“Кар” сынагы: Анарбек Абазбеков

 

КАР ЖАМЫНГАН КААРДУУ КЫШ
(түрмөк)

* * *
Ак кардуу кыш.
Аяз беттен чымчылайт.
Теребел тынч.
Бирок көңү тынчыбайт.
Аппак кардан
Тон жамынып жер бети
Оор уйкудан
Ойгоно албай ныксырайт.

 

* * *
Кырч-кырч сынып
Бут алдымда аппак кар,
Муза коштоп,
Сапар тартып баратам.
Жалбырагын
Алмашыптыр ак карга,
Туруксузун теректердин карасаң.

 

* * *
Максаты бар,
Эч максатсыз, себепсиз
Издер жатат
Аппак карда эсепсиз.
Башты уруп,
Миң аракет кылсаң да,
Турмуш өзү
Иргеп алат, элексиз.

 

* * *
Карасаңар.
Кар кишинин келбетин.
Көпкөк муздан
Жасашканбы берметин?
Бөбөк жүрөт
Аяз ата келсе деп.
Күндө он маал
Ичтен айтып келмесин.

 

* * *
Түкүрүгүң
Жерге жетпей муз болуп,
Муруттарды
Бубак басып, муз тоңуп.
Каарына калдыкпы деп ойлодум.
Коён жылы
Коркунучсуз деп коюп.

 

* * *
Аяз келет
Айтпай дебей капыстан.
Ышкырынып,
Бороон улуйт батыштан.
Сулуусуна жете албай боз улан
Заарканууда
Көчө таптап басыштан.

 

* * *
Ичиркентип,
Чыйрыктырып, үшүткөн
Кыш мезгилин,
Негедир мен көп күтөм.
Көктөн түшкөн
Кардын ар бир бүртүгү
Алаксытат
Жанды жеген түйшүктөн.

 

* * *
Күтүп күздүн аякташын тымызын,
Кыш да келген колго алып кылычын.
Бирок мени үшүтпөйт да, тоңдурбайт
Жүрөктөгү сенин демиң, ырысым.

Анарбек Абазбеков,
“Кар” сынагына

Соц тармактар:

“Кар” сынагы: Анарбек Абазбеков: 4 комментария

Добавить комментарий