Жолдошбек Зарлыкбеков жана анын ырлары

Мен бул күндөрү, орусчадан такма так которо турган болсок, Жолдошбек Зарлыкбеков менен «ооруп» жүрөм. Биздин «Journalist news» гезитибиздин ар бир санында табияты жакын деп журналистика менен жан багып келе жаткан акындарыбыздын ырларын басып турабыз (акындык менен бүгүн эч ким өзүн багып кете албас). Шайлообек Дүйшеев, Жазгүл Жамангулова, Олжобай Шакир, Жыргалбек Касаболотов, Жыпар Арыкова, Зайырбек Ажыматов ж.б. дагы көптөгөн журналист-акындарыбыздын ырларын жарыяладык. Бул жолу Жолдошбек Зарлыкбековдун ырларынан берсекби деп чечкенбиз.

Жолдошбек байкенин айрым ырларын басма сөздөрдөн гана окуп калбасак, ырлар китебин эч ким кармап көргөн эмес. Анын чыгармалары менен тааныштар буга катуу таңгалышат эле. Кантип ушундай жакшы акындын али да китеби жок болсун? Ортозаар акындардын китептери биринин аркасынан бири чыгып жатканда буга өзгөчө күйүнөсүң. Мындай болуп калыштын себеби, бир чети Жолдошбек байкенин өзүндө. Ырлар менен гана жашап, поэзияны Кудайдай көргөн Жолдошбек байке суранганды, бирөөнөн пайда көрүп, өз маселелерин чечип алганды  эч билбейт. Анын ырларын урматтаган адам гана Жолдошбек байкени күчкө салып китебин чыгарып бербесе, өзү буга эч качан чыгынчудай эмес. Буга каражаты да жетпейт эле — көбүнесе таланттуу чыгармачыл адамдардай ал байлыгы менен мактана албайт.

Бирок, өзүнөн укканыма ишенсем, жакында бул өксүк чечилчүдөй. Акындыгын кадырлаган инилери үч китебин чыгарып бергени жатыптыр. Демек жакында ыр жандуулар үчүн чоң майрам болчудай.

Мен Жолдошбек байкеге барып чоң олжо менен кайттым. Бир чети кубанып турсам, бир чети тынчсызданып — ал мага бир канча кол жазмалар папкасын кармата берди… Азыр айрым ырларын терип жатам. Тамшанып. Өзүңөр байкасаңар:

КАРА КУЖУР

Асмандын бир тарабы жайдак калып
чаалыккан булуттун кербендери.
Августтун күнү үргүлөп салмактанып,
шылкыят боз адырдын эрмендери.

Дарыя күмүш үнүн жашыралбай,
аркайган арык жонун каржактатып,
сай ылдый бүткөн боюн батыралбай,
тынымсыз өзүн өзү жатат ташып.

Кыялай чайыр жолдо жалгыз аяк,
ат барат көнүп бүткөн ак боз үйгө.
Кыраңда ак жоолукчан апам калат,
муңайым сагынч катып көздөрүнө.

Жанында кичүү иним жаңы баскан,
быйтыйган колун булгайт кубанычтуу.
Жашоодо деги кимдер ойлоп тапкан,
өмүрдө узун-кыска аралыкты.

Автобус узап кетип. Чоң калаадан
кат жазам “…аман жеттим, силер кандай?..”
Ортодо булут ташып тынчсыз асман,
ортодо суулар үнүн жашыралбай…
1975-ж.

 

ЫСЫК-КӨЛДӨ ТОЛГОН АЙ

Кудум күмүш табактай,
Көл түбүндө ай жатат.
Кубалашкан чабактар
Айдын жүзүн чаңдатат.

Күмүш суунун түбүндө
Күмүш түспөл чабактар.
Күмүш айдын үнүндөй
Күмүш толкун агат жай.

Күмүш толкун дирилдеп
Кудум күмүш тарактай,
Күмүш көлдүн түбүндө
Күмүш айды тарайт жай.

* * *
Жалгыз тамчы шүүдүрүмдүн жүзүндө,
Көрдүм көктүн түбү чөгүп жатканын.
Жалгыз тамчы кирпигимден үзүлбө —
Жерге тамып калбаса дейм асманым.

Жалгыз тамчы бетиндеги көгүш төр,
Көк асмандын чагылышкан түбүдүр.
Көз чанагым көөмп турган кайсы көл?
Жалгыз тамчы – шүүдүрүмүдүр сүйүүнүн.

 

Кудай буюрса, терген ырлардын баарын жакында анын биздин блогдогу өздүк бетине чыгарып коем.

Соц тармактар:

Добавить комментарий