Кайраттуу акындын канаттуу ырлары

Мындан үч жыл мурда жетимиштин кырын ашкан, кечээ жакында Кыргыз Республикасынын эл акыны деген ардактуу наамын алган учурда ага тушташ Төлөгөн Мамеевдин “Бийиктик” басмасынан “Ыйманды тазалай көр, жаңы кылым” аттуу жаңы ыр китебинин чыгышы акындын өмүрүндөгү кубанычтуу окуя болду. Мен мындан туура он жыл мурда акындын “Ата журт ажары” аттуу ыр китебине жакшы пикирим жазылган макаламды гезитке жарыялаган элем. Азыр анын жаңы ыр китебин жаңы үмүт менен, кызыгуу менен барактай баштадым.

Чынымды айтышым керек, акындын жаңы ыр китебинин барактарынын көбүн канааттануу менен жаап, жаңы барактагы ырларды окууга ашыгып олтуруп, китептин аягына кандай чыкканымды сезбей калдым.

Бул китебиндеги ырлар нагыз турмуштан алынган ырлары экендигине ынандым. Акындын биз жашап жаткан мезгилдин ар кыл жактарына, көрүнүштөрүнө сезимтал көңүлү, көрөгөч көзү аркылуу карап, ырларына материал боло турган ойлорду кылдаттык менен иргеп алгандыгына дагы бир жолу ишендим.

Мен өзүм акын болуп туруп башка акындардын китептеги же гезиттеги ырларын окуганымда менин оюма туура келбеген жерлерин, сөздөрүн, ойлорун тигинтсе болмок экен, минтсе болмок экен деп өз ичимден пикиримди айта берчү адатым бар. Ал эми Төлөгөн Мамеевдин бул жаңы ыр китебинде ырларды сын көзүм менен карап, абдан кунт коюп окусам да ырларынын көбүнөн өөн, кемптик таба албаганыма, ырларындагы ойлор менин оюма төп келип турганына  ыраазы болдум.

Мындан он жыл мурда жазылган макаламда акындын ырларын жактырган ойлорумду жетерлик эле айтканмын. Ал эми акындын жаңы ыр китебинде менин көзүмө көрүнүп, көңүлүмө таасын байкалып турган кубанарлык нерселер акындын ойлору огобетер тереңдеп, чебердиги токтолбой өр карай өсүп, ырларында салабаттуулук, салмактуулук бекем орун алып, кыргыз ырларынын традициялуу чегинде эле поэзиянын жаңы кырларын ачууга жетишкен.

Акын башынан эле ырдагы опсуз ойку-кайкылыктардан алыс болчу. Ал эми бул жаңы китебинде да сөздөрдү ырдагы ойлордун маанисине карай өз орду, өз ыгына ылайыктуу кыябына келтирип пайдалануу менен ийгиликке жеткени таасын көрүнүп турат.

Атактуу акын Төлөгөн Мамеевдин окурмандар үчүн жайган жаңы ыр дасторконунан таткан даам бул макаланы жазуунун себепкери экендиги сиздерге түшүнүктүү чыгар. Төлөгөн Мамеевдин поэзиясы Ата Мекенибизди, алатоолук элибизди, анын аруу максаттарын, бийик адамгерчиликти даңазалоонун поэзиясы. Эл деген айрым адамдардан түзүлөт, ал эми ар бир адам өзүнүн адамдык парызын ак аткарып, адам бойдон жашап, адамдык сапатын адал кармап жүргөндө гана, Чыңгыз Айтматов айткандай, адам ар күнү адам болуп жүрө алганда гана элибиз керектүү, зарыл максаттарын аткара ала тургандыгын акын жакшы ырларында айтып келет, кайра-кайра кайталап айтуудан анын талыкпагандыгы талашсыз.

Акындын аруу тилеги дайым Ата Мекенге арналып, ал тилек жасалма сөздөр менен эмес, чын жүрөгүнөн чыккандыгын акындын ыр саптарынан көрөбүз:

Айдыңын Ала-Тоонун кезе берип,
Апамдын аппак сүтүн сезем эрип.
Тууган жер турса экен деп тунжурабай,
Туулгандан келе жатам безеленип.

Акындын кайрылбаган темалары жокко эсе. Мекенге, тууган жерге, элге “Даярмын”, “Кыргыз жери” жана “Ата Журт жөнүндө ойлонуу”, “Туулган жерим”, “Сен кыргыз”, “Эл”, “Жаңы кыргыз” сыяктуу мазмундуу ырлары акындын чын дилинен жаралган. “Аз жана көп” деген ыры китепти көрктөп турган мыкты ырлардын бири. “Талааларда кулаалы көп, туйгун аз, таң алдында таранчы көп, булбул аз. Чобурлар көп башка чапсаң баспаган, Толубайдын аалам кезген дулдулу аз”. “Адыр, дөң көп алардан аз чокулар, жүрөксүз көп, жигиттер аз оту бар. Карылар көп каада-салтты унуткан, аксакал аз сый үстүндө отурар” деген таамай саптар ырдын мазмунун тереңдетип турат.

Кыргыз жерине, жаратылышына, кайталангыс кооздугуна, сөөлөтүнө арналган акындын ырлары китепти салмактуу кылып, баасын арттырып турат. Мындай ырларга “Булут”, “Түнкү тоо, жылдыз, сулуулук”, “Жаз жөнүндөгү дагы бир ыр”, “Суктануу”, “Жылдыздар, силер керемет”, “Тоолордо” деген ырлар кирет.

