Сафет-Булан сыры

Сафет-Булан. «Zaman-Кыргызстан» гезитинен алынды

Араб жеркезери Абу Исхак Ибрахим ибн Мухаммад ал — Истахринин «Китаб масалик ал-мамалик» («Мамлекеттердин жолдорунун китеби») деген эмгегинде (биздин жыл эсеп боюнча 930-933-ж.) Кербен аттуу аймак айтылат да, ал Аксикенттен ары 9 фарсаг (бир фарсаг 6-7 км.) жерде экендиги билдирилет («Материалы по истории киргизов и Киргизии». 1-чыг. — М. ,1973, 23,34-б.). Орто кылымдагы ошол шаардын чалдыварын 1948-жылы А.Н.Бернштам изилдеген да ошол кезде жалпы радусу 3-4 чакырымга жеткен жерде 24 дөбө (Күлүк-Дөбө, Кутчу-Дөбө, Алибер-Дөбө ж.б. дөбөлөр) болгондугун жазып калтырган, кийин баарыбызга белгилүү колхоз-совхоздор булардын көбүн айдоо аянттарын кеңейтебиз деген компартиянын чакырыгына шыктанып, сүздүрүп таштаган.

Ошол Караван айылы азыркы ордунан Түштүк -Батыш тарапта Пача-Ата суусуна жакыныраак жайгашкан.

Мугдар кимдер болгон?
Арабдар тарыхтан маалым болгондой 715-жылы Кутейба ибн — Муслимдин колбашчылыгы астында чоң жортуулга чыккан, алар Эранды, Самаркан менен Букараны каратып, 812-817-жылдарда Баргананын борбору Касанды басып алган. Ал калаанын акими Исхат качып кеткен. Арабдардын зордугунан улам калк ислам динин кабыл ала баштаган. Бирок бул процесс жөн эле өтүп кеткен эмес, бир динден экинчи динге өтүү деген бул көп азапты жана көп жылдарды (кылымдарды) талап кылары бышык.

Ошо Касанга жакын тоолорду жалпысынан арабдар Каф деп аташкан, араб уламыштары боюнча ошол тоолордо жарым адам, жарым куш эл жашаган, аларды муг деп аташкан. «Муг» деген мусулман эмес, Күнгө, отко сыйынган, башка диндегилер деген мааниде болгон. 40 миң жоокер менен арабдар Самарканддан кийин ушул аймактарга басып кирет. Алардын башчысы имам Жарир болгон, аны көп жерде урмат-сый менен тосуп алышкан. Бир гана ушул тоолук калк оңойлук менен баш берген эмес.

Карбанас. Тартуу. 
Мына ошолордун башчысы Карбанас деген болгон. Анын карамагында бир нече шаарлар, ири, бышык чеп-коргондор, көп мүлкү, сан жетпес малы бар болгон, 360тан ашык кент (кыштак) ага баш ийген, өзү да алп көкүрөк, балбан билек башчы эле. Ал Пача (Падыша)-Ата суусунун боюнда жашаган, Мамай кыштагына жакын турган, ал жерден Сафед Булан, Нанай, Ак-Там, Көк-Жар, Кызыл-Жазы кыштактары көрүнүп турган, кол созсоң жеткидей Чаткал тоолору ак кар басып жаткан.

Карбанаска араб кошунунун башчысы имам Жарир тынч гана багынып берүү тууралуу кат жолдогон. Араб элчилеринин катын алып ал көзүнө сүртүп, элчиге котортуп, имамга өзү бармак болот да, барып, анын сый- урматын көрүп, тоолук мугдардын баары катын-калач, бала-чака — бири калбай мусулман болду деп айтат, ошентип тигилердин көөнүн жайгарат. Имам Жарирди өз чарбагына мейманга чакырат, аны жана төрт жүз адамды сый-урмат менен тосуп алат, а түгүл көшөгөдө гана сактап келген, көлөкөгө баккан кызын да алыс журттан келген конокко тартуу кылат.

Убайда. «Кыргын мечит»
Ал кыз Карбанастын жалгыз кызы эле. Эми араб жигити имам Жарирдин ак никелүү аялы болот. Балким ошондо биринчи жолу мусулманча нике бизге жеткендир. Эртеси имам Жарир жаңы эле алган зайыбын бир-эки күнгө төркүнүнө калтырып, өзү Аксыга — калган кишилерине барып келгени кетет. Ошол түнү Карбанас кызын үйдөн кууп чыкмак болот, энеси болсо энелик кылып кызын жашырып калат, ошондо кызы качып жүргөн Касан акими Ихшиттен Карбанаска кат келгенин, анда Ихшит Касандан качып чыгып Түркстанга барганын, ал жерден аскер жыйып, андагы баскынчы арабдардын баарын кырып таштаганын айтат. Ошо катта орозо айт күнү намаз убакта арабдарга чабуулга өтүү жөнүндө да кеп-кеңеш айтылат. Убайда таң атарда атасынын үйүнөн качып чыгып, имамга барат, укканын уккандай күйөөсүнө айтып берет, ал төрт жүз кишиге катуу дайындап, күзөткө катуу туруу милдетин коёт. Кыскасы, айт намазында төрт жүз мусулманды өлтүрүшөт, башка бир маалыматтарда чоң согуш болуп, эки миң жети жүз кишинин башы кесилген деп айтылат. Бул улуу трагедия эле. Мында бир өлкө менен экинчи өлкөнүн, бир дин менен экинчи диндин, азаттык менен кулчулуктун, сүйүү менен жек көрүүнүн улуу айкашы болгон.

