Оорукчан организмде дух болбойт…

Кубанычбек Назаров, архитектор, «Камбартеп» мектебинин негиздөөчүсү менен маек.

К.Назаров кезинде Профессор Ли Ци Шен жетектеген Пекин ушу академиясынын адистеринин колунда машыгып, эл аралык квалификацияга ээ болгон.1985-жылдан бери тайцзи стили менен машыгып, архитектуралык кесиптен тышкары да, өзүн- өзү рухий физикалык өркүндөтүүнүн үстүндө тынымсыз иштеп келатат.

Өмүр таржымалынан
К.Назаров 1949-жылы 4-сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Бегабад айлында туулган.
1966-1971-жылдары Фрунзедеги политехникалык институтунун архитектор куруучу факультетин аяктаган. Кесиби инженер-архитектор.
1987-1988-жылдары Юрмала шаарында, 1989-жылы Токиодо заманбап дизайн жасалгалоо курстарында окуган.
1972-1973-жылдары аталган кесиби боюнча Ленинград шаарындагы «Ленжилпроект» институтунда стажировкадан өткөн.
1973-1976-жылдары «Киргизгипстрой» институтунда башкы архитектор кызматын аркалаган.
1976-1978-жылдары Ош областындагы архитектура башкармалыгында бөлүм башчы, 1978-1982-жылдары Ош обком Компартиясынын жогорку кызматкери, 1982-1992-жылдары Ош облусунун архитектура жана курулуш башкармалыгында башкармалыктын начальниги болуп иштеген.
1992-жылдан тарта жеке ишкерликке өткөн.
Үй-бүлөөлүү, эки баланын атасы.

— Кубанычбек мырза, кытайлардын ушусу, жапондордун каратэси сыяктуу эле байыркы кыргыздардын да мушташ өнөрүн өркүндөтүү аракетинде жүрөсүз. Эмне үчүн?
— Анын бирден-бир себеби бул, тээ илгери эле кыргыздарда коргонуу техникасын өзгөртүп түзүү ыкмалары колдонулган. Алсак, аттан түшүп, жөө согушууга, төрт тарапка бут менен согууну — «таштаман» техникасын ойлоп табышкан. Кармаш учурунда жылкынын кыймылдарын туурагандыктан, бул стилди байыркы кыргыздар «Камбартебиш» деп аташкан.

Мен улуттук бул эрежени кайрадан жандандыруу алдында адегенде кытайлык профессор Ли Ци Шен жетектеген Пекиндеги ушу академиясынын адистери менен машыгуу өткөргөнүмдүн бир себеби да ушул. Дегеним, кезинде ата-бабаларыбыз бул өнөрдү тереңдетип үйрөнүш үчүн кытайдын канжарколдорун инструктор катары жалдап келишкен. Мисалы, «Манастагы» Алмамбет дал ошондой жалданма инструктор болушу мүмкүн. Албетте, мындай божомолго каршы болгондор чыгаар. Бирок, менин версиям ошондой.

— Бирок, ошол байыркы доордо пайда болгон кытайлардын ушу, кун-фу өнөрү андан ары өнүгүп, азыркыдай бийик деңгээлге жетти. А эмне үчүн «камбартебиш» өнүкпөй, унутулуп калган?
— Унутулуп калганынын бир гана себеби бар. Биз жетимиш жыл мурда аттан түшкөнбүз. Ошол аттан түшкөндө үзүлгөн. Орус империясы бизди аттан түшүрүп алып, анан башкача сүйлөшө баштаган. Скоболевдин айткан сөзү бар. «Киргиз когда на лощаде сидит он смотрит далеко- далеко, он волен и бесстаршен. Когда пешком, он бедный человек» деп. Ошол аттан түшкөн учурдан баштап кылымдардан бери келаткан рухий, маданий салттардын баары үзүлүп калган. Бирок ал жүрөктө, мээде, ойдо жүрө берген…

Учурда кыргызым, минтип майышып туруп калды да. Эгер өзүнө өзү ишеним пайда болсо, кыргыз эли кайра улуу держава абалына келээрин терең ишенем. Ошон үчүн кыргыздар өздөрүн ак илбирске, атактуу баатырларын болсо Кабылан шерге теңешкен. Муну карт тарых деле тастыктап турат.

Чынында эле кыргыздан өткөн меймандос эл деги эле дүйнөдө жок болуш керек. Андыктан биздин айрым чоңдорубуз мекенчил көз карашты айтуудан тайсалдабай эле койсо болот деп ойлойм. Кыргыз демекчи, Улуу жайык аталган Евразиянын кыйма жолдорунда, адамзат тарыхынын чордонунда өсүп-өнгөн кыргыз эли дүйнө тарыхында өз изин таасын калтыра алган. Биз ушуну унутпашыбыз керек!

Байыркы бабалардын салттуу жолун улаган кыргыз адамы табият сырларын аңдап үйрөнүп, канаттуу куштардын, айбанат-жаныбарлардын кылык-жоруктарын да мыкты билген. Кыргыздын айрыкча аялуу малы жылкы болгон. «Ат — адамдын канаты» деп бабаларыбыз бекеринен айтпаган чыгаар.

— Тилегиңизге да, аракетиңизге да кошулабыз, бирок ошол «Камбартепти» массалык спортко айланта аласызбы?
— Кытайда ушу мамлекеттик программа катары ар бир мектепте киргизилген. А эмне үчүн бизде Манастын системасы менен аскердик өзүн-өзү коргоо ыкмаларына үйрөтсөк болбойт? Биздин система кытайдыкынан ашса ашат, бирок кем калбайт. Бул үчүн биз ал тургай атайын миниатюралык робот аттарды жасаганбыз. Керек болсо аларды ар бир мектепке, ар бир балдар бакчасына коюш керек. Ушул идея мага ар убак тынчтык бербей келет. Мен алардын схемасын да чийип да койгом. Эки кабаттуу боз үй. Ичинде эки ат турат. Төрүндө Саякбай отурат. Саякбайдын Манас айтуусунун коштоосунда балдар машыгып атат… Ушундай иштерди кылганда гана кыргызды дүйнөдө тааныйт, сыйлайт. А биз болсо саясат менен алекпиз. Баарыбыз бул дүйнөдө убактылуу мейманбыз. Бири-бирибизге жаман айтпай, бири -бирибизди сыйлап жашашыбыз керек. Улуттук каада салтыбызды, биздин түпкү тегибиз ким болгонун сезгенде жана ошол жол менен кеткенде гана өсүп-өнүгөбүз. Ууру-кеси ошондо азаймак. Ыйман — ырыскы ырооломок, элибизге.

— Ушундай улуттук рухкка ширелген көз карашыгыңызга таазим, эгер мүмкүн болсо ат жалындагы маегибиздин соңунда өзүңүз жөнүндө да айта кетпейсизби?
— Мен спорт менен 12 жашыман машыгып, бокс боюнча Орто Азиянын чемпиону болгом. ЖОЖдо окуп жүргөндө ушу менен машыгып, Пекин академиясынан кун -фунун мастери Ли Ци Шендин шакирти болдум. Айкидого катыштым. Кийин архитектураны таштаган соң, өнөрдү тереңдетип үйрөнүү үчүн Тибетке, Түндүк Кореяга, Кытайга , Японияга бардым. Эгер кытайлардын Ушусу менен эле машыга берсем мен мастер боло албайт элем. Себеби Ушу кытайдыкы да. А мен колдонуп аткан система ал нукура кыргызча система.

Мына, аялым менен жашап жатканыма быйыл жыйырма бир жылдан ашты. Мен «Камбартепти» баштаганымда келинчегим мөлтүрөгөн жакшынакай кыз эле. Үйлөнгөндөн бери экөөбүз тоо таштын арасында жүрөбүз. Уулумду төрт жашарынан бери машыктарам. Дал «Камбартеп» системасына. Күнүгө саат беште, кээде төрттө турам. Эртең менен бир-эки саат машыкмайын мен эч жакка чыкпайм. Калган иш өзүнөн өзү болот. Себеби аң-сезимиң ачык, тунук болсо ишиң шыр кетет. Оорукчан, алсыз организмде дух болбойт. Бул туурасында мурда да маегимде айткам. Медитациянын, духту концентрациялоонун эки жолу бар. Кыргызча жайлоодо жүргөндөй эле жакшы нерселерди ойлоп медитация кылса болот. А мен Куран менен трансмедитация кылам. Айкидонун негиздөөчүсү Морихей Уешиба транска кирип, төртүнчү измеренияга өтүп кеткен. Мындай окуясын тасмадан көргөн жайым бар, салмагы 130 килограммдык үч сумоисттин ортосунда турат. Бир кезде бир сокку менен үчөөнү бир учурда оодара коёт. Көрдүңүзбү, духтун күчү менен эмнелерди гана жасаса болот…

Маектешкен Рабиха Алыбаева

… Аялым менен жашап жатканыма быйыл жыйырма бир жылдан ашты. Мен «Камбартепти» баштаганымда келинчегим мөлтүрөгөн жакшынакай кыз эле. Үйлөнгөндөн бери экөөбүз тоо таштын арасында жүрөбүз. Уулумду төрт жашарынан бери машыктарам. Дал «Камбартеп» системасына. Күнүгө саат беште, кээде төрттө турам. Эртең менен бир-эки саат машыкмайын мен эч жакка чыкпайм. Калган иш өзүнөн өзү болот. Себеби аң-сезимиң ачык, тунук болсо ишиң шыр кетет…

Эмгектеринен
Фрунзе шаарындагы Ош базарынын архитектурасын, Ош шаарындагы Сулайман-Тоо комплексин, Ош шаарындагы өчпөс от мемориалын, аталган шаардагы В.И.Лениндин эстелигин, Ак-Буура комплексин, Ош шаарындагы архитекторлор үйүн ж.б. көптөгөн архитектуралык эмгектердин автору. Ошону менен бирге эле К.Назаровдун мектебинен ондогон таланттуу архитекторлор өсүп чыккан.

1987-1990-жылдары Ош областык Кеңешинин депутаты, ошондой эле аталган областын элдик контроль комитетине үч жолу көрсөтүлгөн. СССР Архитекторлор Союзунун мүчөсү, Кыргызстан Архитекторлор Союзунун мүчөсү.

Айтмакчы, 1989-2009-жылдары Япония, Кытай, Корея, Тибет жерлеринде болуп, улуттук багыттагы чыгыш күрөшүндө тарбиялаган «камбартеп» мектебин негиздеген. Учурда «камбартеп» улуттук федерациясынын төрагасы. Ошону менен бирге эле Республикалык дизайн жана жарнама борборунун директору. Ата-Мекендик архитектурага кошкон зор салымы үчүн кезинде Кыргыз СССРинин Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз СССРинин архитектура башкармалыгынын ардак грамотасы менен сыйланган.

“Айгай” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий