Мезгил жана Алыкул

Жакынкы күндөрү Кыргыз коомчулугуна алп акын Алыкул Осмонов туурасында тартылган «Мезгил жана Алыкул» аттуу тасма сунушталганы турат. Аталган тасма, анын таржымалы туурасында тасманын режиссерун жана айрым актер, актрисаларды кепке тарттык. Ар бир кыргыздын сүйүктүү акыны боло алган Алыкулдун тагдыры жөнүндө тартылган тасма туурасында билгиңиз келсе, анда маекке ортоктош болуңуз…

Айдай Чотуева, режиссер: «Тасманын артында ошончолук жоопкерчилик турарын сезем»

— Айдай, эмнеден улам Алыкул Осмонов туурасында тасма тартууну көздөдүңүз?
— Мурда акын тууралуу «Сүйүү жана Алыкул» аттуу он беш минуталык кыска метраждуу фильм жараткам. Ошол тасма кийинчерээк мага дем, күч берип, Алыкул Осмонов тууралуу толук метраждуу тасма жаратууга бел байладым. Кыргыз поэзиясынын алп акыны Алыкул тууралуу тасма жаратууда ошончолук жоопкерчилик турарын эске алып, тасма тартуунун бардык жолдорун басып өтүүгө аракет кылдык. Анын замандаштарынын эскерүүлөрүнүн негизинде так маалыматтарды айтууга далалаттандык жана фильмибиз даректүү эмес көркөм болгондуктан аны көркөмдөөгө туура келди. Тасманын сценарийи даяр болгондон кийин аны тартууга бир ай даярдык көрдүк. Сценарий боюнча үч мезгил болгондуктан август, ноябрь, январь айларында тартып бүттүк.

— Тасманын мазмуну көрөрмандарга эмнелерди ачыктап берет?
— Негизинен тасмада акындын алгачкы сүйүүсү Айдай Жигиталиева экөөнүн мамилеси, отузунчу, элүүнчү жылдар аралыгындагы чыгармачылыгы, жубайы Зейнеп менен болгон турмушу, ошондой эле жалгыздыкта жашоосу жөнүндө чагылдырылат. Буюрса март айында кыргыз элибизге поэзия чолпону Алыкул Осмонов жөнүндө алгачкы толук метраждуу тасманы тартуулаганы турабыз.

— Мынчалык ишке киришкен соң режиссерлук билимиңиз барбы?
— Атайын режиссерлук билимим жок. Өзүм кесибим боюнча журналистмин. Мурда бир тасмага режиссер болуп, кино ааламынын ашканасына аралашып калгам. Тасма тартууга кадам таштаганымдын себеби, алгач Эрнест Абдыжапаровдун мектебинен окуп, үйрөнүп, үч кыска метраждуу тасма тарткам. Алардын бири жогоруда айтып өткөн «Сүйүү жана Алыкул» деген акындын сүйүүсү тууралуу тасма.

— Аталган фильмди тартууда кимдер менен акылдашып, кимдерден кеңеш алдыңыз?
— Биринчилерден Алыкул үй борборуна барып акын жөнүндө изилдеген, жазган Памирбек Казыбаев, Мундузбек Тентимишов өңдүү адамдар менен жолугушуу өткөрдүк. Көптөгөн акын жазуучулар менен маектешип, алардын ой-пикирлерин угуп, акылдашып кеп-кеңештерин алдым. «Чыгарма сынчылар үчүн эмес, угармандар, көрөрмандар, окурмандар үчүн жаралат»-деген кеп бар. Мен бул тасманы тартууга чейин акын жөнүндө болгон маалыматтарды окуп чыктым. Андыктан бул менин көз карашым. Алыкул андай эмес, мындай дегендерге азыртан эле айтарым ушул.

— Актерлорду кандай критерий менен тандап алдыңыз?
— Ошол кездеги жазуучулардын образын «Дем», «Учур» жана «ТЮЗ» театрынын артисттери ойношту. Ал эми Алыкулдун образын «Учур» театрынын актеру Чыңгыз Мамаев жаратты. Мен Чыңгыздын «Алыкулга гүлдесте» спектаклинде Алыкулдун ролун ойногонун көрүп абдан таң калган элем. Ошондуктан Алыкулдун ролун Чыңгызга сунуштадык. Ал эми акындын алгачкы сүйүүсү болгон Айдай Жигиталиеванын ролун Назира Бердигулова, Алыкулдун жубайы Зейнептин ролун Гүлнур Асановалар аткарышты. Бул экөө тең таланттуу кыздар. Мурда кинолорго тартылып жүргөндүктөн, кастингке келген бир топ кыздардын арасынан тандалып алынды.

— Тасма негизинен 1930-50-жылдар аралыгын чагылдырыш керек. Азыр 21-кылым. Декорация жаатынан канттиңер?
— Отузунчу, элүүнчү жылдар аралыгын жакшы чагылдырыш үчүн сүрөтчүбүз Ороз Абсатаров Сокулук, Кашка-Суу, Чокморов айылдарынан тарыхый жерлерди издеп таап, тасманы тартууга шарттарды түзүп берди. Менин таң калганым Сокулуктагы жыйырманчы жылдардагы мектеп интернаты бузулбай сакталып калыптыр.

Алыкулдун балалык чагынан өмүрүнүн акырына чейинки жерлерин камтыганга аракет кылдык, болгону Москвага бара албай калдык. Ысык-Атадан, Кой-Сарыдан жана көптөгөн санаторийлерден тартылды, Акындын өзүнүн «Победа» деген машинасы болгон, тилекке каршы «Победа» машинасын таба албадык. Көптөгөн чоң-чоң фильмдерде кандайдыр пикир келишпестиктердин айынан чала тартылып бүтпөй калгандары толуп жатат. Мында Алыкулдун сыры деп ойлойбузбу же касиетиби, тасманы тартуу башталгандан бүткөнчө эч кандай пикир келишпестиктер, тоскоолдуктар болгон жок. Тартылат деген күнү аба ырайы да жакшы болуп, булуттар Алыкулду ээрчип жүргөндөй болду. Актерлорубуз дагы кечикпей келишип, же келбей коюу деген болгон жок. Бир кадрда Байтик айлы жактагы тоонун үстүнөн Алыкулдун тумандан чыгып келе жатканын тартыш керек болчу. Биз туман түшсө экен деп турсак туман каптап кетип биз адашып, баткак кечип жүрүп араң тарттык. Көлдө жүргөнүн тартууга барсак, так ошол биз токтогон жерде Көлдүн үстүндө аккуулар да жүрөт, бизге дал ошондой кадр керек болчу. Бул тагдырдын биз үчүн атайын жазап койгонундай эле болду. Анан аккуу учуп кеткенчекти актерлорубуз кийинип, боенуп алып тартып калдык. Дагы бир кар-бороон болгон кадр керек болчу. Кажы-Сайдагы биз жатчу мейманкана суук болуп калып, Санжар деген операторубуздун Жети-Өгүздөгү үйүнө жатканы барсак биз күткөн бороон Жети-Өгүздөн чыгып берип жатпайбы.

— Тасманы тартууга каражатты кайсы булактан таптыңыздар?
— Фильмди «Мамыры гүлү» деп аталган жоопкерчилиги чектелген коом толугу менен каржылап берди. Андан тышкары «Кыргыз фильм» киностудиясынын директору Таалай Кулмендиев, жазуучулар союзунун төрагасы Чолпонбек Абыкеев, Эрнест Абдыжапаровдун «SEA» киностудиясы көмөктөштү.

Жолдошбек Жанжигит уулу, (Түгөлбай Сыдыкбековдун ролунда): 
«Мен Түгөлбайга түк коошпойм«

— Менин Түгөлбайга кайнаса да каным кошулбайт. Өң келбет жагынан дагы, фактурам жагынан дагы ал инсанга түк коошпойм. Бирок, бул режиссердун өзүнүн көз карашы болду. Алыкулду, Түгөлбайды көрүп билгендер бар. Алар көрсө «Койчу ушуну»-деп айтышы мүмкүн. Мага бул ролду сунуштаганда дароо эле макул болдум. Анткени бул чыгармачылык процесс. Кичинекей эпизод болсо дагы Алыкул өлгөнчөктү жанында болдум. Кандай гана роль бербесин кичинекей эпизод болсо дагы чоң түйшүктү талап кылат. Анткени бөлөк адамдын образын кийип аны жаратыш абдан кыйын. Ошентсе дагы Түгөлбайдын Алыкулга болгон достугун,мамилесин берүүгө аракет кылдым.

-Дегеле тасма тууралуу кандай пикириңиз бар?
— Азыр жеңил-желпи тартылган комедия, мушташ багытындагы фильмдер абдан көбөйүп кетти. Ал эми Айдай Чотуеванын Алыкулдай улуу инсанга кайрылып кино тартканы эң туура болду деп режиссер кызга баа бердим. Алыкулду тартканга убакыт келди. Себеби, элүү жыл өттү. Чыңгыз айтматовду тартышканда деле көптөгөн сындар айтылган, «Топурагы сууй электе акча жасап жатышат»-деп. Эми Түгөлбай жөнүндө, Жоомарт Бөкөнбаев жөнүндө жана башка улуу инсандар тууралуу кинолор тартылса абдан жакшы болмок. Айдайдын чыгынып, профессионалдык көз караш менен бул тасмага бел байлаганы аябай кубандырды.

Назира Бердигулова, (Алыкулдун армандуу махабаты Айдайдын ролунда):
«35-жылдарга барып келдим»

— Назира, турмушта да Алыкулдун Айдайындай арманга айланган махабатты башыңыздан кечирип көрдүң беле?
— Ммм. Жок. Андай болгон эмес.

— Тасмага түшүүдө оорчулук жараткан учурлар болдубу?
— Эч кандай. Бир да жеринен такалбай, токтолбой аткарып кеттим. Буга себепкер тартуучу топтун, актерлордун да өз кесибин так аткаргандыгынан болду деп эсептейм. Ошондой эле кеп кеңешин берип, чоң жардам берген Акылбек Мураталиев агайдын эмгеги зор болду. Негизи төрт мезгилди чагылдырган фильмде мен жайды жана кышты чагылдырган эпизоддорго тартылдым.

— Жеке көз карашыңда тасманын өзгөчөлүгү эмнеде?
— Бул фильмге тандоо кастинг аркылуу жүргүзүлдү. Башында, мени башкы ролго тартылуума каршы болушкан десем да болот. Себеби, менин атайын актрисалык билимим жок да. Кийинчерээк чалып мени жана дагы бир кызды кайра чакырышты. Ал эми менин жанымдагы кыздын билими бар экен. Бирок кастингдин жүрүшүндө мага токтолушту. Ошентип башкы каармандардын бири Айдайдын образын жаратып калдым. Ал эми кино тууралуу айта турган болсом, фильмдин башкалардан өзгөчөлүгү өткөн күндөрдү, так айтсам 1935-жылдардагы кыргыздын турмушуна, каада салтына кайтып барып, ошол мезгилди чагылдырдык. Себеби, кинонун сценарийи ошол мезгилди чагылдырып жазылган экен. Мен үчүн эң башкы өзгөчөлүк ушул болду. Ал маалда турмуш башка. Элдин аң сезими, түшүнүгү азыркыдай өсө элек. Кыргыз кыздардын кыска, ачык кийим кийингени, тамеки чеккени, сөгүнгөнү жокко эсе. Атүгүл, жактырган адамына барып өз арзуусун билдирүү да кыздар үчүн оорчулук жаратып турган убакыт болгон. Тарбиялык мааниси чоң, ошол күндөр менен бүгүнкү күндөгү салт-санаабыздын, үрп-адатыбыздын, тарбиябыздын айырмасын так ажыратып көрүп билүүгө чоң көмөк көрсөттү десем да болот. Ушунчалык таасирленгенимен кино тартуу учурунда кийип жүргөн кыргыздын улуттук кийимдерин азыр да эфирге кийип чыгып жатам. Албетте ошол форманы эмес. Бирок ошондой кылып жаңы чыптама, көйнөк сатып, тигип алдым. Мага абдан жакты.

