Кыргыз өзөгү кайда?

Редакциябыздын кат куржунуна белгилүү мударис К.Исаев менен таланттуу манасчы Т.Бакчиевдин “Кыргыз өзөгү” аттуу көлөмдүү макаласы түштү. Анда жалпы ааламдагы адамзаттын учурда башынан өткөрүп жаткан кырдаалына сереп салынып, анын ичинде кыргыз улутунун өзөк тамыры “Манас” эпосунан келгендигин таануу идеясы көтөрүлгөн. Ошол тамырды бекемдөө  менен  кийинки муундардын рухун азыктандыруу учурдун эң зарыл талабы экендиги козголгон.  Ошондой эле мында мурунку жана кийинки доордогу манасчылардын тагдыры терең анализденип, азыркы учурдагы “Манастаануу” жаатындагы маселелер жагдайынын абалы тууралуу айтылып, эң негизгиси  “Манастаануу” сабагынын мектептерде өтө аз саат окутулушу, аны керек болсо балдар бакчаларынан баштап жогорку окуу жайларына чейин окутуу сааттарын көбөйтүү зарылдыгы айтылган. Муну  өлкөбүздүн жаңы шайланган Президенти, Өкмөтү эске алып, Кыргыз мамлекетинин өсүп-өнүгүү жолундагы жаңы кадамды кыргыз өзөгүнөн баштоо гана алга жылууга жол берерин болжошкон. Бул макала калың окурман журтка да кызыгуу туудуруу менен пикирлерди жаратары мүмкүн деген максатта гезитибизден орун бердик.

Кыргыздын дүйнөтаанымы

Дүйнөдөгү азыркы экономикалык, социалдык, саясий ж.б. жалпы адамзат башынан кечирип жаткан өзгөчө кыйын кырдаалды кандай түшүндүрсө болот? Ачыгын айтканда, абал өтө эле кыйын. Азыр жалпы адамзат чарчап тургансыйт.

Бир карасаң терең депрессияга баткандай. Сиркеси суу көтөрө албай, туттугуп, ыза болуп тургандай. Бир карасаң, дубаланган куурчактай болуп далдырап, бир карасаң не кылаарын биле албай, туңгуюкка кептелип тургандай көрүнөт. Телегейи тегиз деп Ислам динин жараткан араб дүйнөсү, телегейи тегиз деп Христиан динин жайылткан Европа өлкөлөрү азап чегип, өздөрү жараткан коомдук түзүлүштөрүнүн курмандыгы болуп жатат.

Грециядагы, Италиядагы, Испаниядагы, жалпы эле Европадагы, араб дүйнөсүндөгү, АКШдагы козголоңдор, коомдук түзүлүшкө каршы нааразычылык көтөрүлүштөр… Тигил же бул жерде болуп жаткан табигый кырсыктар, инсульт, инфаркт, СПИД ж.б. ооруларына чалдыккан адамдардын көбөйүшү, адамзаттык эле эмес, ааламдык алкакта өтө чоң өзгөрүүлөрдүн боло тургандыгынан кабар берип жаткандай сезилет. Айтор, ток этерин айтканда, дүйнө, адамзат өзгөрүү жү­рүш­төрүн башынан кечирүүдө. Эч нерсе кокусунан болбойт. Кокустук деген жок! Жогоруда айтылган дүйнөдөгү кескин өзгөрүүлөрдүн себеби да, жөнү да бар. Мунун себебин кыргыз элинин мисалында да талдаса болот.

Соңку 150 жылдан бери карай кыргыз эли не деген өзгөрүүлөрдү, өзүнүн табиятына каршы кыйын кырдаалдарды башынан кечирип келди. Аны менен бирге элдин маданиятында да кескин өзгөрүүлөр болду. Көчмөн маданиятынын ордуна жалпы отурук маданияты, жады (оозеки) маданиятынын ордуна жалпы жазма маданияты келди. Элибиздин баалуулуктары өзгөрө баштады – руханий баалуулуктардын ордуна материалдуу баалуулуктар өкүм сүрдү. Ошентип, байыртадан бери келе жаткан кыргыздын дүйнөтаанымына, адеп-ахлагына, каада-салтына, өзө­гүнө доо кете баштады. Кыргыз эли өзүнүн баалуулуктарын башка элдердин, башка цивилизациялардын баалуулуктарына алмаштыра баштады. Азыркы биздин абалыбыз – “ит атасын тааныбайт” болду. Тексиздер эл башына келип, тектүүлөр жер карап – “Кедейкандын заманы” орноду.

Бул дүйнөдө, башкача айтканда ааламдашуу жана цивилдер баарлашуу доорунда  ар кимдин, ар нерсенин өз орду, өз жолу бар. Кыргыз элинин да дүйнөдө өз орду, өз жолу болуп келген. Бирок ошол ордубузду, жолубузду таба албай, адашып жатабыз. Тарыхыбызды, тилибизди, Манасыбызды, ата-бабабызды, маданиятыбызды, нарктуу каада-салтыбызды, жол-жоболорубузду чанып, жерип жатабыз. Башка элдин тили менен маданияты бизге кызыктуу көрүндү. Өзгөчө совет доорунда манасчы, төкмө-акындарыбыз, улуттук музыкалык аспаптарыбыз, улуттук буюм-тайымдарыбыз ”эскинин калдыктары катары” археологиялык табылгаларга жана экспонаттарга айланып кете жаздады. Айрымдарынан чындап эле кол жууп калдык.

Атабызды тааныбай, ата-бабаларыбыз калтырган байыркы мурастарды тааныбай турган абалга жеттик. Ошентип, дүйнөтаанымыбыз өзгөрдү. Ата-бабаларыбыздын арбагы бизди көрүп, чыркырап жатат. Дүйнөнү кыргыз, кыргыздын көзү менен эмес, башка элдердин көзү менен тааный баштады. Ал эми кыргыз таңсык болуп келген өлкөлөр балчыкка батып бара жатканы менен иши жок. Анан ошондой өл­көлөр кыргызга мисал боло алабы? Азыркы биз мойнубуз менен тартып жаткан азап-тозогубуздун бирден- бир себеби да мына ошонун натыйжасы.

