«Эл шайырлары» тобунун үч ордени: Анапия, Дилбар, Лира

Дидар кайып дегендей, эки күн эзелки тааныштарым, биртууган Райымбековалар менен чогуу жүрүп калдым. Сүйлөшкөнүбүздөн күлгөнүбүз көп болуп, өткөн-кеткенди, жакшы-жаманды, сүйгөн жар, үй-бүлө, чыгармачылыктан кеп салыштык.

Жан дүйнөлөрү эрке желге дирилдеген дарактын жалбырагындай назик, таланттуу бул кыздар учурда Алымкул Үсөнбаев атындагы мамлекеттик «Эл шайырлары» тобунда эмгектенишет. Улуусу Анапия Райымбекова 25 жылдан ашуун филармонияда иштейт. Отуздан ашуун мыкты обондордун автору. Талантын эл баалаган үчөө биригип «Жаша Кыргызстан», «Мен кыргызмын», «Кыргызстан обондору», «Кел, замандаш, ырдайлы» сыяктуу  ырларын созгондо, жүрөк толкубай койбойт.

Маегибизди силердин балалык күндөрдөн, ата-энеңерден баштасак. Анүстүнө, бир үйдөн үчөө-төртөө сахнага бирдей чыгып ырдаган чанда кездешет. Ушундан улам, ата-текте ырчылык өнөр күчтүү беле деген суроо туулат…
Дилбар: — Атам менен апамдын ортосундагы жаш айырмачылык  27 жаш. Биз, атамдын 50 жашынан кийинки экинчи аялынан көргөн балдары экенбиз. Биринчи аялынан балалуу болбой, анан апама үйлөнүптүр. Бирок, эки апабыз тең чогуу бир үйдө ынтымактуу жашашты. Атам 76 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Мен анда 18 жашта, улуу агам 22де эле. Кудайдын буйругу  болсо керек, апам атаман 27 жаш кичүү эле, биз да үчөөбүз бирдей улууларга турмушка чыгып калдык.

Атам комузда кол ойноткон, айтыша келсе айтышкан, ыр-жомокторду жазган, убагында залкарлардан Токтогул, Коргоолдорду көргөн, өзү жакшы ырдаган таланттуу адам болчу.

Анапия: — Турмуштун айынан жер которуп, Базар-Коргондо жашаптыр. Үч биртууганы согуштан кайтпай калган. Өзүнүн болсо баласы жок. «Райымбековдордон тукум калбай калат экен» деп бүт баарына кол шилтеп, талантын да ойлобой, балалуу болсом деп гана тиленчү экен. Кийин, бала-бакыралуу болгондон кийин да достору «ырдабайсыңбы, Ашыраалыдай, Эстебестей ырчы болот элең» дешсе, «жок,  менин кыздарыман үмүтүм чоң, кыздарым ырдайт» деп койчу. Эмнегедир чыгармачылыкты айтканда уулдарым дечү эмес, кыздарым дечү.

— Улуу апаңар тууралуу айтып берсеңер, мамилеңер кандай эле?
— Ал апабыз ыраматылык алтындай адам болчу. Атаман эки жаш кичүү болчу. Өмүрүнүн аягына чейин биз менен турду. Ошо апабыздын койнуна жатып, ошол апабызды апа деп, өз энебизди эже деп чоңойдук. Бизди улуу апабыз төрөгөн деп эле, чоңойгуча билбей, өз энебиз деп жүрчүбүз. Ал киши кайтыш болгондо гана өз энебизди апа деп калдык. Улуу апам атамды аябай сүйчү. Ал өлгөндөн кийин 12 күндөн кийин атам каза тапты. Өзү менен ала кетти. Биз эки апалуу экенибизди буга чейин эч кимге айтпай, жымсалдап айтчу элек…

— Жымсалдагыдай, жашыргыдай бул жерде жаман нерсе жок экен го. Тескерисинче, үй-бүлөдөгү ынтымак, сүйүү, адамгерчилик, сыймыктана турган көрүнүнш экен. Силердей илбериңки кыздар ушундай үй-бүлөлөрдөн чыгары анык. Өз апаңар да жөн киши болбосо керек, ал тууралуу айта кетсеңер?
Лира: — Өзүбүздү тууган апабыз  үн-сөзү жок момун аялзаты. Турмушубузга дегеле кийлигишпейт. Келиндерине да катуу айтпайт. 6 кыз, 4 эркек төрөгөн. Он биртууганбыз. Азыр тогузубуз барбыз.

— Ыр, ыр менен. Бирок, аялзаты очокту  өчүрбөй, үй-жайды шыпырып-тазалап, өз-өз орду менен кармап туруш керек эмеспи. Бул жагынан кандайсыңар?
Лира: — Башында, ата-энемдин жанында жүргөндө идиш жууп үйрөнөйүн десем эле, шагырап сынып калчу (күлүп)…

Дилбар: — Мен оокат-жайдагы ишти көп жасап калдым. Чөп чапчумун, тандырга нан жапчумун. 28 нандан жаап, аны эки күндө түгөтүп койчубуз.

Анапия: — Атам ыраматылык эт салдырып, бизге кесме жасатып берчү…

Ушул жерден Анапия Дилбарга кайрылып, «баса, Дилбар, баягы оозуң кыбыратканды айтып берсең» дегенде, үчөө тең күлүп жиберишти.

Дилбар: — Мен иш кылам, аш кылам. Лира болсо атамдын жанына отуруп алат да, мыймыңдап эт жейт. Аябай жиним келет. Кашык, чөмүч ташып атып, атама билгизбей Лираны жаман көзүм менен карайм да, эт чайнап жаткансып оозумду кыймылдатып, аны туурап коем. Ошентсем эле ал эшикке жүгүрүп чыгып, бийик столбага чыгып алып, «мен секирип өлөм» деп кыйкыра берчү.

Лира: — Спортсмен экем да, кантип чыгып кетчүмүн билбейм. Атам байкуш секирип кетпесин деп, «түш кызым, түш кызым» деп столбаны айланып жүрчү. Мен күчөп кыйкырып алчумун ансайын.

Анапия: — Лира иш кылчу эмес, атама жакын болчу. Атына учкашып алып тойлорго барчу, ал жактан да мыймыңдап эт жесе керек да… (баарыбыз күлүп калдык).

Дилбар: — Менден кийин бешөө бар. Бешөөсүн оптом башкарып деректир болчумун. Өрүк уурдашчу да. Уурдап келген өрүгүнүн жарымын бербесе, кыйнай берчүмүн. Инилерим да, сиңдилерим да коркчу. Лира болсо адатынча «өлөм эле өлөм» деп столбасына чуркачу.

Анапия: — Убакыт тез өтөт экен. Атамдын оозуна сала бергендей, үчөөбүз биригип ырдап жүрөбүз. Ушуга да шүгүр кылам.

Дилбар: — Жолдошум Марат менден 20 жаш улуу, Лиранын күйөөсү 21 жаш, Анапиянын күйөөсү 14 жаш улуу болчу. Ал убакта «улууга турмушка чыгалы, атыбызды чыгаралы, байлык-бийликке жетели» деген эмеспиз, бул тууралуу ой да жок болчу. Азыркылар атайы план түзүп, анан турмуш курушат экен.

— Ал кезде сүйүүгө башкача көз караш болчу да. Сүйүү деген ушу экен деп, материалдык нерсени көздөбөй, кол кармашып кете беришчү…

Анапия: — Азыр эми турмуш кыйын. Жакшы баалуулуктарга карата көз караштар өзгөрүп кетти. Ылайым пейил оңолуп, ыйык, улуу нерселерге элдин көңүлү бурулса дейбиз.

— Үчөөңөр бир жерде иштеп атканыңар өзүңөргө жакшыбы?
— Албетте, жакшы. Үч даражадагы орден бар эмеспи, Замирбек байке (Үсөнбаев) ошону айта берчү: «Эки орден бул жакта, эми үчүнчүсү да келет» деп. Оозуна сала бергендей, Дилбар да келип бизге кошулуп калды. «Эл шайырлары» тобунун концерти жылына эки жолу болот. Билет баасы 100 сомдон эле. Эл көрүп, уксун дейбиз да. Көңүл жылытканы, мурдагы жылдарга салыштырмалуу эл фольклорго көбүрөөк келип калды.

— Сахна менен ресторан-кафеде ырдагандын айырмасы барбы?
Дилбар: — Албетте, айырма аябай эле бар. Тойдо ырыңды казы-карта, чучукка аралаштыра угушат. А сахнанын өзүнчө ырахаты бар. Энергия да башкача. Атайы ыр укканы келген  элге ырчынын сезими, эмоциясы ошо боюнча жетет.

Лира: — Анын үстүнө тойдо көрүүчүлөр так маңдайыңда болуп калат. Аура да башкача.

Анапия: — Жашырганда эмне, тойдун акчасы менен бир топ муктаждыктар чечилет. Ырдын оранжировкасы, сахна кийимдери деген бар. Тойго деле улуттук кийим менен барабыз. Эл ошону талап кылат.

Дилбар: — Эл «жакшы ырдадыңар» деп койсо, мүрөктүн суусун ичкендей болуп калабыз.

— Балдарыңардан таланттуулар барбы?
Лира: — Акзыйнат 16га чыгып калды. Абдраев атындагы музыкалык мектепте скрипкада окуйт. Үнү жакшы, ырдайт. Өзү «Аксаамай эжеме эле окшошуп баратам» деп коет.

— Аксаамай Токон аганын (Эшпаев) кызыбы?
— Ооба. Кыздары Аксаамай, Акмаанайга уйкаштырып, ысымын өзү койгон. Өзү да атасына, эжелерине окшош. Катышып турат.

— «Жүрөгүм ооруйт дебеңиз» деген ырыңды Токон агага арнадың беле?
Лира (күлүп): — Ал Анапия эжемдин обону. Оштон жаңы көчүп келип, өзүмчө жаман болуп жүрсөм керек, ырды угуп калып эле жактырдым. Менин ырым экен деп, эки саатта үйрөндүм.

Анапия: — Бул ырдын сөзү Үрүниса Маматованыкы. Эже экөөбүз жакшы мамиледебиз. Ырды окуп, жактырып, обон чыгаргам. Менин да жан дүйнөм анча-мынча ыргалып, кыйналып турса керек ошондо.

— Жолдошуңуз, таланттуу  режиссер Алмаз Сарлыкбековдун өтүп кеткенине … жыл болду. Балдарыңыз, өзүңүз андан бери кандайсыз?
— Негизи,  Алмаз байкеңердин көзү өткөндөн бери эле, дале өзүмө келалбай жүрөм. Эгер ырдабай калсам, базарга чыгып оокат кылалмак эмесмин. Балдарым жакшы. Ушул күндөрүмө, Кудайга шүгүрчүлүк кылам.

Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА

Материал жана сүрөт үчүн “Көк Асаба” гезитине ыраазычылык билдиребиз

Соц тармактар:

Добавить комментарий