Чыңгыз Мамаев, (Алыкул Осмоновдун ролунда):
«Кандай, Алыке?»-деп учурашып калышат»

— Чыңгыз мырза, тасмада Алыкул Осмоновдун ролун жаратыпсыз. Улуу инсанды ойноодо кыйынчылыктар туулган жокпу? 
— Аныгында мен бир топ жылдан бери «Алыкул» болуп жүрөм. Алыкулду таанып билип калгандар кээде көчөдөн «Кандай, Алыке?»-деп учурашып калышат. Аны сыңарындай менин сырткы келбетимдин Алыкулга окшоштугу, жана да «Алыкулга гүлдесте» спектаклинде ар убак ойногондуктан анын образын жаратуу бир аз болсо да жеңилдик болуп берди. Анчалык деле кыйынчылыктар болгон жок. Эми «Эл тараза-эл сынчы»-деп коет эмеспи, кино жакшы болот же жаман болот деп айтпай турайын. Себеби, киночулардын ушундай ырымы бар экен. Ал эми Айдай менен Зейнептин образын жараткан Гүлнур Асанова менен Назира Бердигуловалар мурда да чоң фильмдерге тартылып жүргөн. Профессионал актер катары айтсам эки актрисабыз жакшы ойношту.

— Буга чейин да тасмаларга түшкөндүрсүз?
— Тасмаларда ар-түрдүү эпизоддук ролдордо ойногом. Бирок, толук метраждуу фильмге биринчи жолу тартылышым.

— Демек, «Алыкул» атыгып жүрсөңүз акын тууралуу маалыматыңыз кеңири эле болсо керек?
— Мен негизи мектепте окуп жүргөн кезден баштап эле Алыкулдун ырларын сүйүп окучумун. Жыйнактарын, ырларын кайра-кайрадан окуп чыккам. Жүз пайыз маалыматым бар деп айтпасам дагы актер же чыгармачыл инсан катары Алыкул Осмонов тууралуу жетишээрлик деңгээлде билем деп мактана алам.

— Тасмада бир эмес эки сулуу бийкеч менен биргеликте өнөктөш болуп ойнопсуз. Чыгармачыл адамдар мындайда «чыныгы сүйүү» темасына кирип кетмейге жакын келишет эмеспи…
— Эми биз сүйүшүп-күйүшкөн деле жокпуз. Башка өлкөлөрдө менталитет башкача да. Образга берилип кирип алышып, жан дүйнөлөрүнүн башка жактарын ачып алышабы,чындыгында сүйүшүп калып жатышпайбы. Бир эсе муну образга абдан берилгендик деп койсок да болот. Ал эми бизде менталитет таптакыр башка. Андай сезим отуна күйүп кетүүдөн оолак келебиз. Анүстүнө үй-бүлөлүмүн, жубайым да актриса.

Гүлнур Асанова, (Алыкулдун жубайы Зейнептин ролунда): 
«эми Элдер мени жаман көрүп калышат«

— Гүлнур, бул ролго кайсы өңүттөн улам тандалдың?
— Негизи, буга чейин Айдай Чотуева эже кыска метраждуу фильм тартып, мен анда Зейнептин жакын курбу кызынын образын жараткан элем. Анан «Мезгил жана Алыкул» тартылып баштаар алдында мени чакырышып, Зейнептин ролун ойноп берүүмдү өтүнүштү. Ошону менен бул кинодо роль жаратып калдым. Бул жерде эч кандай тааныштык, туугандык деген нерселер болгон жок.

— Көбүнчө трагедиялуу образдарды жаратасың? Бул атайын тандооңбу, же туш келүүбү?
— Негизи эле киного тартылууда режиссерлор мага ушундай образдарды сунушташат. Мүмкүн бул менин ошол ролду жеткиликтүү аткарганымдан уламдыр. А бул ирет баары тескерисинче болду. Бул ролдо мен шайыр, шуулдаган аялдын образын жараттым. Эми элдер мени жаман көрүп калышат го.

Даярдагандар Ысак КАРАЧЕВ, Анарбек АБАЗБЕКОВ, «Кереге» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий