Намазбек Уралиев, күүчү, комузчу: «Калмак хандын кызын олжого алган «Асказан» күүсү

Ордо калаабыздын чок ортосунда «Устат шакирт» маданий борбору бар. Ал жерде замандын талантуулары эмгектенет. Келечек муунду комузга, кыл кыякка жана кыргыздын ар кыл үйлөмө аспаптарында ойногонго үйрөтөт. Бу жерде күүчү, комузчу Намазбек Уралиев агабыз балдарга сабак берип, насаатын үзбөй айтып турат.

— Намазбек ага, азыркы кезде комуз дүйнөсүнө болгон коомчулуктун көз карашы тууралуу кеп кылсак… Эгемендик алганга чейин европа тараптан агылып келген маданият менен «ооруп», ата-бабаларга жат көрүнгөн музыкалык аспаптардын «мойнун толгоп», кыргыздардын жандүйнөсүнө таңуулап келдик. Кадимки Карамолдонун ай-ааламды сапырган күүлөрүн укпай калганбыз. Же андай эмеспи?.. 
— Биздин маегибиз башталганда эле маанилүү суроо менен башталды. Эми чынын айтканда өкүнүчтүү. Комузду баягы канында, тээ түпкүрдө сакталган генинде бар гана кишилер кармабаса, жалпы жонунан комузга көңүл бурулбай, өзү унутула баштады. «Комуз кыргыздын жаны» дейт. Бу бекер макал эмес. Жаны жок адам өлүп калат деген эле кеп. Анан кандайдыр бир ушу мезгилде кыргыз эли чочулап турат. Бул эми өзүн улут катары сактап калуу сезимине байланыштуу болуш керек? Кыргыздардын «мен кыргызмын» деген жигиттери, кыздары кичинекей балдарын, атайын комуз үйрөнсүн деп комуз алып берип, мектептерге, ийримдерге жибере баштады. А мурунку кездерде комуз бөлүмү жада калса консерваторияда жок болчу. Борбордон алыс жайгашкан кээ бир райондун музыкалык мектептеринде кийинчерек эле уюшулду. Эми кандайдыр бир чырактын билигиндей иш жүрүп жаткансыйт. Бирок, мында бир чоң маселе бар. Мисалы, комузду алып кеткендер жана күүнү түшүнүп, баш-оту менен киргендер аз эле. Көбүнчө башын баштап, бир-эки обонду үйрөнүп алып таштап коюп атышат. Эң негизги маселе, эл күү укканды унутуп койду. Күүнү түшүнбөй калды. Анын ыргактарына, эмне жөнүндө кеп кетип атат. Анын тарыхы кандай, маани-маңызы кандай экенин билбей калды. Коомчулук маданият жагынан жакырланып кетти.

— Ага ким күнөөлүү деп ойлойсуз? 
— Эми карапайым адамдар күнөөлүү деген туура эмес. Карапайым эл канындагы күүчүлүктү жоготуп, башка элдерге кирип кетпестин аракетин кылып, балдарын «комузду үйрөнсүн, күү чертсин эле» деп атат. Аша чапкандык эмес, ушу жаатта биздин өкмөт тарабынан, бийлик тарабынан көзгө көрүнөрлүк аракет кылына элек. Былк этип коюшкан жок. Муну эмнеге айтып атам. Алыс кетпейли. Коңшу Казакстанды эле алалы. 20 жылдык эгемендиктин ортосунда бийлик ээлери маданият чордонунда кандай аракеттерди кылып аткандарын өз көзүбүз менен көрүп атпайлыбы.

— Мисалы?
— Бир жолу Алматы  шаарына семинарга Нурак Абдрахманов, Зайнидин Иманалиев үчөөбүз Агахан фонду тарабынан каржыланып барып калдык. Казак элинде улуттук көркөм өнөрү күүчүлүк аларда домбра, акынчылык өнөрү, ырчылык боюнча үйрөтүүдө үлгү катары «Көкүл» аттуу музыкалык мектебин көрдүк. Бизге салыштырып болбойт. Мүмкүн эмес. Андан сырткары, биз барган учурда мамлекет жаңы эле 2000 домбра жасатып, жер-жерлерине бекер таратып бериптир. Ар бир мектепке 3төн мугалимди бөлүп, аны асырайт экен. Мына ушундай багытта иш алып барып аткандарына 20 жылдан ашып кетиптир. Эми чындап келсе казактар килейген Астана деген шаарды куруп койду. Ал жерге опера жана балет театрын, филармониясын жана башка маданият чордондорун гүлдөтүп салды. Иштей турган адамдарына штат ачып берди. Ошолордун ичинде күүчүлөрүн, акындарын ырчыларын биринчи планга коюп, үйү жокпу, үй берип, машине жокпу, машине берип, жакшы айлык алышарын билдик. Алар кор болбойт. Кадимки домбранын акесин окуткан Курмангазы атындагы күүчүлүк сынак президенттин колдоосунда жыл сайын болуп, миңдеген өнөрпоздор аламан байгеге аттанып, күч сынашып, жеңип чыкканына бир квартира, бир машине жана өмүр бою өкмөттүн эсебинен стипендия чегерилет. Көрдүңүзбү? Ал эми бизде ушундайдын бирөө барбы (?), кыпындайы жок болуп атпайбы… Мүмкүн комуздун мезгили келбей атабы деп коем…