Табиятты да адам сындуу жаны бардай ыйык сезип, ызат-урмат менен ырга кошот. “Тоолордо” деген ырында: “… Дайрага тоолор эңилип жаткансыйт кээде сүйлөшүп”, “Кыялга бата бересиң, ыр жазгың келип толгонуп, таштар да сүйлөп жаткансыйт таң менен кошо ойгонуп” деген саптар жогорку оюбузга далил болот. Табияттын көркүнө суктануу акында чексиз экендигин анын ырларынан көп кездештирдик. Акын бир ырында “Жууп жаткан жылдыздарды жылаңач карап турдум тоо түбүндө дайраны” десе, дагы бир ырында: “Кең асмандан булут көрсөм токумдай, жакын көрөм ал булутту досумдай” дейт да, анын себебин “ал болбосо ак мөңгүлөр жок болмок, болмок эмес аккан дайра, тунук суу” деп оюн толуктайт.

Төлөгөн Мамеевдин бир топ ырларын окуп отуруп, анын боорукерлиги кадимки айтылуу Асанкайгыдан кем эмес экендигине ишендик. Акын бир ырында: “Түбүндө эски тамдын чалды көрүп, кейийсиң отурганын кайыр сурап” десе, күйөөсү ичкилик менен алек болуп, бекерпоздук кылып жүрсө, базарда туз сатып азап тарткан аялын, ээси себепсиз эле жинденип сабаган итин аяган ырлары, “Кандай күн күтүп жатат болду экен деп бөбөктү аяй берем бешиктеги”, же “Чыдабай кетем ачка балапанга чыйпылдап турган жардын боорундагы” деген ыр саптары акындын чыныгы боорукерлик мүнөзүн далилдейт. “Эки анжы ой” деген ырында күнгө күйүп бараткан чөптү көз жаш менен сугарып, таштардын арасындагы кескелдирик, жыланга айдарымын чачып, ысыкта кыйналган ташбакага көлөкө болсом деген жакшы тилегин айтып келип, “Мен го аяймын, мени аяган турмушта бирөө барбы деген ойду ойлоном…” деп аяктайт.

Чыңгыз Айтматов, Жоомарт Бөкөнбаев, Жалил Садыков, Мухтар Шаханов, Токтосун Самудинов, Кожогелди Култегин, Сүйөркул Тургун-баев, Алик Акималиев сыяктуу замандаш, каламдаштарына Төлөгөн Ма-меев жүрөгүнөн чыккан жакшы каалоолорун арнап, алардын таланттарын жогору, калыс баалап, алардын ар бирине ылайыктуу сөз таап, алар менен сыймыктанганын билдирген ыр саптары ишенимдүү чыккан. Айрыкча Чыңгыз Айтматовду даңаза кылган ыры мактоого татырлык:

Кыял жетпес кең Ааламдын чегинде,
Ким тең келет, айткыла бул Генийге?
Не болсо да Айтматовдой талантты,
Ыраазымын бизге берген Теңирге.

Ошону менен бирге ырларында поэзиянын жыты сезилбеген көптөн бери бекер убара болуп узун, супсак ырларды жазып жүргөн кээ бир жүүнү бош акын сөрөйгө өзүнүн ачуу сөзүн тийгизүүдөн тартынган эмес: “Сезимтал эмес, баамы жок, ырыңды билбей даамы жок, ондогон китеп чыгарып, отурам дейсиң наамы жок”. Айрыкча азыркы кезде акынбыз дегендер жамгыр жаагандан кийинки козу карындай жайнап чыга келгени, алардын ыр сөрөйлөрүнөн окурмандар жадап чыкканы, алар ырдын ыйык атына шек келтирип жатышканы жалганбы?

Айтылуу, атактуу акыныбыз өзүнүн ким экендигин, кыргыз адабиятында алып турган ордун таасын билип, өзүнө өзү баа бере алгандыгын анын өзү жөнүндөгү ырларынан көрө алабыз. Ал бир ырында: “Бир жанмын таза жашап, таза ырдаган” деп өзүнө кыска мүнөздөмө берсе, дагы бир ырында: “Айтылуу күлүгүндөй Толубайдын ар качан чарчоо билбей жол улаймын” дейт. Ал эми дагы бир ырында:

О бурадар, мени ойлобо мусапыр,
Жүрөгүмдөн кептер болуп учат ыр.
Жан дүйнөм ыр, сүйлөп жаткан сөзүм ыр,
Басканым ыр, бардык денем туташ ыр, 
– дейт.

Бул апыртып аша чапкандык, мактанчаактык эмес, бүт өмүрүн ыйык ырга арнаган, ыр ага дем алган абадай зарыл болгон, ырсыз жашай албаган акындын өзү жөнүндөгү ымандай сыры. Акындын биз сөз кылып жаткан жаңы ыр китебин ачар замат “Кыргыз тулпарынын ыры” деген чыгармасына кездешебиз. Ушул кудуреттүү мазмунга бай сонун ыр тулпардын атынан жазылганы менен жакшылап ойлоп көрсөк, акындын жүрөгүнөн чыккан өзү жөнүндөгү ыр экенине ынанабыз. Эл акыны деген ардактуу, жогорку наамды жаңы эле алган атактуу акыныбыз Төлөгөн Мамеевди басмадан чыккан акжолтой жаңы ыр китеби тосуп алды. Анын бул китеби азыркы алган жогорку наамын толук ырас­тап турганы өтө кубанычтуу. Даңазалуу Парнаска карай сенин канаттуу ыр тулпарың алкынып, эргип баруусун каалаймын, атактуу акын!

Сооронбай ЖУСУЕВ, КР Баатыры, эл акыны,
«Кыргыз Туусу»,
13.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий