Төлөгөн Мамеев

t_mameev

Төлөгөн Мамеев Кара-Кулжа районунун Шаркыратма айылында 1938-жылы 12-майда туулган. Ал Оштогу педагогикалык окуу жайын 1955-жылы бүтүрүп, башталгыч класстын мугалими болуп эмгек жолун баштаган.

1957–1958-жж. райондук «Коммунизм үчүн» гезитинин жооптуу катчысы болуп иштеп,
1958–1963-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналисттик бөлүмүндө окуган.
1963–1965-жж. орто мектепте орус адабияты жана кыргыз адабияты боюнча мугалим,
1965–1970-жж. Өзгөн райондук «Октябрь Туусу» гезитинин жооптуу катчысы,
1970–1971-жж. республикалык «Ленинчил жаш» гезитинде,
1971–1993-жж. «Кыргызстан маданияты» гезитинде поэзия секциясынын башчысы болуп иштеген.
1994–1996-жж. «Мурас» журналынын бөлүм редактору,
1996–1998-жж. саясий коомдук «Мээнет» гезитинин башкы редактору болуп иштеген.

Анын алгачкы ыры 1954-жылы Совет райондук «Коммунизм үчүн» гезитине, 1958-жылы «Ала-Too» журналында жарык көргөн. Ошондон тартып республикалык басма сөздөрдө «Дүбүрт», «Жаштык сапар» аттуу коллективдүү жыйнактарына ырлары кирген. Кийин «Темир канат», «Күн чубак» жыйнактарында ырлары жарыяланган. «Ажайып дүйнө» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы 1975-жылы жарык көргөн.

Т.Мамеев С.Есениндин, Ю.Лермонтовдун, Г.Лорканын, Абайдын чыгармаларын которгон.

Анын ырлары орус, казак, өзбек, алтай ж.б. тилдерде жарык көргөн.

Т.Мамеевдин журналист катары макалалары, очерк, фельетондору жарык көргөн. Комсомолдун 50 жылдыгынын конкурсунун жеңүүчүсү, ВЛКСМдын, Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен бир нече жолу сыйланган.

1986-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

2000-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам берилген.

 

Төлөгөн Мамеев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Кайраттуу акындын канаттуу ырлары

 

Ырлар

ӨКСҮТӨТ, КАЛКЫМ, АЗДЫГЫҢ

Уктабай кээде чыланып жашка жаздыгым,
Өзөктү өрттөйт уругуң, элим, аздыгың.
Тартылат көзгө кездериң жүргөн кан кечип,
Каргаймын анан тагдырдын боору таштыгын.

Тагдырдын таш боор торуна кээде камалып,
Көзүңөн жашың, бооруңан жошо кан агып.
Келгениң эстеп, кейиймин түтөп ар дайым,
Жан соога сурап, тоолорго качып таянып.

Өзөгүң өрттөп, кайгылуу күнгө туш кылып,
Канаты сынган капаста алсыз куш кылып.
Айдыңдуу жериң алдуулар тартып алышып,
Артыңдан жебе көп кууган экен ышкырып.

Сыйынып атка, сыйынып жалгыз күчүңө,
Сыйынып эмген эненин ыйык сүтүнө.
Жамынып тоону, жай кылып өмүр өтөпсүң,
Уругуң сенин каларда такыр үзүлө.

Аскасын жүргөн ар дайым кетпей мекендеп,
Аз урук бул эл бүркүткө окшош экен деп.
Асырап тоолор алыптыр сени ошондо,
Бүркүттөй кыйбай койнумда жашаар бекен деп.

Алыста калып Эне-Сай, Шыбыр жер анан,
Койнуңда курчуп тоолордун алсыз эл анан.
Ала-Тоо сага эмизип сүтүн энеңдей,
Бүркүтү болуп калыпсың тоонун сен анан.

 

ЧЕКИТ КОЮП

Калаадан көңүл калып көргүс болуп,
Айылга кетким келет келгис болуп.
Ак уруп түнөп мүрзө, мазарларга,
Ааламды кезгим келет дербиш болуп.

Асынып ак куржунду айылчылап,
Айрыкча алсыздардын жайын сурап.
Ыйлаган жетимдерге бергим келет,
Нан сурап, адамдардан кайыр сурап.

Бир кайрык билген жалгыз дубамы окуп,
Ичимден жүз кайталап улам окуп.
Олтургум келет элсиз боз талаада,
Кайт болгон досторума куран окуп.

Жадымдан собол берип улам ага,
Жолуккум келет айкөл уламага.
Дубана болуп элден тыйын жыйнап,
Кайтара бергим келет дубанага

Өзүмдү шаардан алыс ала качып,
Жарадар улагына каралашып.
Жашагым келет эркин тоо койнунда,
Кадимки кайберенге аралашып.

Каректи кең асманга улам кадап,
Учсам деп шумкар болуп улам самап.
Жанкечти, ыймансыздар толуп алган,
Жашоодон шаардагы турам жадап.

Кыргызга келген ырыс-кешик болуп,
Кылымдар турган дайым бешик болуп.
Тоолорго кетким келип турат азыр,
Жасалма бул жашоого чекит коюп…

 

КАРЫЯНЫН ӨЛҮМҮ

Каруусу кетип мурдагы,
Каректин өчүп нурлары.
Кыялбай жарык дүйнөнү
Кыйналып жатты бир кары.

Өткөргөн баштан канчаны,
Өлүмдү кары байкады.
Эки көз бир аз чачырап
Эшикке колун жаңсады.

Айтканын анын кылышты,
Акырын алып чыгышты.
Туш-туштан жөлөп балдары
Тунжурап карап турушту.

Акырын жутуп абаны,
Ааламга кейий карады.
Жаркыган күнгө тигилди
Жалдырай тиктеп чал аны.

Ким билет анын аныгын,
Калтырап колу карынын.
Жаткансып кетти суранып
Жаркыган Күндүн жарыгын.

Бурулуп кетти достору,
Туралбас анда жан чыдап.
Көшүлө түштү карыя
Көзүнөн бир жаш тамчылап

Көзүнөн бир жаш тамганы,
Болбосун балким арманы.
А мүмкүн жарык дүйнөнүн
Кадырын билбей калганы…

 

ИТ МЕНЕН ЧАЛ

Күйүп келген куу согуштун отуна,
Бир чал менен жашап калдык кошуна.

Куу согуштун аягында болжолу,
Варшавада калган экен сол колу.

Көртирликке көрбөдүм баш ийгенин,
Салып коюп чөнтөгүнө бир жеңин,

Оң кол менен багын багып баладай,
Оокатына тың эле чал аябай.

Кээде гана өткөн чагын эстесе,
Папиросту тарта берчү кечкече.

Төрт сөз эле анын өмүр баяны,
Бир кыз төрөп, каза тааптыр аялы.

Айтып берди ал сөзүнүн биринде,
Жашайт имиш… каралдысы Сибирде.

Туугандарым бар дечү… алыс жакта алар,
А билбейм, келчү да эмес кат-кабар.

Барбы алары, кимдин эмне чатагы,
Бир үйдө ал бир ит экөө жашады.

Ити гана байкуш чалды кыйчу эмес,
Ооруп калса улуганын тыйчу эмес.

Бир кошунам айтканынан жазбаган,
Бир жолу итин атып сала жаздаган.

Бардык жанда бул дүйнөдөн кайтыш бар,
Май айында каза болду байкуш чал.

Он сом үчүн эч ким кылбай бакылдык,
Чогулттук да, чалды жерге жашырдык.

Кор кылат ээ, кээде турмуш пендени,
Туугандары, кызы дагы келбеди.

Чал тагдыры жүрөгүмдү жүрдү өйүп,
Келейин деп мүрзөсүнө гүл коюп.

Барсам мени байлап бир күч кишендей,
Туруп калдым өз көзүмө ишенбей.

Жасай албайт мындай ишти киши да,
Жатат өлүп чал жанында ити да.

Ыйлагандай… көзүнөн кан, жаш тамып,
Калыптыр ит чал мүрзөсүн жазданып.

 

АЛТЫН ЖӨНҮНДӨ ТОЛГОНУУ

Сары алтынды дат баспаган асыл деп,
Калса керек байыркыдан накыл кеп.
Ошол асыл табылгандан бер жакка,
Келе жатат көп адамдын башын жеп.

Батам кээде жан кейиткен кыялга,
Жатса дагы ондогон жыл ылайда,
Чирибеген, дат баспаган бул алтын,
Жаралганбы кайгы, өлүм, убайга?

Барктайт баары баа жеткис деп алтынды,
Антсе дагы ойлой берем ар кылды.
Кырчылдашкан согуш чыккан ал үчүн,
Аны ойлосом алтын окшойт кан сындуу.

Алтын үчүн адамды адам куруткан,
Алтын үчүн кан тамчылап кылычтан
Каргашалуу согуш чыгып дүйнөдө,
Канча улутту тукум курут кылышкан.

Кандай болсо кайсы доордун тушунда ал,
Дал ошондой опурталдуу учурда ал.
Жок дейсиңби алтыны бар адамды,
Азыр деле мууздап кеткен учурлар.

Башка бирөө балпылдатып жеп турган,
Басса турса байкуш кыргыз кеп кылган.
Кум-Төр десе куйкам кетет курушуп,
Насирдиндей кыргыз уулун жеп тынган.

Далай элди, далай жанды куруткан,
Адамдарга алтын кармап турушкан.
Айткым келет ашык көр деп алтындан,
Ташкөмүрдү суукта үйүңдү жылыткан.

 

ИЗДЕБЕ

Издебе, жаным мени эми,
Өзүмдү өзүм бүтүргөм.
Таппайсың, элдин ичинен
Издегин таттуу түшүңдөн.

Мен жокмун эми баягы
Китептер толгон бөлмөдө.
Кеткемин чөгүп түбөлүк
Арактан бүткөн келмеге.

Ушинтип ырдап кыңылдап,
Баратты бир мас чачы өскөн.
Капкачан элдин жадынан
Типтирүү туруп аты өчкөн.

 

ТУЗ САТКАН КЕЛИН

Илкий басып күрсө, күрсө жөтөлүп,
Таң алдында бир келин туз көтөрүп.
— Туз алгыла, Шамшыкалдын тузу — деп,
Кан базарда чый, чый этет өчөйүп.

А күйөөсү төшөгүн да жыйнабай,
Сыртка чыгып башын мыкчып бир далай
Отурат да, анан барып баш жазат,
Күн башталат күндөгүдөй жыргамай.

Келин эстейт айылдагы балдарын,
Кайнатага көз жуумп таштап салганын.
Эстегенде эки эмчеги зыркырайт,
А айылда үшкүрүнөт чал дагын.

Басса, турса байкуштарды ээрчитип,
Жетим калган чаарчыкты телчитип
Жүргөнсүйт чал. Көз алдынан өткөрөт,
Келин, уулун кеткен шаарга тентишип.

Беш бөлмө үйдө келиштирип салынган,
Балдар жашайт эне, атасын сагынган.
Кары жашайт, медер кылып аларды,
Карыганда караан күнгө кабылган.

Шаардагы бир бөлмөдө арактан,
Жигит жашайт айбан болуп бараткан.
Келин жашайт күндө чыгып туз саткан,
Сагынычтан карегинен кан аккан.

 

КОШТОШКОНБУ БАЛКИМ KYH MEHEH

Күндү тиктеп батып бараткан,
Аппак сакал турат кырда адам.
Төмөн карай кулап кетчүдөй,
Аттаса эле кокус бир кадам.

Көзүн албайт батыш тараптан,
Бардыр мүмкүн себеп ар кандай.
Эмнегедир турат кыймылсыз,
Бирок аны кадап салгандай.

Бир аз туруп батып кетти Күн,
Боз адырдын ары жагына.
Тыкылдатып жолду таягы,
Кырдан ашып кетти кары да.

Келеби деп кырга дагы бу,
Эртеси мен күтсөм карыны.
Күндөгүдөй батып кетти Күн,
Билинген жок чалдын дайыны.

Сезип кары өтүп кетээрин,
Ошол түнү жалган дүйнөдөн.
Кырда туруп батып бараткан,
Коштошконбу балким Күн менен.

 

AТА ЖУРТ ЖӨНҮНДӨ ОЙЛОНУУ

Токтобой шумкар болуп учуп келем,
Тоолордун таза абасын жутуп келем.
Мекенди медер кылып жүрөгүмө,
Мекедей жадыма ыйык тутуп келем.

Айдыңын Ала-Тоонун кезе берип,
Апамдын аппак сүтүн сезем эрип.
Туулган жер турса экен деп тунжурабай,
Туулгандан келе жатам безеленип.

Тоолорго арнап үмүт, тилегимди,
Кир өтүк баспаса деп шибериңди.
Опуртал бул учурдун дүбүртүнөн,
Оорутам ойлоп кээде жүрөгүмдү.

Кандай Күн күтүп жатат астыдагы,
А балким жаман дагы, жакшы дагы…
Коркомун дос болобуз дегендердин,
Койнунда котуру бар таш турабы?

Мына бул биз жашаган кылымдагы,
Мезгилде татаал дагы, кыйын дагы.
Жамандык көрбөсө экен Ата Мекен,
Кемеси чөкпөсө экен кыйырдагы!

 

ЭКИ АНЖЫ ОЙ

Куюн ойноп, боз чаң учкан адырга,
Куюлсам дейм жамгыр болуп таңында.
Ар бир чөптү күнгө күйүп бараткан,
Көз жаш менен сугарсам дейм жазында.

Абасына буулугушкан капталдын,
Айдарымын искеп келип ак кардын.
Чачсам дейм кескелдирик, жыланга,
Арасында күн өткөргөн таштардын.

Саратандын аптабына тушуккан,
Баш чыгарган кичинекей кычыктан.
Ташбакага болуп бир аз көлөкө,
Сактасам дейм мээ кайнаткан ысыктан.

Боз адырда боз чаң учуп ойногон,
Байкуштарды боору менен сойлогон.
Мен аяймын, мени аяган турмушта
Бирөө барбы деген ойду ойлоном…

 

КАРГА МЕНЕН ТЕРЕК

Карк дегени мурас болгон тукумга,
Карга олтурат карт теректин учунда.
Бул экөө тең үч кылымды карытып,
Мезгил сүйрөп жеткен биздин учурга.

Карга байкуш тайып эчак алынан,
Канаттары төмөн түшүп карыган.
Теректин да кабыктары аарчылып,
Ал айрылган асмандаган чагынан.

Күбө болгон булар далай заманга,
Күбө болгон жакшы менен жаманга.
Дилдеринде нааразыдай сезилет,
Акылдуу деп алар сезген адамга.

Көз алдында терек менен карганын,
Кырчылдашып, кылычташып ар дайым.
Жер талашып, так талашып адамдар,
Төгүп келген бир-биринин кандарын.

Күндөрдө да кээде апаат каптаган,
Карга эле бул адам канын татпаган.
Чукубаган көзүн кээ бир каргадай,
Бул теректин түбүндө өлүп жатса адам.

Карга байкуш ошол көргөн жылдарын,
Терек байкуш бутактары сынганын.
Бир-бирине айтып ыйлап жаткандай,
Сезип кеттим бул экөөнүн турганын.

 

Соц тармактар:

Добавить комментарий