— Комузду кол ойнотуп чертет. Ошо жагына ык коюп аркалагандар болгон. Же болбосо бир орунда былк этпей отуруп алып кара күүнүн кайрыктарын «эзгендер» бар. Сиз кайсы жагына басымды көп кыласыз, эмнеликтен? 
— Мен кол ойнотмо күүлөрдү деле үйрөндүм. Аларды керек учурларда, сахнада жана чет мамлекеттерге барганда, мактаныч иретинде чертип коет экенбиз. Көбүнчө кара күүгө көңүл коюп, кара күү черткенге аракет кылган комузчумун. Анткени, бу жерде чоң маселе, чоң маани, чексиз тереңдик жатат. Карамолдонун кара күүсүн уккан  орустун Шостакович деген композитору башын чайкап, «эмне деген керемет, эмне деген күү кайрыктары, эмне деген гений аткаруучу» деп, суктанган жайы бар. Молдокемди (Карамолдону) күү черткенине кумарлана «мына, нагыз композитор деп ушу кишини айтса болот» деген. Эми тескерисинче ошо Шостаковичтин чыгармасын уккан Ыбыкем (Ыбырай Туманов), «абдан жакшы эле музыка экен. Бирок, бир кайрыкты эле тегерете берип бүтүрүп койду» дептир.

— «Кыргыздын улуттук профессионалдык музыкасы жок» дешкендерге эмне дейт элеңиз? 
— Мен буга толугу менен кошулбайм. Биздин радионун алтын корунда (фонд) сакталган күүлөрдү аңтарып, изилдеп чыктым. Эмне деген керемет күүлөр былк этпей жатат. Дың бойдон. Чекеси оюла элек. Кыргыздын улуттук профессионалдык музыкасы жок эмес, тескерисинче бай экенин ошо жерден көрсө болот. Аны билип-билбегендер айта берет тура.

— Кыргыздын комуз күүсү дегенде Карамолдо Орозовсуз элестетүүгө мүмкүн эмес. Бу киши жөнүндө кеп кылбай кетсек болбостур… 
— Молдокедей комузчу кайра жаралбайт деп ойлойм. Бу киши тээ илгертен келаткан улуу комузчулардын акыркы могиканы десе болот. Өлчөөсүз чоң талант. Күүнүн устасы десем жаңылбайм. Кыргыз элинин багына ошо кезде радио пайда болуп калганы жакшы болгон. Күүлөрү магнитофонго жазылып калынды. Эми элестетип көрөлү, эгерде бу киши 30-40 жыл мурун жаралып «өтүп» кетсе, а кишинин күүлөрү жазылбай калса эмне болмок эле? Иши кылып күүлөрдү жаздырганы жакшы эле болгон экен. Артыкчылыгы-күүлөрүнүн кайталангыстыгы. Ал эми өкүнүчтүүсү-өмүрүнүн акырында 30дан ашуун күүлөрүн жаздырайын деп радиого келсе, жаздырганга студия бербей коюптур. «Башка берүүнү жаздырат элек» деп. Аз өтпөй сокур ичегиси жарылып кетип турбай калган.

— «Кербез» деген сөз комуз күүсүндө көп колдонулат. 
— «Кербез» деген сөздүн мааниси кандайдыр бир адамдын абалы. Чычайган, кекейген, көйрөң. Мисалы,Токтогулдун «эки кабат кыл аркан, элик сурдун кербези. Эл ичинде сайраган, эсил Током кербези» деген. Элестетип көрөлү, Токтогул ырчынын толуп-болуп турганда, жаш кезинде эл алдына чыгып, шаңданып туруп ырдап атат. Калың журт жарданып карап турат. Ушундай адамдын абалдарына карата ар кандай кербездер жаралган. «Чоң кербез», «Кыз кербез», «Жаш кербез» ж.б.

— «Сынган бугу» күүсүнүн таржымалы эки беткей айтылып жүрөт. Эмнеликтен болду экен? 
— Эмнеликтен болмок эле. Совет дооруна ылайыкталган да. Идеология делип. Андан сырткары нагыз варианты вар. Эл оозунда сакталып калган. «Көл башында Байгазы деген жигит «адалдуудан түгү жок, төргө жыяр жүгү жок» бир томояк болуптур. Бирок, анын эки кымбат нерсеси, бири-үч кыл комузу, экинчиси-ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу келинчеги болгон экен. Ушу эки кубанычына куштарлана жашап жүрөт. Күндөрдүн биринде айылындагы ач көз бай аялын тартып алыптыр. Байгазы кургур сөзгө сынып, кепке сынып, арманын күүдөн чыгарган» деп китепте жазылган. Совет мамлекетине ыкташтырып койгон. Ал эми «Сынган бугу» күүсүнүн чыныгы мазмууну башкараак. «Көл башында, Жети-Өгүз тарапта Байгазы деген жигит болгон. Ошол эле жердеги Шааркан аттуу сулуу кызды күйөөгө берип аткан жеринен ала качып кеткен болот. Илгерки салт боюнча башы байлануу кызды ала качып кетүү деген катуу тартип бузганга тете болчу да. «Капкалуу шаарга кол салган менен барабар» дейт. Бирок, Балбай баштаган улуктар ортого түшүп, берки жактын айыбын төлөп «эки жаш бири-бирин жакшы көрсө жашай берсин» деп, чырды баскан болот. Кийин азыркы Балыкчыда чоң жыйын болуп, маселе кайрадан көтөрүлөт. «Байгазы кун төлөсүн, болбосо, согуш ачам» дешет. Ошондо да журт улуктары «кой, тирүү адамдан кун албайт» деп басып коюшат. Күндөрдүн биринде Шааркан катуу оорудан каза болот. Ошондо жашоодон сындым деп арман кылып, үч кыл комузга турмушта ойлогон ой-максатына жетпей калганын билдирип «Сындым» деген күүнү чалган. Молдокем аны ийине жеткизе иштеп чыгып, бир жыйында элге ойноп берген. Арасында Муратаалы Күрөнкеев күүнүн атын «Сынган бугу» деп атаган» деп айтылып жүрөт.

— «Күү черткен адам баласы басса-турса күү менен жашап калат» дешет. Менимче күүчүлүк өнөр сизге кан аркылу жукса керек? 
— Чоң атам комуз чапкан уста киши болгон, атам чоң комузчу эле. Кадимки Чалагыз Иманкулов мага таеке болуп калат. 1986-жылдан баштап, комузга баш-отум менен кирип кеттим. Чындап эле бассам-турсам комуз болуп калды. Күү чертем, комуз чабам. Кайра комузду колго алып күү чыгарам дегендей.

— Агахан кору каржылаган Устат шакирт борборуна келгениңизге канча болду? Балдарды окуткандан сырткары комуз чапканга, күү чыгарганга убакыт болот бекен? 
— Биякка келгениме бир жылдан ашып калды. Билген, чыгарган күүлөрүмдү жаздырайын. Нотасын жазып, оркестрге салайын деген максат менен. Өзүнчө класс жана устакана ачып алсамбы деген да тилегим бар.

— Азыркы учурда канча күүңүз бар? 
— Ончакты болуп калды. «Айкөл Манас», «Ысык-Көл дастаны», «Кырчын», «Эне жүрөк Алтын-Ордо» «Асказан» ж.б.

— Акыркы айткан «Асказан» дегениңиз башкачараак өңдөнөт?.. 
— Бул тарыхый күү. Асказан деген биздин түпкү чоң аталар болуптур. Кожаярдын баласы. Мергенчиликтин айынан арстан, жолборско аңчылык кылып жүрүп Жунгарияга калмактарга кирип кетет. Калмак эли жана ханы кайра кетирбей коет. Ошо кезде айыл четинде керик (носорог) адамдарга кол салып аткан болот. Хан «кимде ким керикти колго түшүрүп жок кылса, кызымды жана жарым паашалыгымды берем» деген жарлык айтат. Мергенчилерден эч ким даа тутуп бара албаган керикке Асказан барып керикти «жайлайт», өлтүрөт да ханга келип, «мага жарым паашалыгыңдын кереги жок. Мага азаттык бер. Айлыма кайтайын. Эгер кызыңды берсең ала кетем» деп, хандын кызын айылга ала келген экен. Эрдик кылган мергенчи атабызга багышталган күү.

Маектешкен Сурат Жылкычиев, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Намазбек Уралиев, күүчү, комузчу: «Калмак хандын кызын олжого алган «Асказан» күүсү: 2 комментария

  • 10.09.2013 в 10:10
    Permalink

    Мага комуз ж?н?нд? жомок керек болуп жатат?

    Ответ
    • 10.09.2013 в 11:04
      Permalink

      Комуз уламышы
      Кыргыз элинин оозеки чыгармаларында комуздун пайда болушу жөнүндө мына мындай кызыктуу уламыш бар. Илгери-илгери бир доордо Камбаркан деген мергенчи жашаган экен. Ал учурда кыргыздар аңчылык менен күн көрүшкөн экен. Камбаркан бүт айылды мергенчилик менен багып туруптур. Күндөрдүн биринде ал аңчылыктан келе жатып, токойдон чыккан мукам үндү угат. — Бул эмне болуп кетти? Ушундай да мукам үн болобу?- деп таңыркап, жанагы үн чыккан жерге барат. Ал жерге барса, эки дарактын башына илинип калган канайдыр бир жаныбардын ичегисинен мукам үн чыгып жатыптыр. Камбаркан ушул окуядан кийин үйүнө келип музыкалык аспап жасап, ага койдун ичегисин кургатып, кыл тагып, күү черткен экен. Мына ошол Камбаркан жасаган музыкалык аспап «комуз» деп аталып калыптыр. Ошол комузда ойнолгон 1-күү «Камбаркан» аталыптыр. «Күүнүн башы – Камбаркан» деген сөз мына ошондон калган экен.

      Уикипедиядан алдым

      Ответ

Добавить комментарий