Жамин АКИМАЛИЕВ, академик: «Мен Мусакемдин талантына таасирленгем»

Согуш мезгилине туш болгон балалык 
Менин бала чагым согуш убагына туш келди. Ошондо адам менен табийгат киндиктеш болорун сездим. Анткени, жаратылыш да адам баласынын башына каран түн түшкөнүн сезгендей, күн тутулуп, бир заматта жердин бети кара түнгө айланганы эсимде. Кыраакы карылар майдан башталарын алдын ала сезишип, камына башташкан эле. Апам өтө акылдуу, оор басырыктуу жан болсо, атам ачуусу чукул, курч мүнөздүү адам болчу. Атамды армияга чакырып, ыйлап-сыктап узатып жатсак, кайра «согушка барбай калды» деген кагаз келген. Ошондо баарыбыз сүйүнгөнбүз. Мен атама караганда апама жакын болчумун. Кыял-жоругум, мүнөзүм да апама окшош. Апам 93 жашында каза болду. Биз 7 бир тууган элек. Азыр жети бир туугандан бешөөбүз калдык. Мен Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Үгүт деген айлынын абасын жутуп, суусун ичип чоңойдум. Мектептин босогосун 7 жашымда аттап, 4 жылдык окууну 2 жылдын ичинде бүтүрдүм. Анткени, кичине кезимден эле зирек болгонумдан мектепке баргычакты жазганды, окуганды үйрөнүп баргам. Ошондон улам, мугалимдер мени 1-классты бүтүрбөй эле, 2-класска которушуп, кайра 3-классты окутпастан, 4-классты окутушкан. Ал кезде азыркыдай шарт жок болчу. Кыштын күнү класстын ичи суук болгондуктан, сыяларыбыз тоңуп, калемсаптын ордуна кара карандаш колдонгон учурларыбыз болгон. Ошентип, мен 10- классты 15 жашымда бүттүм.

Агроном эмес, адабиятчы болмокмун
ЖОЖ го 15 жашымда «5» менен бүткөн аттестатымды алып барсам, эч бир окуу жай 17 жашка чыга элексиң деп кабыл албай коюшту. Мектепте окуп жүргөндө эле адабиятка жакын болгондуктан, филология бөлүмүнө тапшырсам, жашым туура келбей өтпөй калгам. Окууга өтпөй калгандан көрө, өлүп калганым жакшы деп, айылга баргандан намыстанып, айыл чарбага барып калдым. Ал жерде студенттердин 80 пайызын орустар түзүп, кыргыз студенттердин аздыгына байланыштуу жашыма карабай эле кабыл алышты. А мен болсо, орусча бир да сөз билбейм. Ошентип, кудайдын буйругу менен адабиятчы болбой, агроном болуп калдым.

Артист да, соодагер да болбойсуң…
Ырга, обонго болгон ышкыбоздугум мектепте окуп жүргөндө башталды. Бир күнү биздин кыштакка Муса Баетов кыштын күнү концерт коюп келип калды. Ыраматылык атам үйгө казан астырып, эт салдырып Муса Баетовду үйгө коноктоп, таң аткычакты ырдатты. Алыстан атын, патефондон үнүн угуп жүргөн ырчымдын жанында 1 күн кечке уктабай отуруп уккам. Мен Мусакемдин талантына таасирленгем. Атама мен Баетовдой ырчы болом, музыканттын окуусун окуйм десем каршы чыгып, болбой койгон. Андан кийин Москвага соодагерлик окуу жайга мени чакырышса, анда да каршы болду. Ошентип, атам мага артист да, соодагер да болбойсуң деп шарт койду. Атамдын сөзү мен үчүн мыйзам болчу. Анан мен: «артист болбосом да, мага комуз черткенди үйрөтүңүз» деп чыр салсам, өрүктөн комуз чаптырып, М. Баетовдун окуучусу Айталиевден сабак алганга уруксат берди. Ошондон бери комузду колуман түшүрбөй келем. Кээде илхам келип калган учурда обон жаратам. 2009-жылы «Кош жылдыз» теле долбооруна катышып, Г. Байзакова экөөбүз ар кандай себептерден улам 3 орунду алып калганбыз. Андан кийин эң мыктыларын тандап отурушуп, Г.Байзакова экөөбүз сыйлыкка ээ болдук.

Өкүнгөнүм, Мусакемден таалим албай калганым
Өкүнгөнүм, Мусакемден таалим албай калганым. Балким, атам уруксат бергенде чоң музыкант болмокмун. Мусакемдей болбосом да, Атайдай атактуу ырчы чыкмак беле. Ал кезде менин жан дүйнөм искусствого жакын болчу. Бирок, дыйкан чарбасынын ичинен кант кызылчасы боюнча 1-жолу кандидат, доктор академик болгонум сыймыктандырат. Дагы бир мени өкүндүргөн нерсе, убакыт өткөн сайын кыргыздын нукура обондорунун жоголуп баратышы. Азыр ар ким оюна келгенин акчанын күчү менен элге тартуулап жатат. Ырда мотив, обон, тематика болушу шарт. Ал эми азыркы ырларда обон да, тематика да, мотив да жок. Орунсуз обу жок ырларга да эч ким тыюу салбай, элге чыгарып жатышат.

Таланттарды барктай албай калдык
Алик Акималиев деген кыргыздын кыйын акыны бар эле. Мен Алик менен таанышкандан бери бир туугандай көрүп, колумдан келген жардамымды берчүмүн. Байкасам, таланттардын көпчүлүгү тең арактын азабын чегип келишет. Балким, биз буюккан таланттарыбыздын талантын баалай албадык. Ал кээде кабинетиме келип, «Мен сиздин фамилияңызды сатып көп иш кылдым, бирине инисимин десем, экинчисине биринчи аялынан баласымын дедим» деп күлүп калчу. Жакында эле А. Акималиевдин дүйнөдөн өткөнүн угуп, жаман болдум. Эч ким өкмөт тарабынан Акималиевди эскерип да, эстеп да койгон жок. Жеке эле Алик эмес, биз башка таланттарыбызды да барктай албай калдык.

Менин жолумду жолдой турганым Баатырым
Менин биринчи үй-бүлөмөн 4, экинчи үй-бүлөмөн 2 балам бар. Эки чоң балам экөө тең мени тартып, айыл чарба боюнча кетишти. Экинчи үй -бүлөмдөн Баатыр 15 те, Мисир 13 жашта. Менин жолумду жолдой турганым — Баатырым. Ырга да шыгы бар. Айрыкча мени менен «Кош жылдызга» баргандан бери комуз үйрөнгөнгө да аракет кылып жатат. Эки баламды мектепке күн сайын өзүм жеткирем. Эмнегедир башка айдоочуларга ишене албайм.

“Обон” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 24.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий