Метеордой өткөн өмүр

1958-жылы Чолпонбек Базарбаев экинчи класста окуп жаткан кезинде, алар жашаган Ат- Башы өрөөнүнө Ленинграддан хореографиялык балет мугалимдери келишип, таланттуу жаш балдарды тандап, окутуу максатында сынак өткөрүшөт. Айылдын мектебинин алдына кыздар балдар катарга тизилишип, алардын катарын Чолпонбек да толуктаган. Балдарды отургузуп тургузуп, секиртип, дене башын чоюп сындан өткөрүп, жыйынтыгында жалгыз Чолпонбек тандалып алынат. Тилекке каршы Чолпонбектин ата энеси беш жашар баланы алыс жерге узатуудан баш тартышат…

Ч.Базарбаев 1949 – жылы Нарын областына караштуу Кочкор районундагы Кум Дөбө айылында мамлекеттик кызматкердин үй бүлөсүндө туулган. Атасы Базарбай кесиби боюнча театр кызматкери, учурунда Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүковалар менен бирге иш алып барган. Апасы Самар Атабекова мектеп мугалими болуп көп жыл эмгектенген. Ата-энеси жумуштарына байланыштуу көп убакта командировкада болгондуктан, Чолпонбек чоң-ата,чоң-апасынын колунда, кыргыздын нукура салттарын билип, аларды ыйык тутуп тарбияланат. 1959 — ж Чолпонбек үчүнчү классты бүткөн жылы Фрунзедеги музыкалык хореографиялык окуу жайдан окуучуларга сынак өткөрүшүп, хореограф мугалимдер келишкен. Кайрадан көп окуучулардын арасынан жалгыз окуучу болуп Чолпонбек тандалат. Бул жолкусунда ата-энеси Чолпонбекти Фрунзеге окууга жөнөтүшөт. Чолпонбектин бий өнөрүндөгү өзгөчө таланты М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында даана байкалган. Ал башка окуучулардан айырмаланып өзүнүн тартиби менен, эмгекчилдиги менен, жанда болбос тырышчаактыгы менен айырмаланып, турган.

 “Ал өзүнө жинденип, ойлогону орундалмайынча тердеп, тердеген кийимин эки-үч жолу сыгып, кийинип, кайра-кайра иштеген. Кээде мугалимдери, болду, эс ал, дагы травма аласын десе, болбой, жок, болмойунча чыкпайм деп машыгаар эле. Ал өзүн жасады, болгодо да Республикалык же союздар аралык эмес, бүткүл дүйнөлүк бийчи болду. Анан бизди да ошондой жолдо тарбиялады”, — деп эскерет Ч.Базарбаевдин окуучусу, КР Эл артисти, Малдыбаев атындагы опера балет театрынын башкы балетмейстери Акан Нуртазин Аманбекович.

Акан Нуртазин

Аткаруучулук манерасы, ийкем денесине шай келип, техникасы, сахнадагы пластикасы, андан да ажарлуу өңү-түсү сөзсүз түрдө Москвадан окууга шарт түзгөн. Москвада ал айтылуу Чоң театрдын педагогдору Варламов менен Никоноровдордун көзөмөлүндө болуп, балет мектебинин аткаруучулук зор маданиятын көрсөтө алган. Мына ошол үчүн ал жаш артисттердин 1976-жылы Минскиде өткөн бүткүл союздук фестивалында классикалык балет боюнча эң мыкты аткаруучулардын катарына кирген.

Анын өз кесибине болгон далалатын таң калуу менен эскерет жубайы Надежда Базарбаева. ”Тим эле оозу кургап калганга чейин иштечү. Мен буга өзүм таң калчумун. Мен да ага дайыма жардам берчүмүн. Ал өзү да «Надя, эгер мен жактан туура эмес нерсе болсо, айта бер, сенден башка мага эч ким чындыкты айтпайт», дечү. Эми балетте адам өзүн кыйнабаса эч нерсе чыкпайт. Азыр анын мындай чоң аракетин эстесем, аябай эле туура экен. Азыркы балдарды көрүп, алардын жалкоо экенин көп байкайм”, — дейт Н.Базарбаева “Азаттык” радиосуна берген бир интервьюсунда.

Ч.Базарбаев өзүнүн талантынын жана жогоруда айтылган эмгекчилдиги, көкжалдыгынын артында эркек балет бийчилеринин арасынан эң жаш СССР эл артисти болгонго жетише алды.

Ч.Базарбаев «Ак куу көлү», «Жизель», «Томирис», «Петрушка» сыяктуу чыгармалардагы партияларды  эң жогорку деӊгээлде аткарган.

1974-жылы «Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген артист» наамына жетишкен. Андан кийин 1978-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, ал эми 1982-жылы СССРдин эл артисти болгон.

2002 – жылы ага «Данакер» ордени тапшырылган.

Чолпонбек Базарбаев 2002-ж. 2-сентябрда автокырсыктан көз жумган.

Улукбек Рахатбек уулу,
“Internews Network” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн
“Журналистика боюнча кышкы метептин” окуучусу

Соц тармактар:

Добавить комментарий