кайта
жаралды!
Эч ким менин
сындырбады шагымды,
Эч ким мени
уруп-согуп ыйлатып,
Эч ким менин
кейитпеди жанымды.
Койгун, эне,
кабактарда болбодум,
Кайра курдум,
Мүнөзүмдү оңдодум!
Ой жеңди деп,
Кайдан, эне, эстедиң,
Түшүн, эне.
Супсур ойдон
кеткемин.
Ойлой, ойлой, ойлой
келип шаарга,
Ойдун түйүнүн
жетүү менен
чечкемин.
Мени эч ким
Сабабады тепкилеп,
Жулунбады
эч кимиси,
эч качан:
Бычак менен өлтүрөм
деп кескилеп!
Окуп, эне,
Мектебимди
бүтүрдүм,
Шаардагы өмүрүмдө
5 жылдык
Көз ачылып,
Көп нерсеге
Түшүндүм.
Аячу элең жаның
ачып, энеке,
Мен кой айдап
түшкөн кезде
Адырдан.
Мына бүгүн
Ал күндөрдөн
Арылдым.
Берчи, энеке,
Эмчегиңди эмейин,
Берчи, энеке,
Ак мамаңды
Сагындым.
Мугалиммин, мен
Жаштарды окутам.
Карысаң да бизге
Энеке, керексиң,
Сабатыңды ачып
Кетем, окусаң!..
Келдим, эне,
Элди, жерди
Сагынып…
Эмнелер бар
Эл ичинде
Айтып бер.
Туулган жерим
Кетиптир го
Жаңырып?..

II
Бул айылдын
Жаңырганы
жалганбы?
Эмне, энеке,
Сенин оюң
сандалды,
Унуттуңбу
Айыл ичин
каптаган,
Өткөндөгү
Үшкүрүк, муң,
Арманды!
Эмне, энеке,
Мынча неге
Кейидиң,
Алигиче кала
элекпи,
жарыктык,
Жөнү жокко
Кейий берчү
пейилиң!
Эмне, энеке,
Эмнелерди
Самайсың,
«Элге, журтка
Бүлүк салган Балдардын
Сен да бири» —
Деген өңдүү
Карайсың!
…Муң-кайгыны
Кечээ баштан
Кечирген.
Бүгүн, эне,
Чыгарыпсың эсиңден.
Жүнүн сабап,
Чийин чырмап,
Ар кимдин
Сен элең го
Бир кезекте
Эзилген!
Жакшы болгон
Орунбайлар
айдалып,
Суусун куюп,
Отун жагып…
Далай шордуу
Жүрбөдүбү
чайналып,
…Бир окуя
Эсиңде, эне,
Бар бекен,
Карылыктан унут
Кылып кетпесең,
Азыр дагы каным
Жаман бузулат.
Ал кордукту эстесем.
Абайлабай
Кысыр эмди
Жабагысын эсирген.
курган атам
бир түнү,
Жаңылбасам,
карышкырга
жедирген.
Бул иш үчүн
Аябастан сабаган,
Ал кимдердин
Ал-жайына
караган.
Азыр дагы
Атам көзгө элестейт,
Көзү шишип,
жаагы айрылып,
канаган.
Орунбайдын камчысын
Ким жебеди,
Аны кимдер:
«Окем жакшы»
— дебеди.
Бизге окшогон
Байкуштарды
ал айбан,
Качан, эне,
Жанга кошуп теңеди?
Кулактарга
тапшырмалар
Берди деп!
Эмне, энеке,
кейийсиң
Сен кайгы жеп,
Кечээ күнкү
Эзгендерди аяйсың
Айтчы, энеке,
айтчы, энеке,
кандай кеп?
Булар менен
Дагы алыша
жатарбыз.
Бир майданда
Дагы күрөш
ачарбыз,
Бул өңдөнгөн
Артта калган оюңду
Токто, энеке, кайта
Биздер жазарбыз.
Эсиңдеби, кечээ
күнкү жокчулук,
Э, энеке, кошко
байлап семирткен
Ат бар беле, бизде
турган кошкуруп.
Көп бечара биз да
бири сандалдык.
Мүдөөбүз көп,
Өмүр бою
каржалдык.
Күчтү саттык,
Көрүнгөнгө
жалдандык,
Дагы, энеке,
Дагы сенин
эмнең бар?..
Кирипсиңер колхозго,
Жокчулукту түбү
Менен жеңип сал!
Көрдүңбү, эне,
Бүбүяны карасаң,
Алтын баалуу Бүкөш
Сенин тамашаң!
Бул жаштардан
Далай айып табасың,
Үмүтсүздөй кээде
Үшкүрүп аласың.
«Абийирсиз өстү
Жаштар бул күндө»
Сезем, эне, деген
өңдүү карашың.
Э, энеке,
Айлаңды биз
табарбыз.
Бул оюңа,
Далай бүлүк саларбыз,
Колхоздогу шайыр
Жаштар биригип,
Сени дагы
Шайыр кылып аларбыз!

 

КАРАКЧЫНЫН ТРАГЕДИЯСЫ

Буулугуп, жээкке урунуп, кемер кылып,
Жаш төгүп, соолуккандай кээде тынып,
Томсоруп колго түшкөн айыпкердей,
Рейн агып калат кээде жылып.
Кимдерден, эмнеликтен улуу өзөндүн,
Кандайча калды экен шагы сынып?

Миңи ыйлап, буга маашыр бири күлөт,
Миңдердин өңү азып, тирүү сүрөт…
Бул күндө рейндик катын, балдар
Кельнанын көчөсүндө тентип жүрөт.
Алардын арасынан бир кайраттуу,
Берлинге кабак бүркөп, муштум түйөт.

«Балам…» — деп карыялар жашын төгөт,
Кээлери дайынын билбей көөнү чөгөт.
Көчөдө кайырчылар толуп кеткен,
Мундирчен: «Жолдон чык!..» — деп шалпып сөгөт,
Ачкадан бурч-бурчтарда өлгөндөр көп,
Аларга кайыр кылып, кимдер көмөт?!

Булар бир, Фрида бир, көргөн күн бир,
Ичте бук, жүрөк сыздап, көкүрөк кир!
Мукурап кечке сынык нан таба албай,
Отурду кашатында Рейндин.
Жаш бала муун, жүүн жок, «эне, нан!..» — дейт.
Буларга тоюнар күн болобу бир?

Пааналап Фридага Макс мунжу,
Үшкүрүп терең кайгы ойдо турду.
Жанында жалгыз жолдош жыгач балдак,
Ажырап эки буттан калган тулку.
Жалдырайт, карашында бир кайрат жок,
Бүтүндөй кеткен окшойт көздүн курчу.

Ичи өрт, каны качты, жаш акпады,
Сооротор Фриданы жөн таппады.
Алдында улуу Рейн акпагандай,
Алдында өлүү өңдүү жан жактагы.
Элестеп болуп өткөн бир окуя,
Дүркүрөп бүткөн бою сөз баштады:

— Фрида, айлаң канча сабыр кылгын,
Курган жан ыйласа да, өлүп тынчыр.
Өлкөнү талоончулар бийлеп турса,
Тынч алып, немец жашын кайдан тыйсын.
Көз жеткис Россия талаасында,
Немецтер миллиондоп тапты кыргын.

Ушул мен сенин жарың Ганс менен,
Өрт кечип, кан майданда болдум эчен.
Кокустан жаралуулар колго түшсө,
Сындырып сөөк-саагын ого бетер,
Өлтүрүп көчөлөргө сүйрөп барып,
Тепкилеп, өлүккө да кылдык кекээр…

Орустун огуна учтук, талаада өлдүк,
Көңүлдү сооротуучу нени көрдүк?..
Уруштун бир опаасын көрдүкпү биз?
Не үчүн дарыя кылып кандар төктүк?!
Жалгыз ок, мас болгончо ичип алып,
Таладык тынч кыштакты, олжо бөлдүк.

Бир күнү бир орусту туткунга алдык,
Штабга уруп-согуп айдап бардык.
Чаргытып суракка жооп бербеген соң,
Ишара менен гана болду жардык.
Көчөгө эл көзүнө алып чыгып,
Кыйнадык… анан кийин атып салдык. –

Деп Макс башын салды жерди карап,
Кыйнады көңүлүнө түшкөн жараат.
Өмүрүнүн өткөндөрү талоончулук,
Алдыңкы күнү улам — караңгыраак.
Оор ой басканына чыдай албай,
Үшкүрүп, кайта кирди сөзүн улап:

— Ганс дагы аяган жок канын-жанын,
Майданда өлсө дагы, көргөнү анын…
Баласы ачарчылык тырмагында,
Ыргалып араң сүйлөөр сенин алың, —
Дегенде купкуу эрдин кыбыратып,
Фрида деди Макска: «Болду… айтпагын!..»

Шалактайт колундагы жаткан бала,
Каны сууп, дени муздап, жүрөк сокпой.
Ачкалык алган экен эчак кана!
Түн түштү ушул жерден күн өлгөндөй,
Кайырчы… Рейн кызы Фридага…

— Кайырчы, мунжу азаптуу Германия!
Кызыңдын көргөн күнү байка мына.
Өлүмгө башыңды тос же көтөрүл!
Гитлерден күткөн жыргал ушул тура, —
Деп кургур өзөн бойлоп бара жатат,
Каракчы башкарса эгер, иш ушул да!..

 

ЭНЕМ

Энеке!
Сен да тилдеп, кээде каргап,
Жаш башты кагып-согуп жыланча арбап,
Артынан токоч берип, жашымды аарчып,
Сооротуп коюучу элең бир деме алдап.

Бир күнү багалекти өйдө түрүп,
Суу кечип, балдар менен ойноп жүрүп,
Талаадан таш талашып ыйлап келип,
Бырылдап сооронбостон салдым бүлүк.

Кээде мен жалтыратып таман кагып,
Сабооңду “айгыр” кылып минип алып,
Атамдын камчысы экөөн жоготчу элем,
Талаага балдар менен ойноп барып!

Энеке!
Дагы тилдеп, дагы каргап,
Дечү элең жалгыз бейит сорсун арбак.
Бул сөзүң ылайыксыз болсо керек,
Жалындуу жаш жүрөгүм калган кармап!

Дагы сен кайраттуу элең кайран энем,
Күрөшүп турмуш менен тепки жеген.
Бул кезде жоругуңду ойлогондо,
Кан кызып кадимкидей күчкө келем.

Эсимде!
Бир күнү атам кайгыланды,
“Сатам го жалгыз минер кер байталды”,
Деди да старчындын каарын ойлоп,
Үшкүрүп жерди чукуп башын салды.

Сен анда!
Кайрат кылып кеңеш бердиң,
–Кайгыруу кылыгы эмес эмгекчи эрдин.
Эртеси чыгым жыйган старчынга,
Деп айттың “сен карышкыр эмне келдиң!..”.

Старчын сени көздөй ызырынып,
Алайып чанагынан көзү чыгып,
Унчукпа!
–Каңшылаба!
–Канчык!” деди
Мактамак аны кимдер ичи жылып.

Энеке!
Ал дүйнө жексен болду.
Чырмалган эмгекчилер үздү торду.
Баш кошуп жаңы турмуш куруп жатат,
Эзилген ал күндөгү өңкөй шордуу.

Ал кезди быйыл бир күн көңүлгө алдым,
Чогулуп сени көмгөн жерге бардым.
Мүрзөңдүн тыягында кош айдаган,
Эрлерди көрдүм дагы сырга кандым.

 

ЖАЗ КЫЛТАЙДЫ

Баш багып, жаз кылтайды муздар эрип,
Бир түрдүү кары кыштоы көңүл жерип.
Узарды, күлүңдөп күн минут санап,
Жыпжылуу жанга ылайык нурун берип.

Кыркырап кыш кыйналды, мына качты,
Март баштап кирип келди жаздын асты.
Жердеги какыр-чикир, быкы-чыкы,
«Кетем» деп кышы менен кыраң ашты.

Бөгүшүп сары суулар жолдон агып,
Шылдырап ыйлагандай муңун чагып.
Эркелеп салкыныраак закым жүрүп,
Чыкыроон кышкы суукта болду карып.

Канакей жаз балбаны керилген эр,
Канды го уйкуң дагы колтукту кер.
Камданып эмгегиңе көз жиберип,
Тартынбай өз эркиңе колуңду бер.

Сокого, тапта бышты кара керди,
Өлчөмдүү беде жана берип жемди.
Бышыкта бар шайманды түгөл болсун,
Кетүүгө коңторулуп кара жерди.

Кыймылда, эмгектен эл үлгү алсын,
Эринчек уйкучулар эстен тансын.
Түрдөнтүп мактагансып быды-быды,
Төбөңдө боз торгойлор обон салсын!

 

ЖАҢЫ САЙМА

Ала-Тоо, Ысык-Көлдүн сыры терең,
Тереңден термелсе күү угар белең!
Эгерде кызыксынсаң кулак салгын,
Эрикпей болгондорду айтып берем:

Бир кезде Ала-Тоонун суру качып,
Бук кылып сасык туман жатчу басып.
Эч кандай элжиретер көркү да жок,
Муң-зардан көргөн жандын башы адашып.

Жел жүрчүү, муң көбөйгөн жерге барчу,
Армандын миң толгоолуу күүсүн чалчу.
Ал күндүн толук көркү ушул эле,
Максаты бирин эзип, бирин жанчуу.

Булагы өрдөшүнөн кулап аккан,
Шылдырап ал да армандын күүсүн тарткан.
Шылдырды тереңдетип, мазаны алып,
Койчулар үн кошуучу туура жактан.

Ыргалып шиберинин шайы кетип,
Талыккан жел күүсүнүн сырын чечип.
Акырын каалгышып жүрүүчү эле,
Турмуштан туталанып аша кечип.

Оокатка илең-салаң көңүл бөлүп,
Түзүңдө түйшүкчүлдөр жабыр көрүп.
Турмушка эчен түрдүү каргыш айтып,
Эмгектин талаасында жүрүшчү өрүп.

Чамынып Ысык-Көлдө эргип толкун,
Жээкке көбүк чаччу орчун, орчун.
Билбестен терең муңдун терең сырын,
Ойногон ак балыктын жолу болсун!

Бир кезде чыдай албай кабак чытып,
Ала-Тоо муң пардасын алды тытып.
Ысык-Көл буу чыгарып толукшуду,
Тереңде күрөш күчүн турган кытып.

Ал күндөр артта калды, күндөр өттү,
Күчөдү күн өзгөрүп нурун төктү.
Күрөштө үстөм чыккан күчтү Ала-Тоо,
Ээледи эчен сонун жаңы көрктү.

Паровоз өтүп жатат убап-чубап,
Тиктесең чамаң келбей көзүң тунат.
Башкабы айтчы курбум, айтчы деги,
Темир жол сайма эмей эмне турат.

Бул гудок Ала-Тоонун жаңы үнү,
Жаңы үнү, жаңы тууган айы, күнү.
Кой деги, калп айтасың, сөзүңдү укпайм,
Таң аткан, калабалуу кеткен түнү.

Гудоктун сырдуу үнүн алып колго,
Иштеген боргулданып темир жолдо.
Кечеги бирге жүргөн курбум баатыр,
Кой жайган жондон тосуп, жондон жонго.

Мынакей Ала-Тоого жаңы сайма,
Жаңы үй, жаңы киши, жаңы айла.
Сүрөттө, ушулардын жолунда бол,
Төк сырды, жаш каламым жолдон тайба!

 

КУРБУМА

Таптаган билет шумкарды,
Чапкан билет тулпарды.
Таптаса шумкар учпайбы,
Бакса тулпар чыкпайбы.
Ой-тоону койбой чабыттап,
Шумкардын учар заманы.
Ооздук чайнап ажылдап,
Тулпардын чуркар заманы!

 

КЫЗЫЛ ЖООЛУКЧАН

Толкуган биздин эркибиз —
Ал зуулаган темпибиз.
Ал тиги, кызыл жоолукчан —
Эмгектин кызыл селкибиз!

Ой, кызыл жоолукчан,
Кандай турмуш жайыңыз.
Курсак ачып кетти го,
Кайнады бекен чайыңыз!

Тээтиги түздө оргуган —
Трактордун түтүнү.
Ал эпкиндүү турмуштун,
Бир гана бөлөк күкүмү!

Тээтиги зоону ураткан,
Омкоруп ташын кулаткан —
Биздин арык казгандар,
Чекеси тердеп суу аккан!

Ой, кызыл жоолукчан,
Мен дагы жаман тердедим.
«Териңди аарчып жүргүн» — деп,
Канакей жоолук бергениң!

Тээ тетиги түрүнгөн,
Күрөгүн алып жүгүргөн —
Кулагын байлап суу жыгып,
Ал да эпкиндүү күжүрмөн…

Ой, кызыл жоолукчан,
Тетиги малды тосуп кой.
Тепсебесин эгинди,
Аркы уйларга кошуп кой!
Тетиги жаткан кургактан,
Биз казган жаңы булактан.
Эпкин менен күрпүлдөп,
Көк кашка тунук суу аккан.

Ой, кызыл жоолукчан,
Жаңы арыктан суу алган.
Таасири түшсүн турмуштун,
Жайдары басып буралган.

Сом темирим бата түш,
Дагы азыраак каза түш.
Ары дагы, арыраак,
Даа кичине баса түш!

Ой, кызыл жоолукчан,
Кетменимди ала кел.
Көмүркөйдүн ичинен,
Керкимди да таба кел!..

Соц тармактар:

Добавить комментарий