Руслан Ташанов: «Ашкере улутчулдук абийир алып келбейт»

Акыркы учурларда удаа-удаасы менен жүз берген улут аралык өңүттөгү чыр-чатактар коомчулукта тынчсызданууну жаратууда. Өзгөчө 2010-жылдагы окуядан соң, этностор аралык маселеге аяр мамиле жасоо чакырыктары айтылганы менен чечкиндүү кадамдар дагы деле шилтене электигин жергиликтүү талдоочулар белгилешет. «Демократия жана жарандык коом үчүн Коалициясы» коомдук бирикмесинин кызматкери, аналитик, конфликтолог Руслан Ташанов улут аралык мамилени жакшыртуудагы кадамдар жакшы нукта эместигин жашырбайт.

— Мына жакында эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Шамиль Атаханов Кыргызстанда этностук кастыкка түрткү болчу чырчатактардын жүздөн ашуун очогу бар деп жар салды. Ушул шарт, ушундай кырдаалдан кийин кыргыз бийлиги кандай кадамдарды жасашы керек?
— Биринчи кезекте техникалык өкмөттүн убагында президенттик администрациянын алдында этникалык өнүгүү боюнча бөлүм ачылган. Анда этникалык өнүгүү боюнча стратегия иштелип чыкты. Ошол стратегиянын бир топ алгылыктуу жактары бар. Бирок, ал документ боюнча эле токтоп калды. Аны жүзөгө ашыруу боюнча олуттуу кадамдар дагы деле шилтене элек. Документке түздөн-түз токтоло турган болсок, биринчи багыты бул — мамлекеттик тилди өнүктүрүү аркылуу, мамлекеттик тилдин ролу менен жалпы этникалык өнүгүү борборуна мамлекеттик тилди коюп туруп, анын артында башка улуттарды бири-бирине жакындатуу саясаты каралган. Тилекке каршы, булардын бири дагы жүзөгө ашпай жатат. Эгерде чындап кирише турган болсок, биринчи кезекте ошол стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча олуттуу кадамдарды жасашыбыз керек. Улуттарды башкаруу боюнча жалпы идея эмнеден башталышы керек? Биринчи кезекте негизги жоопкерчилик түпкүлүктүү улут болгон кыргыздарга жүктөлөт. Алардын позициясы, улуттук аң-сезими кандай болушу керек? Мына ушулар көп нерсеге байланыштуу. Көпчүлүк учурда жаштар, ал тургай орто муундун өкүлдөрү деле улуттук аң-сезим десе, «биз бул жерде кожоюн, башкалар мейман» деп, башка улуттарды кемсинтүүнү патриоттуулук катары эсептешет. Бул өтө жаңылыш позиция. Айланып келип эле бизде улуттарды жакындатуу эмес, алардын чектөөсүнө, алыстоосуна жана кандайдыр бир тескери багытка кетүүсүнө өзүбүз шарт түзүүдөбүз. Биринчи кадам катары мамлекетти түзүүчү улут болгон кыргыздар башка улуттардын агасы катары өзүн кандай алып жүрүшүн билүүсү керек. Экинчи кадам, ачыктан ачык улутуна карап дискриминация кылууга каршы мыйзамдарды күчөтүп, алардын иштөөсүн камсыз кылышыбыз зарыл. Ачык түрдө улутуна карап мамиле жасап же ыдык көрсөткөндөрдү мыйзам жолу менен жазалоо абзел. Себеби, учур бизден ушуну талап кылат.