Өлүмдөн качып, аман калган имам Жариф алыскы журтуна жол тартат, бирок кандайдыр бир себептер менен Багдадда ууланып өлгөндүгү, андан ары мекени Мединага жаш алган зайыбы күйөөсүз, кара кийип кеткендиги тууралуу айтылат.

Медина асмандагы муң 
Убайда араб жергесинде уулдуу болот. Ала-Тоо жыттуу уулдун атын Фазил коёт. Ал жаш кезинен эле тагаларындай зирек, өткүр, балбан жигит катары журтка таанылат. Аны апасы да, эли да жоокер кылып, жоого маш кылып, болочок күрөшкө даяр кылып өстүрүшөт. Тоо арасында шамал менен ат үстүндө өскөн Убайда журтун сагыныппы, кусаланыппы, өч алганы үчүнбү, айтор, баласы экөө чоң кол курап, алыскы Баргана топурагына аттанат. Бул арада ортодон кырк жыл өткөн эле. Карбанас келбес жайга кеткен. Бийлик тизгини Ихшиттин колунда турган.

Унутулбай келаткан уламыш
Азыр да Сафет-Булан (Булөң) деген ат менен аталган бу кыштакта ошол кезде бир кыз болуптур. Ал ушунчалык чырайлуу, назик, анан өз канайымына берилип кызмат кылган пакиза жан экен. Жаныгы айт намазда «Кыргын мечитте» башы алынган адамдардын арасына келип, алардын башын бирден абайлап кармап, аларды аруу кылып, тазалап жууп, акка ороп, четинен чогултуп жүрө берет. Таңдан кечке кылган иши ошо — баш термей. Издегени — Убайда бонунун жана Жариф имамдын кесилген баштары. Издейт, издейт, таппайт. Эки миң жети жүз башты кайра-кайра жууйт, тазалайт. Өзү издеген баш жок. Ошентип жүрүп мезгил менен жанагы денесинен ажыраган баштар анын күн тотуктурган кызгылт денесин купкуу кылат. Кызыл жүздүү кыз сөөк жүздүү бир сөңгөккө айланат. Бирок издегени — издеген…

Фазил падышанын сапары
Тагдыр экен, кийин ошол жайга Убайданын уулу, Карбанастын небереси Фазил коюлат. Жанагы көп кол менен араб талааларынан чыккан ислам таратуучулар акыры Касанга келет. Бул жерде өтө чоң согуш өтөт. Айрым тарыхчылар ошол урушта жыйырма миңдей киши набыт болгонун тактап чыгышты. Иши кылып кыямат кыргын болуп, акыр соңу Касан акими Ихшит жеңилүүгө учурайт. Баргана асманына исламдын көк байрагы орнотулат. Буяктыктардын жээни, араб колбашчысы Фазил так таажысын киет. Ушул жерлик Бадна ысымдуу кызга үйлөнөт. Уулдуу болушат. Ал он экиге толгондо Касандын башкаруучусу атыгып, такка отурат.

Тагдырдын тамашасын караңыз, ошол күнү баласына тагын тапшырып, атасы Фазил ууланып өлүп, чын дүйнөгө чымын жанын алып кете берет. Аны баягы баштары алынган адамдар коюлган көрүстөн-мазарга коёт, ошондон бул мүрзө Шах-Фазил мүрзөсү деп аталып келет.

Тарых бүктөмү жана биз
Ала-Буканын абалкыча Гүлстан, байыркыча жана соңкуча Сафет-Булан деген кыштагы бар. Өзбекстандын Касан шаарына жана Касан-Сай суусуна, Кыргызстандын Аксы районунун борбору Кербен айылына жакын жайгашкан. Бул жерде жогорудагы тарых-таржымалы менен байланышкан күмбөз жана мүрзө комплекси орун тапкан. Араб тилинде диндик маанидеги тексттер жана эллегиялуу мазмундагы фарсча ырлар өчкөнү өчүп, өчпөгөнү сакталып турат. Акча каражаты аз бөлүнгөндүктөн жакшы реставрациялоодон өткөн эмес.

Жалал-Абад облус жетекчилери жана эли аймактагы жети ыйык жердин бирине ушул комплексти киргизип, азыр абаттандырып жаткан чагы. Кеп ошол жакка элди, биринчи кезекте араб өлкөлөрүнөн туристтерди чакырып, зыярат кылуу үчүн алып барышыбыз керек. А балким ошол жактан бул жерди дүйнөлүк туризмдин бир таанымал точкасын айлантар байлар чыгып калар…

Тарыхтын бир кабары, карт тарых китебинин бир бүктөмү ушундайча…

Анан ошол Карбанастын атында азыркы Аксы районунун борбору Кербен (Караван) аталып калган болбосун деп ойлойсуң…

Араб жерине кеткен эжебиз Убайданын тагдырына таң каласың, ал не деген инсан, карама- каршылыктуу өмүр өтөгөн жар, аял, эне, жоокер…

Балким бул кыска баян-окуя бизге да сабак болор…

Абдыкерим Муратов,
Zaman-Кыргызстан” («Кыргыз гезиттер айылы»), 27.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий