Кыргыз жибеги

Дизайнер, «Жибекчиликти жана жибек токуучулукту ѳнүктүрүү» коомдук уюмунун директору, «Саймалуу-Таш» кѳркѳм галереясынын арт-директору Гүлжан ИРЕШ менен маек.

Кыргыздын мурасталган керемет өнөрлөрүн аяр сактап, дилин салып улантып келаткан жаштар жүрөк жылытып, элинин баалуулугун башкаларга таанытып келатканы ыраазылыкка гана эмес, терең таазимге да татыктуу. Ошондой жаштарыбыздын бири – Гүлжан Иреш. Эмесе, нукура кыргыз жибегин кол менен согуп жаратуу үчүн далалаттанган эмгегин төмөнкү маектен окуп таанышыңыздар.

— Кыргыздын уз дүйнѳсүндѳ бүгүн ѳзүңүздүн талыкпаган эмгегиңиз менен чебер саймачы жана жибек изилдѳѳчү  катары таанылдыныз, айтсаңыз, жибек чыгарууга болгон кызыгууңузга  эмне түрткү болду?
— Бул эки иш бири-бири менен ѳтѳ тыгыз байланышта десем болот. 2004-жылы ѳзүңүздѳр тааныган, кыргыз сайма ѳнѳрүн дүйнѳгѳ  таанытып жаткан атактуу модельер Дилбар Ашымбай менен аз убакыт иштешип калдым. Ал жибек кездемелерин Индиядан, Өзбекстандан жана башка ѳлкѳлѳрдѳн алчу, анан ага жибек жиптерден сайма сайылып кооз кийимдер жасалчу. Биз ошондо эмнеге кыргыз жибеги жок, эгер жасаса кандай болуш керек экендиги тууралуу кѳп сүйлѳшчүбүз.  Япон жибек кездемелерине кѳбүнчѳ кол чатыр кѳтѳргѳн аялдын сүрѳтү  түшүрүлсѳ, Индияныкында калемпирдин, ал эми ѳзбек элиникинде адрас же аллас техникасы түшүрүлѳт. Булар, дүйнѳгѳ таанылган бренддер.  Эгер колго согулган кыргыз жибеги чыга турган болсо, анда кыргыздын эски оюларын түшүрсѳ болот деген жакшы максаттардын негизинде изилдеп кѳрүүнү чечтик.

— Изилдѳѳңүздѳр анан кандайча башталып калды, дегеле жибек токууну кантип ѳздѳштүрүп калдыңыз?
— Бул ой, менимче, мага чейин да кѳптѳрдү ойлондурса керек, бирок ошону чыгынып башташ керек эле. 2004-жылы жибекчиликке ѳтѳ кызыккан альтруисттердин бири, Конгресс Бизнес Ассоциациясынын директору Чынара Сейдахматова менен түштүк облустарын кыдырып кѳрдүк. Союз кезинде дүңгүрѳп иштеп турган Ош жибек комбинатындагы станоктор сатылып, эскирип, бардык райондордогу  жибек ишканалары токтоп калганына күбѳ болдук.  Кыдырып кѳргѳндѳн кийинки тастыкталган документтердин негизинде, бүтүндѳй облус болбосо дагы,  бир районду камтыган долбоорду жазып,  Япониянын  Кыргызстандагы ѳкүлчүлүгүнѳ кайрылып кѳрдүк да, «JICA» («Жайка» — Жапон өнүктүрүү борбору) менен изилдѳѳлѳрдү жүргүзѳ баштадык. Ошол аралыкта жибеги Индияныкынан кем эмес, кѳптѳгѳн акындар ырларына кошуп ырдаган ѳзүбүздүн Курманжан Датка энебиз кийип ѳткѳн айтылуу «маргеландын шайысын» сокконду үйрѳнүү үчүн Маргелан шаарына кирип кѳрүүнү чечтим.  2006-жылдары Өзбекстанга кирүү визалык тартипте болчу. Ошондуктан,  азыр ойлосом, ѳтѳ кооптуу учур экен. Ошол ѳлкѳнүн гана жараны болуп же турист болсоң гана кѳп сураштырбай коюп жибербесе, Кыргызстан жараны, Бишкектин каттоосу, анан дагы менин фамилиям менен  мен аларга   «шпионду» гана элестетчүмүн.  Ар бир кармалган сайын 3-4 сааттан сурак берер элем.

Колдо жибек токуу Маргеланда тѳрт кылымдан бери укумдан тукумга ѳтүп келе жаткан ѳнѳр. Эли бул өнөрдү ѳтѳ аздектейт. Андыктан, ар ким барып эле сурана берсе үйрѳтѳ беришпейт экен. Алардан үйрѳнүүгѳ макулдугун алыш үчүн эле Маргеланга 48 жолу кирип чыктым. Биз чет элге чыга турган болсок, сѳзсүз чет тилдеринин бирин үйрѳнѳбүз, каада-салттары менен таанышабыз. Ошол сыяктуу эле, мен алардын тилинде сүйлѳп, ошолордой  болуп кийиндим. Мен муну алардын маданиятын сыйлоо катарында жасадым. Алардын да сыйлоосуна татыктуу болдум го деп ойлойм. Ошентип анан алардын эски  саймаларын аз-аздан  үйрѳнѳ баштадым.  2007-жылы тѳрт колго токуучу станокторун алып чыгып, Ош шаарына орноштурдум. Бирок,  бул станокторду иштетиш үчүн ѳзүбүздѳн чыккан жибек керек эле. «Жайка» изилдѳѳлѳрүн бүткүчѳ, мурда жасап жүргѳн сайма ѳнѳрүн азыркы жаштарга үйрѳтүү максатында, чет элде кѳп жылдар бою иштеген, анан ѳз мекенинде кыргыздын прикладдык искусствосун кѳтѳрѳйүн деп жүргѳн сүрѳтчү Арстанбек Мырзаев менен бирдикте 2009-жылы Ош шаарынын борборунда  «Саймалуу-Таш» кѳркѳм галереясын ачтык.   Бул да оңой-олтоң болгон жок. Документтештирүүгѳ жана  курулуш иштерине эле эки жылдай убакыт кетти. Ачылаардын алдында  Кыргыздын бирден-бир сыймыгы болгон, асман астындагы ачык галерея — легендарлуу Саймалуу  Ташка чыгып келдик. Ошол жердин урматына кѳркѳм галереяга атын бердик. 2010- жылы «Ачык Дүйнѳ» программасы аркылуу Америкага барып, дүйнѳдѳгү кооз шаарлардын бири, Нью-Мексико штатындагы 250дѳн ашык галерея жайгашкан Санта-Фе шаарында болуп, колдо согуу ѳнѳрлѳрүн да кѳрүп келдим.   Ошол эле жылы Япония ѳкүлчүлүгү Индияга барып окуп келүүгѳ колдоо кѳрсѳтѳрүн билдирди. Бул долбоор эми  2016-жылга чейин созулат.  Биз азыр Япондордун технологиясы менен жибекчиликти кѳчѳт отургузуудан баштап, кездеме болгонго чейинки этаптарын жылына эки жолу үйрѳнүп жатабыз. Өтѳ чоң айырмачылыгы ушул экен: бизде тыт дарагы 4-5 жылда ѳссө, алардыкы эки ай аралыгында эле өсүп, колдонууга жарап калат. Эми, буюрса тытты өзүбүздө өстүрүп, жибекти колго токууну нукка сала баштайбыз. Илимдер академиясынын алкагында жер кыртышын изилдѳѳ үчүн бирдикте лаборатория түзсѳк да болот. Буюрса, кѳп кыйынчылыктар артта калды, «кыбыраган кыр ашат»  дегендей, акырындык менен болсо да ишти алдыга жылдырып келе жатабыз.

— Бизде эски саймалар сатыкка чыгып, канчасы сатылып жатат, ошол нерсени токтотууга болобу?
— Азыркы учурда кыргыз саймасына, кыргыз кийизине болгон чет элдиктердин талабы ѳтѳ күчтүү.  Илгери биздин энелерибиз сайманы тилек менен сайышкан, жүрѳгүндѳгү толуп турган бардык сезим жана сүйүү менен сайышкан, түс жѳнүндѳ билими жок болуп туруп, кандай гана кереметтеди, шедеврлерди жаратышты.  Ошол буюмдар кийинки урпактарды кѳп жамандыктардан сактап келген. Кѳз майын коротуп, бардык тилектерин ушул саймаларга сиңирген.  Кийин менин небере-чеберелерим ушул буюмду чет элге сатып оокат кылсын деп жасаган эмес.  Энелерден калган буюмдарды сатуу —  бул алардын алдында кечирилгис күнѳѳ деп ойлойм. Азыркы бизнес ѳнүккѳн маалда  бул мыйзам ченемдүү нерсе го, бирок, кѳчүрмѳлѳрүн гана сатылып, нукура буюм  ѳзүнүн урпактарында же музейлерде сакталышы керек. Элибизде жакшы макал бар: «Арбак ыраазы болмоюн, тирүү оңолбойт» деген.  Ошондуктан, алардан калган ар бир буюмду кѳзүбүздүн карегиндей аздектеп, тумар тутуп, таберик катары сакташыбыз керек.   Эгер антпесек, бизден калган буюмдарга кийинки муун ошондой эле мамиле жасайт. Биз эски саймаларды дале чогултабыз, кээде ѳздѳрү алып келишет сактап калгыла  деп.  Келечекте музей ачалы деген үмүтүбүз бар.  Ошондуктан айтаарым,  улуттук баалуулуктарыбызды,  салттык маданиятыбызды сактайлы, ошондо гана урпактарыбыз алдында жүзүбүз жарык болот.

«Боз жол»

Кыргыз философиясында ак-караны айкалыштырып, тең алып жүрүүнүн маанисин туюндурат.  Бул жол көчмөндүк табияттын белгиси. Аалам жерди өзүнө уюткан адамдын жолу. Оң менен солдун, ак менен каранын, ысык менен сууктун, жакшы менен жамандын дал ортосун чыгарган деңгээл.  Бул чыгармада кыргыздын ички абалынын табигый мүнөзү, анын Теңирдин теңдик мыйзамына, акыйкатка болгон умтулуу күчү  көргөзүлгөн. Ал эми Гүлжандын өз колу менен колго токулган кыргыз жибеги кынтыксыздыкты жана тегиздикти билдирип, ал эми ошол жибекке  сайылган оюулар болсо уютку борборунан кеткен чексиз өсүүнү  бир чулу жыйынтык, ирээт менен  боз жолдун өзөгүнө байланган философия катары берип турат.

«Күүгүм»

Күндүн бул маалына кыргызда өзгөчө маани берилген. Күүгүм — бул күн менен түндүн беттешкен учуру. Ушул маалда сергек болуу туурасында ырым-жырымдарда айтылып келет. Дал ушул чак жарыктан караңгыга, күндөн түнгө, актан карага өтүү мезгили. Бир дүйнөдөн экинчи дүйнөгө өтүүнү кыргыздар ырымга салып, ушул ирмемди символдоштуруп келишкен. Бул жашоонун барына да жогуна, күнүнө да түнүнө тобо кылып, тирүүлүк үчүн ыраазычылык билдирүү парз иш. Ошондуктан, чыгарма күн менен түндүн урматына деп «Күүгүм» аталган.

«Асман ээлери жерге түшкөндө»

Кыргыздар байыртан эле  табияттын ээлерине жана ата-бабалардын жолуна ишенип келген.  Бул ишеним кыргыздын миңдеген кылымдар бою келе жаткан жашоо тажырыйбасынан жана дүйнө кабылдоосунан улам пайда болуп, кылымдык маданиятка чагылдырып келген. Бул чыгарма ошол ишенимдин негизинде адам менен жогорку рухтардын  ортосундагы  болгон байланышын камтып турат. Саймалуу Таш галереясындагы байыркы петроглифтердеги сүрөттөрдөн белгилүү бир окуя композициялаштырылган. Бул чыгармада, оюлардын жана таш жазуу сүрөттөрүнүн айкалышында, космостук акыл-эстин жер менен болгон мамилеси берилген. Асман ээлери жерге түшкөндө, ааламдан жылдыз жааганда жерге жаңы доор келген.

«Толгонуу»

Бул жалган жашоодо адамдын өмүрүнүн баасы өлчөөсүз кымбат. Жараткан берген өмүр жашыңда жакшылыгыңан жазба, аруу тилегиң жүрөгүңөн эч кетпесин, жашооңду сүйүп жаша, бул өмүр бир келет, чарчап-чаалыксаң да турмуштун оорчулугун көңүлгө алба. Бул жашоодо тирүүлүктүн эле өзү канча! Ишенимиң ар дайым бийик, урагыс болсо, жакшылык эч качан сени жандап өтпөйт. Өмүр – гүл. Ошол гүлдү сен жүрөктөн чыккан жылуу сезим менен гана сактай аласың. Өмүр гүлүң соолубасын эч убакта. Бул чыгарма ички толгонууну чагылдырды. Канча убакыт өтсө да, бабаларыбыздын ушул керээзи узак жолдо карыбай, келечек муун үчүн мурас болуп келе жатат.

«Үчилтик»

Көчмөндөрдүн дүйнө таанымында үчилтик — бул универсалдуу дүйнө куруучу мыйзам. Бул ыйык мыйзам кыргыздын каада-салтында, маданиятында кеңири чагылдырылган. Түндүк, Уук, Кереге жана Төр, Очок, Босого. Ошондой эле Ай, Күн Жер жана Ата, Эне, Бала — ушул үч элементтен тургандар бир бүтүндүктү жаратат эмеспи. Бул чыгарма дал ушул философияга арналган, үчилтик мыйзамы урагыс  жана түбөлүк.

Гүлжан Иреш: Колдо жибек токууну үйрөнүүгө маргеландыктардын  макулдугун алыш үчүн эле Маргеланга 48 жолу кирип чыктым. Кармалганда 3-4 саат сурак берчүмүн.

Илгерки энелерибиз көз майын коротуп, бардык тилектерин ушул саймаларга сиңирген. Небере-чеберелери  чет элге сатып оокат кылсын деп жасаган эмес. Саймаларды сатуу —  бул алардын алдында кечирилгис күнѳѳ.

Маектешкен жана сайма чыгармаларына комментарийлерди жазган Айбек БАЙЫМБЕТОВ,
Материал жа сүрөттөр үчүн “Көк Асаба” гезитине ыраазычылык билдиребиз.

Соц тармактар:

Кыргыз жибеги: 1 комментарий

Добавить комментарий