— Сиз титулдук улуттун жоопкерчиликтери тууралуу айттыңыз да. Ошол эле учурда башка улуттун өкүлдөрү өздөрүн кандай алып жүрүүлөрү керек?
— Эгерде улуттук азчылыктардын өкүлдөрү кыргыз тилине же Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына кандайдыр бир өгөй мамиле жасап жаткан болсо, биринчи кезекте ошол мамлекеттин жетекчилери тиешелүү чара көрбөй жаткандыгынын белгиси. Демек, улут саясаты ойдогудай эмес. Ошондуктан, эгерде башка улуттар өздөрүн адекваттуу эмес алып жүргөн болсо, биз аларды күнөөлөшүбүз туура эмес. Айланып келип эле ошол мамлекеттин улуттук саясаты өтө чабал экендигинен кабар берет. Себеби, биз 20 жылдан бери ар түрдүү стандарттарды өзүбүзгө кабылдап, ошол стандарттарды ээрчип жүрүп, ал стандарттар айланып-тегеренип келип биздин өлкөдө стабилдүүлүктү жана улуттар аралык мамилени бекемдөө эмес, тескерисинче ыдырата тургандыгына 2010-жылдагы окуяда жана учурдагы жер-жерлерде чыгып аткан чыңалуулардын пайда болушуна күбө болдук. Биз кандай стандарттарды өзүбүзгө кабылдадык? Кандай гана этнос болбосун, анын маданиятынын өнүгүшүнө шарт түзөлү деп олтуруп, биз өтө чоң баш-аламандыкты жаратып алдык. Мисалы өзүбүздүн эле өлкөнү алалы. Кыргызстанда кааласак, каалабасак, мамлекеттик тил — кыргыз тили. Демек, кыргыз тилинин статусун көтөрүп, анын өнүгүшүнө шарт түзүүнүн ордуна, биз тескерисинче чектөөгө барып олтуруп түрдүү топтор, ар түрдүү коомчулуктар өздөрүнүн тилин таңуулоого өтүп кетишти. Өз тилинин статусун кыргыз тилине теңата, ал тургай андан да жогору койгусу келишти. Биз ашыкча чегинүүнүн айынан тескери үзүргө жетишип алдык. Ошонун артында интеграция процесстери күчөбөстөн, тескерисинче дезинтеграцияга жол ачылды. Бири-бирин жек көрүү, бири-биринин маданиятын тааныбоого жетиштик. Ошондуктан улут аралык мамиле, улуттарды бири-бирине жакындатуу саясаты түп-тамырынан бери өзгөрүшү керек.

— Мына акыркы убакта удаасы менен үч аймакта өспүрүмдөр арасында улут аралык өңүттөгү жаңжалдар катталды. Ага улай Ош шаарынын айрым жерлеринде улуттук кастыкты козуткан жазуулар пайда болду. Мындай нерселердин арты эмнеге алып келиши мүмкүн?
— Жогоруда мен айтып кеткендей, 2010-жылдын июнь айындагы окуялардан кийин бизде кандайдыр бир агрессия пайда болду. Биздин башка улуттарга болгон сабырдуулук мамилебиз жоголо баштады. Ошондуктан ар түрдүү нерселерге жол берилип атат. Көпчүлүктүн баамында көчө болсун, башка жерде болсун өзүнүн агрессиясын ачыктан-ачык эле билдирип, ыдык көрсөткөн учурлар көбөйдү. Дагы деле болсо башка улуттарга болгон жек көрүү сезими жогору топтор бар экендигинен кабар берет. Себеби, бир түндүн ичинде эле Ош шаарынын үч кичи районунда бир мотивдеги окшош сөздөр жазылып калды. Демек, шаарыбызда, дегеле өлкөбүздө улуттардын бири-бирине болгон жакшы мамилесин көргүсү келбеген топтор бар экендигинен кабар берет. Албетте, укук коргоо кызматкерлери бул боюнча дыкат иликтеп, күнөөлүүлөрдү таап, өз жазасын бериши керек.

— Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын ишмердүүлүгү тууралуу пикириңиз кандай?
— Кыргызстан элдеринин ассамблеясы улуттар аралык мамилени, улуттарды бири-бирине жакындатуу максатында түзүлгөн бир коомдук орган болуп саналат. Бирок, жалпыбызга маалым болгондой эле Кыргызстан элдеринин ассамблеясы майрамдарда улуттук кийим-кечелерди кийип, майрамдын шаңын чыгарганы менен улут аралык мамилеге доо кетире турган же шыкак берген ар түрдүү чыңалуулардын алдын-алуу боюнча өтө чабалдыгын көрсөтүп келүүдө. Ассамблеянын иши жемиштүү болушу үчүн биринчи кадрдык тандоо жакшы болушу керек. Ушул багытта тажрыйбасы мол, даярдыгы бар адистерди алуу керек. Алардын иштиктүү планы иштелип чыгып, каржылоо маселелери жакшы жолго коюлушу керек. Мына ошондо гана алар жалпы улут аралык мамиленин жакшырышына салым кошо алат деп ойлойм.

Маектешкен НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА, «Zaman-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.02.2012-ж.

Бул жерде мен Жыргалбек Касаболотовдун «Кыргызстандагы кыргыз улутчулдугунун абалы» деген макаласын сунуштагым келет. Анда ал чыныгы кыргыз улутчулу кандай болушу керек деген ой пикири менен  бөлүшөт.


Соц тармактар:

Добавить комментарий