Кыргыз киносу сандан сапатка өтүү жолундабы?

2011-жылы кыргыз киносунун түзүлгөнүнө 70 жыл болду. Анын тарыхында «Кыргыз киносунун кереметин» жараткандар Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, КадыржанКадыралиев, Мелис Убукеев жана башкалар бар. Бирок, тилекке каршы, 1991-жылы СССРдин урашы менен кыргыз киносу көп жагынан кайрадан жаңыдан баштап өнүгүүгө аргасыз болду.

Кыргыздын жападан-жалгыз профессионал кино таануучусу Гүлбара Төлөмүшева: «Азыркы Кыргызстанда жаратылып жаткан тасмалардын саны көп, бирок сапаты жагынан жогору деп айтуу кыйын. Анткени жаратылып жаткан тасмалардын көркөмдүк жактан сапаты аябай төмөн болуп атат», — деген баасын берет.

Мындай көрүнүштү киномонтажер Нурланбек Камчыбеков учурдагы кыргыз кинолорун жаратып жаткандардын даярдыгы менен байланыштырат. “Азыркы тасмалар профессионал адистердин колунан чыкпай атат. Үч планды билген адамдын бары эле тасма жаратып атат», — дейт ал.

Гүлбара Төлөмүшованын билдирүүсүндө, кыргыз киносунун кендирин кескен нерселердин дагы бири – каржы маселеси. Азыркы тартылып жаткан тасмалардын бюджети орточо эсеп 20 миң АКШ долларын түзөт, дейт ал. Бул каражатка жакшы кинону жаратуу көп маселелерди жаратат.

2011-жылы жарык көргөн “Соолуган гүлдөр” тасмасынын бюджети 15 миң АКШ долларынын айланасында болгон. Тасманын режиссеру Тынчтык Бугучиев: «Бул тасма кандайдыр деңгээлде элге таанылды. Бирок тасмага аз каражат сарпталганына байланыштуу профессионал актерлорду тарта албаганым, кандайдыр бир деңгээлде залакасын тийгизбей койгон жок», — дейт.

2011-жылы Кыргызстанда орточо эсеп менен алганда 80ге чукул тасма тартылды. Бул эгемендик алган жылдардан баштап 2010-жылга чейин Кыргызстанда өндүрүлгөн бардык кинолордун санынан да ашат (диаграмманы карагыла). Бул Кыргызстандагы кино дуйнөсү кандайдыр бир деңгээлде өсүп аткандыгын билдирет.

Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанда тартылган тасмалардын саны

«Азыркы тартылып жаткан тасмалардын сапаты жогору деп айта албайм, бирок биздин жаштар тажрыйба топтоп, келечекте Кыргызстанды кино жаатында дүйнөлүк денгээлге чыгараарына ишенем», — дейт бир кезде Кыргыз кино кереметин жараткандардын бири Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рая Шаршенова.

Айжамал Аманова,
“Internews Network” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн
“Журналистика боюнча кышкы метептин” окуучусу

Соц тармактар:

Добавить комментарий