Оңолдун Рыспайды эскерүүсү

Быйыл кыргыздын залкар таланты маркум Рыспай Абдыкадыровдун туулгандыгынын 70 жылдыгы коомчулугубуз тарабынан кызуу  белгиленип, ар түркүн иш чаралар өткөрүлүп жаткандыгынан эли-журтубуз кабардар. Ырчынын жеке турмушундагы жашоосу, өткөргөн өмүрүндөгү ачуу-таттуу окуялар да окурмандардын кызыгуусун туудурары шексиз. Андыктан, бир кездерде Рыспай менен чогуу түтүн булатып, бир үйдө жашаган, учурда Бишкек музыкалык педагогикалык колледжинде эмгектенип жаткан Оңол Узакбаеванын ырчыны эскерүүсүн сиздерге сунуштайбыз.

Алгачкы таанышуу

Бүгүнкү күнү артыма кылчайып, тээ алыста калган күлгүндөй жаштыгыма кайрылсам Рыспай менен кантип таанышканым жана үй-бүлө болуп экөөбүздүн бирге жашаган жылдарыбыз көз алдыма тартыла түшөт.

Көпчүлүк билгендей, мен өзүм Сары өзөн Чүй­дүн кызы болом. Берекеси төгүлгөн куттуу туулган жерим – Панфилов районунун Орто-Арык айылы. Ушул айылдан сегизинчи классты бүт­көндөн кийин Кара-Балтадагы медициналык окуу жайынан окудум. Окууну бүткө­нүм­дө мени жолдомо менен Фрунзе шаарындагы онкологиялык институтка жиберишти. Алгачкы иш ордум да, өмүр бою эстен кеткис турмуш сапарым да ушул жерден башталды. Медайым болуп иштөө менен бирге университеттин биология факультетинде окучумун.

Бир күнү өзүм менен чогуу иштеген Гүлнара аттуу кыз коридордун тиги башында шыңгыттай узун бойлуу, арык, чачын артына тараган бир жигиттин ооруп турганын көрсөттү. Жашы 26-27лерде болсо да, өңү улгайыңкы сыяктанып көрүндү. Көрсө, катуу дартка кабылып, өтө кыйналып турган экен. Эки күндөн кийин ал жигитке операция жасалып, палатага которгондо ага көзөмөл жүргүзүүнү мага жүк­төштү. Оорулуу Рыспайдын өңү саргайып, көздөрү чүңүрөйүп, ыраңы карарып, жаны абдан кыйналып жатты. Ага боорум ооруп, этияттык менен карап, дарыларын берип, уколдорун сайып көзөмөлдөп турдум. Күн­дөн-күнгө айыга баштаган Рыспайдын ошентип өңү оңолуп, ажары ачыла баштады.

Бир күнү ал жаткан палатага кирсем Рыспай Үсөн Сыдыковдун “Күн чыгышым” деген ырын мондалинге салып ырдап отуруптур. Мени кетирбей ырын угушумду суранып жатты. Тартип боюнча  медперсоналдар оорулуулар менен өзгөчө мамиле түзбөшү керек. Муну Рыспайга түшүндүрсөм ал мага өтө жалооруй карап, жакында ооруканадан чыгарын айтып, коё бербейт. Бирге иштегендердин бардыгы “сени сүйүп калыптыр” дешип ого бетер отко май чачып, мени уялтышат.  Ошентип эки ай дарылангандан кийин Рыспай ооруканадан сакайып чыкты.

Жаштык, жалындаган махабат

Көп өтпөй Рыспай мени издеп иштеген жериме да, жашаган жатаканама да келе баштады.

Ал кезде мен мединс­титуттун жатаканасында турчумун. Бир күнү жумушта отурсам Рыспай келиптир. “Сизди композиторлордун съез­дине чакырып келдим”, – дейт. Уялып барбайм десем, курбу кызым болбой алып барды. Опера жана балет театрында өткөн ошол чоң концерт жана жаштыгыбыздын жалындаган күндөрү биздин ортобузга махабат отун алоолонтуп жагып салды. Ал учурда Рыспайдын чыгармачылыгы өр талашып, аты далайга кете баштаган эле. Анын ырларын С.Суранчиева, З.Шакеева, К.Кожомкулов, Б.Миңжылкиев ж. б. кыргыздын мыкты аткаруучулары ырдашып, радио жана теледен байма-бай кетип турчу. Ал эми Рыспайдын өзүнө көп кыздар ашык болушуп, тийишип, сүйлөшкөнгө аракет кылышчу, бирок Рыспай экөөбүздү чогуу көрүшкөндө шаабайлары сууп кала беришчү. Рыспай экөөбүз 1967-жылы 17-июнда баш кошконбуз. Азыркы филармония турган жерде бир орус аялдын үйүндө батирде жашап, ынтымактуу болчубуз. Рыспай анда филармонияда кыргыздын бир топ таланттары менен чогуу иштешчү. Ошентип кийинки жылы – 1968-жылдын 6-мартында кыздуу болдук. Рыспай: “Кызыбыздын атын Махабат коёлу, анткени ал экөөбүздүн чоң махабатыбыздан жаралды”, – деп кубанычы койнуна батпай, бапыраңдап жүрдү. Бирок мындай ысым коюуну менин ата-энем туура көрбөдү. Атам Узакбай согушка катышкан, өзү куран кармап, намазга жыгылган адам эле. “Бул сүйүүнү билгизет, мындай ысым наристеге жарашпайт”, – деп апам экөө каршы чыгышты. Ошондуктан кызыбыздын атын Аида деп койгонбуз. Бир күнү Рыспай Аидага сүт алып келем деп дүкөнгө кеткен. Көп өтпөй колуна бир кагазды кармап, сүйүнүп эле кирип келди. Көрсө, ал үйдүн ордери экен. Ошентип бизге шаардын жетинчи кичи районунан үч бөлмөлүү үй берилип, жаңы үйүбүзгө көчүп кирдик. Таланты ташкындап ошол жылдары Рыспай “Ак кайың”, “Эсиңдеби”, “Жүрөк вальсы”, “Ойлодуң бекен мени сен”, “Суранам”,  “Койчунун ыры”, “Издейм сени” деген ырларын жазды. “Издейм сенини” жазган кичинекей столу азырга чейин бар. Кызым Аида менен неберелерим аны ыйык таберик катары сактап келатышат.

“Издейм сенинин” жаралышы

Ушул убакка чейин Рыспайдын чыгармачылыгынын туу чокусу болуп, жеке кыргыздын эле эмес, түрк, казак жана башка элдердин да сүймөнчүлүгүнө айланган “Издейм сенинин” жаралышы да өзгөчө десем болот. Бул 1968-жыл эле. Кызыбыз Аиданын төрөлгөнүнө үч ай болгон. Азыркы филармония турган жерде мурда майда үйлөр көп болчу. Ошол жерде батирде турчубуз. Бир күнү Рыспай колуна тор баштыкты алып, сүт алып келем деп дүкөнгө чуркап кеткен. Аңгыча шашып-бушуп жете келип эле колуна аккордеонун ала коюп, жаңы ыр кайрыктарын ойноп калды. Көп узабай аккордеонун жерге коюп, ары-бери басып, өзүнчө эле бир кызыктай абалда болуп жатты. Анан кызына алаксый түштү да, жаш балача ойноп кирди.

Ошондон бир-эки жума өттүбү-өтпөдүбү, Өкмөттөн берилген үч бөлмөлүү үйүбүзгө көчүп бардык. Жаңы үйгө барганда да Рыспай түн болсо деле аккордеонун ойнойт, кайра фортепианого отуруп, анын клавишаларын улам басып калат. Кичинекей столубуз бар, ага барып кагазга чиймелеп жазат. “Кызыңды ойготосуң, жатып уктап, эс алсаң боло, түн ортосу болбодубу…” – дейм ары-бери жанынан өтүп. Менин сөзүмдү укпай тура калып басат, тынчы кетип буулугуп, бук болгондой  кыжалаттанат.   Чапанын айкара (кыйгачынан) жамынып алып, бир күнү таңга маал отурган жеринде уктап калыптыр. Тарткан тамекиси додо болуп үйүлгөн. Ойлонуп-толгонуп, а түгүл сакалын да албай жүрүп калчу ошондой учурларында. “Издейм сенинин” обонун далай күн толгонуп жатып, ушинтип жазган.

Кошуналардан бирөө да тынчыбызды аласыңар деп айтчу эмес. Же Рыспайдын талантын өтө баалашып, өзүн сыйлаганынан унчугушпайбы, эч сөз уккан жокпуз.

http://obs.kg/view/2Sw

Тагдырдын ташы бактыма кулап…

Ошондой жаркын күндөрдө ортобузга чарт эткен «чагылган» түшүп, экиге бөлүнүп кетерибиз эч оюбузга келген эмес.

Тагдырдын иши татаал болот экен. Ажырашып, эки башка бөлүнүп жашап калганыбызга эч кимди күнөө­лөбөйм. Буга ошол кездеги түшүнүк, ортодогу ар кандай жагымсыз жагдайлар жана турмушту терең түшүнүп би­ле элек жаштыгыбыз, бир сөз менен айтканда маңдайга жазылган тагдырыбыз күнөөлүү десем болчудай. Бизди көрө албагандардын ар кандай ушак сөздү сүйлөгөндөрү эле болбосо, Рыспай экөөбүздүн талашып-тартышар эч чатагыбыз жок эле. Болгону 1970-жылы Рыспай иш сапары менен жүргөндө бир себептер менен филармониядан чыгып калат. Ызаланган Рыспай искусство институтуна кирип, окуп билим алайын десе Насыр Давлесов: “Бизде жалаң вокалисттер окушат. Сен Ош пединститутун үчүнчү курстан таштаптырсың. Эгер окуйм десең кайрадан биринчи курстан баштап оку”, – дейт. Буга Рыспай көнбөйт. Бут тосуулардан улам ишинен чыгып калса, окуюн десе ага да мүм­күнчүлүк беришпейт. Ошентип таарынган Рыспайдын насиби туулган жери – Ошту көздөй тартып туруп алат. Мен ата-энеме барып жагдайды түшүндүрүп: “Ошко кеткени жатам”, – десем, алар да каршы болуп: “Ош деген жердин түбү. Биз кар-тайып калдык, сага жете албайбыз. Ошко кетсең топурагыбызды түйүп беребиз”… – деп ынабай коюшту. Ата-энемди көндүрө албай мен кичинекей наристе кызым менен Фрунзеде калдым, экинчи жагынан Рыспайды кыя албай азап чектим. Ал кезде Ошту биз жактын эли алыскы бир континенттей  көрүшчү. Бүгүн­кү күндөрдө кыргыздын кыздары Ош эле эмес, эзели ата-жотосу укпаган, билбеген, көрбөгөн алыскы Америка, Түркия, Корея, Германия ж. б. өлкөлөргө күйөөгө кетип жатышпайбы. Рыспай экөөбүз ушинтип аргасыздан бөлүнүп, ал Ошко кетти. Эркек болгондон кийин жөн жүрө алмакпы, анын үстүнө Рыспай дегенде кыздардын баары ак эткенден так этишип, сүйүүлөрүн ачык эле билгизип турушчу. Мына ошондой кыздардын бири маркум Давлет аны Ошко барары менен аэропорттон тосуп алып, экөө үйлөнүшкөнүн бардыгы жакшы билишет. Давлет мурда Рыспай экөөбүз чогуу жашап турганда биздин үйүбүзгө келип турчу.

Рыспай менен жашаган үч жылымда турмуштун биз билбеген көп жактары бар экенин билдим. Турмуш жолунун өтө татаал, ойку-кайкы болорун, анын таттуу да, ачуу да даамын сездим. Өзгөчө, таланттуу, чыгармачыл адамдын жубайы болуу бир жагынан сыймык болсо, бир жагынан оор болорун, чыгармачылыктын ар кандай “каприздерине” чыдай билүүнүн өзү чоң жоопкерчилик экенин жаш болсом да түшүндүм.

“Экөөбүз эми сый адамдарданбыз”

Үй-бүлөнүн бузулушу, ажырашуу жана жумушта иштөө жаш балалуу жалгыз аял үчүн кандай оор түйшүк экени айтпаса да түшүнүктүү.

Турмуштагы тоскоолдуктарды убагында жеңе билүүнүн өзү чоң жеңиш экен. Албетте, жаштыгымдан, тажрыйбамдын жоктугунан өз бактым үчүн төшүмдү тосо күрөшүп, кыйынчылыктарды жирей албаганымды кеч түшүндүм. Көрсө, турмуштун өзү өмүрүң өткүчө кызылдай күрөш болот экен да…

Рыспай Ошко кеткенден кийин КМУдан биофакты окуп бүтүрүп, мединституттун туберкулез кафедрасында улук лаборант болуп иштеп жүргөм. Күндөрдүн биринде тубинституттун урология бөлү­мүнө Рыспай ооруп келип жатып калганын уктум. Ал жерден Рыспайга жолугуп, анын өтүнүчү менен Аиданы апкелип көрсөтүп, акыбалын сурап турдум. Кызын өтө жакшы көрчү. Бөйрөгүнүн оорусу, тилекке каршы, айыкпас формасына өтүп калганын түшүнүп, көңүлүн оорутпай сылык-сыпаа, сый мамиле жасачумун. Кийин Ошко барганда телефон чалып, кызынын ден соо­лугуна кам көрүп, дайыма тынчсыздана берчү. Оштогу үй-бүлөсү менен катышыбыз болбогону менен өзү ар дайым телефон чалып, биздин ал-акыбалыбызды, кызынын ден соолугун сурап турчу.

Бир күнү үйдө отурсак аккор­део­нун көтөрүп Рыспай кирип келди. Кирип келатып эле: “Мен жалгыз эмесмин, жанымда досум Асылбек бар”, – дейт. “Эмне болду?” – десем ыр менен:

“Бириң кайың, бириң тал,
Бириң ширин, бириң бал.
Бириң каймак, бириң май,
Бириң кетсең бириң бар”,
 – дейт. Тамашасына караганда Оштогу аялы менен чатакташып келгендей түрү бар. Рыспай эми менин үй-жайым башка дебестен, ушинтип эле кирип келе берчү.

Дагы бир күнү үйдө отурсак коңгуроо шыңгырап калды. Анда Аида турмушка чыгып, үйдө күйөө балабыз бар болчу. Күйөө бала эшикти ачып жиберсе “Сен кимсиң?” – деп ага ачууланып, салам-алиги жок эле шыдыр басып төркү үйгө өтүп, мурда өзү жатып жүрчү керебетке барып жатып алды. Күйөө баласын көзмө-көз көрө элек кез. Мен Рыспайдын жанына барып: “Эми экөөбүз сый адамдардан болуп калбадыкпы. Күйөө баладан уят”, – десем тез эле кийинип, чай ичип алып, коштошуп чыгып кетти. Күйөө баласынан уялды окшойт.

Айша АЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”, 11.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий