“Айланайындар, Кыргызстанга көчүрүп кеткилечи!”

Оогандык кыргыздар. Тынчтыкбектин фотоблогунан алынды

Эки жылдын ичинде Кичи Памирдеги 2000 адамдын ордуна өлгөндөн калганы 720 гана адам бар болуп чыкты

“Кичи Памирдеги  Ооган кыргыздарын акыркы 25 жылдан бери башкарып келген Абдрашид хан эли-жерин сагынып, көзүнүн жашын агызып: “Бизди унутпагыла!” – деп узатып кала берген. Андагы кыргыздардын ар бири: “Кыргызстанга барып, беш күн жашап өлсөм, арманым жок эле”, – дегенин угуп, болкулдап ыйлап жибердик. Аттиң дүйнө. Абдрашид хан өмүр бою көксөгөн тилегине жетпей, 2010-жылы  жаз айларында каза болуптур…” – дейт Ооганстандагы кыргыз кандаштарыбызга барып келген экспедициянын жетекчиси  Гүлзат Болотова.

Өткөн жылдын август айында “Кыргыз бутагы” коомдук фонду-нун бир нече мүчөлөрү анын жетекчиси Гүлзат Болотова болуп, экинчи жолу Памир кыргыздарынын абалын көрүүгө барышкан. Илимий-техниканын гүлдөгөн доору жүрүп турган азыркы цивилдүү дүйнөдөн бөлүнүп калган кандаштарыбыздын кабырганы кайыштырган оор турмушунан, ачуу тагдырынан кабар алуу үчүн Гүлзат Болотованы маектешүүгө чакырганбыз. Эмесе, кабарчыбыз жазып алган макаланы окурман журтуна сунуштоону туура көрдүк.

Биринчи сапар, азаптуу түтөк…

Памир кыргыздарынын жашоосуна кызыккан мекенчил тааныштарды, санаалаш досторду чогулттук. Өз каражатыбызды жыйнап алып, 2009-жылдын август айында тогуз адам жолго чыкканбыз. Бийликке же башка бир акчалуу ишкерлерге кайрылып, жардам сураган эмеспиз. Ал жакка турист катарында бардык. Чынын айтсам, аркайган тоолордун курчоосундагы, сербейген бир өсүмдүк өсүп чыкпаган ач-жылаңач жайдак жер бизди кызыктырган эмес. Максатыбыз, андагы элдин тагдырын көрүп кайтуу эле. Бишкектен үч машине менен чыккан биздин каттамыбыз төмөндөгүдөй болду: Бишкектен Ошко жетип, андан Сары-Ташты басып өтүп, Тажикстандын кыргыздар жердеген аймагы болгон Мургапка жеттик. Андан Хорогдогу Ооганстандын элчилигинен виза алдык. Тажикстан менен Ооганстандын Ишкашым деген чек ара бөлүгүнө келдик. Вахан коридору аркылуу сапарды улаш үчүн дагы бир өзүнчө уруксат кагазы керек экен. Ал кагаз бүткөнчө дагы бир сутке калууга мажбур болдук. Эртеси оогандардын эки таксисин жалдап, Вахан коридорунун эң акыркы айылы болуп саналган Сархадка жетип бардык. Ал жерден автоунааны таштап, вахандыктардын ат, эшегин ижарага алдык. Бир суткеге жергиликтүүлөр атты 16, ал эми эшекти 8 доллардан беришет экен. Жолдон биз көрбөгөн азап калган жок. Деңиз деңгээлинен 5000 метр бийик ашууларды ашып өтүүгө туура келди.

Биз менен бир орус, бир америкалык, дагы бир ирландиялык жигит болуп, калганы кыргыздар чогулганбыз. Баарыбыз үчүн бара жаткан климаттык шарт өтө кооптуу болчу. Өмүрү ата-бабабыз көрбөгөн, аркайган жылаңач сүрдүү тоолорду ашып жүрүп отурдук. Ашуунун 4200 метр бийиктигинен ашып түшкөндөн кийин эле бир жигитибиз түтөк болуп, мурдунан кан кете баштады. Башталды! – дедик. Биздин кооптонгонубуз да ушул түтөк эле. Ал жигитибиздин мурдунан кан токтобой баратканда арга-амалыбыз түгөнө баштады. Ал эки литр кан жоготту. Менин кесибим медик болгондуктан керектүү дары-дармектерди, кан басымды ченеген аппараттан бери салып алгам. Төрт күндөн ашык ашууларда жол жүрдүк.

А чынында үч суткеде эле жетмек экенбиз. Вахандыктардын арасында Жараткандан коркпогон алдамчылары бар болуп чыкпаспы. Аты менен эшегине ижара акыны көп алуу үчүн, атайылап үч суткеде жетчү жерге, бөлөк аймактарды атайын аралатып, жолду узартып отуруп бизди төрт күндө араң жеткиришмек тура. Оңдой берди болуп, тажиктердин арасынан атасы кыргыз, энеси вахандык адам чыгып калды. Чала кыргызча, жарымын тажикче аралаштырып сүйлөгөн Амирмамат деген жигит бизге боор тартып, кыска жолго салып, атка камчыны басып, алдыга жүрүп берди. Кеч киргенде  чоюп-тартып чатырларыбызды тиктик. Сапарга даярдап алган тамагыбызды шам-шум этип алып, жолду улап жүрүп отурдук. Илгери ооган кыргыздарынын ханы Рахманкул хан өтүп туруучу эскилиги жеткен бир эле асма көпүрө бар экен. Бийик жалама ашуулары абдан көп. Жалгыз аяк жол менен тизилген биз чубай бастырып кете бердик. Ат жаныбардын аягы кичине эле тайыса бийик ашуудан кулап, тээ ылдыйкы шар сууга түшүп, сөөк чачырап кетчүдөй коркунучтуу, сүрдүү…

Жолдо бараткан бир түнү 4500 метр бийиктикке жеткенде алиги кыргызмын деген вахандык Амирмаматтын кан басымы 180ге көтө­рүлүп, калчылдап жатып калды. Тилектин башы ооруп, Тони деген жигитибиз болсо куса баштады. Түтөк күчөп киргенде адамдын бел курчоодон өйдөкү дене бөлүгү ысып, жүрөк дүкүлдөп чыгат экен. Кичине кыймылдасак эле биротоло ишибиз бүтөөрүн билип жаттык. Көрсө, мындай шартта жатып албай, башты көтөрүп отурган абалда уктоо эрежеси бар турбайбы. Биз андай эрежени кайдан билдик. Жанаша тигилген үч чатырдан жардам сураган үндөрүбүз бири-бирибизге угулуп жатты. Ошондой учурда жаныбызда жарытылуу суу да калбаптыр. Бир чыны сууга чүпүрөктү чылап алып, улам бирибиздин кежигебизге  басканыбызда азыраак эс алдык. Таң эртең менен кайрадан баш көтөрүп, кыйналсак да сапарыбызды уладык. Мына ошол жерден дагы көтөрүлүп чыкканда деңиз деңгээлинен тупатуура 5000 метр бийиктикке чыгып, акырындык менен кайрадан ылдый түштүк. Биз барган август айында сууларын калың муз каптап турган экен.

Акжыргадагы алгачкы жолугушуу

Кичи Памирдеги кыргыздардын биз биринчи барган айылы Акжырга деп аталат экен. Булардын Осмон ажы деген аксакалы ошол күнү келин алып, той берип жатыптыр. Бизди кубанычы койнуна батпай тосуп алышты. Аксакалдары дароо чогулду. Осмон ажынын журтунда болгону беш боз үй бар. Бул аймактарда айыл деген аты эле болбосо, үчтөн-бештен гана боз үйлөрүн тигип алышкан. Мал аттуудан негизинен топоз, кой, эчки, төө, унаа үчүн ат багышат. Ат багылганы менен жылкы, уй баласы мындагы бийик шартка чыдабагандыктан, колго кармабайт экен. Бак-шактуу, көк майсаңдуу жерлерге көзүбүз көнүп калгандыктан, тутам  чөбү жок, куюн учкан боз жайдак тоолор чынында өтө өөн учурады. Булардын малы кайсы чөптү жеп, кантип тоюнат? – деген ойго аргасыз жетеленесиң. Ушундай шарттан улам, жайыт жерлерин биротоло такыр кылып албоо максатында бири-биринен алыс көчүп жашашат тура. Осмон ажынын эки зайыбы бар экен. Улуусун “зор зайып” деп коюшат. Эртең менен турганыбызда калыңга кете турган малдын кулагына ак чүпүрөк байланганын көрдүк. Булар жердеген аймактар деңиз деңгээлинен 4200-4500 метр бийиктикти көрсөтүп турду. Жаңы барып, климатына көнө албаган адам түтөктөн кыйналгандыктан, эңкейип батинкесинин боосун байлоого жарабайт. Айрыкча жолдо келе жатканда дем алуу кыйындап, боортоктоп баскан учурлар болду.

Осмон ажынын улуу аялы Уркуя 46 жашта экенине карабай сексендеги кемпирдей көрүнүп турду. Үч мейман кыз эженин боз үйүнө кирип, бат эле ымалалашып кеттик. Уркуя эже кыргыз жери тууралуу далай жолу укканын айтты. Ата-бабасы кылымдар бою жердеген Ала-Тоо койнун сагынганын айтып, көз жашын төксө, аны менен кошо биз да ыйладык. Уркуя эженин эки сөзүнүн бири: “Бизди унутпай келип тургула, ата-бабабыздын жерине көчүрүп кеткиле”, – деп жалооруйт. Осмон ажынын кичүү зайыбынын үйүнө киргенибизде 1,5 жаштагы кызын шишик басып ооруп жатыптыр. Наристе бир аз кыңылдап ыйласа эле кыйналгандан көгөрүп кетип жатты. Кыргызстандан мейиз, өрүк, шекер, унаа жабдыктарына керектелүүчү кайыш сыяктуу белектерди алып барганбыз. Бул жердегилер өзүнүн чыныгы туулган жылын билишпейт экен. “Уй, кой жылында төрөлгөм” – деп, жыл сүрүш­түрүшөт. Отуздагы келиндин жаш курагын сурасаң айта албайт. Себеби, аялдар төрөттөн абдан көп каза болот. Энесинин көзү өткөн наристеге анын качан төрөлгөнүн тактап айтып бере турган жан жок. Эли туташ сабатсыз. Баса, биз 2009-жылы барганыбызда ошол Осмон ажынын үйүндө бир оогандык киши беш-алты баланы чогултуп алып окутуп жатканына күбө болгонбуз. Негизинен араб жазуусун колдонушат. Мектеп деген жок болчу. Ат менен кыдырып үч айылга жеттик. Биз Жаанбай деген байкенин айылына барганда ат жетишпей калды. Айыл деп аталган Жаанбайдын айылында үч, Бутубай деген раистин айылында он боз үйү гана бар экен.

Булардын Чакмак көл деген көлүн жердеген кыргыздардын төртүнчү айылына келгенде минген унаа жетишпей, Абдрашид хандын айылына баарыбыз бара албай калдык. Жаанбай байкеге биздин Иса деген жигитибизди кошуп берип, аттандырдык. Анын үстүнө, биз менен барган чет элдик жолдошторубуздун визасы чектелүү болгондуктан, убактыбыз да аяктап бара жаткан. Жок дегенде бирөөбүз көрүп калалы деген максатта Абдрашид ханга Исаны жибердик. Ал Памир кыргыздарын 25 жыл жетектеп турду. Исаны узатып чыкканда Абдрашид хан көзүнүн жашын чуурутуп туруп, мындай аманатын айтыптыр: “Канча ирет элимди көчүрүп кетейин деп аракет кылып жүрдүм. Керт башымды ойлосом небак кетип калмакмын. Бирок, ушул жердеги азаптуу элимди таштай албай жашап келем. Айланайындар, бизди унутпагыла, көчүрүп алып кеткиле”, – дептир. Ошол 2009-жылы ал 72 жаш курагындагы кези экен. Кыргыздардын ханынын каза болгон себебин да изилдеп көрдүк. Денесине жара чыгып айыкпай, ырбап кеткенден каза болду дешти. Көрсө ал кант диабети менен ооручу турбайбы. Жок дегенде ооган кыргыздарынын ханынын аманатын ошентип болсо да угуп калдык.

Кыздарын 13-14-жашында эле күйөөгө беришет. Келин отузга чыкканда орточо алганда он баланын энеси болуп, наристелеринин  бирөө-экөө эле аман чоңоёт экен. Медициналык жардам деген булардын түшүнө кирбеген нерсе. Эрте курактагы төрөттөн, бийик тоолуу катаал климаттан, тамак-аштагы витаминдер менен минералдардын жоктугунан аялдар өтө көп каза болушат. Анын үстүнө, төрөгөн аялдар ымыркайдын киндигин бири-бириникине келип кесе беришет. Эркектери мурда эки-үчтөн аял алып келишкен болсо, бүгүнкү күндө аялдардын саны кескин азайгандыгына байланыштуу өмүрү үйлөнө электерин көрдүк.

Тамак-аш жетишсиз. Ун азыгы өтө тартыш. Ун үчүн алыскы Сархад аймагына алты суткеде барып келишет. Соода-сатыгы көбүнчө пакистандыктар менен жүрөт. Кыргыздар курут, карынга куюлган сары майды Кытайдын кийим-кечесине айырбашташат.  Алгач барган жылы алты күндөй жүрүп, бирөөсүнүкүнөн да ундан даярдалган тамак көрбөдүк. Бир эле үйдөн күрүч ооз тийдик. Балдарына конфет берсек кагазы менен кошо жеп алгандарына күбө болдук. “Оюнчугуңар барбы?” – деп сурасак, балдары “Жок!” – деп баш чайкашат. Мектеп жок. Ошондо Уркуя эжебиз бизге: “Бул жакта жашап жүрүп, топоздун артынан топоз, топурактын артынан топурак болуп калдык” – деп, бозоргон чаң учуруп, жайдакталган тоолорду тиктеп туруп айтты.

Биз 2009-жылы сапар тартып баратканда 21-кылымда ушундай жашоодо калган эл бар экенин
элестеткен эмеспиз. Кайра Кыргызстанга кайтып келгенде памирликтердин аманатын тийиштүү органдарга жеткирүүнү көздөдүк. Элдин аманаты моюнга илинген аябагандай оор жүк болорун ошондо тү­шүндүк. Кандаштарыбыздын эбегейсиз татаал жашоосу кээде менин түшүмө да кирип чыкчу болду.

Алгачкы жолу барганыбызда билбестик кылып, өтө узун, азаптуу жолду тандап алыптырбыз. Бизге памирликтер: “Силер мындан кийин үч жарым сааттык мотур жолу менен келгиле”, – дешти. “Мотур” дегени кадимки орусча “мотор”  деген сөз экен. Авто жолу жергиликтүүлөрдүн лексиконунда ушундайча аталат.

2009-жылдын сапар жыйын­тыгын, алиги аманатты бирин-экин гезитке азын-оолак жрыяладык. Ошентип отуруп, 2010-жылдын апрель окуялары кирип келди. Президент Р.Отунбаевага кат жолдоо менен эле чектелдик. Коомубуз ушунчалык саясатка баткандыктан үнүбүздү уга турган адам табылбай турду.

Раистердин аманаты

2010-жылы мен, Иса, Нүргүл, Тилек болуп, “Кайдасың алыскы Памир?” – деп, кайрадан жолго чыктык.

Тилекке каршы, Тажикстан бизге ал жылы турист катары уруксат бербей, чек арадан өткөрбөй койду. Он күн Мургапта иш оңунан чыгаар деп күтүп жаттык.

Август күндөрү Мургапта сел жүрүп, абдан ыңгайсыз абал өкүм сүрдү. Ошол жерден чек арачы тажиктер бизге: “Эгерде силер эл аралык коомдук уюм же башка бир кайрымдуулук миссиясы менен бараткан макамыңар бар болгондо өткөрөт элек”, – дешти. Мына ошол чек арачы балдардан Памирдеги кыргыздардын Абдрашид ханы 2010-жылдын жаз айларында дүйнө салганын уктук. Ал жылы максатыбыз ишке ашпай, Гүнжубай чек арасынан кайра тарттык. Гүнжубай союз учурунда танкалардын жолу, “Бозой күмбөз” деген жери советтик аскерлер жайгашкан борбору болуптур. Жогорудагыдай кеңештен улам биз “Кыргыз бутагы” коомдук уюмун түзгөн болчубуз.

2011-жылы август айында америкалык Жефф Волкес, Казармандан Руслан, Нарындан Иса экөөбүз, Алайдан Айнура, Таластан Нүргүл, Чүйдөн Тилек болуп, жети киши кайрадан сапарга аттандык. Гумжардамдан негизинен кийим-кече жеткирдик. Ал учурда Абдрашид хандын ордуна анын төртүнчү аялынын уулу – Рушанхан хан болуп калган болчу. Бизди Рушанхан баштаган айыл аксакалдары, раистери келип тосуп чыгышты. КРнын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги биз аркылуу андагы кандаштарыбызга кат жазып, демилгебизди колдоп, жардамдарын беришкендерине ыраазычылык билдиргибиз келет. Ал жолу эки жума жүрүүгө уруксат алдык.

Мурда барганыбызда бизге Осмон ажы: “Силер, Памылдын четин эле көрдүңөр. (Памыл деп алардын тилинде Памирди аташат – Г.Б.). Айылдар көп. “Жалпысынан кичи Памылдагы кыргыздар 2000ге чейин калк жашайбыз” – дегенин эстедик. Максатыбыз, кичи Памирде канча адам жашай турганын тактап, статистикалык  иликтөө жүргүзүп, абалдарын көрүп келүү болчу. Алар жылга-жыбыт сайын конуп, жашоону айыл деп аташкандыктан, өздөрү 13 жылга, 21 айыл бар деп эсеп жүргүзүшөт. Кээ бир айылдарынын ортосу ат менен жарым сааттык, кээ айылдарыныкы эки сааттык жол.

Кыргыздар уруу, тууган болуп, отурукташып жашайт. Жалпысынан Чоң Памир менен Кичи Памирде кезек жана тейит уруулары жайгашкан. Кезек уруусунан кыдыршалар тараган. Кутан, алапа сыяктуу урууларды да жолуктурдук. Чоң Памир менен Кичи Памирдин эли бири-бири менен кыз алышып, кыз беришип турушат. Алгач барганыбызда өздөрүнүн айтуусу боюнча Чоң Памирде 1500, ал эми кичи Памирде 2000 кыргыз бар дешкен эле. Баарын кошкондо 3500 эл деп эсептеген болчубуз. Биздин экспедициялык топ 2011-жылы баргандагы эки аптанын ичинде дээрлик ар бир үйгө кирип, эркектерин, аялдарын, бала-бакырасын, ал түгүл малынын санына чейин маалымат чогултууга максималдуу аракет кылдык. Эң чоң трагедия бул.  Акыркы жылдары кичи Памирдеги 2000 адамдын ордуна өлгөндөн калганы болуп,  720 гана адам бар болуп чыкты.

Тактап айтсак, катаал турмуштук шарттын айынан элинин саны мурда болуп көрбөгөндөй кыскарып бара жатат. Ушуга байланыштуу, Бишкекке келээрибиз менен КРнын Президентине, Жогорку Кеңештин төрагасынын дарегине кооптуу коңгуроо кагып,  дароо кат жаздык. Андан тышкары “Бизди алып кеткиле” – деп, ыйлап суранган памирлик раистердин араб тамгасы менен өз колдорунан жазылган каттарын аманат катары жеткирдик. Алар кол коюу дегенди билишпейт. Илгеркидей сыя челек жок. Фламастерди баш бармагына сүйкөп алып, кагазга “өз мөөрүн” басып коюшту… Каттарынын негизги мазмуну да коёндой окшош. “Биздин бир үмүтүбүз Жараткандан, экинчиси силерден”, – деп, Кыргызстандын элин, жетекчилерин таяныч тутушат. Раистер мектептин начардыгын, дарыгердин жогун, эбегейсиз кыйын шарттардагы жашоонун кыйындыгын айтып кат жолдошту.

13-14 жаштагы кыздарды күйөөгө беришет

Бир караганда маалыматтар бир кылка эмес.  Мисалы, 2004-жылы Эдуард Кубатов деген изилдөөчү, бизнесмен  адам барып, “Кичи Памирде 1100, ал эми Чоң Памирде 700 адам бар” – деген маалымат таратыптыр.

Айтор, айырмалар бар болгону менен, бир жагдай айныксыз чындык. Кандай аспектиде карабайлы акыркы жылдары мындагы кыргыздардын саны кес­кин кыскарууда. “Эмне үчүн мындай болуп жатат?“ – деген суроону биз жергиликтүүлөрдүн өздөрүнө да бердик. Сураштырып иликтесек, бул жакка да “кара дары” деп тергешкен, кадимки апийимди сатып келишет экен. Бир жери ооруса дартты убактылуу басуу үчүн апийимди колдонууга аргасыз. Көчөт кыздары өзүнүн чыныгы жаш-курагын эсептеп алууга сабаты жетпегендиктен, “сен он бешке чыгып калдың” – деп туруп, 13-14кө чыкканда күйөөгө беришет. Анысы аз келгенсип, мындан беш жыл мурда буларды жугуштуу дарт каптаптыр. Денеге кызыл тактар чыгып, ошондон көп аялдар менен балдар каза тапкандарын айтып беришти. Элинин санынын кескин кыскарышына бул дагы чоң себеп болгон. Көп аялдар төрөгөн учурда тону түшпөй калып, каны көп кеткенден өлгөнү да белгилүү болду. Кээде апасы менен наристеси чогуу кайтыш болуп калган учурлар бар. Бир үйгө кирсек Мария аттуу апа отуруптур. Мен андан:

– Апа, канча балалуу болдуңуз? – деп сурадым.

– Оо-ой, көп эле бала төрөдүм. Бери жагы он бешке жакын балага эне болдум. Анын үчөөсү бар, калганы жердин алдында, – деп койду.

Дагы бир аял бизге: “Беш балам жердин алдында, бешөө жердин үстүндө”, – деди. Бир үй-бүлөнүкүнө кирсек, жарык дүй­нөгө келген жети баласынын бирөө да калбаптыр. Козубай деген ата болсо бизге: “Он үч балам бар эле, анын үчөө калды”  деген жообун узатты. “Өлүм” деген нерсени ар бир үйдөн угуп жаттык. Бул аларга кадыресе көрүнүштөй эле болуп баратканы жүрөктүн үшүн алчу көрүнүш. Мунун себептерин да сураштырып, иликтөөгө аракет кылдык. Өздөрүнүн айтуусуна караганда бала төрөлгөндөн кийин эле ыйлап, шишип, оозунан көбүк атып, өлүп калышат. Ушуга байланыштуу өзүнчө ырым-жырымдары да пайда болуптур. Балдарын жаман, каардуу күчтөрдөн жашырып сактоо үчүн, кадимки бешикке салбай, “жел бешик” деген асма бешикке жаткырышат. Эптеп балдарын аман сактап калуучу түрдүү ырым-жырымдарды таап алышыптыр. Кээ учурда баласы токтосун деген ырым менен эки жашка    чейин башка бирөөгө берип бактырганы да бар…

Эркектери мал кайтарып, аялдары күнүгө эки ирет топоз саайт. Аялдарынын дене боюнан күч кетип, шайы ооп, бат чарчай турган болуп калышыптыр. Мурда өрмөк согуп, сайма сайып, кийиз жасап, топоздун жүнүнөн аркан эшип, кол өнөрчүлүк менен алектенишсе, азыр андай жумуштар кыскара баштаган. Топоздун жүнүнөн  жууркан, төшөк жасашат. Арканды болсо, керектүү башка товарларга эркектери айырбаштап келет. Тиричилик техникаларынан айтсак, кийим тиккен эски кол машинени көрдүк. Күйөөлөрү менен балдарына кийим-кечек тигип беришет.

Кой, эчкилерин сатышат. Карынга куюлган сары майды, куруттарды кургатып камдап алышат. Аларды маасы, көлөч, кызыл, ак шайы кездемелерге Пакистандан айрыбаштайт. Ошол жактан күрүч, шекер сыяктуу азык-түлүктөрдү жүктөп келишет. Барып-келиши биригип, он күндүк жол дешти. Деңиз деңгээлинен 5000 метр бийик ашууларды ашып барып, кээ учурларда артынып келе жаткан товарларын топозу менен кошо кулатып алып, үйүнө куржалак келген учурлар болорун билдик. Көбүнчө жегендери – эт. Меймандап барган бизге 13 үй-бүлө күнүнө бирден кой союп конок кылышты. Уйду алар “жылаңач” деп аташып, такыр багышпайт. Деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктикте уй жаныбар чыдабаганы чын экен.

Жергиликтүүлөрдүн айтканы боюнча, акыркы жылдары климат кескин өзгөрүүдө. Жамгыр өтө сейрек жаачу болуптур. Ушуга байланыштуу малга оттуу чөп ого бетер тартыш дешет. Кайда карабагын жер такыр.

Бир күнү боз үйдө отурганыбызда укмуштуудай катуу шамал учурган куюн болду. Күчтүү куюн, боз үйдүн түндүгүн жулуп кетти. Келме келтирип, жанды оозго тиштеп отургандан башка арга таппадык. Ушундай шамал абдан көп болуп турат.

Кыдырып жүрүп, дагы бир мындай жагдайга туш болдук. Аталаш бир туугандар селкинин жоктугунан жакын карындаштарына баш кошуп, үйлөнүп алгандары бар экенине ичибиз ачышты. “Экөө бир эненин эмчегин эмбесе, үйлөнтсө боло берет” – деген чечимге келип алышкан. Аял затынын кескин кыскарганына байланыштуу 50 жашка чейинки эркектер жубайсыз жүрө беришет. Кыздын калыңы да кымбат экен. “Бир жамбы он кой” – дешип малды эсептеп, калыңга топоз, кой сыяктуу жандыктарды тартуулашат. Малы көп дегендер “бай” аталып, аял алганга кудрети жетсе, кедейлеринен так өтүп кеткендери арбууда.

Кимдин үйүндө кыз төрөлсө аны бапестеп багып калышыптыр. Аны эптеп, 14-15 жашка чыгарып, элүүдөгү адамга берүү эч кимисине өөн учурабайт. Биз былтыркы жылы август айынын орозо учурунда барып калдык. Ошондо: “Орозо бүтөөр замат үйлөнө турган болдум” – деп кубанычы толуп, 55 жашка чыккан киши келди.

Көрсө, 15 жаштагы көчөт кызды алам деп турган кези экен. Булардын ”башка улутка кыз берип, каныбызды бузбайбыз” – деген принциптери бар. Айрыкча мусулман эмес элден куда күтүүнү каалашпайт. Болгону эки ирет гана башка улуттан келин алышкан факты бар. Башка жактан келген келин деле бул жактын шартынын татаалдыгынан узакка турбайт окшоду. Эми биз аларга барган сайын: “Тескерисинче, башка улуттар менен кан алмаштыруу керек” – деп ишендирүүгө аракеттенип көрдүк…

Алгачкы мектеп, жетимсиреген  бейтапкана

Биз былтыркы жылы барганыбызда, “Бозой күмбөз” деген жеринде мектеп пайда болуп калыптыр. Болгону үч бөлмөлүү мектеп аты бар курулуш экен. Америкалык Грег Мартинсон деген адам Пакистанда, Ооганстанда бир топ мектеп курган. Мына ошол кишинин демилгеси менен 2010-жылы Гүнжубай чек арасы аркылуу курулуш материалдары жеткирилип, мектепти бүткөрүп бериптир. Азыркы учурда ал мектепте 55ке жакын өспүрүм окуйт. Классты алар сынып деп аташат. Биринчи сыныптан бешинчи сыныпка чейинки балдарга сабак өтүлөт. Мектепте кыздардан төртөө эле окуйт. Кээ бир балдар ат менен эки күндүк жол жүрүп келишет. Ата-энелери абдан тынчсызданып жаткандары андан арбын. Аларды да түшүнсө болот. Мисалы, бир ата-эне балдарынан айрылып отуруп, болгону бир эле эркек баласы калган. Көздүн карегиндей сактаган баласын алыска жибергенден чочулашып турган чагы. Балдарын окууга узатып, энелери дүрбү менен алысты тиктеп отуруп карек талытышат. Андагы мектепке Ооганстан менен Пакистандан келишим менен бирин-экин мугалимдер келип иштеп калыптыр. Мен англис, пуштун тилдеринен берген мугалимдери менен жолуктум. Беш балага бир китептен берилет. Кыргыз тилинен окуткан мугалим жок.

Заманбап жашоо-шартынан тумтак экенине карабай, кыргыздарды бул нерсе абдан тынчсыздандырып жатыптыр. “Жаш балдарыбыз бөлөк элдин тилин бат эле өздөштүрүп кетип, нукура кыргыз тилин унутуп коюшат. Биз бүгүн эне тилибизди жоготсок, эртең дилибизди жоготобуз. Кыргыз эли улутун, салтын эч качан саткан эмес” – деп коркушканын көрдүк. Ар бирөөсүнүн айткан сөзү ушул болуп жатты. Эзелки элдик макал-лакаптарды сөз арасына кынаптап, кооз сүйлөшкөндөрүнө да күбө болуп жүрдүк. “Элин сагынбас эр болбойт, үйүрүн сагынбас ат болбойт” – деген сыяктуу макалдар ооздорунан түшкөн жок. Мына ушундай мекенчил сөздөрдү сүйлөп оту­рушуп, көздөрүнөн жаш тоголонгонун көрөсүң. Биздин топ экинчи ирет барганда тосуп чыккан кандаштарыбыздын саламдан кийинки дароо эле сурагандары ушул болду: “Айланайындар, бизди алып кеткени келдиңерби? “ – дешти… Атүгүл кичинекей балдарына чейин бизге жалооруй карап, боор тартып турушту.

– Кыргызстан деген абдан жакшы жер ээ?” – деди мага бир бала.

– Жакшы жер экенин кайдан билип алдың? – деп мен да суроо узаттым.

– Анткени ал жакта алма өсөт, – деди бала.

– Алма жеп көрдүң беле?

– Жок,  жеген эмесмин – деп тес­тиер бала чуркап кетти…

“Бозой күмбөз” аймагынан чыгып, эки саат жол жүрүп, Абдрашид хандын кыштоосуна келдик. Тактап айтсак, жайлоосунан күңгөйдөгү кыштоосунун тескей тарабына жеттик. Союз учурунда бул жакка келген советтик жоокерлер таш үйлөрдү салып беришиптир. Коктунун ичиндеги ошол таш үйлөр ушул кезге чейин турат. Кышкысын ошол таш үйлөрдө кышташат экен. Раматылык Абдрашид  хандын кыштоосуна келгенибизде таң калыштуу жагдайга туш болдук. Анда аппак чоң автобус турат. Көрсө, дарылоочу көчмө клиника экен. Ичине кирип көргөнүбүздө, алгачкы жардам көрсөтүүгө керектүү медициналык техникалык жабдуулардын негизгилери орнотулуп коюлуптур. Бул жакка кандай жеткирилген болсо, дал ошол калыбында кыймылдабай туруптур. Мындай бейтапкана тууралуу жергиликтүү эл бизге эмне үчүн айткан эмес деп катуу таң калдык. Кыргыздардын балдары ич өткөк оорусун күчөтүп жибергенден өлүп калган учурлар болуп жатпайбы мында. Ал эми бул бейтапканда ага керектүү дары-дармектер дайындалып  коюптур. Бирок, мөөнөтү өтүп кеткен 2008-жылдагы дарылар экен. Көпчүлүгү англис, араб тилдеринде, кээ бири гана орусча жазылыптыр. Биз көчмө клиниканын ары-бери жагынын баарын карап көрүп, “Пакистан-Ооганстан дос­тук келишими” – деген белги, жазууну окудук. Демек, бул жерге бир да кесипкөй дарыгер чыдабайт. Кыргыздардын үйлөрүнө киргенибизде баштыктардагы дарыларды көрдүк. “Буларды эмне ичпей катып жүрөсүңөр?” – деген суроо бергенибизде алар: “Кайсы дары кайсы дартка жардам бере турганын унутуп калдык” – дешет. Кээ бирөөлөрү дарыларды тоонун башына алпарып төгүп салышкан.

Аялдары менен аңгемелешкени­бизде жүрөгүнө даттанышты. Мен 12 жыл бою медайым болуп иштегенден улам кээ дарттардын себебин да билип жаттым. Айтымдарында кан кусуп, көңүлдөрү да айныйт. Ашказан, ичеги дарттарына да дуушар болушат экен. Ошол кыштоодо бир күн түнөп калдык. Баарынан кызыгы, чет өлкөлүк туристтер келип калган учур болуп турат экен. Болгондо да ошондой шартта бир чет элдик алты ай жашап, дагы бирөөсү алар менен кошо кыштай жашап кеткендерин айтышса таң калдык.

«Кара дарыга» кайгырдык, ЭлТР тартса кубандык

Биз эки жолу тең август айындагы орозо учурунда баргандыктан, алардын тойлоруна катыша албадык. Маданий иш-чараларын көрөлү деген оюбуз анчалык ишке ашпады. Комуз, ак калпак, чепкен сыяктуу белектерди алып барганбыз. Мурда жамактатып ыр ырдап, улак тартыш, ордо оюндары ойнолчу экен. Азыркы убакта ордо оюну дээрлик ойнолбой баратыптыр. “Манас” айткандары дээрлик жок. Кыздарынын кээ бири темир ооз комузду кагып отурушту. Биз менен барган Нургүл деген Бишкектеги улуттук консерваторияда окуган кызыбыз комуз чертип берди. Дагы бир кызыктуу көрүнүштү белгилеп кетейин. Алардын эс тутуму абдан жакшы экен. Нургүл комуз чертип ырдаганда алар карап отуруп, дароо үйрөнүп алып жатышты. Буларды Кыргызстанга алып келип, көркөм маданиятын өстүрсө, арасынан мыкты таланттар чыгат го деген ойдо калдык. Мен бир аялдан:

– Эмне үчүн ырдоо өнөрүн өнүктүрбөй калдыңар? – деген суроо бердим.

– Ээ кызым, бул биздин Памылда кайдагы ыр. Көңүлүбүз өлгөн… – деди.

Нургүл комуз күүсүн шаң­шытып, улам катуулап, көңүл удургутуп черткен сайын бир апанын каректеринен мөлтүлдөгөн жаш кулап жатты. Анын ыйында эмне катылып жатканын биле албадык…

2009-жылы барганыбызда кээ биринин үйлөрүнөн кадимки Кытайдан чыгарылган радиолорду көрүп жүрдүк. Пакистанга соодага барганда күн энергиясынан тартылган батареяларды алып келишет тура. “Бай”  деп саналган адамдардын боз үйүнүн үстүндө күн энергиясын тартуучу чырактары бар. Кечинде аны аккумуляторго туташтырып, азыноолак жарык чыгарып алып, тамак ичишет. 2008-жылы КРнын Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министри болуп иштеп турганда Айгүл Рыскулова жетектеген экспедиция атайын памирлик кыргыздарды издеп барышкан. Тилекке каршы, Тажикстандын коопсуздук кызматы аларды чек арадан ары өткөргөн эмес. Үч-төрт саат гана амандашып, сүйлөшүп, белектерин берип кайтышкан. Ошондо алар үч-төрт телевизорду кошо ала барышканын көрдүк. Ал жакта кубаттуу антенна байланышы менен ЭлТР каналы тартат экен. Андан тышкары “Азаттык” радиосунун жыштыгын да кармап угууга жетишип калгандарын көрүп кубандык. Өмүрбек деген байкенин кулагынан радио түшпөйт. Ошону менен алар Кыргызстандагы, дүйнөнүн чар тарабындагы кабарларды биз сыяктуу эле алып турууга шарт түзүлүп калыптыр. Биз былтыркы жылы 2-августта сапарга чыгып, жолдогу ар кандай тоскоолдуктарды, чек ара түйшүктөрүн баштан кечирип, он күн сапарда жүрдүк. Анын кесепетинен бир топ жаңылыктардан артта калдык. Памирликтерге жеткенибизде алар: “Кыргызстандагы президенттик шайлоого аттанган талапкерлер сексенден ашыптыр” – деп, бизге акыркы жаңылыктарды айтып беришти…

Эми “кара дары” же тариэк деп тергелген апийимдин таасири тууралуу айтпасак болбос. Ширенкенин кутучасындай тариэктин наркын биздин акчага которуп эсептесек, 22 000 сомго жетет экен. Мына ушуну көп колдонгондон бул элди кедейчилик ого бетер каптаганын өздөрү айтып отурушту. Ден соолуктарына катуу зыян келүүдө. Денеге кызыл так чыгып, жогоруда айтылган жугуштуу дарт каптаганда тариэкти көп колдонушуптур. Айрыкча, бир-эки ай катары менен чеккендери ага көнүп алышкан. Балдары ооруса, тариэкти күйгүзүп оозуна үйлөйбүз дешет. Атын атагысы келбеген бир адам: “Бул балээни чегип, балдарымдын ырыскысын жеп жатканымды жакшы түшүнөм. Бирок, муну чекпей коюуга дарманым жетпейт” – деп сүйлөп отурду. Аны чеккендердин үй шарты, жашоо образы чекпегендерден кадимкидей айырмаланып турат. Тариэкти сатып алуу үчүн майда жандыктарды эсепке албаганда бир жылда сегиз топозду  соодалаган адамды көрдүк. Тилекке жараша, алардын бир тобунун апийим менен күрөшүүгө алы-күчү жеткенине кубандык.

– Тариэк менен кош айтышып жатабыз – дейт бир байке.

– Буга биз абдан кубанычтуубуз. Кандайча күрөшүп жатасыздар? – деген суроо бердик.

– Мүмкүн бизди Кыргызстанга алып кетишээр деген үмүттөбүз, – дейт…

Бадахшанда Ага хан фондусунун реабилитациялык борбору бар экен. Ошол жакка бир тобу барып, дарыланып келишиптир. Биз барган сайын: “Кара дарыны колдонгондор Кыргызстанда катуу көзөмөлдөнөт. Жашы жете элек кыз баланы күйөөгө берген ата-эне мыйзамдын чегинде жооп берет…” – деп айтып жатабыз. Ошол сөздөр аларга таасир берет окшойт.

Булардын паспорт маселеси да чоң көйгөйдү жаратып жатыптыр. Ооганстандагы шайлоо учурунда бериле турган таскира деген документ паспорттун милдетин аткарып калган учур да болот. Көбүндө такай алып жүрүүчү документ жок. Азыркы учурда кээ бир эркектери Түркияга каттап жатыптыр. Ал жактан жардам иретинде рация беришиптир. Биздин топ өткөн жылы экинчи ирет барып түшөөр замат эле, бардык айылдары рация аркылуу угушуп, бат эле чогулуп, жетип келишти. Кээ бирөөсүн Түркиянын Ван аймагында жашаган туугандары чакырып, ооругандарын дарыгерге көрсөтүп жардам бергендери чыгууда. Бир адам көзүнүн катаракт  дартын операция жасаткан. Чет мамлекеттеги тууганы чакырткан учурда бир жылга сырткы паспорт алууга укугу бар. Алардын арасында ажыга барып келгендери да учурады.

Памирлик кыргыздар дүй­нөдөгү эң татаал шартта жашашат. Катуу өнөкөт дарт басканда алар малдын сорпосун ичпейт, сары май, топоздун сүтү сыяктуу азыктардан дээрлик аз колдонушат. Себеби, деңиз деңгээлинен 4500 метрдей бийик катаал климатта мындай азыктарды адамдын организми көтөрө албайт. Болгону сүт кошулган чайды митан чай дешип ичишет. Айлап ошол “тамак” аталган митан чайын, сейрек учурда гана ун азыктарын пайдаланып, сакайып кетишкенге көнүшүптүр. Кыргыздын меймандостугунан айланса болот. Мына ошондой зарланган кыйын кырдаалда жашашса да бизге белек бергенди унутушкан жок. Мүнөздөрү абдан уялчаак, тартынчаак келишет. Экспедициянын үч кызы боз үйгө кирип-чыгып жүргөнүбүздө аялдары: “Ии, абдан арыксыңар го”, – деп бизди кытыгылаган болуп, денебизди кармалап жатышкан болчу. Сапарыбыз аяктап, кетээр күн келип жеткенде кыздарга бирден көйнөк тигип кою­шуптур. Көрсө, кармалап, тийишип, көйнөктүн өлчөмүн алып жатышкан турбайбы. Көйнөккө кошуп, бирден атыр самынды белекке беришти эле, андан сыпаа баш тарттык. Көйнөктөрүн болсо, көңүлдөрүн калтырбайлы деп алууга макул болдук.

Алыста калган кыргыздардын катаал тагдырын, эң оор жашоосун мамлекеттик жетекчилерге ийне-жибине чейин калтырбай жеткирүүгө аракет жасадык. Жалпы Кыргызстан калкына алып келген маалыматтарыбызды жеткирдик. Бизди Президенттин аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев кабыл алып, бардык жагдайды көзмө-көз сүйлөштүк. Жантөрө Жолдошевич Тышкы иштер жана миграция министри Руслан Казакбаев баштаган бир нече тиешелүү түзүмдөргө аларды көчүрүп келүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга тапшырмасын берген. Андан тышкары Айгүл Рыскулова менен байланышып, ал Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри болуп турганда бул боюнча кандай иштер аткарылганы тууралуу сурап, маалыматтарды тактады. Айтор, мына ушундан кийин ишибиз ордунан  жыла  баштады  десем  болот.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиевага да кайрылдык. Депутаттар аларды көчүрүп келип, жардам берүү ойлорун ортого салып жатышат.

* * *

… Рахманкул хан Кытайдын Кашкарынан элин кайрадан Памир аймагына көчүрүп келет. 1978-жылы ал кыргыздарды Памирден Пакис­тандын Гилгит аймагына алып кеткен. Ошол жылдары кичи Памирде он чакты үй-бүлө калган. Гилгитте алар төрт жылдай жашап, Түркиянын Ван аймагына көчүп барышкан. Абдрашид хан өзүнүн шайым уруусун алып, кайрадан кичи Памирге келип отурукташкан болчу. Бул жактагы кыргыздардын ханы ал жылдары СССРден, расмий Кабулдан жардам сурап, элин багып жүргөн. Андан тышкары Тажикстандын Мургабынан да келген адамдар бар болуп чыкты.

РЕДАКЦИЯДАН: “Кыргыз бутагы” коомдук фондусунун мүчөлөрүнүн экспедициясы кичи памирлик кыргыздарды трагедиялуу абалдан чыгаруу үчүн жасала турган иштерди ордунан козгоп койду. Бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланып, Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Динара Молдошеванын билдиргенине караганда Өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Ал эми КРнын финансы министринин орун басары Арзыбек Кожошев: “Эгерде сиздер памирлик кыргыздарды көчүрүп келүү чечимине келсеңиздер, биз каржылап берүүгө даярбыз”, – деген пикирин билдирген. Албетте, 2012-жылдын бюджетине айтылган маселе каралган эмес, бирок, бюджеттик мыйзамдарга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизсе болорун А.Кожошев кошумчалай кетти.

Бүгүнкү күндө ал жактагы боордошторго жардам берүү боюнча атайын эсеп ачылганын жалпы журтчулугубузга билдирип коюуну туура көрдүк.

Общественный фонд  (Коомдук фонд) “Кыргыз бутагы”  ОАО “РСК Банк” 720010, Кыргызская Респуб­лика, г.Бишкек, пр. Моло­дой гвардии, 36 а.  Счет № 129900 1900065220.

Памирлик кыргыздарга жардам берүүнү каалагандар төмөндөгү  дарек менен байланышсаңыздар болот: 0312 48-31-97, 0772 96-14-61, Бишкек шаары, Абдрахманов көч., 150/40.


Жазып алган Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”, 07-17.02.2012-ж.

Сүрөт Тынчтыкбектин фотоблогунан
жана «Кыргыз бутагы» коомдук фондунан алынды

Соц тармактар:

“Айланайындар, Кыргызстанга көчүрүп кеткилечи!”: 2 комментария

  • 05.09.2013 в 20:02
    Permalink

    Россиядан кантип которсо болот. Ишеничтуу адамдын аты болсо же счетко которсо болобу.

    Ответ
    • 10.09.2013 в 11:02
      Permalink

      Муну макаланын авторуна кайрылып билбесеңер, мен айта албайт экенмин.

      Ответ

Добавить комментарий