КР Президентинин Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын терең окуп-үйрөнүү боюнча Жарлыгы

Кыргыз Республиксынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Төмөндө Жарлыктын тексти толугу менен келтирилет:

Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө.

Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун системалуу иши элдин биримдигин чыңдоого жана мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо алат. Ал экономиканы жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралардын комплексинде заманбап коомду жана гүлдөп-өнүккөн өлкөнү курууга, жарандык атуулдукту жана өлкө үчүн сыймыктануу сезимин калыптандырууга тийиш.

Кыргызстандын элинин көп улуттуу үй-бүлөсү 100дөн ашык этностордун өкүлдөрүнөн куралат. Мамлекет ар бир этностун тарыхын жана маданиятын окуп-үйрөнүүгө жана жайылтууга болгон адамдардын умтулуусун урматтоого жана кубаттоого милдеттүү. Муну менен бирге ар бир кыргызстандык өзүнүн диний ишенимин жана этностук таандыктыгын унутпай, эң оболу өзүн Кыргызстандын жараны экендигин аңдап-түшүнүп жана аны менен сыймыктана тургандай шартты түзүү зарыл.

Кыргызстанды прогрессивдүү демократиялык өнүктүрүү максатында жарандык бирдейликтин, өлкөнүн биримдигин жана маданий көп түрдүүлүгүн сактоо үчүн жарандардын биргелешкен жоопкерчилигинин негизинде коомду баш коштуруу зарыл. Бул милдетти чечүү кыргызстандыктарда тарыхты урматтоо, өткөнү менен сыймыктануу, элдин руханий жана маданий дөөлөттөрүн билүү жана аздектөө сезимин тарбиялоосуз мүмкүн эмес.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эки миң жылдан ашык тарыхы дүйнөлүк цивилизациянын кенчи болуп саналган, азыркы учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга татыктуу жоопту калыптандыруу үчүн таалим болоорлук мисалдардан турган барактарды камтыйт.

  Эң оболу бул орто кылымдарда  Улуу кыргыз каганаты түзүлгөн жана кыргыз мамлекеттүүлүгү гүлдөп-өнүккөн мезгил. Аны сыпаттоо үчүн академик В.В.Бартольд жана башка илимпоздордун эмгектеринде “Улуу кыргыз мамлекети” деген термин колдонулган. Тарыхый булактарга ылайык 842-жылга карата Улуу кыргыз каганатынын башкы институттары түптөлгөн, негизги чек аралары аныкталган, саясый түзүлүш системасы курулган. Кыргыздар дипломатия өнөрүн жана аскердик кубаттуу күчтү колдонуу менен катуу атаандаштык шартында чалкыган аймакты ээлеп жаткан уруулар менен элдерди бирдиктүү мамлекетке бириктире алган.

Орто кылымдарда кыргыз мамлекетинин кубаттуулугунун артышы тарыхтагы маанилүү учур гана болбостон, ошондой эле башка канатташ элдер менен уруулардын андан аркы тагдырына да таасир тийгизген. Уруулар ортосундагы согуштар жана талаш-тартыштар көпкө токтоп, жергиликтүү уруулар дайыма болуп турган кол салуулардан арылган, бул биргелешип өнүгүү үчүн жагымдуу кырдаалды түзгөн. Ушундай шартта кыргыз этносунун баш кошуусу жана чыңдалышы, анын экономикалык жана маданий жактан өнүгүшү жүргөн.

Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү башка тарыхый мезгилдердин бүтүндөй катмарлары да ишенимдүү булактардын базасында терең изилдөөнү талап кылат. Тилекке каршы, кылымдар жана ондогон жылдар бою Кыргызстандын тарыхынын даңазалуу барактары этибарга алынбай жана саясый конъюктурадан улам бурмаланып келген.

  Кыргызстандын элинин тарыхый-маданий мурастарын сактоо жана кеңири таанытуу маселелерине жетиштүү көңүл жана ресурстар бөлүнбөй келген. Кыргыздардын “Манас” эпосу дүйнөлүк адабияттын жалпыга  таанылган эстелиги гана болуп саналбайт. Философиялык терең маңызга ээ болгон чыгарма кыргыз элинин тарыхынын жана руханий турмушунун миң жылдык тажрыйбасын чагылдырган элдик акыл-ойдун уюткулуу кенчи болуп эсептелет. Көптөгөн муундар “Манас” эпосунун саптарында тарбияланган, ал саптар бүгүнкү ХХI кылымга да  бап келип турат. Жарандардын, өзгөчө жаштардын эпосту жакшы билбегендиги анын маанисин жана ролун кемитип, терс тенденцияларды, анын ичинде жердешчиликти жана улутчулдукту жаратат, бул тарыхый жана маданий тамырларды, муундардын өз ара байланышын жоготууга барабар.

Кыргызстанда маданий өнүгүү жана улуттук куралуу процессине зарыл ресурстар менен бекемделген натыйжалуу жана тең салмактуу мамлекеттик тил саясатынын жоктугу олуттуу залал келтирүүдө.

  Тарыхый жана маданий мурастар өлкөнүн кенчи болуп санала тургандыгын эске алуу менен, Кыргызстандын көп улуттуу элинин биримдигин чыңдоо максатында токтом    кылам:

1. Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүү жана адамдарда өлкө үчүн жарандык атуулдук жана сыймыктануу сезимин тарбиялоо милдети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2012-2013-жылдарда Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын терең окуп-үйрөнүү жана кеңири таанытуу Программасын иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын, анда төмөнкүлөр каралсын:
— тарых жана маданият жагында ишенимдүү булактардын базасында илимий изилдөөлөрдү кубаттоо;
— Кыргызстандын элинин тарыхый-маданий мурастарын кеңири таанытууга багытталган долбоорлорду иштеп чыгуу жана колдоого алуу;
— 2012-жылы Улуу кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170-жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрүү;
— билим берүү системасында Кыргызстан элинин тарыхын жана маданиятын окуп-үйрөнүү боюнча колдонуудагы окуу курстарын жана программаларын талдоо жана жаңыларын иштеп чыгуу;
— жалпы жарандык бирдейликтин, өлкөнүн тарыхына, анын маданиятына жана мамлекеттик символикага урматтоо менен мамиле кылуунун базасында коомду баш коштуруу үчүн негиз катары жалпы кыргызстандык маданий мейкиндикти калыптандыруу;
— 2012-жылы жогорку жана орто атайын билим берүү системасында, кийин жалпы билим берүү мекемелеринин жогорку класстарында “Манас таануу” окуу курсун киргизүү;
— балдар жана чоңдор, анын ичинде кыргыз тили эне тили болбогондордун өздөштүрүшү үчүн ыңгайлуу болгон кыргыз тилин окуп үйрөнүү боюнча сапаттуу, жеткиликтүү жана маңыздуу окуу китептерин, өз алдынча үйрөнүү китептерин жана окуу куралдарын иштеп чыгуу жана басып чыгаруу.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Кыргызстан элинин тарыхый-маданий мурастарынын “Мурас” фондун жана тарых илимин өнүктүрүү, Кыргызстандын тарыхы боюнча окуу китептерин жана окуу куралдарын даярдоо жана басып чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик комиссияны түзүү боюнча сунуштарды киргизсин.

4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын  Президенти А.Атамбаев

Соц тармактар:

КР Президентинин Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын терең окуп-үйрөнүү боюнча Жарлыгы: 1 комментарий

Добавить комментарий