“Арбак ыраазы болмоюн, тирүүнүн иши оңолбойт!” деген ата-бабаларыбыз. Эскини сактоо, эскичил болууну түшүндүрбөйт. Эски десек, анда: чучук, кымыз, бозо, боз үй, кыл кыяк, жыгач ооз комуз, тушоо кесүү, сөйкө салуу ж.б. табылгаларыбыз да эски. Заманга, доорго ылайыктап кыргыз элинин бай тарыхый салт-санаасына негиздеп, андан эргүү-шык алып, түпкү тегине таянып заманбап кылып коом-мамлекет түптөп алса болот. Биз, кыргыздар өзүбүздү мурда ким болгондугубузду жана бүгүн ким экендигибизди аңдабаганыбыз жана унутуп бара жаткандыгыбыз – кечиримсиз катачылык. Муну биз моюнга алуубуз милдет.

Адам болобу, кайсы бир эл болобу даракка окшош. Дарактын та­мыры – ата-бабалар болсо, дарактын өзү – адам же кайсы бир эл. Ал эми тамырсыз дарак болобу? Тамырды азыктандырып, сактабаса, дарак чирип, кулайт. Мына ошол Батыш цивилизациясынын тамыры эбак чирип калгандыктан – экономикалык, саясий, экологиялык, руханий, каада-салттык, адеп-ахлактык ж.б. маселелердин дээрлик бардыгы ошол  тараптан чыгып, башка элдерге жайылууда. Аларды туурайбыз деп жатып, биз – кыргыз эли өз тамырыбызга доо кетирип алганы турабыз. Ошентип, алардын дарагы эле эмес, алар аркылуу жалпы адамзаттын Өмүр дарагы кулаганы турат.

Али да болсо кеч эмес… Тамырыбызды азыктандыралы! Жөнөкөй сөз менен айтканда, тамырыбызга суу куюп, табигый азык тартуулайлы. Азык дегенибиз – бул эң оболу аяр мамиле. Тамырыбызга болгон аяр мамиле. Ата-бабабызга, руханий баалуулуктарыбызга, Манасыбызга, жер-суубузга, деги эле тарыхыбызга, философиябызга, дүйнө-таанымыбызга болгон ыйык мамиле. Башыбызга мүшкүл түшкөндө гана жүзүбүздү бурумуш болбой, ар дайым – күн чыккандан күн батканга чейин, эс тартып, эстен танганга чейин, не өмүр өткүчөктү тамырыбызга кайрылып турушубуз милдет. Себеби, дал ошол тамырыбыз аркылуу биз миңдеген жылдар бою, жашоо-тагдырдын ысык-суугуна чыдап, соолуп калбай, кыйылып, кырылып калбай, өмүр сүрдүк. Тамырыбыз бекем бейм…

Тобо дейли! Пейил-ниетибизди оңдоп, улунуп-жулунбай, көр-дүнүйө – пул куржунга азгырылбай, баштапкы мүнөзүбүздөн жазбай, ток пейил, сабырдуулук, чыдамдуулук менен ар ким өзүбүздүн жан-дүйнөбүздү аруулап, агартышыбыз зарыл. Албетте, бул оңой-олтоң иш эмес. Байкап көрсөңүз, дүйнөдөгү бардык келишпестиктер, чыр-чатактар, согуш, жаңжалдар мына ошол материалдуу байлыктын, теңсиздиктин, адепсиздиктин, акыйкатсыздыктын негизинде чыгып келет.

Дагы бир жолу Манастын касиети жөнүндө

2005, 2010-жылдары Кыр-гызстанда өткөн тарыхый окуялардын келип чыгышы мына ошол жогоруда ай-тылып кеткен теңсиздик-тин, ач көздүктүн айынан, калыстыктын жоктугу-нан, тарыхый жолубуздан жана ордубуздан адашып кеткендигибизден болду.

Ошондогу маанилүү бир окуядан айтып берелик: 2010-жылдын 8-апрель күнү эле. Мелис Мураталиевдин демилгеси боюнча, эртең мененки саат ондо Талантаалы Бак-чиев, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаи­лов, дагы бир топ тилектештер болуп, Өкмөт үйүнүн (Ак үй) жанына келдик. Түнү менен таланып-тонолгон Өкмөт үйүнүн  куту учкандай көрүндү. Имаратты тегеректеп курчап алган адамдардын көптүгүнөн казык кагаар жер жок. Баары Өкмөт үйүнүн  ичине кирүүгө умтулуп жатышты. Үчөөбүз (Талантаалы Бак-чиев, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов), Ала-Тоо аянтын карап турган түштүк сом каалгасынан эптеп кирип, сырттагы миңдеген адамдарга туруштук берип, токтотуп калуунун аракетин көрмөк болдук.

Үчөөбүз тең тепкичке шурудай катар тизилип, олтургучка көчүк басып күтүп турдук. Арадан жарым сааттай убакыт өттү. Сырттагы эшик алдында турган беш-алты сакчылардын кара курттай жайнаган элге бөгөт болуп, тосуп калалбагандыгы анык эле. Биз болсо, Кудайга тобо кылып, Манас атабыздын кудуретине таянып, күтүп олтурдук. Сырткы эшик бир ачылып, бир жабылып, акыры баягы жер жайнаган калың эл имараттын ичине каптап кирди. Үчөөбүз ошол замат, оозго келди күпүлдөп, “Манас” айтып кирдик.

Баягы бизди көргөн эл маңдайы­бызга келип, же ары чыгып кете албай, же бизди тебелеп кете албай, селейип туруп калды. Кашыбыздагы элдин тулкусунда токтоп калган Манастын каны жүгүрө баштады. Көкүрөгүндө уктап калган Манас куту ойгоно баштады. Анткени, канда да, кутта да энергомаалыматтык касиет бар. Ал эми үчөөбүз күпүлдөп уланта бердик. Маңдайыбыздагы элдин биринчи, андан кийин экинчи, үчүнчү катары, ошентип жалпы баары чөгөлөп олтуруп калды.

Дагы бир саамдан кийин, жоон топтун ичинен жаш жигиттер суурулуп чыгып, бизди олтургучтарыбыз менен так көтөрүп, сыртка алып чыгышты. Аркабыздагы баягы эл да ээрчип, кирген эшигинен кайра чыкты. Биз болсо, эч токтобой айта бердик. Ошондогу көрүнүш, биздин өзүбүздү аң-таң кылды. Ач көздүккө алдырып, талап-тонойм деген, чечекейин чел баскан жоон топ эл, манасчылардын эмес,  Манас­тын алдында тизе бүгүп, чөгөлөп турду. Арам, кара күчтөргө алдырган баштапкы ойлорун Манас касиети кагып түшүрдү. Мына, Манас атабыздын касиети ушул! Мындан артык дагы кандай далил, кандай чара керек?? Эгер ошондо манасчынын ордунда бийликтин кайсы бир өкүлүбү же Муфтияттын, Православие чиркөөсүнүнбү, демейдеги кадырлуу деп саналган кайсы бир өкүлү турсун, кодологон эл жөн эле тебелеп-тепсеп кетмек. Ошондо, бийликтин эскиси жолунан адашып, жаңысы ордун таба албай турганда, элибиздин башына мүшкүл түшүп, адам өлүп, кан төгүлүп жаткан учурда Кыргызстандын “тынчтык, ынтымак” деп үгүттөп жүргөн дин башчылары эмнеге туу түбүндө турбады экен??

Муну менен биз эмне айтмакчыбыз? Кыргыз элинин бир гана улуу касиети бар – бул МАНАС! Ошондогу окуя, бул ойду дагы бир жолу далилдеди. Муну турмуш өзү көрсөттү. Минтип айтып жатып, биз фанатизмдикке алдырганыбыз жок. Кескин айтуудан алыспыз, бирок качанкыга чейин “Манас” бул “эпос”, “көркөм чыгарма” деп, чектей беребиз?? Ооба, “Манастын” китеп түрү бул “эпос”, “көркөм чыгарма” болушу мүмкүн… Ал эми китеп болуп чыккычакты  ал не деген (тасмага жаздыруу, кагазга түшүрүү, редакциялоо, идеологиялык жасалмалоолор ж.б.) көп баскычтардан өтөт. Мына ошол китепке чейинкиси, бери дегенде эле – Ыйык СӨЗ даражасындагы ыйык кубулуш.

2011-жылдын октябрь айынын орто чени эле. Талантаалынын үйүнө “араб” дабатчылары келип: “Байке, мечитке барып, имамдын сөзүн угуп кетпейсизби?” деп калышты. Талантаалы: “Барайын!” деди. “Бирок менин бир шартым бар. Эгер мага мечиттен “Манас” айтканга уруксат берсеңиздер, барам” деди ал. Анда дабатчылар: “Мечиттен да “Манас” айтчу беле, байке? Ал жерден Кудай жөнүндө сөз козголот!” дешти. “Ай жигиттер, Манас атаңар деле “Кудай! Кыргыз!” деп жүрүп өткөн бу дүйнөдөн”, – деп  кеп улады.

Баягы кара сакалчан жаш жигиттер, үн-сөз жок узап, кошунанын үйүнө бурулушту. “Атаңдын көрү ай! Кайран кыргыз!” – деди ичинен Талантаалы, кошунасынын дарбазасын койгулап жаткан зомбилерди карап. Кыргызда – атасынан, агасынан мурда сакал-мурут коюу уруксат эмес эле го. Биз бул турмуштан алынган мисалды туш келди козгогонубуз жок… Ар бир улуттун өзүнүн дүйнөтаанымы, маданияты, нарк-насили бар дегенибиз. Улуттун дүйнөтаанымы – бул улуттун тарыхы, азыркы күнү. Улуттун дүйнөтаанымы – бул анын жашаган жери, коому, табияты, ичкен-жеген тамагы, маданияты, салты, тили.

Ала-Тообузда өскөн карагат менен ышкынды Арабиянын чөлүнө өстүрө албайсың. Ошондой эле Арабиянын чөлүндө өскөн өсүмдүк­төрдү, Ала-Тоонун этегине жалынсаң да өстүрө албайсың. Ар элдин өз дүйнөтаанымы бар. Чоочун дүнүйөгө да, дүйнөгө да биз көз артпашыбыз керек, бирок биздин дүнүйөбүзгө да, дөөлөтүбүзгө да чоочундардын суук чеңгелдери салынбасын. Манас – кыргыз элинин энергомаалыматтык куту, коду, акыл-эси, социалдык тажрыйбасынын туу чокусу, мандаты, тарыхы, философиясы. Ал эми кутка доо кетсе, руханий баалуулуктары, мада-нияты, тили, демек, өзөгү кыйрайт, алар кыйраса, кыргыз улут катары жок болот!

Совет дооруна чейинки “Манастын” тагдыры Манас жана ал жөнүндөгү энциклопедиялык Ыйык СӨЗ – кыргыз элинин “Теңирчилик” ишеними менен бирдикте руханий дөөлөт катары көптөгөн кылымдар бою эл ичине кеңири тарап, алардын социалдык, маданий, руханий жашоосун коштоп келген.  Миңдеген жылдар бою топтолуп, элдин бүтүндөй турмуш-жа-шоосу, баатырдык өмүрү, келечек умтулуулары чагылдырылган кыргыздын тарыхый, философиялык окуусу катары каралып келгендиги да мыйзам ченемдүүлүк. Уруу-уруу болуп бытырап кеткен кыргызды бириктирип, ажырагыс эл катары калыптандырып, Улуу кыргыз канатын курган Манас, элибиздин идеалы, ишеними, жан дүйнөсү болуп келген! Тарых тастыктагандай – кайсы бир элди багындыруу үчүн душмандар эң оболу ал элдин ишениминен ажыратып, тилин талкалоого умтулат.

Мындай көрүнүштөрдүн бири катары, түрк тил¬дүү элдеринин, анын ичинде кыргыз элинин ишенимине, жазмасына, маданиятына, “Манасына”, тарыхына ж.б. руханий дөөлөт¬төрүнө VII-XX кылымдарда ишке ашырылган чапкынчылык, кыйратуучулук саясаттарын айтсак болот. Буга тарых күбө. Ошол мезгил кыйдамдарында Азиянын Түштүк-Чыгышынан Будда, Түштүк-Батыштан Ислам, Батыштан Христиан сыяктуу диндер кирүүгө бардык аракеттерин кылышса, XIX кылымдын экинчи жарымынан, ХХ кылымдын башына чейин Орусия империясынын колонизация саясатынан запкы тартты. Совет доорундагы “Манастаануунун” трагедиясы ХХ кылымдын башында келген совет доору “Манастын” сакталып калышына жана манастаануунун калыптанышына өз салымын кошту. Бирок анын терс жактары да болду.

“Атеизм” жана башка “измдердин” өкүмүн жүргүзгөн коммунисттик идеологиянын кылган кордугу менен зордугу да болду. Муну биз унутпашыбыз зарыл. Өзгөчө 30-жылдары “Манастын” руханий дөөлөт экендигин түшүнгөн – Ж.Абдырахманов, И.Арабаев, Б.Солтоноев, К.Тыныстанов, Т.Жолдошев, Т.Айтматов, С.Карачев, А.Көкөнов, Б.Кененсариев, Б.Исакеев, О.Алиев, Е.Султанбеков, К.Камбаров, А.Алимов, К.Кенебаев сыяктуу кыргыздын чыгаан кулундары “улутчул” (негизинен) деген айып менен ГПУ, НКВДнын огуна учушту.

Ошол эле күнөө менен 40-50- жылдары – Т.Саманчин, Т.Байжиев, З.Бектенов, Х.Карасаев, Ө.Жакишев сыяктуу манасчыл эр азаматтар алды абакка отургузулуп жок болуп, арты куугунтукталган. Совет бийлигинин зордук-зомбулугунун айынан, коммунисттик идеологиянын талаптарын ишке ашыруучу жалмаңдаган чөөлөрдүн айынан Б.Юнусалиевди өлүмгө жеткиришти. Ал эми манасчылар – Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаев, Багыш Сазановдун варианттары “улутчул” деп табылды. Ал мезгил, ал кездеги талаптар да, шарттар да башка эле. Ошондой болсо да, улутун-элин, ата-бабасы мурас кылып калтырган маданиятты сүйгөндүгү үчүн, жан-алы калбай берилгендиги үчүн, адамды күнөө¬лөөгө болобу? Манасчыны “Манас” айткандыгы үчүн күнөөлөөгө болобу?

Ооба, өз улуту үчүн өздөн башка, эч бир улуттун өкүлү күйбөйт. Бул түшүнүктүү. Ошол эле учурда, өз улутуна-элине каршы чыккан, өздөн артык да душман жок. ХХ кылымдын 20-50-жылдары кагаз бетине кыргыз тилинде түшкөн манасчылардын варианттары менен эң оболу кыргыз окурмандары таанышышкан, алардын ичинен кыргыздан чыккан Ж.Самаганов сыяктуу “чөөлөр” да таанышышкан. Дал ошол Ж.Самагановго окшогондор биринчилерден болуп, “Манасты” “реакциондук эпос” деп жар салышкан. Элин, ата-бабаларын, өздөрүн да кылымдар бою сактап, коргоп келген Манасын жамандоо жолу менен эптеп жем таап, урмат-сыйга, чоң кадыр-баркка, бийик даража-наамга жетүүнүн аракетин кылышкан. Бул – “өзөктөн күйгөн өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман” деген макалдын кыргыз элинин тарыхындагы дагы бир далили.

Адамзат тарыхында, жан дүйнөсү жабыркаган, ата-бабалар калтырып кеткен ишениминен ажыраган руханий кулчулуктан өткөн кулчулук жок. Ал эми толук кулчулук саясатын турмушка ашыруу үчүн, дүйнөлүк тажрыйбада, негизги үч иш аракет аткарылат: 1. жерди басып алуу; 2. ишеним-динди өзгөртүү; 3. улуттук тилди, тарыхты, философияны бурмалоо же унутууга мажбурлоо. Бир сөз менен айтканда, мунун бардыгы улуттун эс-тутумун талкалап, улутту жоюу үчүн жасалат. Кайсы бир элди, мамлекетти колонизациялаштыруу, багындыруу максатында саясатчылардын бирден бир куралы болуп, дин эсептелинген. Өзгөчө бир улутту башка улут менен кайраштырууда, кагыштырууда дин, өтө эле ыңгайлуу жана ийгилик алып келе турган курал болуп табылган. Бул байыртадан бери келе жаткан элди багындыруунун негизги ыкмаларынын бири болгон.

Совет доорундагы манасчылардын тагдыры 1952-жылдын 6-10-июнунда атайын “Манаска” арналып, Фрунзе шаарында өткөн Бүткүл союздук илимий конференция – “Манастын” элдүүлүгүн таанып, анын бириктирилген, кыскартылган “элдик” вариантын түзүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Ошентип, “Манас” эпосунун тарыхында жаңы, кыргызга гана таандык болгон доор башталган. Жаңы доордун башталганы башталган, бирок кагазга түшкөн “Манастын” варианттарын бурмалоо, өзгөртүү, соцреализм идеологиясына ылайыкташтыруу аракеттери токтогон эмес. Тескерисинче, күчөп жатты.

Ал эми атеизм менен куралданган Советтер Союзунун илими, манасчылыкты – касиет катары тааныгысы келбей, “өнөр” деген түшүнүктөн алыс кетпеди. Мындай түшүнүк манасчылыкка татыктуубу деген ой жаралат? Себеби, өнөрдү кимдир бирөөдөн үйрөнүп алса болот. Ал эми касиет жогору жактан берилет. “Үйрөнүп манасчы боло албайсың”, деп келген элибизде. Азыркы күндө “Манас” дастанынын алтымыштан ашуун варианты турат. Жогоруда белгилеп кеткендей, совет бийлигинин негизги кошкон салымы мына ушунда болду, себеби дээрлик бардык варианттар совет доорунда жазылып алынган эле. Муну баса белгилеп кетүү абзел. Дал ошол манасчылар аркылуу “Манас” дастаны бүгүнкү күндө биздин колубузга жетип олтурат.

Тилекке каршы, азыркы күнгө чейин манасчылык феномени атайын илимий объект катары олуттуу изилдөөгө алына элек. Расмий илим манасчынын айткан кебине, көз карашына, дүйнөтаанымына ниетин бурбай келет, а түгүл “материалисттик илимге жат, реалдуу эмес” деп, иликтебестен четке кагып, мыйыгынан күлүп, шылдыңдоо менен мамиле кылып, маскарапоз-шоумэн катары кабылдап келгендиги жашыруун эмес. Манасчылык – көп кырдуу, ары сырдуу көрүнүш. Манасчынын ай-туучулук өнөрү, бул анын бирден бир касиети гана. Ал эми болочок манасчыга айтуучулук менен кошо, бир катар касиет чогуу келет, алар – табыпчылык, алдын ала айтуучулук, жайчылык ж.б. Анын негизги озуйпасы катары эсептелинген айтуучулугун да, башка касиеттерин да али да болсо, илим түшүндүрүп бере элек.

Башкасын кой, манасчынын “Манас” айтып жаткандагы психоло-гиялык, нейро-физиологиялык, биомагниттик абалына байкоо жүргүзө элек. Чоң манасчы Чоюке, “Манасты” тынбай үч ай айткан соң, “Чоке, качан бүтөсүз?” деген суроого: “Баланча күндө бүтөм деп, жалганчы боло албаймын, Баатырдын туулганынан баштап, Чоң казатка араң жеттик. Андан аркысын өзүңөр биле бергиле” – деп жооп кайтарган экен.

Чоюкенин замандашы Сагынбай манасчыдан, “Манасты” канча убакыт айта алаарын сураганда: “Өмүр бою айтып келем, бир да жолу аягына чыга айта элекмин”, – деп жооп бериптир. 1952-жылдын март айында, СССРдин Жогорку Кеңешине шайлоо даярдыгы көрүлүп жаткан күндөрү, Саякбайдын “Каныкейдин Тайторунун чабышы” аттуу окуяны, Бостери айылынын орто мектебинде тынбай 12 саат айтып, аягына чыкпай калган учурун Кусеин  Исаев өз көзү менен көрүп, күбө болгон.

“Манасчылык” касиетти бапестеп күтүп алуу үчүн, элибизде эркиндик, азаттык, боштондук сыяктуу жагымдуу социалдык-саясий шарттар керек окшойт. Анткени, XVIII кылымда калмак-жуңгарларды талкалап, кууп чыгып, кыргыздар өз Ата мекенинде беймарал өмүр сүрө баштаганда, орусиялык колонизаторлор келгенге чейин XIX кылымдын экинчи жарымында манасчылар жазгы козу карындай көбөйө баштаган. Ал эми ХХ кылымдагы манасчыларды, өткөн доордун уландысы катары түшүнсө болот. Жогоруда айтылган дээрлик бардык учурларда, тарыхый шарттарда манасчылар кайсы бир деңгээлде саясий запкы жеп, мамлекеттик идеологиянын куралы да, курмандыгы да болуп келген.

Манасчы – бул эң оболу мекенчил инсан Манас менен бир мезгилде жашап, өмүр сүргөн Ырамандын Ырчы уулу менен Үмөттүн Жайсаң уулунун доорунда жаралган “Манас” дастаны  XXI кылымга чейин келип жетти.  Мунун себеби эмнеде? Грек, инди, иран, бурят, моңгол ж.б. дүйнө элдеринин “эпостору” жандуу өмүрүн токтотуп (оозеки айтылбай калган), айрымдары таптакыр унутулуп калса, айрымдары китеп калыбында гана сакталып калды. Салыштыра келсек, биз көргөн күндү моңголдор деле,  буряттар деле көрүп келген. Бирок, биздин эпосубуздун абалы менен алардын эпосторунун абалы эки башка… Эмне үчүн?

Азыркы күндө Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында манасчылар чыга баштады. Эгерде мурда кыргыз элинде “чоң манасчы” (чоң жомокчу), “чала манасчы” (чала жомокчу), “семетейчи” деген эле манасчылардын түрлөрү (типтери) болуп келсе, ХХ кылымдын экинчи жарымынан тартып, “жаттама манасчы” (башка манасчынын вариантын жаттап айткан – атка-руучу) менен “жазгыч манасчы” деген жаңы түрлөрү пайда болду. “Манасчынын” мындай түрлөрү залкар манасчылардын варианттарынын китеп болуп чыгышы менен жана жазманын пайда болушу менен түшүндүрсө болор эле. “Манаска” мындай мамиле кылуу туурабы же туура эмеспи бул маселени келечекте фольклористика илими изилдөө объектиси катары талдоого алат деген үмүтүбүз бар. Азырынча биздин бир гана айта турганыбыз, замандын талабына, тарыхый кырдаалдын өзгөчөлүгүнө жараша “манасчылардын” сапаты да, саны да бир катар айырмачылыктарга ээ болуп келген.

Соңку эки жылдын ичинде “Манас” дүйнөсүндө, кыргыз элинин аң-сезиминде, манасчылар дүйнө¬сүндө өзгөчө зор өзгөрүүлөр байкалууда, айта кетсек: залкар ма¬насчылар Саякбай Каралаевдин, Сагымбай Орозбаковдун, Багыш Сазановдун варианттарындагы “Манас” бөлүгү, толук түрдө китеп болуп жарык көрдү. Манасчы Уркаш Мамбеталиевдин варианты боюнча “Семетей” бөлүгү толук түрдө китеп болуп жарыкка чыкты. Манасчы Сапарбек Касмамбетовдун айтуусундагы “Бала Манас” аттуу окуясы китеп болуп жарык көрдү. Манасчы Дөөлөтбек Сыдыковдун варианты боюнча “Сейтек” бөлүгү китеп болуп чыкты.

Манасчы Талантаалы Бакчиевдин айтуусунда “Алмамбеттин жомогу” жана мурда эч качан жарык көрө элек “Семетей” бөлүгүнөн “Манастын ашы” (же “Төрт берендин ашы”) аттуу окуясы өзүнчө китеп болуп жарык көрдү. Манасчы Асанкан Жуманалиевдин “Манастын төрөлүшү жана балалык чагы” аттуу окуясы китеп болуп жарыкка чыкты. Мындан сырткары, залкар манасчылар Молдобасан Мусулманкуловдун, Саякбай Каралаевдин, Мамбет Чокморовдун, Шаабай Азизовдун, Кааба Атабековдун, Уркаш Мамбеталиевдин азыркы күндөгү манасчылар Сапарбек Касмамбетовдун, Талантаалы Бакчиевдин, Рыспай Исаковдун, Дөөлөтбек Сыдыковдун айтуусундагы үчилтиктин айрым окуялары сиди-диск болуп жарык көрдү. Кыргызпатент жана республикалык “Манас” жаштар ордосунун жардамы менен манасчылардын өз өзүнчө маалымат жыйнагы китеп болуп чыкты.

2010-2011-жыл аралыгында манасчы Талантаалы Бакчиев “Кыргыз-НУР”, “Тынчтыкты коргоо” аттуу коомдук фонддордун долбоору менен эки ирет Кыргызстандын жети дубанын кыдырып “Манас” айтып келди. “Бакдөөлөт” коомдук фондунун жана республикалык “Манас” жаштар ордосунун демилгеси жана каржылоосу менен 2010-жылдагы Ош – Жалал-Абад шаарларындагы улуттар аралык кагылышууда манасчылар Талантаалы Бакчиев, Дөө¬лөтбек Сыдыков, Улан Исмаилов “Манас” айтып кайтышты. “Манас” айтуу бул жөн эле эл алдына чыгып, “Манастын” кайсы бир окуясын баяндап айтып берүү эле эмес. Мунун мааниси тереңде. “Манас” айтуу менен манасчылар элине дем, кубат, кайрат берип, намыска үндөп, аруулап келген.

“Манас” эпосун жана манасчыларды ар тараптан иликтеп келген кыргыз айым аалымы Раиса Кыдырбаева Дөөлөтбек Сыдыковдун ай-туусунда жарык көргөн “Сейтек” китебинин кириш сөзүн жазып жатып, мындай дегени бар: “…Биз дагы эле Улуу сөздүн түпкүрүндө жаткан сырына жете элекпиз. Эгерде “Манас” эпосунун өзүнө такатсыз тартып турган сыйкырдуу деми, сыйкырдуу күчү болбосо, ал кантип муундан-муунга, кылымдан-кылымга кыйшаюсуз өтүп турат эле. Көрсө “Манас” эпосунун эң түйүндүү маңызы ошондо турбайбы, улуу жомок кылымдан-кылымга жөн эле өтүп турбастан, улам жаңырган муундардын турмуш тагдырын улам өз ичине камтып, мезгил тереңдигине катмарлап отурат экен. Катмарлануу бул мезгилдин гана жаңырыгы эмес, ал ар бир башка тарыхый кырдаалдардын өз аралык байланышы, үзүлбөгөн континиуму. Демек, мезгилдер канчалык терендеген сайын, канчалык алыстаган сайын эпос өзүнүн трансценденттүүлүгүн, сыйкырдуу табышмактуулугун ого бетер күчөтүп бекемдейт”.

Көп доорлордон кийин XXI кылымдын босогосунда Теңирдин буйругу, тарыхтын талабы менен кыргыздар азаттыкка аттанып, өз алдынча күнкорсуз мамлекеттүүлүккө ээ болушу менен чексиз кайраттуулукту, жоокердик ар-намысты, Ата Журтту терең сүйүүнү даңктаган, кыргыз элинин миңдеген жылдык баатырдык өмүрүн көркөм чагылдырган, дүйнөдө көлөмү, мазмуну, камтыган баяндамалары, философиялык, энциклопедиялык, социалдык мнемоникалык акыл жана эс-тутуму боюнча теңдеши жок, байыркы доордон ааламдашуу заманына чейин кайып аркылуу келип жүргөн зор эпопея болгон “Манас” эпосу  “Айкөл Манас” дастаны менен толукталды.

Албетте, кыргыз элинин көп кылымдарды камтыган “Манас” эпосунун өнүгүү, көбөйүү, муундан-муунга уланып келе жаткан узун тарыхынын ХХ кылымдын соңунда “сырдуу жана табышмактуу инсандарыбыздын бири “Бүбү Мариямдын”  Жайсаң Үмөт уулунун духунун жардамы менен кайыптан алып “Айкөл Манас” дастанын кагазга түшүрүп, он томдон турган өзүнчө басылышы “кулак угуп, көз көрбөгөн” теңдеши жок жан тарых улуттук дөөлөт мурастарды толуктап, акыл-эсибизге кириши кайталангыс окуя болду. “Айкөл Манас” он томдугу орус, казак ж.б. тилдерге которула баштады, андагы Манас баш болгон тарыхый инсандардын жүздөн ашык сүрөттөрү тартылып, 2011-жылдын 8-декабрында “Тарых музейинде” жалпы элге ачык көргөзмө ачылды. Кыраан, кеменгер кыргыз элинин руханий турмушунда XXI кылымдын келиши менен жаңылык катары “Айкөл Манас” дастанынын он томдуулугунун чыгышы жана анын каармандарынын биринчи ирет толук сүрөттөрү тартылып, коомчулукка сунушталышы жана талкуу-лоолорго, чыгармачылык дискуссия, талаш-тартыштарга мерчемдүү маанай ачылышы менен элдик руханий казынага жаштардын кызыгуусун арттырып, “уч улаар урпактарга убай берүүгө” себеп болду.

“Манас”!, “Манас”! деп жүрүп, “улутчул” деген жалаа менен кесилип, абакта өлгөн кыргыздын нагыз кулуну – Ташым Байжиевдин аткара албай калган иштерин уулу Мар Байжиев турмушка ашырды. Манастын каны Мар Байжиевди да козгоду. Анын орус тилинде жарык көргөн “Манас” жөнүндөгү эмгектерин баса белгилеп кетүүбүз парз. Өз атасы Ташым Байжиевдин, аяш атасы Зыяш Бектеновдун “Манас – насааты” деген китебин кайра чыгарышы Мар Байжиевдин накта ата уулдук милдетин арбактардын алдында аткаргандыгы! Көп жашасын! Атаганат, Мар Байжиевдей мекенчил, кыргызчыл, терең ойчул атуулдарыбыз (атанын уулу) көп болсо кана?

“Манастаануунун” азыркы абалы

Албетте, “Манастын” духунда, идеясында, философиясында, тарыхында, эли-жери үчүн баатырдык күрөшүүнүн мисалында, кыргызстандык жаш муундарды тарбиялоо керек деген аракет бардык жагынан колдоого жана жайылтып сиңирүүгө татыктуу.

Тилекке каршы, айрым бир манасчыл окумуштууларыбызды эске албаганда, азыркы күндө “Манас-таануу” жаатында (фронтунда) көзгө урунаарлык жетишкендик жокко эсе.

Мамлекетибизде “Манастаануу” маселесин эң биринчилерден болуп, КР Эл мугалими Бектур Исаков 1994-жылы III-XI класстар үчүн “Манас сабагы” деген окуу куралы менен баштап, “Манас” боюнча ондогон китептерди кыргыз элине тартуулады.

Окумуштуу айымыбыз Шайлоо Акмолдоева биринчилерден болуп “Манас” эпосундагы философиялык, культурологиялык алкактагы маселелерди ачып берүүгө аракетин жумшап, “Манас” ааламы” аттуу илимий эмгегин өз окурмандарына сунуш кылды.

Иштерман, түшүмдүү кесипкөй окумуштуу Советбек Байгазиев 1999-жылдан баштап, “Манас” боюнча төрт китеп, эң акыркысы жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн “Манастаануу” деген окуу китебин сунуштады.

Манасчы, манастаануучу Талантаалы Бакчиев “Манастааным. Жомокчунун жолу” (2003), “Аян” (2005), “Ашымдын көөнөрбөс мурасы (“Теңири Манас” чыгармасынын негизинде)” (2006), “Манас-таанууга киришүү” (2008) жана  авторлош болуп “Манастаануу” (2011)  аттуу жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн кыргыз, орус тилдеринде окуу, илимий китептерин тартуулды.

Башкасын айтпаганда, жогорку окуу жайынын окуу программасына, мамлекеттик компонент катары “Манастаануу” курсу кирет-кирбейт деген талаш-тартыштар азыркы күнгө чейин уланып келүүдө. Ал эми орто окуу жайларынын анын ичинде жалпы билим бериле турган орто мектептерде “Манастаануу” сабагы өтө аз саат менен окутулуп келет. Биздин оюбузча, бала бакчаларда “Манас” сааты өтүлүп турушу зарыл. Орто, улук жана жогорку тайпаларына кирген балдар сөз түшүнүп, эс тартып калат, мына ушул курактагы бөбөктөргө “Манастын балалык чагын”, “Манастын айбанаттарын – тулпарын, тайганын, кушун, төөсүн ж.б.” тарбиячы баяндап айтып бере тургандай деңгээлге жеткирүү керек.

Ал эми I-IV сыныптар үчүн (кенже сыныптар), V-VII сыныптар үчүн (орто сыныптар), IX-XI сыныптар үчүн (жогорку сыныптар) атайын окуу куралдары дайындалып, “Ма¬нас¬таануу” толук кандуу сабак катары окутулушу керек. Кенже, орто, жогорку сыныптардын аякталышы менен мектептерде өтмө сынак тапшырылып, жыйынтыгында, мектепти аяктап жаткан окуучу мамлекеттик сынак тапшырса болмок. Эгерде мектеп программасына “Манастаануу” сабагында “Манастын” мазмуну боюнча сабак өткөрүлсө, жогорку окуу жайларында, “Манас” эпосунун философиясы, тарыхы, идеясы, лексикасы, этнографиясы окутулуп, мамлекеттик сынак  киргизилсе оң болмок.

Бүгүн бала бакчага барып жүр¬гөн бөбөк, эртең мектептин окуучусу болот, эртеңки окуучу бүрсү¬гүнү жогорку окуу жайынын студенти болуп, жар күтүп, балалуу болот. Ошентип, “Манас” окуусунун жиби үзүлбөй уланып кете бермек. Ошондо биз, батышчыл же ээн баш жаш муундун ордуна “Манаска” сугарылган мекенчил, манасчыл духтагы жаш муундарды тарбиялап, өстүрүп алабыз. Натыйжада, кыргыз элинин нукура салт-санаасы, адеп-аклагы, абийир-ызааты калыбына келет. Ал муундан чыккандар элин тентитип, жерин сатпайт. “Манас” эпосу кечээки эле күн эмес, келечектеги кыргыз коомунун ар тараптан өнүгүүсүнүн идеялык негизин камтыган феномен. Бул маселени колго алып Билим берүү жана илим министрлиги тийиштүү аракеттерди көрүүгө тийиш. Эң оболу, аталган министрлик жогорку адистиктеги манастаануучу-окутуучуларды даярдоо милдетин өзүнө алышы керек. Ошондо “Манастаануу” илиминин жаңы мүм¬күнчүлүктөрү ачылат.

Кыргыз эли Манас жолуна түштүбү? 

“Чындап эле Манастын доору келди!” деген сөздүн чыныгы мааниси турмушка ашырыла баштады көрүнөт.

Коомчулук тарабынан демилге көтөрүлүп, Рысбек Качкеев, Асан Жакшылыков, Каныбек Иманалиев, Талантаалы Бакчиевдер башында турган, “Манас” жөнүндө мыйзамдын долбоору иштелип чыгып (2010-жылдын март-апрель айлары), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Карганбек Самаков менен Каныбек Иманалиев тарабынан сунушталган жети беренеден турган мыйзамдын долбоору 2011-жылдын 28-июнунда КРнын Президенти Роза Отунбаеванын колу коюлуп, мыйзам күчүнө кирди. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу “Манас” эпосу мыйзамдаштырылып, мамлекет тарабынан коргоого алына турган болду. Бул кыргыз элинин тагдырында, тарыхында эбегейсиз зор жетишкендик.

Калп айткан менен болобу, кийинки эки жылдын ичинде “Манас” эпосу боюнча жүргүзүлгөн ар тараптуу иш аракеттер, Кытай Эл Республикасы тарабынан “Манас” эпосу ЮНЕСКОго сунушталгандан кийин гана башталды. Ага чейин магдырап, уйку-соонун ортосундагы абалда белек, айтор, кыргызды кытай козгоп койду көрүнөт. 2010-жылдын 7-апрель окуясы да ошонун натыйжасы болду. Эми намысыбызга келип, пассионардуулугубуз күчүнө кирди. “Манас” дүбүртү күндөн-күнгө күчөп жатат. Коомчулук тарабынан “Манас эли” Коомдук бирикмеси түзүлүп, жер үстүндөгү Манастын сакчысынын кызматын аткарып турат.

“Манас эли” Коомдук бирикмеси тарабынан демилге көтөрүлүп, 2011-жылы “Дүйнө элдеринин эпостору” аттуу Бишкек шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк илимий практикалык конференциянын катышуучулары 2012-жылды “Манас” жылы” деп кабыл алды. Аталган Коомдук бирикменин демилгеси боюнча, 2011-жылдын 26-ноябрында өткөн Улуттук Улуу Курултай 2012-жыл “Манас” жылы” болсун деген чечим кабыл алынып, мамлекеттин жогорку жетекчилигине сунушталды.

Мындан сырткары, 2011-жылы “Баян” аттуу Коомдук фондусу жана анын жетекчиси Бакыт Романов тарабынан, заманыбыздын аксакал манасчылары – Сапарбек Касмамбетов менен Уркаш Мамбеталиев “Эл манасчысы”, “Залкар манасчы” деген коомдук наам жана сыйлык менен сыйланды. Аны менен катар 2010-жылдан тартып, эки аксакал манасчыбызга “Баян” Коомдук фондусу ай сайын стипендия берип келсе, орто жана жаш муундагы манасчыларга бир жылда бир бериле турган стипендиясын негиздеген. Аты аталган коомдук уюмдун азыркы күндөгү аткарып жаткан иш аракеттери мактаарлык. Атаганат, Кыргызстандагы ар бир коомдук уюм “Манас” эпосуна, манасчыларга дал ушундай аракетин жумшаса, манасчыларыбыздын духу көкөлөп, “Манас” эпосу өркүндөмөк.

Акырында айтаарыбыз, “Манас” кыргыз эли үчүн улуттук ыйык символ, руханий дөөлөт, руханий өзөк. Өзөгүбүзгө доо кетирип албайлы… “Манас” деп, ”Манастын” атын жамынып, ач көздүккө алдырып, куру намыска салбайлы. Азыркы күндө Кыргызстанда “Манастын” атын алып жүргөн ондогон мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан ар кандай долбоорлор, иш аракеттер аткарылып жатат. Мына ошол иш аракеттердин “Манаска”, манасчыларга канчалык зарыл экендигин же зыян келтире тургандыгын эстен чыгарбайлы. “Манас” курсакты же көздү тойгуза турган казына эмес, ал адамдын жан дүйнөсүн тойгуза турган, аруулай турган касиет.

Ушундан улам, 2011-жылдын 28-июнунда кабыл алынган “Манас” жөнүндө мыйзамындагы 3,4 беренелерине ылайык “Манас” боюнча Улуттук программа иштелип чыгып, Кыргызстандын бардык аймактарында “Манас” боюнча жигердүү, элибизге пайдалуу иш аракеттер аткарылышы милдет. Азыркы катаал, ары татаал мезгил сынагына чыдап, түгөнгөн сайын түтөп, кыйналган сайын күчөп – мекенчил манасчыларыбыз, “мен кыргызмын!” деген ар бир кыргыз уулу кыргыз элинин өзөгү болгон “Манасыбызды” эсинен чыгарбай, оозунан түшүрбөй, көкүрөгүбүзгө сактап, алып жү¬рүшүбүз парз. Ал эми “Манас” дастанындай жана аны айтып жаткан манасчылардай кайталангыс феномен азыр дүйнөдө жок. Буга биз каниет кылып, сыймыктанып, татыктуу күтүп алышыбыз керек. Азыркы жаңы келген Президент, Өкмөт өзүнүн алгачкы кадамдарын мына ушундан баштап, Кыргыз мамлекетин тарыхый ордуна, нагыз жолуна жана улуттук өзөгүнө салбаса, алга жылуу жок.

Кусеин ИСАЕВ,  КРнын Эл мугалими, философия илимдеринин доктору, профессор,
Талантаалы БАКЧИЕВ, манасчы, филология илимдеринин кандидаты
“Кыргыз туусу”, 17-24.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий